24–25-сабактар
Числосу24.01.20-ж 5- классы Муг. Душабаева Н
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ______________
Сабактын темасы: Компьютердин эсине информацияны
киргизүү
Сабактын максаты:
А. предметтик – компьютердин эсине информацияны киргизүүчү негизги түзүчүлөрү тууралуу түшүнүк алышат; Б.метапредметтик – ИКТнын негиздери компетенттүүлүк,
клавиатуранын жардамы менен маалымат киргизүүнү билүү; В.жеке инсандык – заманбап адамга он манжа менен «кла-виатураны карабастан басуунун» (слепой метод) техникасынын зарылдыгын түшүнүү;
Чечилүүчү окуу маселелери:
1.окуучулардын информацияны киргизүүчү түзүлүштөр тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү;
2.окуучулардын информация киргизүүдө клавиатура негизги түзүлүш экенин кеңири жана системалуу түшүнүүсү;
3.клавиатурадагы манжалардын негизги орду тууралуу түшүнүктөрдү актуалдаштыруу;
4.клавиатурадагы он манжа менен «клавиатураны карабастан басуу» техникасын актуалдаштыруу.
Сабактарда каралуучу негизги тїшїнїктєр: информацияны киргизүү жабдуусу; клавиштин тобу (клавиштин иштөөсү, символдук клавиштер, клавишти курсор менен башкаруу, атайын клавиштер, клавиатуранын кошумча клавиштери); клавиштин комбинациясы, манжалардын негизги орду, клавитуралык машыктыргыч, он манжа менен «карабай басуу».
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык проектор, экран; окуучулардын ПК.
Электрондук тиркеме – «Компьютердин эсине информацияны киргизүү» презентациясы; «Клавиатура менен таанышуу» плакаты.
Эркин программалык камсыздоо: клавиатуралык машык-тыруучу Stamina, клавиатуралык машыктыруучу KLAVA; клавиатуралык машыктыруучу kbTrainer.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүгү: өздөштүрүлгөн материалдарды актуалдаштыруу жана текшерүүнүн төмөнкүдөй ырааттуулугу сунушталат:
1.Окуу китебиндеги 1–6-маселелердин аткарылышын карап, текшерүү жана ошол эле учурда § 11, № 1–4-тапшырмалары боюнча экспресс-сурамжылоо жүргүзүү;
2.№ 4 тапшырмага биргелешип алдын-ала талкуу жүргүзүү;
Сабакта окуучуларга тааныш болгон материалдар каралат: бул жерде компьютер кандай информацияларды иштетет жана тигил же бул информацияны киргизүү үчүн кандай түзүлүштөр арналганына баса көрсөтүү маанилүү. Мүмкүн болсо окуучуларга компьютердин реалдуу түзүлүштөрүн же сүрөттөрдү көрсөтүү зарыл.
Тексттик информацияларды киргизүүдө клавиатуранын орду маанилүү экенин белгилеп, алардын топторун кароого өтүү керек.
Мүмкүн болушунча клавиштердин топтору түрдүү түстөргө боёлгон жана клавиатуранын ирилештирилген сүрөтүн (плакаттын) пайдалануу керек.
Сунушталган окуу материалындагы клавиштерди класси-фикациялоо жетишерлик түрдө шарттуу экенин байкайбыз. Ошондуктан биз «Клавишти кийинки топторго бөлөбүз …».
Мугалимдин кароосу менен «Клавиштердин топтору жана алардын арналышы», «Клавиштердин иштөөсү», «Алфавиттик сандык клавиштер», «Курсор менен башкаруучу клавиштердин блогу», «Кошумча сандык клавиатура», «Контексттик менюдагы клавиштер».
Бул ресурстарга шилтемелер «Билим-компьютер» басмаканысынын сайтында болот.
Класстын даярдыгына жараша ресурстарды төмөнкүдөй уюштурууга болот:
1.Фронталдык режимде – мугалимдин тандоосу менен бир же бир нече ресурстарды көрсөтүү керек;
2.Тайпалар боюнча (1 тайпа – 1 ресурс) андан ары чогуу талкуулоо;
3.Жекече – үйдөн өз алдынча иштөө
Эреже катары өздөштүрүүнүн өзгөчө кыйыныраагы, атайын клавиштердин тобу эсептелет:
- клавиштер чачкын жайгашкан;
- клавиштер єзгєчє кызматтарды аткарат;
- клавиштердин англисче аталыштары бар.
Бул этапта силер тигил же бул клавишти атоого макулдашуу жүргүзгүлө.
Мындан ары окуучуларга ар бир манжанын клавиатурадагы негизги орду «жоопкерчилик» зоналарына бекитилерин түшүндүрүп, эстетүү керек. Бул жерде сөзсүз түрдө Клавиатурада иштөөнүн эрежелери» плакаты алмаштыргыс окуу каражаты болот. Окуучуларды клавиатуранын аркылуу информация киргизүүнүн эрежелери менен тааныштыруу маанилүү.
Клавиатурадагы тамгалардын жайгаштырылышына
Окуучулардын көңүлүн буруу керек. Эмне үчүн тамгалар мындай жайгашкан, башкача болсо кандай болот эле деген суроого алардын көз карашын аныктоо дагы маанилүү.
Талкуунун жыйынтыгында окуучулар клавиатурадагы тамгалар «эң көп кайталануучу» принцип менен жайгашыптыр деген пикирге келиши керек.
Бул сабактын маанилүү этабы – компьютердик практикумдагы биринчи иштин аткарылышы. Иш окуучулар өз алдынча жасоого жөндөмдүү жетишерлик кеңири көрсөтмөлөрдү камтыйт. Ошондуктан окуучулар көрсөтмөлөрдү окуп, аларда талап кылынгандарды өз алдынча аткарууга жетишүүсү абдан маанилүү. Мугалим «Блокнот» программасын иштетүүдө окуучуларга жардам берүүсү керек. Айрым окуучулар булар менен толук өз алдынча иштеши мүмкүн.
Компьютердик практикумдун иштерин аткарууда окуучуларга «Эми силер жасай аласыңар» деген рубрикада жөндөмдөрдүн тизмеси берилген. Окуучунун ИКТ компетенттүүлүгүн аныктоого көңүл буруу керек.
Машыктыруучу клавиатуралар менен иштөө – сабактын практикалык бөлүгүнүн уланышы. Биз он манжа менен «карабай басуу» ыкмасын информатика курсунун биринчи кезектеги тапшырмалары катары карабайбыз. Себеби информатика сабагынын окуу планына жайгаштырууга саат жетишпейт.
Ошентсе да булар пайдалуу көндүмдөр деп эсептейбиз жана алар мектептин реалдуу ресурстарынан көз каранды. Ага мүмкүн болушунча максималдуу убакыт бөлүүгө кеңеш беребиз. Ал үчүн жогоруда келтирилген тизмедеги клавиатураларда иштөөнү машыктыруучу прогрммаларды колдонсо болот. Мүмкүн болушунча окуучуларды клавиатуралык тренажерлор менен үйүндө машыгууга шыктандыруу керек.
Үй тапшырма: § 12; № 1–6.
Компьютердик практикум 14-иш. Тексттин фрагменттери менен иштейбиз 15-иш.
Текстти форматтайбыз
Көрсөтмө, түшүндүрмө, жооптор жана чыгарылыштар Окуу китебиндеги тапшырмалар:
№6. Backspace жана Delete клавиатуралары эске алынат.