СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Инновациялык мектеп

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Инновациялык мектеп»

Инновациялык мектеп деген эмне?  Инновациялык мектептин максаты, милдеттери жана принциптери Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын математика мугалими: Шаршеналиева Н.К.

Инновациялык мектеп деген эмне? Инновациялык мектептин максаты, милдеттери жана принциптери

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын математика мугалими: Шаршеналиева Н.К.

Инновация сөздүн так маанисинде — бул илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктеринин натыйжасы болуп эсептелген жаңы техника, жаңы технология дегенди билдирет. Ошентип, инновациялык мектептер — бул илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерин эске алуу менен окуткан мектептер.

Педагог калыптандырууга умтулган инсандын мүнөздөмөсү боюнча:  салттуу мектепте окуу процесси белгилүү бир иш аракеттердин эрежелерин окуп үйрөнүүгө багытталган. Окуучулар учурдагы социалдык тажрыйбаларды окуп үйрөнүшөт жана кайталашат. Инновациялык мектепте мугалимдер окуучунун стандарттуу эмес кырдаалдарда чыгармачыл аракеттерди жасоо жөндөмүн өстүрүүгө умтулушат

Дидактикалык максаты боюнча мүнөздөгөндө: салттуу мектепте дайыма даяр билимдерди кайра кайталоого басым жасалат, инновациялык мектептердеги педагогдор окуучунун андан ары өз алдынча билим алуу жөндөмүн калыптандырууга умтулушат, сынчыл ойлоосун жана көз карандысыз ой-пикирин айтууга калыптандырышат.

Тарбиялык максаты боюнча мүнөздөгөндө:  салттуу мектепте инсандын адебин, аң-сезимин, ыймандуулугун жана дүйнө таануу позициясын максатка ылайык тарбиялоо артыкчылыгы көрүнүп турат. Кызматташуу зарыл болгон учурда гана болот. Инновациялык мектепте мугалим:

Тарбиялык максаты боюнча мүнөздөгөндө: салттуу мектепте инсандын адебин, аң-сезимин, ыймандуулугун жана дүйнө таануу позициясын максатка ылайык тарбиялоо артыкчылыгы көрүнүп турат. Кызматташуу зарыл болгон учурда гана болот. Инновациялык мектепте мугалим: "Окутуу менен тарбиялайм; тарбиялоо менен окутам!" деген ураан астында иштейт. Бул эки процессти бөлбөстөн, педагог бала өзүнүн жекече мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга умтулуусун тарбиялайт. Тарбиянын өзөгү – инсандын өзүн өзү таанып билүүсү. Өзүн өзү таанып билүү жөнөкөй маселе эмес, ал өтө терең маселе. Өзүн өзү таануу деп – адам өзүнүн жөндөмүн, шыгын, мүдөөсүн жана башка ички дүйнөсүн аңдап билүүсү.

Өнүктүрүүчүлүк максаттары боюнча мүнөздөгөндө:  салттуу мектепте окуучунун жекече сапаттары белгиленет бирок артыкча көңүл бурулбайт, негизинен орто окуучунун деңгээли каралат. Инновациялык мектепте, тескерисинче мүмкүн болушунча окуучунун жеке сапаттарынын өнүгүшүнө басым жасалат.

Мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилелердин мүнөзү боюнча: салттуу мектепте мамилелер субъект-объект тибинде, башкача айтканда, мугалим — бул окутуучу, бала — бул окутуу керек болгон окуучу. Инновациялык мектепте — субъект-субъект, башкача айтканда, мугалим жана окуучу окутуунун чыгармачыл процессинин тең укуктуу катышуучулары болуп саналат. Жалпысынан алганда традициялык жана инновациялык мектептердин өздөрүнө тиешелүү болгон артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Азыркы өтө тездик менен өнүгүп-өсүп жаткан дүйнөдө мектептин негизги максат баланы үйрөнүүгө үйрөтүү.

Биринчиден,  инновациялык мектеп конкреттүү эрежелердин тизмесин үйрөнүүгө гана багытталбастан, окуучунун чыгармачыл потенциалын ачууга багытталат. Чыгармачыл потенциал бир гана сүрөт сабагында ачылат деп ойлоо туура эмес. Креативдүү ой жүгүртүү – бул стандарттуу эмес абалдан чыгуу жолдорун таба билүү. Бул албетте бардык предметтерди окуп үйрөнүүдө керек.

Экинчиден,   инновациялык мектептин артыкчылыгы – бул окуучунун башына даяр билим салып берүү эмес, ал билимди алуу үчүн изденүүгө шарт түзүү, өз алдынчалыкка үйрөтүү.   Окуучуну өз алдынча окууга үйрөтүү маанилүү. Өз алдынча иштөө окуучунун сынчыл ойломун, ой-пикиринин эркиндигин калыптандырууга жардам берет: окуучу башкалардын позициялары менен таанышкандан кийин аларды баалап, жана ал баанын негизинде өз ой-пикирин түзөт.

Үчүнчүдөн,  инновациялык мектеп окутуу жана тарбиялоону синтездөө позициясында турат. Окуучу окуп жатып тарбияланат, жана тарбияланып жатып окуйт. Мындай комплекстүү мамиле кылуу жаңы билим алууну гана эмес жалпы кабыл алынган моралдык адеп-ахлактык нормаларды да үйрөнүп кабыл алууга шарт түзөт

Төртүнчүдөн ,  инновациялык мектеп окуучуга индивидуалдуу мамиле жасоону сунуш кылат. Ар бир баланын жаңы материалды кабыл алуу ылдамдыгы, суроолорго болгон реакциясы, жөндөмдөрү ар түрдүү. Традициялык мектептин негизги проблемаларынын бири ушул «массалык» мамиле болсо керек: кээде окуучу сабакта активдүү боло албай жатканынын себеби ал предметти билбегендигинен эмес, өзүнөн «бат» жооп берген классташына жете албай, өз оюн берилген кыска убакытта ойлонуп, айтып жетише албай жаткандыгында да болушу мүмкүн.

Төртүнчүдөн инновациялык мектеп окуучуга индивидуалдуу мамиле жасоону сунуш кылат. Ар бир баланын жаңы материалды кабыл алуу ылдамдыгы, суроолорго болгон реакциясы, жөндөмдөрү ар түрдүү. Традициялык мектептин негизги проблемаларынын бири ушул «массалык» мамиле болсо керек: кээде окуучу сабакта активдүү боло албай жатканынын себеби ал предметти билбегендигинен эмес, өзүнөн «бат» жооп берген классташына жете албай, өз оюн берилген кыска убакытта ойлонуп, айтып жетише албай жаткандыгында да болушу мүмкүн.

Бешинчиден,  инновацилык мектепте окутуу «субъект (мугалим) – объект (окуучу)» принцибинде эмес, «субъект (мугалим) – субъект (окуучу)»   принцибинде болот. Инновациялык мектепте  окуучу жана мугалим окутуу процессинин тең укуктуу катышуучулары. Мындан башка да окуучулардын бири-бирине жардам берүүгө, бирин бири окутуу үйрөтүү да маанилүү, бул машыгуулар мектептен кийинки жашоолорунда пайдасы тиет.

Инновациялык мектептин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты билим берүү тармагындагы билим берүүчү мекемелердин материалдык-техникалык, кадрдык жана финансы ресурстарын рационалдуу колдонуу менен окуучуларды алардын жөндөмүнө, жекече шыгына жана керектөөсүнө туура келе тургандай сапаттуу билим менен камсыз кылуу, жана алардын ишмердүүлүгүн координциялоо.

Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча милдеттер:

- Окуучулардын сапаттуу жалпы орто билим алуусуна жана ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептердин түзүмүндө кесипке даярдоо жана кесипке окутуу программаларын ишке ашыруу үчүн кошумча билим берүүгө шарт түзүү;

- Окуучуларга билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде окутуунун интерактивдүү жана дистанциялык окутуу технологиялырын колдонуу, ресурстук мектептерге жеткирүүнүн транспорттук схемасы, жалпы билим берүүчү мектеп менен кошумча, баштапкы, орто, жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин интеграцияланышы;

- Окуучулардын өз алдынча жашоого, эмгектенүүгө социалдык жана кесиптик жактан өзүн аныктай алуусуна ар тараптан даярдоого шарт түзүү;

- Жашоого, келечектеги кесибине керектүү компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, анын ичинде окутуунун интер активдүү каражаттарын: компьютерди, интерактивдүү досканы колдоно алуу;

- Өзгөчөлөнгөн окуучуларды регулярдуу окууга тартууга, өзү теңдүү балдар менен мамиле түзүүгө шарт түзүү;

- Ар түрдүү категориядагы: таланттуу окууучулар, билим алууда проблемасы бар окуучулар, ден соолугуна жараша ар кандай мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар менен иштөөнүн жекече программасын камсыз кылуу;

Билим берүү тармагындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана педагогикалык чеберчилигин арттыруу боюнча милдеттер:

- окутуунун жаңы технологияларын анын ичинде маалыматтык технологияларды үйрөнүү, жаңы ресурстарды электрондук форматта иштеп чыгуу, жана жаңы санариптик билим берүү ресурстарын билим берүү мекемелеринде окуу процесинде колдонуу жана таратуу;

- билим берүү тармагындагы мектептердин педагогдорунун кфалификациясын жогорулатуу жана квалификацияны жогорулатуунун жаңы типтерин: мугалимдин иш ордунда квалификациясын жогорулатуу, квалификацияны жогорулатуунун модулдук системасын, квалификацияны жогорулатуунун ваучердик системасын жана дистанциондук тхнологияларды колдонуу;

- базалык жана профилдик билим берүү стандарттарын жана баалоо системасындагы окуу-методикалык комплекстерди апробациялоого катышуу;

- ар түрдүү билим берүү проекттеринин алкагында конкурстарга катышуу;

- окуу тарбия иштери боюнча башка мектептерге консультациялык кеңештерди берүү;

- материалдык техникалык базаны, китепкана фондун келишимдин негизинде колдонуу мүмкүнчұлұгұн берүү;

- социалдык өнөктөштөр менен өз ара кызматташууу,

-Инновациялык мектептин иштеринин жыйынтыктарын жалпылоо Республикадагы билим берүү мекемелерине жайылтуу:

Инновациялык мектептин иштөө принциби:

- Ачыктык принциби – билим берүү мекемесинин окуучуларынын окуу процессине активдүү тартылышы;

- Интеграциялоо принциби – билим берүү мекемелери менен жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара байланышы;

- Үзгүлтүксүздүк принциби – дайыма жаңыланып турган окутуунун методдорунун жана технологияларынын базасында педагогдордун үзгүлтүксүз профессионалдык жактан өнүгүшүн уюштуруу;

- Инсандын керектөөсүнө карата жана эмгек рыногунун керектөөсүнө карата ориентациялоо принциби – окуучулардын инновациялык мектепте жана андан тышкары иштерге ачык илимий-практикалык конференциялар аркылуу активдүү катышуусу, «Кесиптер дүйнөсү» проектилери боюнча конкурстарга катышуусу, Интеллектуалдык марафондорду өткөрүүсү; ж.б.

- Жекелештирүү прициби – окуучунун өзүн илгерилетүү этабын жана мөөнөтүн аныктоосу, өзүнө керектүү курстарды тандоосу;

- Вариативдүүлүк принциби – кесипке даярдоо курсу үчүн курстарды тандоо эркиндиги, кесиптик окуу үчүн предметтерди элективдүү курстарды тандоо мүмкүндүгү;

- Ишкердүү, жыйынтыктуу окутуу принциби – окутуунун активдүү формаларын колдонуу;

«Ойлорду окутууга эмес, ойлонууну үйрөнүүгө окут» Иммануел Кант

«Ойлорду окутууга эмес, ойлонууну үйрөнүүгө окут»

Иммануел Кант

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!