| 8-9.12.2022 | Информатика | 5-класс |
| 15-16.12.2022 |
Сабактын темасы : Информацияны коддоо. Коддор дүйнөсүндө. Информацияны коддоо ыкмалары.Координат методу.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдүү метод. Өз алдынча иштөө, жупташып иштөө. Мээге чабуул. Логиканы өстүрүү ж.б.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: ноутбук,окуу китеби, көрсөтмө куралдар, ж.б.
| Сабактын максаттары: | Мазмуну | Күтүлүүчү натыйжалар |
| Билим берүүчүлүк | Окуучулар информацияны коддоо боюнча маалыматка ээ болушат. Информациянын коддоо ыкмаларын үйрөнүшөт. | Турмуштан алынган мисалдарын түзүшөт. Информацияны коддоо боюнча айта алышат. |
| Өнүктүрүүчүлүк | Коддор дүйнөсү менен таанышат. Координат методун үйрөнүшөт. Тапшыраманы эркин аткарышат. | Ой жүгүртүп берилген тапшырманы талдап иштөөгө үйрөнүшөт. |
| Тарбиялык | Бири-бирин урматтап кызматташ болууга көнүгүшɵт. Жупта жана топто ынтымактуу болушат. | Окуу куралдарын туура пайдаланууга тарбияланышат. |
Сабактын жүрүшү: I. Уюштуруу.
Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо.
II. Үй тапшырмасын суроо.
1. Информацияны берүү деген эмне?
2. Информациялык канал жөнүндө эмнени билесинер?
3. Информация берүүнүн кандай формалары бар?
4. Электрондук почта деп эмнени айтабыз?
III. Жаңы теманы түшүндүрүү :
Информацияны коддоо.
Информация булактан кабылдагычка шарттуу белгилердин жардамы аркылуу же түрдүү физикалык табияттын сигналдары менен келиши мүмкүн. Мисалы: нур, добуш, жылуулук, кыймыл, сөз дагы башка шарттуу белгилер түрүндө болот. Информация берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн информация кабылдагыч сигналды эле кабыл албастан, аны чечмелеши дагы керек. Мисалы: окуучу сааттын конгуроосун укканда ойгонууга убакыт келгенин жана мектепке баруу керектигин түшүнөт.
Бул же тигил сигналды кантип түшүнүштү алдын-ала сүйлөшүп алуу, б.а. кодду иштеп чыгуу зарыл.
Код- информацияны берүү үчүн кабыл алынган шарттуу белгилердин системасы. Коддоо- бул кандайдыр бир кодду колдонуп, информацияны берүү.
Мисалы: Окуучулардын билимин баалоо, машина номерлери. Ошондой азыр супер маркеттерде штрих коддор колдонулат.
Ошондой эле жол кыймылынын эрежелери да коддорго кирет.
Көбүнчө информацияны коддоонун төмөнкүдөй ыкмалары колдонулат:
Графикалык- сүрөттөрдүн жана белгилердин жардамы менен;
сандык – сандардын жардамы менен;
символдук – алгачкы тексттеги алфавиттин символдорунун жардамы менен.
Информацияны берүүнүн бир формасынан сактоо, берүү жана иштетүү үчүн кыйла ыңгайлуу башка формасына өтүүда коддоо деп аталат. Информацияны берүүнүн алгачкы формасын калыбына келтирүү боюнча аракети тескери коддоштуруу (декодирования) деп аталат. Кайра коддоштуруу үчүн кодду билүү зарыл.
Координат методу
Ар кандай, анын ичинде графикалык дагы информацияны сандардын жардамы менен берүүгө болот. Санды жана чекитти «байлаштыруу» үчүн координаталар системасы колдонулат. Алардын жөнөкөйүн – сан огун – силер математика сабагынан билесиңер.
Азыр биз силер менен тик бурчтуу координаталар системасын карайбыз. Аны тик бурчтуу декарттык координаталар системасы деп француз математиги Рене Декарттын урматына аташат.
Мисал. Он беш чекиттин координаталары белгилүү:
A(4; 1), B(4; 2), C(1; 2), D(4; 5),
E(2; 5), F(4; 7), G(3; 7), H(5; 9),
I(7; 7), J(6; 7), K(8; 5), L(6; 5),
M(9; 2), N(6; 2), O(6; 1).
Эгер биз бул чекиттерди координаттык тегиздикте белгилеп, андан кийин аларды кесиндилер менен A—B—C—D—E—F—G—H—I—J—K—L—M—N—O— A ыраатында бириктирсек, анда төмөнкүдөй сүрөт пайда болот (36-сүрөт):
Демек биз сан түрүндөгү кодду графика түрүнө айланттык.
Сабакты бышыктоо: Окуучулар өз алдынча олтуруп китептеги суроолорго жооп жазышат. Өтүлгөн тема боюнча бир канча суроолорду берип сабакты бышыктайбыз.
Баалоо: Окуучулардын сабакка активдүү катышканына, тапшырманы аткарганына, суроолорго туура жооп бергенине жана тартибине карап бааланат.
Үй тапшырмасы: Өтүлгөн теманы кайталап келүү. Китептеги суроолорго жооп таап келүү.