Просмотр содержимого документа
«Кибербуллинг деген эмне?»
Кибербуллинг деген эмне?
- Кибербуллинг – бул санарип мейкиндикте кѳрсѳтүлгѳн зомбулук. Ал социалдык тармактарда, мессенджерлерде, оюн платформаларында жана мобилдик телефондогу тиркемелерде болушу мүмкүн. Интернеттеги зомбулуктун максаты – кодулоонун объектисинин ачуусуна тийүү, ыза кылуу же абийирин кетирүү. Маселен, Facebook же YouTube платформаларына жалган жана жаманатты кылуучу маалыматтарды жарыялоо, же болбосо СМС-билдирүүлѳр же чалуулар аркылуу коркутуп-үркүтүү аракеттери.
- Мындай адамдар «троллдор», «буллилер» же «мобберлер» деп аталат, жана кѳп учурда жашыруун иш-аракет жүргүзүшѳт — демек, курмандыгы агрессивдүү аракеттер кимден келип жатканын биле албайт.
- Кибербуллингди кантип аныктай алабыз?
- Кемсинтүүчү жана кордоочу мүнѳздѳгү билдирүүлѳр аркылуу аткарылган интернеттеги кодулоо кибербуллинг деп аталат. Буллер билдирүүлѳр менен гана чектелбеши мүмкүн. Ал курмандыгынын кабары жок эле аны маскаралоочу фотосүрѳттѳр менен видеоматериалдарды да жарыялап чыгышы ыктымал. Эгерде сиз ѳзүӊүзгѳ карата тѳмѳнкүдѳй аракеттердин жасалып жатканын байкасаӊыз, анда буллингге кабылган болосуз:
- 1) Тармактан коркутуп-үркүтүүлѳр келип түшсѳ
- 2) Сиздин профилиӊиз менен фотосүрѳттѳрүӊүздү жасалмалап жатышса
- 3) Мессенджерлер менен комментарийлер аркылуу каралоочу мүнѳздѳгү билдирүүлѳрдү жѳнѳтүп жатышса. Башкача айтканда, кибербуллингдин башкы максаты – курмандыгын коркутуу, ачуусуна тийүү же абийирин кетирүү.
Кодулоо кѳбүнчѳ кайда болот?
Кибербуллинг үчүн кѳбүнчѳ тѳмѳнкү аянтчалар жана мүмкүндүктѳр колдонулат:
• мобилдик байланыш (СМС-билдирүүлѳр);
• мобилдик тиркемелер жана мессенджерлер;
• интернеттеги чаттар менен форумдар;
• электрондук почта (билдирүүлѳрдү жиберүү);
• социалдык тармактар;
• видеохостинг сервистери;
• оюн сайттары жана виртуалдуу оюн дүйнѳлѳрү.
Дефектология жана укук жаатында америкалык адис Нэнси Виллард киберкоркутууларга арналган эмгегинде кибербуллингдин тѳмѳнкүдѳй формаларын бѳлүп кѳрсѳткѳн:
- Кордоо – агрессор кордоочу комментарийлерди жазат.
- Асылуу – бейтааныш адамдар, социалдык тармактардын колдонуучулары, жакынкы реалдуу социалдык чѳйрѳдѳгү кишилер тарабынан кѳрсѳтүлгѳн сексуалдык мүнѳздѳгү максаттуу киберчабуулдар.
- Каралоо же ушак таратуу. Интернет-баракчаларына, форумдарга, жаӊылык топторуна, электрондук почта аркылуу фото- же видеоматериалдарды жарыялоо жолу менен аткрылат.
- Жалган атты колдонуу, башкача айтканда атайылап эле ѳзүн башка адамдын ордунда кѳрсѳтүү.
- Жеке маалыматтарды элге жарыялоо.
- Жеке маалыматтарды, мисалы, фотосүрѳттѳрдү, финансылык абал же ишмердүүлүктүн түрү жѳнүндѳ маалыматтарды жайылтуу.
- Сталкинг – узакка созулган асылуу же куугунтуктоо.
- Физикалык жазалоо боюнча ачык коркутуулар.
- Санарип кодулоонун курмандыктары кимдер?
- Кибербуллингге бардык эле кишилер – ѳспүрүмдѳр да, чоӊ адамдар да курмандык болуп калышы ыктымал. Бирок курактык ѳзгѳчѳлүгүнѳн улам бул аракеттерге ѳспүрүмдѳр катуу реакция кылышат. «РИА новости» эфиринен Mail.Ru Group социалдык долбоорлорунун жетекчиси Александра Бабкина билдиргендей , кѳбүнчѳ кибербуллингге интернеттен тышкары башка кишилер менен байланышы аз балдар дуушар болушат. «Негизинен, булар – интернет менен жашаган балдар. Алар кишилер менен аз байланышат, жана тармакта ээ болгон нерселерин баалап-баркташат. Алардын жашоосунун маӊызы – интернет. Эгерде тармакта бир нерсе туура эмес болуп калса, анда алар үчүн бул – чыныгы алаамат», – дейт ал. Эксперттер санарип кодулоо үчүн курмандыктарды табуунун үч факторун белгилешет:
- 1) Жыныстык ориентация;
- 2) Сырткы кѳрүнүш (ѳтѳ арык, толук, узун ж.б.);
- 3) Тармактагы активдүүлүк.
- Mail.ru тарабынан онлайн-кодулоого каршы күрѳшүү боюнча жүргүзүлгѳн изилдѳѳнүн маалыматтарына ылайык, Рунет колдонуучуларынын 58 пайызы кибербуллингге кабылат. Сурамжылоого тартылгандардын ичинен, эркектердин 52%ы, аялдардын 44%ы кабылганы белгилүү болгон. Алардын ичинен 28% эркектер менен 21% аялдар кодулоонун курмандыгы болгон. Эркектерди кѳбүнчѳ жашоодо ийгиликтерге жетпей калгандыгы, ал эми аялдарды – сырткы келбети үчүн шылдыӊдашат.
- Буллинг үчүн курмандыкты кантип тандашат?
- «Буллердин мындай жүрүш-турушунун негизги фактору болуп, жазасыздык сезими эсептелет. Мунун жардамы менен ал ѳзүнүн агрессиясын башка бирѳѳнѳн чыгарат», – дейт психолог Леонид Соболев CABAR.asia аналитикалык платформасына берген маегинде. Экинчи себеби катары, келбети жагынан айырмаланган (арыгыраак же толугураак) бирѳѳгѳ карата ич күйдүлүк, ориентация, улут, материалдык абал жана башка факторлор кызмат кылышы мүмкүн. «Эгер буллердин кадимки жашоосунда аны кимдир-бирѳѳ токтотуп же тыйып коё алса, интернет-мейкиндикте эч ким мындай кыла албайт. Ошондуктан буллер эч нерседен коркпойт. Интернет анонимдүүлүктү жана буллингдин объектиси менен ортодо физикалык аралык бар экенин сездирет», – деп айтат психолог. Соболев тармактагы кодулоодон миллиондогон катталуучусу бар таанымал адамдардан баштап бир кабатта жашаган коӊшуга чейин эч ким корголбогонун белгилейт. Кѳбүнчѳ буллингге ѳспүрүмдѳр курмандык болушат. «Кимди кодулай турганын тандоонун белгилүү бир критерийи жок, бардык эле кишилер буллингдин курмандыгы болуп калышы ыктымал», – дейт ал./box]
- Кибербуллингден кантип коргонсо болот?
- Санарип кодулоодон ѳзүн тѳмѳнкүдѳй коргоого болот:
- социалдык тармактагы профилин жабык жана досторго гана жеткиликтүү кылуу;
- баарлашуу үчүн келип түшкѳн сурамдарга жооп бербѳѳ;
- келген негативдүү билдирүүлѳр менен агрессор-адамга кѳӊүл бурбоо жана бѳгѳттѳп коюу.
- Психолог Ильдар Акбутин белгилегендей, 80 пайыз учурда агрессорго карата укук коргоо органдарына анын билдирүүлѳрү менен коркутуп-үркүтүүлѳрүнүн скриншоттору тиркелген арыз менен кайрылганда буллинг токтойт.
- Facebook жана Instagram социалдык тармактарынын ѳкүлдѳрү инструменттердин тѳмѳнкүдѳй катарын сунушташат :
- Сиз бейбаштан келген бардык билдирүүлѳргѳ кѳӊүл бурбай койсоӊуз болот же аталган кишиге кабар бербей туруп, каттоо жазууӊузду жашыруун коргоо үчүн «Чектеп коюу» инструментин пайдалана аласыз;
- Сиз комментарийлерди жеке билдирүүлѳрүӊүзгѳ модерациялай аласыз;
- Ырастоолоруӊузду сизге ѳзүӊүз катталган колдонуучулар гана түздѳн-түз билдирүү жѳнѳтѳ ала тургандай кылып ѳзгѳртүп койсоӊуз болот;
- Instagram тармагында сиз бир нерсени жарыялагандан мурун жарыялай турган маалыматты дагы бир жолу карап чыгууӊузду ѳтүнгѳн билдирүү жиберилет.
-
Психолог кандай кеӊеш берет?
Эгерде жакындарыӊыздан бири кибербуллингге кабылса (же ѳзүӊүз кабылсаӊыз), анда психолог Леонид Соболев тѳмѳнкүлѳрдү аткарууга кеӊеш берет:
- Жакын адамыӊызды болуп жаткандар үчүн ѳзүӊ күнѳѳлүүсүн деп айыптабаӊыз. Ѳзү эле оор болуп турган кырдаалды андан да курчутпай, тескерисинче, ага колдоо кѳрсѳтүүгѳ аракет кылыӊыз. Ал эми ѳзүӊүз кодулоого дуушар болсоӊуз, мында да ѳзүн күнѳѳлѳѳ туура эмес, кемсинтүү менен кордоо үчүн эч кандай деле себеп болбошу толук мүмкүн.
- Кордоочуну таап, ага компромат издѳѳгѳ умтулбаӊыз. Бул жерде ѳч алуу жѳнүндѳ сѳз дагы болбошу керек.
- Буллингдин «курмандыгы» үчүн ызалоочу жана катуу тийген учурларды анализдеп чыгуу үчүн психологго кайрылып кѳрүӊүз.
- Эгер ѳзүӊүзгѳ кодулоо аракеттери жасалып жатканын байкасаӊыз, анда агрессорду ѳзүӊүзгѳ жана жарыялаган материалдарыӊызга жолотпогонуӊуз оӊ, аны «тойгузуунун» кереги жок. Ошондой эле кѳкүтүүнүн да кереги жок, мунун пайдасы тийбейт. Соболев белгилегендей, бизге карата кѳрсѳтүлгѳн бардык агрессия – чоӊ стресс. Кѳӊүлдүн оорушу, агрессия, таарыныч жана абдырап калуу – дарегине айтылган ызалоочу сѳздѳр менен жүрүм-турумга карата адекваттуу реакция.
Тармактан мага коркутуп-үркүтүүлѳр болуп жатат, милицияга кайрылыш керекпи?
Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы ѳзүӊүзгѳ карата коркунуч жаралганын байкаган учурда дароо милицияга кайрылууну сунуштайт. Мындан тышкары, коомдун маалыматтарына ылайык, тѳмѳнкү кеӊештерге кѳӊүл буруп, аларды эстен чыгарбоо зарыл:
1) Бейтааныш телефон номерлеринен, профилдерден же адамдардан келген билдирүүлѳргѳ жооп бербеӊиз;
2) Бейбаштын аракеттерине жооп катары ага кол салбаӊыз, анын сиздин реакцияӊызды кѳрүп табалашына жол бербеӊиз;
3) Эгер сиз үчүн ыӊгайлуу болсо, адам менен айткан сѳздѳрү же жасаган иш-аракеттери тууралуу сүйлѳшүүгѳ аракет кылып кѳрүӊүз;
4) Бирѳѳ менен сүйлѳшүӊүз, досторуӊуз менен бѳлүшсѳӊүз жеӊилдеп каласыз, же болбосо атайы кеӊеш берүү кызматтарына дагы кайрылууга болот;
5) Билдирүүлѳр менен сүрѳттѳрдү сактап коюӊуз, кийин кереги тийип калышы ыктымал;
Сизге кибербуллинг жасоого аракет кылып жаткан адамдын телефон номерин же социалдык тармактардагы профилин бѳгѳттѳп салыӊыз. Жарыялаган нерселерди коргоо үчүн купуялуулук ырастоолорун колдонуӊуз.