8
-кл. Химия элементтер алардын белгилери.
Сабактын темасы: Химия элементтер алардын белгилери.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химиялык элемент” – деген термин менен таанышат. Заттардын көп түрдүүлүгү менен таанышат. Химиялык элемент жөнүндө маалымат алышат. Химиялык элементтердин белгилерин жазууну үйрөнүшөт. Химиялык элементтердин көп түрдүүлүгү жана алардын түрлөрү менен таанышат.Химиялык элементтердин латынча аталышын, окулушун, жазылышын окуп үйрөнүшөт. Химиялык белги, химиялык формула, химиялык теӊдемени жазууну үйрөнүшөт.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар химиялык элементтин түрлөрүн ,химиялык элементтин белгисин жазууну окуп үйрөнүү менен заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
Сабактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Тирүү организмде кандай элементтер бар экендигин билесиӊер? ( өз алдынча иштелет)
Йод;
Кальций;
Фосфор;
Цинк;
т
емир
Жооптор окуучулар менен бирдикте талкууланат.
Мугалимдин билдирүүсү: Химиялык элементтер организмде маанилүү ролду ойнойт.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Химия элементтер алардын белгилери.
Мугалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар менен бирдикте текст менен иштешет. Жогоруда силер атаган элементтер организмде кандай функцияны аткарат, текстен окуп көрөлү;
1-тыным. ( 5мин убакыт берилет)
Текст: Адамдын организминде көптөгөн химиялык элементтер бар. Элемент – атомдун белгилүү бир түрү .М: Кальций, магний, бор элементтери организмде б
олот. М: чоң кишинин организминде 1,5 кг кальций болот. Ал сөөктүн өсүшүнө жана тиштин пайда болушуна жардам берет. Бул элементтердин жетишсиздиги бөйрөктө таш пайда болуп, остеопороз, остеоартрит, люмбаго, ревматизм ооруусу пайда болот. Бул элементтердин булактары: сүт азыктары, кургак жемиштер, бадам жана сардина балыгы. Фосфор элементи организмдеги энергиянын бөлунүшүн камсыз кылат. Организмде фосфордун жетишсиздиги сөөктөрдүн кыйшаюсун , Д-витаминин жетишсиздигин пайда кылат. Фосфор элементине бай тамак аштар: сыр, уйдун эти, боор, балык, жумуртка, сүт, ак нан. Калий элементи натрий менен кошо организмдеги туз менен суунун алмашуу процессин камсыздайт. Ошондой эле булчуңдардын, нерв системасын фунциясын жакшыртат. Калий, натрийдин жетишсиздигинен жүрөктүн согушунун ритми бузулуп, булчуңдардын функциясы, тамак сиңирүү начарлайт. Натрий жана калий элементтери банан, жүзүм, томат ширеси, быштак, буурчак, курмада кездешет. Кобальт организмде эротроциттерди пайда кылат. Ичегиде В12 витамин синтездөөгө катышат. Натрий, калий менен кошо организмдеги сууну камсыз кылууга катышат. Канга кантты жана аминокислоталарды жеткирет. Бул элементтер зайтун майында, балыкта, сыр, аш тузунун курамында бар. Жездин жетишсиздигинен тери бырышып, чачка ак түшөт да варикоза ооруусу пайда болот.Селен менен ванадийдин жетишсиздиги кандагы канттын көбөйүшүнө алып келет. Селен организмди инфекциялардан сактап, лейкоцитти көбөйтүүгө жардам берет.Селен деӊиз балырларында, дан, буудайдын кебесинде(улпак),сүт азыктарында, зайтун майында, чанактуу өсүмдүктөрдө болот.. Калайдын жетишсиздигинен чач түшүп, кулак укпай калат. Калай өпкөдө, жүрөк,бөйрөк,ичке ичеги,сөөк ткандарында кармалат. Адамдын жашы жогорулаган сайын адамдын организминде калайдын концентрациясы жогорулайт. Калай элементинин булактары – картошка,кызылча,күн караманын даны,бодо малдын тилинде жана балыктарда болот. Цинктин жетишсиздиги тери оорууларын пайда кылат. Йод элементинин жетишсиздиги: депрессия, зоб, булчундардын функциясын начарлатат. Фтордун жетишсиздиги: Тиштер начарлап, сөөк морт болуп калат.
Андан кийин окуучулар төмөнкү схеманы дептерлерине жазып алышат:
2-суроо: Бул элементтерди таанып билүү үчүн алардын белгиленишин билүү зарыл . Анда элементтерди белгилөө кандай жүргүзүлөт?
Бул суроого жооп берүү үчүн окуучлар текст менен иштешет.
Текст:
Б
ул элементтердин арасында 90 дон ашыгы жаратылышта кездешет, 20 дан ашык элемент жасалма жол менен алынган.Ар бир элементтин аталышы жана белгиси бар.
Химиялык белги химиялык формула химиялык реакциянын теңдемеси.
Азыркы мезгилдеги химиялык белгини Швед окумуштуусу Й.Берцеллиус 1814-жылы сунуш кылган. Ал элементтердин химиялык белгиси элементтин латынча аталышынын баш тамгасынын биринчиси жана кийнки тамгаларынан дагы бирөөсү менен аталышын сунуш кылган. М: Суутек Hydrogenium – гидрогениум Н тамгасы менен белгиленет, окулушу аш , кычкылтек Оxygenium-оксигениум – О тамгасы менен белгиленет, окулушу “О”. ж.б ( 2- таблицада ).Химиялык элементтердин белгилерин жазуу менен алардын формуласын жазууга болот. Ал эми формула жазуу менен химиялык кубулуштарды теӊдемелер менен туюнтуп жаза алабыз.
Окуучулар таблицаны пайдаланып 30 дан ашык элементтин белгисин дептерине жазышат жана ар бир элементке мүнөздө берүүнү үйрөнөт.
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.