_____ _________________ 20 -жыл Класстан тышкаркы окуу. 2-класс
Сабактын темасы: «Жылуу сөз».
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык;
- Социалдык-коммуникативдик;
- Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү;
|
Сабактын тиби: Аралаш
Колдонулуучу ыкмалар: Аӊгемелешүү, суроо-жооп ж.б
Керектелүүчү каражаттар: темага байланыштуу таркатмалар, сүрөттөр ж.б
|
Сабактын максаттары:
|
Көрсөткүчтөр
|
- Билим берүүчүлүк: окуучулар темага карата маалымат алышат, түшүнүшөт.
- Өнүктүрүүчүлүк: ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу,сүйлөө кеби өнүгөт.
- Тарбиялык: ырдын маанисин түшүнүп, өз оюн тартынбай айтууга тарбияланышат.
|
Окуучулар темага карата маалымат алышса, теманы түшүнүшсө;
Ой жүгүртүүсү, көӊүл буруусу, сүйлөө кеби өнүксө;
Чыгарманын маанисин түшүнө билсе, өз оюн тартынбай айтууга тарбияланса;
|
Сабактын жүрүшү:
Сабактын
этаптары
|
Убактысы
|
Мугалимдин ишмердүүлүгү
|
Окуучунун ишмердүүлүгү
|
Баалоо
|
1 Уюштуруу
|
3 мин
|
Окуучулардын формаларына, гигиеналык абалына, окуу куралдарына көӊүл бурат.
|
Окуучулар формаларына, гигиеналык абалдарына, окуу куралдарына баш оту менен жооп беришет
|
|
2 Өтүлгөн теманы кайталоо
|
4 мин
|
Жалпы класска төмөндөгүдөй суроо менен кайрылат.
-өткөн сабагыбыз эмне жөнүндө болду эле?
-«Апама айтам» деген жакшы сөз бекен?.
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен бирге үй тапшырмаларын айтып беришет
Окуучулар доскага чыгып, ырды айтып беришет.
Топтор бири-бирине суроо беришет.
|
Жылдызча
|
3 Жаӊы теманы түшүндүрүү
|
10 мин
|
Мугалим жаӊы тема менен тааныштырат.
Б. Абдухамидованын «Жылуу сөз» темасын окуп берет
|
Жаӊы тема менен таанышышат.
Мугалим окуп берип жатканда кунт коюп угушат.
|
|
4 Жаӊы теманы бышыктоо
|
10 мин
|
Окуучуларга текстти чынжырча окутуу менен бирге түшүнүктөрүн айттырат.
|
Чынжырча окушат, түшүнгөнүн айтып беришет.
|
Мактоо
|
5 Талкуулоо үчүн суроолор
|
10 мин
|
1. Аскат ашканага эмне үчүн шашаып кирди?
2. Аскат өзүнүн туура эмес кылганын качан түшүндү?
3. Ал эмне деш керек эле деп ойлойсуӊар?
4. Улуу кишинин Аскатка айткан жылуу сөзү туура болдубу?
5. Улуу-кичүүгө сылык, жылуу сөз айтуу керек экендигин билдиӊерби?
|
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен талкууларды уюштурушат
|
Бири-бирин баалоо
|
6 Тыныгуу
|
3 мин
|
Эс алдыруу максатында темага байланыштуу оюн ойнотот.
|
Окуучулар темага карата оюн ойноп эс алышат.
|
|
7 Сабакты жыйынтыктоо
|
3 мин
|
Темага байланыштуу карточкалар менен билимдерин бышыктайт.
|
Карточкалардагы суроолорго жооп беришет.
|
Топтордо баалоо
|
8 Үйгө тапшырма
|
2 мин
|
Ыраазы болгон мамиле
Капа кылган мамиле
«Т» схемасын түзүп келүү
|
Күндөлүктөрүнө жазып белгилешет.
|
|
Текшерилди:_________
Окуу бөлүмүнүн башчысы:______________Ф. Даркимбаева.
Просмотр содержимого документа
«Класстан тышкаркы окуу»