СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп окуу өмүрдү узартат

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китеп окуу өмүрдү узартат

Просмотр содержимого документа
«Китеп окуу өмүрдү узартат»

Китеп окуу өмүрдү узартат.

Китеп окуу өмүрдү 2 жылга узартат. Бул – Йель университетинин окумуштуулары далилдеген факт. Китеп окуганда мээ клеткаларынын арасындагы байланыш күчөйт. Бул өз кезегинде нейродегенеративдүү оорулардын пайда болуусунан сактайт. Китеп окуу эске сактоо жөндөмүн жакшыртып, депрессия менен күрөшүүнүн жакшы ыкмасы болуп саналат.

Окуу стрессти төмөндөтөт

Окумуштуулар менен дарыгерлер стресстин – адам организминдеги оорулардын 60 пайызынын себепчиси болоорун айтып келишет. Узак убакытка созулган стресс инсультту 50 пайызга, жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуусун 40 пайызга жогорулатат. Ал эми китеп окуу стресстин деңгээлин 68 пайызга төмөндөтө алат экен. Болгону 6 мүнөт китеп окуу жүрөктүн согушун жакшыртып, булчуң эт кычышканын басат. Бирок бул деген монитордон карап окуу деген эмес.

Окуу уйкусуздукту дарылайт

Көптөгөн адамдар жатар алдында планшет менен телефонду карап жатышат. Алардан чыккан көк түстүү жарык организмдеги мелатонин (уйку гормону) гормонунун бөлүнүүсүн алсыратат. Ал эми китеп окуу жатар алдында уйкуну чакырат экен.

Китеп окуу кыйын учурлардан чыгууга жардам берет

Кээбир адамдар китепти чындыктан качуу деп эсептешет. Бирок, илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй китеп окуу коомдогу жөндөмдөрдү жогорулатарын көрсөткөн. Китепти көп окуган адамдар башкалар менен тил табышып, кыйын учурлардан чыгуусуна, керек болсо жакшы көргөн адамын түшүнүүгө да жеңилирээк болот экен.

Эмне себептен балдар китеп окубай калды?

Биринчиден, китепканадагы мурдагы адабий китептер эскирип, тамтыгы чыккан. Мисалы, биздин Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебине советтер союзу тарагандан бери адабий китептер келген эмес. Жалпысынан алганда, эки миңден ашык китеп бар деп жазылып жүргөнү менен, эсептей келгенде эки жүздөй эле орус тилиндеги адабий китептер бар болуп чыкты. Кыргыз тилинде адабий китеп жокко эсе.

Жакында эле китеп маселесине байланыштуу өткөрүлгөн “Китеп – билим булагы” аттуу тегерек үстөлдө Китеп палатасынын жетекчисинин билдирген маалыматына караганда, Союз кезинде басмадан чыккан китептин 2000 нускасын мамлекет автоматтык түрдө сатып алчу экен. 1000 нускасын Маданият министрлиги алып, облустук жана райондук китепканаларга таркатса, 1000 нусканы болсо Билим берүү министрлиги алып, мектеп китепканаларына берчү экен. Демек, мамлекет дагы бул нерсеге өзгөчө көңүл бурушу керек.

Экинчиден, окуучуларды адабият сабактарында мугалимдер дагы ар кайсы жолдор менен кызыктырууга милдеттүү. Бул жерден дагы башка да көйгөй келип чыгат. Айылдык мектептерде мыкты мугалимдер жетишпейт. Мектепти ийгиликтүү аяктаган окуучулар педагогикалык билим алышпайт, жакшы окугандардын баары жогорку маяна ала турган башка кесиптерди тандап кетишет. Жыйынтыгында мектепте начар окуган окуучулар педагогикалык билим алып, мугалим болуп келип жатат. Мектептердеги кадр маселеси дагы ушул көйгөйдүн келип чыгышына бирден бир себеп.

Мугалимдердин арасынан аракет кылып балдардын көңүлүн сабакка буруу үчүн ар кандай кызыктуу ыкмаларды пайдаланып, аракет кылгандары да жок эмес, бирок алардын аракетинен майнап жок. Үйгө берген тапшырмалар аткарылбайт.

Анткени, эң башкы себептердин дагы бири – бул бала менен ата-эненин ортосундагы байланыштын жоктугу. Баласы сабагын окуп атабы, тапшырмасын аткардыбы, адабий китеп окуйбу, окубайбы ата-энелерди бул маселе кызыктырбай калган. Ата-энелерди “малды алып келдиңби, дүкөндөн канча түштү?” деген нерселер кызыктырат. Эптеп эле үй жумушуна жардам берсе болду. Алар келечекте кандай адам болуп чыгат, эч ким ойлонгусу жок. Алар балдарынын тагдырына кайдыгер сыяктуу.

Жакында эле экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен ушул көйгөй талкга алынып, китеп окуу күнү өткөрүлдү. Мен ушундай иш чараларды колдойм. Ар бир үйбүлө баласына кичинекейинен китеп окуп берип, кийин өзү окуганын адатка айлантса, балдарынын келечеги үчүн чоң салым болмок. Китеп сүйгөн окуучу жаман адам болбойт.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!