_____ _________________ 20 -жыл Класстан тышкаркы окуу. 2-класс
Сабактын темасы: «Эки метр Эсенкул».
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык;
- Социалдык-коммуникативдик;
- Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү;
|
Сабактын тиби: Аралаш
Колдонулуучу ыкмалар: Аӊгемелешүү, суроо-жооп ж.б
Керектелүүчү каражаттар: темага байланыштуу таркатмалар, сүрөттөр ж.б
|
Сабактын максаттары:
|
Көрсөткүчтөр
|
- Билим берүүчүлүк: окуучулар темага карата маалымат алышат, түшүнүшөт.
- Өнүктүрүүчүлүк: ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу,сүйлөө кеби өнүгөт.
- Тарбиялык: ырдын маанисин түшүнүп, өз оюн тартынбай айтууга тарбияланышат.
|
Окуучулар темага карата маалымат алышса, теманы түшүнүшсө;
Ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу, сүйлөө кеби өнүксө;
Ырдын маанисин түшүнө билсе, өз оюн тартынбай айтууга тарбияланса;
|
Сабактын жүрүшү:
Сабактын
этаптары
|
Убактысы
|
Мугалимдин ишмердүүлүгү
|
Окуучунун ишмердүүлүгү
|
Баалоо
|
1 Уюштуруу
|
3 мин
|
Окуучулардын формаларына, гигиеналык абалына, окуу куралдарына көӊүл бурат.
|
Окуучулар формаларына, гигиеналык абалдарына, окуу куралдарына баш оту менен жооп беришет
|
|
2 Өтүлгөн теманы кайталоо
|
4 мин
|
Жалпы класска төмөндөгүдөй суроо менен кайрылат.
-өткөн сабагыбыз эмне жөнүндө болду эле?
-Уюкка тийбе. Чынжырча түрүндө айттырып суроо.
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен бирге үй тапшырмаларын айтып беришет
4 окуучудан доскага чыгып, чынжырча түрүндө жооп беришет.
Топтор бири-бирине суроо беришет.
|
Топтордо
баалоо
|
3 Жаӊы теманы түшүндүрүү
|
10 мин
|
Мугалим жаӊы тема менен тааныштырат.
А. Осмоновдун «Эки метр Эсенкул» ыры менен тааныштырат. Окуп берет
|
Жаӊы тема менен таанышышат.
«Эки метр Эсенкул» ыры менен таанышышат.
|
|
4 Жаӊы теманы бышыктоо
|
10 мин
|
Окуучуларга ырды чынжырча окутуу менен бирге түшүнүктөрүн айттырат.
|
Чынжырча окушат, түшүнгөнүн айтып беришет.
|
Светафор
|
5 Талкуулоо үчүн суроолор
|
10 мин
|
1. Эсенкул эмне үчүн классындагы балдардын эӊ узуну болуп калды?
2. Сабагын жакшы окубай жүрүү туура бекен ?
3. Силердин араӊарда жалкоо, оюнга берилип, сабакка көӊүл бөлбөгөн балдар барбы?
4. Эсенкулга кандай кеӊеш айтат элеӊер?
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен талкууларды уюштурушат
|
|
6 Тыныгуу
|
3 мин
|
Эс алдыруу максатында темага байланыштуу оюн ойнотот.
|
Окуучулар темага карата оюн ойноп эс алышат.
|
|
7 Сабакты жыйынтыктоо
|
3 мин
|
Темага байланыштуу карточкалар менен билимдерин бышыктайт.
|
Карточкалардагы суроолорго жооп беришет.
|
|
8 Үйгө тапшырма
|
2 мин
|
«Жакшы» жана «Жаман» деген сапаттарга «Т» схемасын түзүп келгиле
|
Күндөлүктөрүнө жазып белгилешет.
|
|
Текшерилди:_________
Окуу бөлүмүнүн башчысы:______________Ф. Даркимбаева.
Просмотр содержимого документа
«Класстан тышкаркы окуу»