СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информацияны сактоо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информацияны сактоо»

Предмети:

Информатика

5-класс

2-чейрек

Мугалим: Уразова Нурзида Абдуманнаповна

Сабактын темасы:

Информацияны сактоо

Сабактын тиби:

Жаңы билимди тереңдетүү

Колдонулуучу усулдар:

Баяндоо,изилдөө, тажрыйба жүргүзүү

Баалоо усулдары:

Өзүн-өзү, бири-бирин баалоо

Сабактын жабдылышы:

Китеп, дептер, таркатмалар,сүрөттөр, атыр,ысык суу жана муздак суу, көз байлагычтар

Негизги копетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк

Маалыматтык (НК1)

  • Өз ишин пландаштырат;

  • Маалыматты максатка багыттап изденет;

  • Салыштырат, чечимдерди кабыл алат;

(ПК1) Окуучулар информацияны сактоо жолдорун жанакаражаттарды билишет


Социалдык-коммуникациялык (НК2)

  • Башкалар менен мамиле түзөт;

  • Сүйлөшө билет, маектешет;

  • Бири-бирин баалайт;

  • Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат;

  • Башкаларды уга билет.

(ПК2)Окуучулар алтын эрежени туура колдонушат.

(ПК3)Окуучулар мугалимдин айткандары менен китепте жазылган теманы окуп салыштырып, түшүнүшөт

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

  • Фронталдык суроолорго кол көтөрүп жооп берүүгө машыгат;

  • Өз ишин талдап, баа берет;

  • Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.

  • Тарых сабагынан алган маалыматтарды колдонушат

(ПК4)Билгичтиктерин жана анализдөө ыктарын өнүктүрүшөт.

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр:

Билим берүүчүлүк максаты: Информация түшүнүгү жөнүндө маалыматка ээ болушат жана анын түрлөрү менен таанышышат.

Сабактын жүрүшүнө маани берип, түшүнсө



Өнүктүрүүчүк максаты:


Жашоодогу информациянын жашоодогу ордуна ой жүгүртүшөт.


Алган маалыматтын пайдасы тийсе

Тарбиялоочулук максаты:


Угуп, түшүнүүгө жана бири-бирине кызматташ болууга көнүгүшөт



Жаңы маалыматтан өзүнө тыянак чыгара билсе

Сабактын этаптары

Сабактын жүрүшү

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулар

дын ишмердүүлүгү


Негизги НК

Предметтик НК

Баалоо

1-этап Уюштуруу


  • Саламдашуу

  • Класста жагымдуу жагдай түзүү

  • Окуучуларды жоктоо

  • Окуу куралдарын толуктоо

  • Сабактын максаты жана көрсөткучү менен тааныштыруу

Жагымдуу чөйрө түзулүп,

сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт

НК3

ПК2


үй тапшырмасы

текшерүү




Өтүлгөн сабакты кайталап, тапшырмаларды аткарышат.

Берилген тапшырма боюнча маалыматтарды окуп беришет жана ал маалыматтардын касиеттери боюнча бири-бирине суроо беришет.

Кыскача видеороликтер да маалыматтын касиети боюнча ажыратышат. (эски жаңылыктар, пайдалуу кеңештер, күндүн жаңылыктары)

Өтүлгөн материал боюнча билимдери тереңдейт.

Өзүн-өзү баалайт

НКЗ

ПК1


2-этап Жаңы тема

Жаңы темага киришүү

Балдар силер тарых сабагын өтүп жатасыңарбы? Байыркы дүйнөнүн тарыхы болсо керек. Айткылачы алгачкы адамдар маалыматты кантип сактаган деп ойлойсуңар?

Алар аскаларга өздөрүнүн жашоосун сүрөттөр аркылуу чийип калтырышкан жана жаныбарлардын териси жазышкан. Биздин изилдөөчүлөүбүз ошол аркылуу алардын кантип жашагандыгын божомолдоп билишкен. Ошондой эле кээ бир баатырлар же акындар, белгилүү изилдөөчүлөр, окумуштуулар, философтор тууралуу маалыматтар ооздон-оозго уламыш, жомок, дастан болуп же болбосо алардын сакталып калган эмгектеринен биздин күнгө чейин жетип келген. Сүрөттөр көрсөтүлөт















Аң сезими ойгонот

Ойлонот

Изденет

Табат

Божомолдуу жоопторун айтышат.

Мээ,көз, ооз. Көрүп,угуп, сезебиз

Ооба,билбейм, туура



Түшундүрүү процесси жүрөт.Билими, көңул буруусу жогорулайт.

НК1

ПК1




Тарых китептериндеги канчалаган маалыматтарды адамдар кагаздарда,папирус дарагынын кабыгында, чоподон жасалган доскаларда, такталарда сактап калтырышкан.

Адам баласынын канчалык көп маалыматты сактап калышына кепилдик жок. Анкени адамдын мээси маалыматты убактылуу кана сактай алат. Эгер адам ошол маалымат менен ар дайым иштесе анда унутпайт. Ошондуктан биз үчүн дайыма сактоочу каражаттар керек болот. Мисалы:


Компьютер болсо өзүнүн эсинде масштабдуу маалыматтарды сактай алат. Маалыматты сактоо үчүн файл түзөбүз жана аны папкаларда сактайбыз. Ал эми жашоодо да бул файл жана папкалар колдонулат.




Эми балдар сабакты бышыктасак.

Бышыктоо: Өз алдынча китепти окуп чыгышат. Андан соң 47-48-беттеги суроолор жана тапшырмалар менен иштеп, сабакты жыйынтыкташат.

Бүгүн сабакта алган маалыматтардын пайдалуу же пайдасыз жана жаңы маалымат болгондугун доскада жазышат.


Кенен маалыматты түшүнүшөт жана өз ойлорун билдиришет











Тарых сабагынан жана уккандарынан айтып беришет.












Каражаттар тууралуу айтышат, билбегенин сурап билишет


















Метепте жана үйдө бул файл жана папкаларды колдоноорун айтышат.


(ПК2)

(ПК3)


3-этап үй

тапшырмасы


Үйдөн жогорудагы маалыматты сактоочу каражаттардын эс өлчөмүн билип, жазып келгиле. Канча маалыматты сактоого болот?



Жазып алышат

НК3

ПК4


Баалоо

Эми бири-бирибизди баалайбыз. Ким сабакта кандай жоопберди?

Күндөлүккө баа коюу

Бири-бирина баа беришет.

Күндөлүк толтурушат.