Просмотр содержимого документа
«Информация деген эмне ?»
Апас Жумагулов атындагы
Көк –Жар ЖББ орто мектеби
Информатика
5 класс
Мугалим : Төрөбекова Мээрим
Биздин айланабыздгы информация
Адам информацияны кантип алат?
Бизди курчап турган дүйнө – информация дүйнөсү. Курчап турган дүйнө тууралуу алгачкы информацияны – температура, түс, жыт, даам татуу сапаттары, предметтердин физикалык касиеттери тууралуу – адамдар жана башка тирүү жандыктар көрүү, угуу, даам сезүү, тийүү, жыт сезе билүү органдары, вести булярдык аппарат жана нерв системасы аркылуу алышат .
Информациянын кєпчүлүгүн биз көрүүнүн жардамы менен алабыз: көзүбүз менен тамгаларды, цифраларды, сүрөттөрдү кабыл алабыз, түстөрдү, форманы, өлчөмдөрдү жана предметтердин жайгашкан орундарын айырмалайбыз. сүрөттү карагыла, анда берилген фигуралардын өлчөмү жана формасы жөнүндө силер эмне айта аласыңар?
Информацияны биз :
Көрүү органы
Угуу органы
Жыт сезүү органы
Даам сезүү
Тийүү сезими
Информациянын түрлөрү
Сандык информация
Тексттик информация
Графикалык информация
Добуштук информация
Видео информация
Жаныбарлар дагы информацияны өзүнүн сезүү органдары аркылуу алышат, бирок, алардын ар биринин сезүү органдарынын маанилүүлугү ар башка. Силердин оюңарча бүркүттүн, карышкырдын, жарганаттын, дельфиндин, момолой маустун кайсы сезүу (көрүү, сезүү, туюу, жыт сезүү) органдары эң негизгиси жана абдан өнүккүн болуп эсептелет?
Төмөнкү аракеттердин тизмеги: телеберүүлөрдү көрүү; шахмат ойноо; математикалык маселелерди оозеки чыгаруу; ыр жаттоо; компьютерде ойноо информация менен болгон аракеттер болуп саналабы? Өз көз карашыңарды түшүндүрүп бергиле?
Информациянын 90 % көзүбүз менен алабыз
Ошондуктан козүбүздүн көрүүсү дакшы болсун үчүн гимнастика жасайлы