3.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: «Химия предмети,анын мааниси.Заттар алардын касиеттери»
Сабактын максаты: «Химия илим» , «Заттар», «Заттардын касиеттери» жонундогу
тушунуктору калыптандыруу.
Сабактын тиби: Жаны теманы тушундуруу
Сабакты уюштуруу:Классты уюштуруу
Отулгон теманы кайталоо
Жаны тема
Биз жашаган планета өзүнүн кооздугу, сырдуулугу, өзгөчөлүгү менен башкалардан айрымаланып турат. Ал эми анын кооздугун жана сырдуу жактарын көрө билүү үчүн белгилүү бир илимди өздөштүрүү керек. Мына ошондой илимдердин бири-химия илими болуп саналат. Ал бизди курчап турган заттар жана алардын айлануулары жөнүндө окутат. Химиялык айлануулар жансыз жаратылышта гана эмес, адамдын организминде да тынбай жүрүп турат. Демек, «Химия» предметинин баракчаларынан жаратылыштагы, күндөлүк турмуштагы ал тургай космос мейкиндигиндеги заттар жөнүндө да маалымат ала аласыңар!
Химия ɵз алдынча илим катары XVI—XVII кылымдарда таанылгандан кийин бир катар илимий ачылыштар ɵзгɵрүүлɵргɵ, ɵнɵр жайлардын ɵнүгүшүнɵ жана буржуазиялык коомдун пайда болушуна алып келген. Бирок, химияда физикадан айрымаланып, сандык эсептɵɵлɵр аз болгондуктан, «химия илими сандык эсептɵɵ илимиби же таануунун башка түрүбү», деген талаштар болуп турган..Химия – табият таануу областынын (илимдеринин) бир тармагы, химиялык элементтердин жана алардын бирикмелеринин курамын, касиеттерин, түзүлүштөрүн, о. эле алардын айланыштарын (химиялык реакцияларды) окуп үйрөнүүчү илим. Химия органикалык эмес, органикалык, физикалык, аналитикалык болуп бөлүнөт.
Химия башка илимдер менен байланышып: биологиялык химия (биохимия), геологиялык химия (геохимия), агрохимия, космохимия ж.б. сыяктуу илимдин чектеш тармактарынын бөлүктөрүн түзөт. Химиялык илимдин ж-а техниканын өркүндөшү, эл чарбасынын техникалык жактан өрчүшүндө чоң роль ойногон химиялык өндүрүштүн интенсивдүү өрчүшүнө алып келет. Мектепте химия - окуу предмети катары кирген, ал заттар, алардын составы, түзүлүшү, касиеттери жана айланыштары жөнүндө мазмунду камтыйт.
Ар бир химиялык затты физикалык жактан мүнөздөөгө болот:
1. Агрегаттык абалы. Катуу, суюк, газ абалында жана плазма түрүндө болот. (Токамак– плазманы алуучу курал).
2. Өңү–түсү. Металлдар күмүш сымал ачык түстөн, күңүрт–боз түскө чейин, көгүлтүр же кызгылт–сары өңдө кубулуп турат. Металл эместер түссүз (кычкылтек, азот), ак түстө (фосфор), сары, (күкүрт, хлор) кызгылт (фосфор), жашыл (фтор) же кочкул–боз (иод) түстө болушат.
3. Тыгыздыгы. Металлдардын ичинен эң жеңили – литий – 0,53 г/см3 , эң оору – осмий – 22,7 г/см3.Тыгыздыгы 5 г/см3 чейин болсо жеңил металл, 5 г/см3 оор болсо, оор металл деп эсептелинет
4. Жылуулукту жана электр тогун өткөргүчтүгү. Күмүш жана алтын башка металлдарга караганда электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрсɵ да, алардын кымбат болгондугуна байланыштуу күндөлүк турмушта жез жана алюминий кеңири колдонулат.
5. Балкуу жана кайноо температуралары
7.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: Жергиликтуу химия онор-жайлары
Сабактын максаты:Кыргызстандын кен-байлыктары жана иштеп жаткан химиялык
ондуруштор жонундо маалымат алышат.
Сабактын тиби: Жаны теманы тушундуруу
Химиялык өнөр жайлар – оор өнөр жайлары эң негизги тармактарынын бири. Аларга–жер семирткич алуу, химиялык реагенттер синтездөө, химиялык кездеме, пластмасса, чайыр, боектор, жуучу заттар, тоокен химиясы, нефтехимия, орг. жана орг. эмес синтездер жана башка кирет.
Кыргызстандагы металлдар — Кыргызстанда темир, титан, ванадий кендери бар. Темир кендеринин ичинен чөкмө-метаморфизмделген кендердин тиби арбын көлөмдө. Нарын шаарынан 30 км чыгышта Жетим темир кен бассейни башталып, Чоң Нарын суусун бойлоп 70 км ге созулуп жатат. Жалпы запасы бир нече млрд. т. Дүйнөдөгү темир кендеринин басымдуу көпчүлүгүндө кезиккендей, бул жерде да негизинен темирлүү кварцит формациясынын түрү кездешет. Республиканын көптөгөн жерлеринен скарн-магнетит кендери жолугат. Мындай кендердин запасы анча чон болбойт. Магнетиттин чакан-кендери Кемин, Чаек, Сумсарда, Талас жана Нарын шаарларынын тегерегинде кездешет. Темир менен кошо ал кендерде алтын, платина жана башка металлдар да аз-аздан жолугат.
Талас шаарына жакын жерлерде титан-магнетит кендери белгилүү (Бала-Чычкан, Кичи-Кайыңды). Алардан темир, титан, ванадий алууга болот. Темир кендеринин байлыгы боюнча Кыргызстан КМШда төртүнчү орунда (Россия, Казакстан, Украинадан кийин) турат. Алюминийди бокситтен, нефелиндүү сиениттен, андалузит-силлиманиттүү сланецтерден, алуниттен, коалинден алууга болот. Бокситтердин чакан кендери Түштүк Кыргызстанда да бар. Нефелиндүү сиениттер Сандык, Зардалыда кездешет.
Вольфрамдын скарн жана гидротерм түрүндөгү кендери Соң-Көлдөн Сары-Жазга чейин Тянь-Шандын негизги структуралык сызыгы деп аталган жараканы бойлоп кездешет. Алар Кум-Бел, Кашка-Суу, Төрөкелди, Кең-Суу кендери. Аларда вольфрам менен кошо алтын, темир ж. б. металлдар кездешет. Гидротерм кендеринде вольфрам менен кошо калай жолугат. Мындай кендин бири Сары-Жазда орун алган.
Жездин кендери порфир-жез жана скарн түрүндө Кеминдеги Талды-Булак, Сон-Көлдөгү Кум-Бел, Чаткалдагы Боз-Эмчек, Чандалаш тоо кыркасындагы Куру-Тегерек деген жайларда кездешет. Рудалар диорит-порфирит менен гранодиориттердин арасында болот. Мында жездин үлүшү 0,2—0,6% ке барабар. Жез менен кошо алтын, молибден, платиналар кездешет. Кемин шаарчасына жакын Талды-Булак кенинен биринчи иретте алтынды алыш үчүн чалгындоо жүрүп жатат. Куру-Тегеректе да жез менен кошо аталган сейрек жана асыл металлдар кездешет.
Сымап менен сурьма кендери боюнча Кыргызстан дүйнөдө көрүнүктү орунда турат жана алар негизинен Түштүк Кыргызстанда кездешет. Чаткал жана Молдо-Тоодо да ал кендердин чыккан жерлери ачылды. Айдаркен жана Чаувайда сымаптын жосперондук типке кирген кендери орун алган. Сымаптын минералы киноварь менен көпчүлүк учурда сурьманын (антимонит) жана фтордун (флюорит) минералдары кошо жолугат. Сурьманын кендери Кадамжайда, Түндүк Ак-Ташта, Абширде, Терек-Сайда, Чаар-Атта кездешет.
Коргошун, цинк жана жез биргелешип, полиметалл кендерин түзүшөт. Кендер келип чыгышы боюнча гидротермдик жана стратоформдук болуп экиге бөлүнөт. Кыргызстандын аймагында гидротермдик жол менен пайда болгон кендер кеңири таралган. Алар эреже катары металлдардын жогорку концентрациясы менен айырмаланат. Негизги таралган жерлери Талас Ала-Тоосунда: Кең-Шанык, Көркама, Ак-Таш, Көк-Жар; Түндүк Кыргызстанда: Борду, Чолок-Терек, Темир-Төр-Булак; Чаткал кырка тоосунда: Сумсар, Кара-Үңкүр, Ак-Башат; Жыргалаң суусунун алабында: Эки-Чат, Чаар-Кудук жана Каркыра. Молибден-ванадий кендери Ортоңку Тянь-Шанда кеңири таралган. Ал кембрийдин көмүртектүү-чопо-кремнийлүү сланецтеринин катмарларында да кездешет. Молибден, ванадий менен кошо рудаларда фосфор, коргошун, уран ж. б. жолугат.
Висмут кендери күмүш, мышьяк менен кошо Күмүштакта (Үч-Эмчек кени), ал эми висмут-жез кени Кастекте табылган.Алтын кендеринен Тогуз-Тородогу Макмал кени иштетилип жатат. Чөкмөлөрдөгү чачыранды алтын Чаткалдан, Касан-Сайдан, Сумсардан алынат. Дүйнөдөгү ири алтын кендеринин катарына кирген Кум-Төр иштетиле баштады. Бул жерден алтын менен кошо күмүш, вольфрам, теллур, платина, полладий жана башка асыл металлдарды алууга болот. Таласта Жер-Үй кени иштетиле баштады. Кеминде Талды-Булак кени ачылды жана иштетүүгө даярдалып жатат.Металл эместердин кендерине курулуш материалдары, таштар — акиташ, мрамор, гранит, сиенит, гипс, чопо, кум-шагыл кендери кирет. Алардын ичинде өзгөчө орунду (Такталык, Нарын-Тоо жана башка) топаз, аквамарин, турмалин, аметист, нефрит, родонит, агат, халцедон, тоо хрусталы, талаа шпаты жана башка асыл жана кооз таштар ээлейт. Курулуш жана имараттарды каптай турган таштардын кендери кеңири таралган. Аларга акиташ, мрамор, доломит, үлүлдүү акиташ, гранит, сиенит, габбро, порфирит, чопо, мергель таштары кирет. Тоо-химиялык чийки заттардын кендери да Кыргызстандын аймагындагы көп жерлерде белгилүү. Аларга слюда, графит, күкүрт, күкүрттүү колчедан, пирит, флюорит, барит, гипс, ангидрит жана башкалар кирет. Карбон мезгилинин карбонаттарынын арасында галит (туз) менен гипс кездешет (Жыргалаң, Карача-Уулу жана башка). Бор мезгилинин катмарларында (Чон-Алай), неогендин чөкмөлөрүндө галит (туз) менен кошо глауберит, мирабилит туздары да кездешет (Чоң-Туз, Тунук-Туз, Шамшыкал, Нооруз, Желди-Суу жана башка).
12.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: «Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо.
Лабораториялык идиштер менен таанышуу» Практикалык иш №1
Сабактын тиби: Аралаш
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин, химия кабинетиндеги лабораториялык идиштерди окуп үйрөнүшөт. | Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин айтып түшүндүрүп бере алышса. химия кабинетиндеги лабораториялык идиштердин аттарын атап бере алышса. |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): зат, заттардын касиеттери, химиялык идиштердин түрлөрү жана аны туура пайдалануу боюнча түшүнүгү өнүгөт. Заттарга туура, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбияланышат. | Заттардын адамдын организимине тийгизген таасирин айтып бере алышса. Практикалык же лаборатория иш жасоодо идиштерди туура пайдалана алышса. Заттарды бири-бирине куюштуруудагы коопсуздук эрежелерин айтып бере алышса. |
Химиялык кабинеттиндеги иштөөнүн техникалык коопсуздук эрежелери
Көпчүлүк химиялык заттар уулуу, жегич келет, күйгүзүп жибериши мүмкүн. Кээ бир заттар оңой от алат же жарылып кетүү коркунучун туудурат.Ошондуктан заттар менен иштегенде коопсуздук техника эрежесин так сактоо керек. Алар баяндалып жазылгандар тууралуу ар бир химиялык кабинетте бар, кээ бирлери менен кыскача таанышып өтөбүз.
1. Затты кол менен кармап, алардын даамын татып тек-шерүүгө болбойт.
2. Заттын жытын билүүдө идишти бетке жакын алып барбоо керек, буулар жана газдар дем алуу жолдорун дүүлүк-турүшу мүмкүн. Жытты билүү үчүн идиштин оозунан алакан менен бетти көздөй желпүү керек (1.1-сүрөт).
3. Мугалимдин көрсөтмөсү жок өзүңөргө белгисиз заттарды аралаштырбагыла.
4. Тажрыйбаларды аткарууда заттын аз үлүштөрүн алып пайдалангыла. Эгерде лабораториялык иштердин түшүндүр-мөсүндө берилген заттан анча-мынча алуу сунуш этилсе, анда катуу заттан болжол менен чай кашыктын 1/4 бөлүгүн, ал эми суюктуктан 1-2 мл алуу зарыл.
5. Кислоталар жана щелочтор менен иштегенде өзгөчө этият болгула. Алар жегич келишет. Эгерде кокустан кислота же щелочь колго же кийимге тийип калса анда аларды сууну мол агызып дароо жуугула.
6. Кислоталарга сууну кошкондо дайыма төмөндөгү эрежени эсиңерге сактагыла: кислотаны сызылтып, сууга жай куюп, сууну акырын аралаштырып туруу керек, тескерисинче жасоого болбойт (1.2-сүрөт).
7. Дайыма лабораториялык таза идишти жана дистирленген сууну гана пайдалангыла.
8. Заттардын калдыктарын таза заттар салынган идиштерге салбагыла жана куйбагыла.
9. Спирт шамын жана электр ысыткычтарын пайдаланып иштөөдө төмөндөгү эрежени сактагыла:
- Спирт шамын күйгүзүү үчүн күйгөн ширеңкени спирт шамынын оозуна алып келгиле.
- Спирт шамын пайдаланганда аны башка спирт шамынан күйгүзүүгө болбойт, анткени спирт куюлуп кетип, өрт чыгышы мүмкүн.
- Спирт шамынын жалынын өчүрүү үчүн, аны калпагы менен жабуу керек.
10. Электр ысыткычын тармакка кошуудан мурда, анын зымдарынын изоляциясын, зыянга учурабагандыгын текшергиле.
11. Эгерде электр ысыткычын тармакка кошкон убакта ысыганы билинсе, бул жөнүндө мугалимге билдиргиле.
12. Электр ысыткычы менен иштөөдө анын булганышына жол бербегиле.
13. Ишти аяктагандан кийин электр ысыткычын тармактан сөзсүз чыгарып койгула.
Үйгѳ тапшырма:
Химия кабинетиндеги техникалык коопсуздук эрежелерин жана химиялык идиштердин аттарын жаттоо. Химиялык идиштердин сүрөтүн тартып аталышын жазуу.
14.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: Таза заттар жана аралашмалар.
Сабактын методу: Айтып берүү
Сабактын тиби: Аралаш
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Таза заттар жана аралашмалар боюнча окуп үйрөнүшөт | Таза заттарды атап бере алышса; Таза заттардын касиеттерин айтып бере алышса Аралашмаларга мисал келтирип анын негизинде аралашмага далилдүү аныктама бере алышса. |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Заттардын касиеттери, аралашма менен таза заттын айырмачылыктары, жаратылыштагы заттардын таралышы, аралашмадан таза затты бөлүп алуу ыкмалары боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылыш байлыктарын сактоого, туура пайдаланууга тарбияланышат | Заттардын касиеттери; аралашма менен таза заттын айырмачылыктарын; жаратылыштагы заттардын таралышын; аралашмадан таза затты бөлүп алуу ыкмаларын айтып бере алышса Жаратылыш байлыктарын сактоо, туура пайдалануу жолдорун айтып бере алышса. |
Таза заттар жана аралашмалар
Белгилүү бир шартта туруктуу физикалык касиеттер менен мүнөздөлгөн, тынч абалда тиешелүү массага ээ болгон бөлүкчөлөрдүн туруктуу тобу зат деп аталат. Ар бир зат бир түрдүүлүгү жана курамынын туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Бир түрдүү берилген зат өзүнүн бардык массасында бирдей касиетке ээ дегендикти түшүндүрөт.
Зат тазалыгы, физикалык константаларынын көрсөткүчтөрү менен аныкталат, эгерде зат таза болсо, анын физикалык касиеттери (эригичтик, балкып эрүү жана кайноо температуралары, тыгыздыгы ж. б.) турактуу сандык маанилерди көрсөтөт.
Мисалы, сырткы атмосфералык басым ρ = 1 атм. болсо, анда таза суу 100° С кайнайт, 0° С тоңот жана 4° С анын тыгыздыгы максималдуу ρ = 1 г/см барабар болот.
Жаратылышта заттар көбүнчө аралашма түрүндө кездешет. Таш, топурак, жыгач, бетон, чоюн ж. б. объектилер бир нече заттан тургандыгын жөнөкөй көз же башка куралдын жардамы менен көрүүгө болот.
Мисалы, куймалар бир түрдүү болгону менен алардын курамы өзгөрмөлүү болот, демек, касиеттери курамына жараша өзгөрөт. Аралашмалар бир өңчөй - гомогендүү болгону менен таза затка жатпайт. Жаратылыш суусунда туздар менен газдар аралашмасы болот. Заттар аралашмасынын ар бири таза заттар сыяктуу эле белгилүү касиетке ээ болот, бирок ал касиет аралашмадагы таза заттардын массалык катышына жараша өзгөрөт. Кээ бир учурларда физикалык методду колдонуп, зат таза же аралашма экендигин аныктоого болот. Эгерде таза сууга кайнатма тузду эритсек, анда анын кайноо температурасы жана тоңуу температурасы өзгөрөт. Туздуу суу жогорку температурада кайнайт жана төмөнкү температурада тоңот.
Химиялык өнөр жайларда өндүрүлгөн продуктуларда кандайдыр бир өтө аз өлчөмдө болсо да аралашмалар болот. Бул аралашмалардын өлчөмү атайын мамлекеттик стандарт менен кабыл алынат. Аралашмалар бир тектүү жана бир тектүү эмес болуп бөлүнөт: бир тектүү аралашмаларды түзгөн бөлүкчөлөрдү микроскоптун жардамы менен аныктоого мүмкүн эмес.
Мисалы, газдар аралашмасы, кайнатма туздун суудагы эритмеси. Ал эми бир тектүү эмес аралашмаларды микроскоптун жардамы менен көрүүгө болот.
Мисалы, кан бирдей кызыл суюктук. Микроскоп менен караганда кызыл, аккан денечелерден тургандыгын көрүүгө болот, ал эми тоо породалары, топурак, таш ж. б. сыяктуу кесек аралашмаларды көрүп эле ажыратууга болот.
18.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: № 2 Практикалык иш. Булганган кайнатма тузду тазалоо
Иштин максаты: 1.Тузду аралашмадан тазалоо . Чыпкалоо жана бууландыруу ыкмаларын өздөштүрүү.
Курал жабдыктар: Лабораториялык штатив , куйгуч, химиялык стакан , форфор табакча , сүзгүч кагаз
Иштин жүрүшү
1. Булганыч кайнатма тузду эритүү. Көлөмү 100 мл болгон стакандын ½ бөлүгүнө дистирленген суу куйгула. Андан кийин кашык менен кайнатма тузду салып , айнек таякча менен туз эрип бүткөнчө аралаштыргыла (этият болгула. Айнек таякчаны стакандын бетине катуу тийгизип албагыла)
. Эритмени чыпкалоо
3. Эритмени бууландыруу
Алынган фильтрат фарфор табакка куюлат да, штативдин шакекчесине орнотулат. Фильтратты ак кристалл туз пайда болгонго чейин кайнатып ууландырат. Суу бууланып бүтөт, фарфор идиштин түбүндө туз (NaCI) калат.
Кайнатма туз деӊиз суусунун курамында кездешет жана ошондой эле жер бетинде таш тузу деп аталган кен байлыктарды пайда кылат (мисалы, Кочкор районунда таш тузу бар).
Өнөр жайда кайнатма тузду алуунун бирден-бир булагы болуп таш тузу саналат.
Казылып алынган кайнатма туз ар түрдүү аралашмалардан турат: кум, чопо ж.б. бул аралашмалардан таза тузду бөлүп алуу үчүн биринчиден, эрибеген заттардан, андан кийин эриген заттардан арылтуу керек.
Азыр силер аткара турган практикалык иштин алдында өз алдынча ишти аткаруунун планын түзүүгө жана керектүү лабораториялык курал-жабдыктардын тизмесин түзүүгө аракеттенгиле жана коопсуздук техникасынын эрежесин эске салгыла.
23-25.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: Физикалык жана химиялык кубулуштар
Сабактын тиби: Жаны теманы тушундуруу
Сабактын максаты: кубулуштар жонундо тушунук алышат,кубулуштарды айырмалашат.
Сабакты уюштуруу:Классты уюштуруу
Отулгон теманы кайталоо
Жаны тема
Физикалык жана химиялык кубулуштар Физикалык кубулуштар Ар бир зат физикалык касиеттерге ээ болуу менен бирге, башка заттарга айлануу жөндөмдүүлүгүнө да ээ болот. Заттардын айланышы деген эмне?
Элестетип көрөлүчү, биз сууну ысытсак, ал буулана баштайт. Бул учурда зат башка затка айландыбы? Жок, суунун бууланышы – бул физикалык кубулуш. Суунун буусу– бул суюктук түрүндө эмес, газ абалындагы химиялык зат, суу болуп саналат.
Физикалык кубулуштар – бул баштапкы зат башка жаңы затка айланбай, анын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөргөн кубулуштар.
Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар Башка мисалды – темирдин дат басышын карап көрөлү. Темир нымдуу аба менен тийишкенде, аны дат басат. Темирдин даты – күрөң түстөгү морт зат. Демек, темир, кычкылтек жана суу менен аракеттенишип, темирдин датын пайда кылды, б.а. бир зат башка жаңы затка айланды. Бул кубулуш химиялык кубулуш болуп саналат. Ал эми химиялык кубулушту химиялык реакция деп аташат.
Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар – бул баштапкы заттардан курамдары, касиеттери боюнча айрымаланган жаңы заттарды пайда кылуучу кубулуштар.
Химиялык реакцияга катышкан заттар (мисалы: темир, кычкылтек жана суу), баштапкы заттар деп аталат.
Реакциянын натыйжасында пайда болгон заттар (темирдин даты), реакциянын продуктусу деп аталат.
Жыйынтык
Физикалык кубулуш учурунда заттардын курамы өзгөрбөйт, алардын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөрөт. Ал эми химиялык реакциянын натыйжасында, баштапкы заттар жаңы заттарды пайда кылат.
28.09.2020 8-класс
Сабактын темасы: Атомдор жана молекулалар. Жөнөкөй жана татаал заттар
Сабактын тиби: Аралалаш
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атомдор жана молекулалар, жөнөкөй жана татаал заттарды окуп үйрөнүшөт. | |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зат, атом, молекула, заттын көп түрдүүлүгү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Бири-бирин сыйлоого тарбияланышат. | Зат; заттын көп түрдүүлүгү боюнча айтып бере алышса; Өз алдынча жана топто иштей алышса. |
Байыркы грек философу Демокрит 2500 жыл мурда жаратылыштагы бардык заттар эң майда көзгө көрүнбөгөн, бөлүнбөс кыймылдуу бөлүкчөлөрдөн–“атомдордон” тураарын айткан. “Атом” деген сөз грек тилинен – “бөлүнбөс” деп которулат. Кийинчерээк орто кылымдарда атом жөнүндөгү окуулар дин тарабынан куугунтукталган, бул илимдин, анын ичинен химия илиминин өнүгүүсүн кечендеткен.
Молекула жана атом жөнүндөгү окуу XVIII кылымдын орто ченинде улуу орус окумуштуусу Михаил Васильевич Ломоносов (1711 – 1765 жж.)тарабынан иштелип чыккан. Ал жаратылышта тело корпускулалардан (молекулалардан), ал эми алар элементтерден (атомдордон) тураарын тастыктаган.
Молекулалардын атомдордон түзүлөөрүн көптөгөн химиялык реакциялар аркылуу далилдөөгө болот. Мисалы, суу аркылуу турактуу электр тогун өткөрсөк, Гофман аппаратынын биринчи түтүгүнө газ бөлүнүп чыгат. Ага чычаланы алып келсек, ал жарык жалын чыгарып күйөт. Демек, бул газ – кычкылтек болуп саналат. Аппараттын экинчи түтүгүнɵ андан эки эсе көп чогулган газга чала күйгɵн чычаланы жакындатсак, ал газ күйөт. Бул газ – суутек болуп саналат.
Бул кубулушту төмөнкүдөй түшүндүрүугө болот: Суунун молекуласы суутектин эки жана кычкылтектин бир атомунан турат. Суу аркылуу электр тогун өткөргөндө, суунун молекуласы кычкылтектин жана суутектин атомдоруна ажырайт.Андан кийин атомдор эки–экиден кошулат да, суунун эки молекуласынан кычкылтектин эки атомдуу бир молекуласы жана суутектин эки атомдуу эки молекуласы пайда болот.
Молекула жана атом деген эмне?Молекула – бул көп заттардын өтө майда бөлүкчөлөрү, алардын курамы жана химиялык касиеттери берилген заттардыкындай эле болот. Молекулалар–химиялык жактан бөлүнө турган бөлүкчөлөр, алар химиялык реакция убагында ажырашат.
Атом – бул химиялык жактан бөлүнбөй турган заттын эң майда бөлүкчөсү. Молекулалар атомдордон айрымаланып, химиялык жактан бөлүнүшөт.
Жөнөкөй жана татаал заттар Бир түрдүү атомдордон турган жөнөкөй заттарды (H2, O2,Cl2, P, Na, Cu, Au) жана ар түрдүү атомдордон турган татаал заттарды (H2O,NH3, OF2, H2SO4, MgCl2,K2SO4) айрымалап бөлүшөт
Жөнөкөй заттар – бул заттардын молекуласы бир түрдүү атомдордон турат. Химиялык реакция учурунда алар жөнөкөй заттарга ажырабайт.
Татаал заттар – бул заттардын молекуласы ар түрдүү атомдордон турат. Химиялык реакцияларда бир нече жөнөкөй заттарды пайда кылуу менен ажырайт.
2.10.2020 8-класс
Сабактын темасы: Салыштырмалуу атом массасы. Химиялык элемент
Сабактын методу: Түшүндүрүп берүү
Сабактын тиби: Аралаш
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Салыштырмалуу атомдук масса, химиялык элементтердин мезгилдик таблицасын окуп үйрөнүшөт. | Салыштырмалуу атомдук масса; химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы; Химиялык элементтердин мезгилдик системада жайланышы боюнча мүнөздөп айтып бере алышса. |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Атом, молекула, химиялык элемент, мезгилдик система, атомдук масса боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат. | Атом; Молекула; химиялык элемент; мезгилдик система; атомдук масса боюнча түшүнүгүн айтып бере алышса. Өз алдынча жана топто иштей алыш |
Химиялык элементтер Химияда “атом” жана “молекула” деген терминден сырткары “элемент” деген түшүнүк да колдонулат.Атомдордун белгилүү бир түрү– химиялык элемент деп аталат.
Мисалы, суутектин атомдору– суутек элементи, кычкылтектин же сымаптын атомдору– кычкылтек жана сымап элементи деп аталат. Азыркы учурда 118 атомдун түрү, б.а. 500гө жакын жөнөкөй заттарды пайда кылган 118 химиялык элемент белгилүү.Башка илимдердей эле химия илиминде өзүнүн шарттуу белгилери, тили бар. XIX кылымда. бардык окумуштууларга түшүнүктүү болгон химиялык белгилерди түзүп чыгуу зарылдыгы келип чыккан. Биринчилерден болуп мындай белгилерди Дальтон сунуш кылган. Бирок, анын колдонуу ыңгайсыз болгон.
Химиялык элементтерди белгилениши
XIX кылымдын башында швед окумуштуусу Й.Я. Берцелиус химиялык элементтерди алардын латынча аталышынын биринчи эки тамгасы менен белгилөөнү сунуштаган.
| Название | Латинское название | Символ |
| Суутек | Hydrogenium | H |
| | | |
| Сымап | Hydrargyrum | Hg |
Суутек химиялык элементи (Hydrogenium) – Н. Эгерде бир нече элементтин аталышы бирдей тамга менен башталса, анда элементтин белгисине андан кийинки тамганы кошуп белгиленген. Мисалы, сымап, (Hydrargyrum) Hg деп белгиленген.
| Кээ бир химиялык элементтер тамганын окулушу менен аталат: |
| Элементтин аты | Белгиси | Аталышы |
| Кычкылтек | О | О |
| Күкүрт | S | Эс |
| Азот | N | Эн |
| Көмүртек | С | Це |
| Кээ бир элементтер латынча аталышы менен аталат: |
| Элементтин аты | Белгиси | Аталышы |
| Кремний | Si | силициум |
| Сымап | Hg | гидраргирум |
| Жез | Cu | купрум |
| Темир | Fe | феррум |
Химиялык элементтердин аталышынын маанилери 1) Заттын касиетин билдирүүчү: Суутек – “сууну пайда кылуучу”; Фосфор – “жарыкты алып жүрүүчү”; Кычкылтек – “кислотаны пайда кылуучу”
2) Асман телолорунун аты менен : Селен – Селена (ай); Теллур – Теллурис (Жер).
3) Мифтерден алынган аталыштар: Тантал (Зевстин уулу).
4) Мамлекеттердин атынан : Германий (Германия); Галлий (Франция); Полоний (Польша).
5) Окумуштуулардын аты менен : Кюрий; Эйнштейний; Лоуренсий.
Атомдордун белгилүү бир түрү – химиялык элемент деп аталат
Химиялык элемент жана жөнөкөй зат
Салыштырмалуу атомдук масса (Ar) берилген атомдун массасы, көмүртектин атомунун массасынын 1/12 бөлүгүнө болгон катышына барабар.Ar = mат. / (1/12)mС
Абсолюттук атомдук масса өзүнүн мааниси боюнча салыштырмалуу болот жана массанын атомдук бирдиги (м.а.б.) менен өлчөнөт. Б.а. салыштырмалуу атомдук масса берилген атомдун массасы көмүртектин атомунун 1/12 бөлүгүнөн канча эсе чоң экендигин көрсөтөт.Эгерде атомдун салыштырмалуу атомдук салмагы Ar = 12 болсо, демек, анын массасы көмүртектин атомунун массасынын 1/12 бөлүгүнөн 12 эсе чоң болот, б.а. массанын атомдук бирдиги 12 барабар болот. Бул көмүртектин атомунда гана болушу мүмкүн. Суутектин салыштырмалуу атомдук массасы бирге барабар Ar = 1. Бул анын массасы көмүртектин атомунун массасынын 1/12 бөлүгүнө барабар экендигин билгизет. Кычкылтектин атомунун салыштырмалуу атомдук массасы 16 массанын атомдук бирдигине (м.а.б.) барабар болот. Бул кычкылтектин атому көмүртектин атомунун 1/12 бөлүгүнөн 16 эсеге чоң экендигин билгизет. Эң жеңил химиялык элемент – суутек болуп саналат. Анын массасы болжол менен 1 массанын атомдук бирдигине барабар. Эң оор атомдордун массасы 300 м.а.б. жакын мааниге ээ болот.Бардык элементтердин атомунун абсолюттук массалары бүтүн санга тегеректелет.Молекулалар үчүн салыштырмалуу молекулалык масса (Mr) деген түшүнүк колдонулат. Салыштырмалуу молекулалык масса молекуланын массасы көмүртектин атомунун массасынын 1/12 бөлүгүнөн канча эсе чоң экендигин билгизет.Суутектин салыштырмалуу атомдук массасы 1 барабар. (Д.И. Менделеевдин таблицасында), формула боюнча суутектен 2 атом болоорун билебиз (суутектен кийин 2 деген индекс турат);
Кычкылтектин салыштырмалуу атомдук масасы 16 барабар (Д.И.Менделеевдин таблицасында);
5-7.10.2020 8-класс
Сабактын темасы:Валенттуулук
Сабактын максаты:
1. Валеннттуулук тушунугун калыптан-дыруу.
2.Туруктуу жана озгорулмо валенттуулуктордун жардамы менен формула тузууго жана формуладан валенттуулукторун аныктоого уйротуу.
Сабактын тиби:Жаны теманы тушундуруу
Берилген химиялык элементтин атомунун башка бир химиялык элементтин атомунун белгилуу бир санын кошуп алуу касиети (же кучу) валенттуулук деп аталат.
Валенттуулук жонундо тушунук
Илимге 1858-жылы Э.Франкленд тарабынан киргизилген. Валенттуулук бутун сандарга гана барабар, ал(1-8 чейин) рим цифралары менен белгиленет. Валенттуулуктун бирдиги болуп суутектин жана кычкылтектин валенттуулугу кабыл алынган. Практикада элементтин валенттулугун суутектин жана кычкылтектин валенттуулугу аркылуу таап алуу ынгайлуу.
Практикада элементтин валенттулугун суутектин жана кычкылтектин валенттуулугу аркылуу таап алуу ынгайлуу.
1.Суутектин валенттуулугу туруктуу I ге барабар деп кабыл алынган, анда суунун формуласында (Н2О)кычкылтектин валенттуулугу II ге барабар ,ал эми аммиактын (NH3)фомуласында азоттун валенттуулугу III ко барабар .
2.Кычкылтектин валенттуулугу II ге барабар деп кабыл алынган , анда комур кычкыл газынын (СО 2 ) формуласында комуртектин валенттуулугу IV ко барабар, ал (CO) формуласында комуртектин валенттуулугу II ге барабар. Демек, айрым элементтер озгормо валенттуу болушат. Мисалы:С-(II) жана(IV); S-(II),(IV),(VI); P-(III), (V) валенттуу ж. б.Химиялык бирикмелердеги айрым элементтердин валенттуулугу
Валенттуулук
Химиялык элементтер
Бирикмелердин формуларанын мисалдары
Туруктуу валенттуулугу менен
I Н, Na, K, Li H2O, Na2O , N2O, К2O
II O,Be,Mg,Ca,Ba,Zn MgO, CaO, ВаО
III Al, B, Sс Al2O3, Sс2O3 , В2O3
Озгормо валенттуу
I жана II Cu Cu2O, CuO, Аg2O, АgO
II жана III Fe,Co,Ni FeO, Fe2O3, СоO, Со2O3
II жана IV Sn,Pb, С
III жана V P
II,III жана VI S
Валенттуулук боюнча химиялык формулаларды тузуу .
Химиялык формулаларды тузуу учун химиялык бирикмени пайда кылуучу элементтердин валенттуулугун билуу зарыл.
Валеннтуулук боюнча химиялык формула тузуунун алгоритми
Формула тузуу
Химиялык элементтердин белгилерин жазышат PxOy
Элементтердин валенттуулугун табышат.VII
Валенттуулуктор учун эн кичине эселик санды аныкташат PO
Индекстеди табышат (жалпы санды 2 элементтин тийиштуу валенттуулугуно болуу менен)5 2 : 5
Индекстерди элементтердин белгилеринин жанына жазышат(«1» индекси гана жазылбайт) 2 : 5 P2O5
. Валенттуулук — химиялык байланыштын санын корсоткон зарядсыз чондук: атом учун эц сырткы валенттик электронунун санына, ал эми иондор учун анын зарядына барабар.
Эгерде бирикменин формуласы белгилуу болсо, аны тузгон элементтердин валенттуулукторун аныктоого болот. Ал учун валенттуулуктору туруктуу элементтерди пайдаланышыбыз керек. Туруктуу валенттуу элементтер же алардын тобу:
I валенттуулор - К, Na, Li, Н, ОН, F
II валенттуулор - Са, Mg, Ba, О, SО4(2), СОз(2)
III валенттуулор - АI, В, РO4 (3) ж. б.
S О3 мисалы кукурттуку 3x2 = 6 б.а. кычкылтектин валенттуулугу индекске кобойтулуп, элементтин валснттуулугу аныкталат. б) Элементтин валенттуулугу карама-каршы турган индекстер аркылуу аныкталат. V - II , III- II, VII – II, III-II N2 О5 Сl2 О3 Сl2 О7 Al2 (SО4)3 " width="640"
Индекстери жок химиялык формулаларда элементтердин валенттуулуктору барабар деп эсептелинет:
I I п п п II ш ш
Н С l, С О, СаО, Аl РО4
Индекси бар химиялык формуладан белгисиз элементтин валенттуулугу белгилуу элемент аркылуу табылат:
IV II IV II VI II
а) С О2 - S О2 S О3 мисалы кукурттуку 3x2 = 6
б.а. кычкылтектин валенттуулугу индекске кобойтулуп, элементтин валснттуулугу аныкталат.
б) Элементтин валенттуулугу карама-каршы турган индекстер
аркылуу аныкталат.
V - II , III- II, VII – II, III-II N2 О5 Сl2 О3 Сl2 О7 Al2 (SО4)3
:
12-10.2020 8-класс
Сабактын темасы : Химиялык формулалар,Салыштырмалуу молекулалык масса
Сабактын максаты: Химиялык формула боюнча тушунук алышат.Салыштырмалуу молекулалык массаны табууну уйронушот
Химиялык формулалар — заттар курамын химиялык белгилер (сим-волдор) жардамы менен туюнтуу. X. ф элемент атомунун символунан түзүлүп, ар бир элемент канча атому бар экендиги бүтүн сан менен берилип, мол-дагы атомдор өз ара байланышын көрсөтөт. Зат курамына кирген атомдор жана алардын сандык катышын гана көрсөткөн, ал эми ортосундагы химиялык байланыш жаратылышын көрсөтпөгөн формула эмпирикалык формула деп аталат. Мисалы, Р2О5. Химиялык формула заттар сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү болот. Мисалы, Н2SО4—күкүрт кислотасы. Масс. саны моль массасына (98 г/моль) барабар. Мол-сы, б. а. 1 моль Н2SО4 2 г суутек, 32 г күкүрт жана 64 г кычкылтектен турат. Структуралык формула молекуладагы атомдор өз ара байланышын жана мейкиндиктеги абалын аныктайт. Формуланы жазууда он зарядка ээ атом биринчи жазылат, мисалы, KCl, Nа2SО4, NaCl жана башка Заттар химиялык формуласын түзүү үчүн курамдагы ар бир элемент % боюнча массасын анын ат. м-на бөлүп, алынган сандар катышы чыгарылат. Мисалы, жез колчеданында 34,64% Сu, 30,42% Fе, 34,94% 8 табылган. Бул сандар ат. м-рына Сu (63,55), Fе (55,85), S (32,06) бөлгөндө 1:1:2 катышы алынат. Демек, жез колчеданы химиялык формуласы СuFеS2 болуп жазылат.
Салыштырмалуу молекулалык масса деп, молекуланын массасы көмүртектин атомунун массасынын 1/12 бөлүгүнөн канча эсе чоң экендигин көрсөтүүчү чоңдукту айтабыз. Ал Мrтамгасы менен белгиленет.
Мисалы, Мr(H2SO4)=1•2+32+16•4=98.
Демек, суунун салыштырмалуу молекулалык массасын (Н2O) табуу үчүн атомдордун санын эсепке алуу менен, суутектин жана кычкылтектин салыштырмалуу атомдук массаларын суммалайбыз.
Суутектин салыштырмалуу атомдук массасы 1 барабар. (Д.И. Менделеевдин таблицасында), формула боюнча суутектен 2 атом болоорун билебиз (суутектен кийин 2 деген индекс турат);
Кычкылтектин салыштырмалуу атомдук масасы 16 барабар (Д.И.Менделеевдин таблицасында);
Суунун салыштырмалуу молекулалык массасын эсептейбиз:
Мr(Н2O)=1•2+16=16+2=18
16.10.2020-жыл 8-класс
Сабактын темасы: Химиялык жонокой стехиометриялык закондор
Сабактын максаты:
Химиялык жонокой стехиометриялык закондорду уйронушот,аныктамаларын жатташат,формулага таянып конугуу иштешет.
Химиялык закондор – бир эле убакта эки окумуштуу, фр. химиги А. Лавуазье (1770-ж.) жана орус окумуштуусу М.В. Ломоносов (1760-ж.) тарабынан ачылган химиянын негизги закону болуп материянын сакталуу закону эсептелет: бардык химиялык айланууларда «реакцияга катышкан заттар массалары реакциянын натыйжасында пайда болгон продуктылар массаларына барабар». Бул законду бүткүл жаратылышка карата колдонсок төмөнкүдөй аныктама келип чыгат: материя бардан жок болбойт, жоктон пайда болбойт, бир формадан экинчи формага гана өтүп турат.
Бирок кээ бир учурларда, мисалы, өтө кичине жана өтө тез кыймылдагы материянын бөлүктөрү менен байланышкан радиоактивдүү кубулуштарда көп сандагы жылуулук энергиясы бөлүнүп чыгып, массанын азайышы бир кыйла чоң мааниге ээ болот. Бул учурда байкалган материянын жок болушу массасыз материядагы кубулуштар эсебинен эфирде ишке ашат.
Курам туруктуулук закону – химиялык бирикмелер курамына кирген бардык заттар өз ара белгилүү массалык катышта болушат. Мисалы, суу пайда болгондо суутек бир массалык бөлүгү кычкылтек сегиз массалык бөлүгү менен кошулат. Эгерде бул газдар бири ашыкча алынган болсо, суу пайда болгондон кийин ошол газ ашыкчасы эркин абалында калат.
Эселик катыш закону – бири-бири менен сан жагынан ар түрдүү курамдагы бир нече химиялык бирикмелер пайда кылган заттар өз ара эселик катышта болушуп, алар бири-бири менен бүтүн сандар катары катышат. Мисалы, суутек кычкылтек менен сууну жана суутек пероксидин пайда кылат. Сууда суутек 1 массалык бөлүгүнө кычкылтек 8 массалык бөлүгү туура келет, ал эми суутек пероксидинде–16. Ошентип суутек бирдей массалык бөлүгү менен кошулуучу кычкылтек массалык бөлүктөрү өз ара 8:16 же 1:2 катышта болот.
Эквиваленттер закону – кандай массалык санда элементтер суутек бир массалык бирдиги менен кошулат же аны менен орун алмаша тургандыгын көрсөтөт. Мисалы, сууда суутек 1 массалык бөлүгү кычкылтек 8 массалык бөлүгү менен, ал эми суутек хлоридинде хлор 35,46 массалык бөлүгү менен кошулат. Демек, кычкылтек 8 массалык бөлүгү хлор 35,46 массалык бөлүгү менен бирдей массалык катышта болот.
21.10.2020-жыл 8-класс
Сабактын темасы: Химиялык тендемелер
Сабактын максаты
Окуучулар “химиялык элемент” – деген термин менен таанышат. Заттардын көп түрдүүлүгү менен таанышат. Химиялык элемент жөнүндө маалымат алышат. Химиялык элементтердин белгилерин жазууну үйрөнүшөт. Химиялык элементтердин көп түрдүүлүгү жана алардын түрлөрү менен таанышат.Химиялык элементтердин латынча аталышын, окулушун, жазылышын окуп үйрөнүшөт. Химиялык белги, химиялык формула, химиялык теӊдемени жазууну үйрөнүшөт.
Химиялык теңдемелер — химиялык реакцияларды формулалар, сан, математикалык жана химиялык белгилер менен туюнтуу. X. т. реакцияны көрсөтүү менен зат массасынын сакталуу законун чагылдырат. Реакцияга кирген заттар фор-муласы X. Т. сол, пайда болгон заттар формуласы оң, тарабына жазылып, ортосуна барабар белги (кээде реакциянын багытына көрсөтүү үчүн бир стрелка ®, кайталанма реакцияда эки стрелка ) коюлат. Формулалар арасына кошуу белгиси (+) жазылат. Ар бир химиялык элемент атомунун саны X. т. оң жана сол тарабында бирдей болууга тийиш. Ал үчүн реакцияга катышкан заттар алдына бүтүн сандагы теңдөөчү сандар коюу керек. Химиялык реакциянын X. т. формулалар алдындагы теңдөөчү сандар стехиометрия коэффициенттери деп аталат. Алар реакциянын теңдемесине же формуласына туура келүүчү заттар санын көрсөтүп, химиялык формулалар жана реакциялар теңдемелери боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүдө колдонулат. X. т. эки жагындагы коэффициенттерди бирдей чоңойтууга же кичирейтүүгө болот. Жалпы учурда 1 коэффициенти жазылбайт. Реакциянын жылуулук эффекти көрсөтүлгөн X. т. термохимиялык теңдеме деп аталат. Мындай X. т- формулалар коэффи-циенттери тиешелүү заттар молунун санын көрсөткөндүктөн, бөлчөк түрүндө болушу мүмкүн. X. т- негизинде ө. ж-нда, лабораторияда ар түрдүү сандык эсептөөлөр жүргүзүлөт.
Теӊдеме жазууда төмөнкү эрежелерди эсиӊерге сактагыла!
1
.Теӊдеменин сол жагына- реакцияга кирүүчү заттардын ортосуна ( +) плюс белгисин коюу менен жазуу;
2
.Теӊдемеге жебе же барабардык ( ) коюу;
3. Пайда болгон заттарды жазып теӊдеменин оӊ жагына жазуу, андан кийин элементтердин валенттүүлүгүн жазуу;
4.Теӊдеменин сол жагы менен оӊ жагын коэфиценттерди коюу үчүн орток сан келтирүү ;
5. Теӊдемеге коэфиценттерди коюу;
6
. Теӊдеме теӊделгенден кийин жебени ( ) барабардык ( =) менен алмаштыруу.