СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кемчонтой поэмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кемчонтой поэмасы

Просмотр содержимого документа
«Кемчонтой поэмасы»

Коёндун баласы –бөжөк

Аюунун баласы-мамалак

Түлкүнүн баласы – бачики

Чөө баласы –бөлтүрүк , күчүк дешет

Пилдин баласы- төөнүкүндөй эле бото деп атоо кездешет

Ал эми арстан менен жолборстун балдарын атай турган кыргызда сөз жок экен. Алар арстандын баласы же арстандын күчүгү жана илбирстин баласы деп гана айтылат.

“Манаста “ азыр которуусуз колдонулуп жүрчү носорог кыргызча керик экени, ал эми жирафтын акыра , кенгуру болсо бөрсө экени айтылат.

ЖӨН ГАНА СӨЗДҮК ИРЕТИНДЕ

Ит баласы- күчүк, Мышык баласы – мый, Эшек баласы – такай,

Коделек, Эшек менен жылкынын аргындашканы – качыр,

ЖАПАЙЫ ЖАНДЫКТАРДАН

Эликтин баласы-чаарчык, эркеги куран, ургаачысы телки аталат. Топоздун баласы- мамалак, Аркар баласы-козу,

Аркардын эркеги- кулжа,Бугу баласы-музоо, суур баласы-чөндөлөй, чычкан баласы-мөндөлөй, карышкыр, бөрү баласы-

Бөлтүрүк, коёндун баласы- бөжөк,аюунун баласы- бачики, чөндөлөй

Төө- көчмөн элдерининтурмушундаунаа катарызор мааниге ээ. Бул жандыктын баласы тайлак же бото аталат. Төл алып келген ургаачысы иңген болот. Ал эми жаныбардын күлүгү, жеңил жүрчү күчтүүсү желмаян аталат.Төөнүн бир өркөчтүүсү нар, тукум улоочусу буура, бычылганыатан болот.

Уй баласы музоо, бир жашка торолгондо торпок аталат. Ал эми ургаачы баласы бир жаштан ашкандан кийин тай, кунаажын деп туур жашына жетип калган ургаачы уйду аташат. Айрым жерлерде аны тубар уй да деп атайт. Ал эми үч жаштан өтүп, музоо тууган уйдуадатта инек дешет.

Уйдун эркеги- бука болот, бычылганы өгүз деп аталат. Дагы оопаз же ноопаз деген сөз айтылат, ал бычылган буканын төрт

Жашка караганы.

Бээ – ургаачы жылкы, кунан байтал- эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги “кунан” деп айтылат.Бышты байтал-үч жаштагы ургаачы жылкы. Байтал-эки жаштан кийинки кулундай элек бээ. Айгыр- тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде” айгырак” деп аталат. Ат- бычылган жылкы. Азоо- тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө,арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат. Буудан- жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү.

Жабагы алты айга чейинки жылкы баласы, кулун- бир жашка чыга элек жылкы баласы, тай- бир жаш, кунан- эки жаш, бышты-үч жаш, тай кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет.

Асый төрт жаш.Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый,үч асый деп аталат. Эки асый дегени сегиз жаш дегенди билдирет Бул жылкы чындап баралына жетип,сатса

Баа боло турган курагы.Бээ-ургаачы жылкы.

Тоголок Молдонун “Кемчонтой” поэмасы

Кемчонтойдон кеп келет, Акылсыз акмак деп келет.

Кемчонтойдун жоругу, Кандай жанга эп келет.

Атасы казы айтылуу,Адамдан чыккан бу бир куу.

Элден көп жеп параны, Дагы кирем деп алган.

Бир сөзүнөн кайтпаган, Парасыз сөз айтпаган.

Акыйкат бүтүм кылбаган, Сөзү ордуна турбаган.

Бул киши адил эмес деп Сыртынан сөзүн тыңшаган.

Казынын жалгыз уулу бар,Уулунда толгон чыры бар.

Кемчонтой деп атанып,Кесир болду мунуңар.

Ажал жетип күн бүтүп ,Казы аттанды дүйнөдөн.

Өмүрүнчө пара жеп, Кабы толуп күнөөдөн.

Атасы казы өлгөн соң, Казыны калк көмгөн соң.

Атадан калган бар малын,Сапырып чачып жоготкон.

Түбүндө чонтой кутулбай,Түгөнбөгөн домоктон.

Бала кезден келесоо, Өз акылы такыр жок.

Ар кайсыны бир айтып, Сөзү орой,оозу шок.

Жалгыз эшек малы бар, Эшегин айтат атым деп.

Эс-акылы жогунан, Энесин айтат катын деп.

Акмактыгы Чонтойдун, Айлына болгон дапдайын.

Жалгыз балам зөөкүр деп, Энеси кылат убайым.

Эшегин токупзээрдеп, Энесин тилдеп кээрдеп.

Мен базарга барам деп, Кийим-кечек алам деп.

Аш куюп ичип казандан,Аттанып кетет азандан.

Ажатымды алам деп,Азыр барып базардан.

Жалгыз чака пулу жок, Жакшылык көргөн жылы жок,

Адам десе санда жок, Агайын-тууган анда жок.

Айткан кебин унутат, Акмактыгы жанда жок.

Теңир урган Чонтойдун, Жоругу айбан малда жок.

Базардан башка кеби жок, Адамга сыяр эби жок.

Акмактыгын мындан бил, Адамга болжоор теңи жок.

Базарга барат күн сайын Баркы кетти ансайын.

Акылсыз зөөкүр келет деп, Айлына болду дапдайын.

Кемчонтойдо мээси жок, Кел-деп айткан киши жок.

Айбандыгын мындан бил, Адам менен иши жок.

Арыктап баспайт эшеги, Айыкпайт жинди кесели.

Адамдын баары көргөндө, Кемчонтой жинди дешеди.

Элге дайын жинди дейт, Эшегин күндө минди дейт.

Эсерлик кылып жан бакпай, Эл ичинде жүрдү дейт.

Кемчонтой бүгүн өтөт деп, Жолун тосуп жатышат.

Балдар бары чогулуп, Тамашага батышат.

Келип жолго турушат, Кезек менен урушат.

Келесоону токмоктоп, Келеке шылдың кылышат.

Кемчонтойдо эс барбы, Унутуп калат урганын.

Жүрө берет сенделип, Ойлобойт жандын жыргалын.

Нандын атын унутуп, Кемчонтой айтат жалпак деп.

Калпагын айтат байпак деп, Байпагын айтат талпак деп.

Кептин жөнүн биле албайт, Кежир сүйлөп тил албайт.

Элирип кетет ар жерде, Эл ичинде