| а) билим берүүчүлүк максаты | б) өнүктүрүүчүлүк максаты; | в) тарбия берүүчүлүк максаты |
| Окуучулар кептин түрлөрү боюн- ча маалыматтарын теренде- тишет. Анын ичинен сүрөттөө жөнүндө билишет; | Сүрөттөөнүн түрлөрүн ажыра- та алышат. | Берилген тапшыр- малар аркылуу сүйлөө мадания- ты калыптанат. |
Сабактын темасы: КЕПТИН ТҮРЛӨРҮ. СҮРӨТТӨӨ Сабактын максаттары:
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу ...
| Кептин түрлөрү боюнча жал- пы маалыматтарын тереўдете алышса, анын ичинен сүрөттөөнү билсе | Сүрөттөөнүн түрлөрүнө мисал келтире алса | Өз оюн туура,так жана түшүнүктүү сүйлөп берсе |
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
текстте колдонулган кептин түрлөрүн ажырата билет;
сүрөттөөгө өз алдынча текст түзө алат; Кептик компетенттүүлүк:
зат жана башка кубулуштарды сүрөттөй билет;
сүрөттөө түрүндөгү тексттерди тандай билет;
өз оюн сүрөттөө аркылуу, эркин түшүндүрө алат .
Маданий компетенттүүлүк:
орфоэпиянын эрежелери боюнча туура сүйлөөгө калыптанат;
топто иштөөдө достору менен маданияттуу сүйлөөгө үйрөнөт.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын методу: интерактивдүү методдор.
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, ватман, стиккер, окуу-методика- лык колдонмолор.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
кептин түрлөрүнө кайсылар кирет;
аңгеме, жомок, уламыштарда кептин кайсы түрү кеңири колдонулат?
баяндоо дегенди кандай түшүнөсүңөр? Мисал келтиргиле.
Жаңы тема: Сүрөттөө – заттын белгилерин ачып көрсөтүүчү кептин бир түрү. Мында жаратылыштагы көрүнүштөрдү, адамдардын келбетин, жаныбарларды, ошондой эле буюмдарды сүрөттөөдө аларга тиешелүү болгон белгилер, сапаттар, өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт. Сүрөттөөнүн бир нече түрлөрү бар:
Турак-жайды сүрөттөөдө бөлмөнүн көрүнүшү, чен-өлчөмү, бөлмөдөгү буюмдар, алардын жыйналыш тартиби ж. б. ирет-ирети менен толук баяндалат.
Жаратылышты сүрөттөө. Табигат, дүйнөдөгү жандуу, жансыз зат- тардын бардыгы жаратылышты түзөт. Аны сүрөттөп жазуу жаратылышты сүрөттөө адамдын көңүл буруусун, байкагычтыгын, билгичтигин, кыраа- кылыгын өстүрүүгө жардам берет.
Кыялданып сүрөттөө. Жаратылышты, турак-жайды, буюмдарды, кыймыл-аракетти ж. б. жөн гана болгонун болгондой сүрөттөбөстөн, адам өзү каалагандай кыялданып, апыртып, фантастикалык жол менен да сүрөттөйт.
Адамдын келбетин сүрөттөө – адамдын сырткы келбетин, кебете- кешпирин сүрөттөп жазуунун татаал түрлөрүнүн бири.
Буюмдарды сүрөттөөдө анын аты, кандай буюм экендиги, мааниси, эмнеден жасалгандыгы, кандай бөлүктөрдөн турары, формасы, өңү-түсү көлөмү ж. б. саналып сүрөттөлөт.
Окуу китебиндеги 34-көнүгүүнү топтор өз алдынча иштеп, түшүн- гөндөрүн өз ара талкуулашат.
көнүгүүнү жазуу жүзүндө аткарып, «Менин сүйгөн буюмум» де- ген темада өздөрүнө жаккан буюмду 1-топ сүрөттөп жазышат. 2–3-топ 36-көнүгүүнү иштеп, жыл мезгилдеринин ичинен өздөрүнө жаккан мез- гилди сүрөттөп жазышат.
Сабактын кийинки бөлүгүндө өз алдынча төмөндөгүдөй кошумча тапшырмалар берилет.
Класс үч топкө бөлүнөт.
1-топ үчүн: Жайкы таңдагы тоолордун көрүнүштөрүн сүрөттөгөн текст таратылат.
Коргон жасап койгондой, Ак чач тоолор көрүндү. Таң тамылжып көк жүзү, Жылмайгандай көрүндү. Ойгонгонсуп кең дүйнө, Чыгыш нурга чөмүлдү. Тил жетпеген жайкы таң, Көкөлөттү көңүлдү.
Тамылжыган күн нуру, Кучактады тоолорду. Бийик кылып көрсөттү, Көлөкөсү коолорду. (А. Т.)
тоолордун көрүнүшү кандайча сүрөттөлгөн?
силер үчүн кайсы сөздөр түшүнүксүз болду?
ушундай тоолоруңар менен сыймыктана аласыңарбы?
топ үчүн: Жайкы таңдагы жер бетинин көрүнүшүн сүрөттөгөн текст таратылат.
Көлүм көпкөк, жер жашыл, Кестелишип койгондой.
Кызыл макмал кызгалдак, Ыраң өрткө толгондой.
Жашыл нооту жамынып, Белес жатат толгондой. Кандай акын бул жерден, Бүт сүрөттөп айта алат. Жибек желге тар талаа, Ойку-кайкы чайпалат.
Ыксыраган эгиндер, Зумуруддай байкалат. (А. Т.)
-жайкы таңдагы жер бетинин көрүнүшү кандайча сүрөттөлгөн?
-кестелишип, ыраң, нооту, ыксыраган, зумураддай деген сөздөрдү кандай түшүнөсүңөр?
топ үчүн: Таң эртеңки табияттын көрүнүшүн сүрөттөгөн текст та- ратылат.
Мекчейишип серкелер, Кулак башын кагышты.
«Жүргүн мындай» дешкенсип, Төшкө карай басышты.
Ойноп жаткан улактар, Чыйрыкканын жазышты Укуругун сүйрөтүп, Ышкырышты жылкычы. Окшош боёп кийгендей, Чоктой тору жылкычы. Жылкычыдай ышкырды, Чакчыгайдай жылкычы. (А. Т.)
табияттын көрүнүшү кандай сүрөттөлгөн?
мекчейишип серкелер дегенди кандай түшүнөсүң?
Демек, жаратылышыбыздын ушундай көрүнүшү менен сыймыкта- нып, аларды аздектеп, коргоо – биздин милдет.
Баалоо критерийлери:
Берилген суроолорго так жана түшүнүктүү жооп бериши.
Оюн тартынбый толук жана жеткиликтүү айтып бере алышы.
Сүйлөө кебинде далилдерди пайдалана алышы.
Сүрөттөөнүн кайсы түрү экендигин аныктап, ага мисал келтире алышы.
Окуучулардын билимин баалоо критерийлеринин негизинде жүргү- зүлөт.
Үй тапшырма: 37-көнүгүү «Ак кемедеги» Бугу эненин жомогунан Бугу энени сүрөттөп жазып, элестетүү менен сүрөтүн тартышат.