СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 28.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык сааттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык сааттар»

Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Жолдо жүрүү эрежелери.

Сабактын максаты:

Окуучуларга жол эрежесин түшүндүрүү жана жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү.

Балдарды жолдо жүрүүдө тыкан алып жүрүүгө, көңүл бурууга, тартиптүүлүккө тарбиялоо.

Ынтымактуулукка, жардамдашууга тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:

Окуучулар жол эрежесин түшүнүшсө жана жол белгилерин так билүүгө үйрөнүшсө.

Балдар өзүн-өзү жолдо жүрүүдө тыкан алып жүрүүгө, көңүл бурууга, тартиптүүлүккө тарбияланышса.

Ынтымактуулукка, жардамдашууга тарбияланышса.

Уюштуруу. Мугалим окуучуларга жагымдуу маанай тартулоо менен саламдашат.

Окуучунун ишмердүүлүгү.

Окуучулар мугалим менен саламдашат.

Жаңы теманы түшүндүрүү.

Мугалим сабактын максатын жана темасын тааныштырат.  Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин жакшы билүүгө тийишпиз. Көчөдө басуу өтө деле кыйын эмес, бирок шаарда жана айыл кыштактагы көчөлөрдөгү автомобилдер, автобус, троллейбустар тынымсыз ары-бери өтүп турушун баарыбыз көрүп, билип жүрөбүз. Мына ошол тынымсыз жүргөн түрдүү машиналардан этият (сак) болууга үйрөтүү баарыбыздын милдетибиз.

Машина айдоочулар эреже боюнча так жүрүүгө аракет кылышат. Себеби айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежесин так окутуп, анан машина айдоо укугун беришет. Жалаң эле машина айдоочулардын жол эрежеси эмес, жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү эрежеси бар. Андыктан жол эрежесин окуп үйрөнүп, аны ар дайым так сактоо биздин милдет. Биз жөө жүрүү эрежесин так билбесек, анда жол эрежесин бузуп, көптөгөн кырсыкка кабылып  өзүбүздүн өмүрүбүзгө, ден соолугубузга жана машина айдоочуга зыян алып келебиз. Светофордун ар бир жарыгы өзүнчө символдук мааниге ээ.

Жашыл жарык-бул өзү жашоонун жана ден соолуктун ошондой эле жашоодогу жолуң ар дайым ачык деген символду билдирет.

Сары жарык-бул адамды бөөдө кырсыктан сак болууга, жашоодо ар бир адамдын кылдат жашоосуна багыт берүүчү символдук белги болуп саналат. Ошондуктан биз окуп үйрөнүүчү жол эрежелери боюнча.

.

Сабакты жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма берүү:

Мугалим окуучуларга үйгө тапшырма “Жолдо жүрүүнүн эрежелери!” боюнча кроосворд түзүп келүүнү тапшырма берет.





Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Улут болсом тилим менен улутмун!

Сабактын максаты:

А) Окуучулар кыргыз элинин тарыхы, маданияты, нукура, таза дили жөнүндө түшүнүк алышат, кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын түшүнүшөт.

Б) Ой-жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, эске тутуусун калыптандырышат.

В) Эли-жерин сүйүүгө,өз тилин сактай жана барктай билүүгө, мекенчилдикке тарбияланышат.

Сабактын формасы: стандарттык

Уюштуруу: окуучуларды тынчтандырып,көӊүлүн сабакка буруу.

Саламатсыӊарбы, балдар! Биз бүгүн тил майрамына арналган «Улут болсом тилим менен улутмун» темасындагы тарбиялык саатыбызды баштайбыз.

Балдар, кыргыз элинен нечендеген улуу, залкар ойчулдар, акындар, уздар, чечендер, ырчылар чыкканын билебиз ээ.

Тили жок эл болбойт. Мындай улуттун жүзү болгон мурастарыбыз муундан муунга тилдин жардамы менен жетип отурат. Мына ошол тилибиз мамлекеттик статуска ээ болгонго чейинки кыргыз элинин тарыхы жөнүндө билесиӊерби, балдар?

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан демекчи эне тилибиз көп жылдар бою келип, 1989-жылы 23-сентябрда «Мамлекеттик тил» статусуна ээ болот. Ушул күндөн тарта жыл сайын 23-сентябрь тил майрамы катары майрамдалып келет.

Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Момун чалдын жомогунан үзүндү:

Жаша тилим, миӊ кылымды карытып,

Он миӊ кылым,жүз миӊ доорду арыткын.

Жер шарында кыргыз деген эл турсун,

Нурун ичип улуу Күндүн, жарыктын.

Менин тилим кыргыз тили,

Мен кыргыздын баласы.

Толгоп тарткан кыл арканды,

Тоо булбулу Токтогулдун санаты.

Анда эмесе кана, кыргыз тили, эне тилибиз тууралуу кандай макал-лакап, учкул сөздөрдү, көркөм ырларды билесиӊер?




Үйгө тапшырма: ырды обону менен жаттап, эне тил тууралуу дил баян жазып келүү.







Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар
Сабактын максаты: а) Жаңы теманы терең түшүнүшөт.
б)Окуучулар турмуштагы оң-терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдерин, көз караштарын
өнүктүрүшөт, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.
в) Окуучулар ата-энеге кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар , түстүү сүрөттөр, комуз
Сабактын жүрүшү:1) Уюштуруу
2) Үй тапшырманы суроо
3)Бышыктоо
Жаңы тема:
Мугалим: Жок болсо да ак сарайым алтыным,
Бүт ааламдан бүт дүйнөдөн мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм байлыгым,
Ата, апа, сиздердин тирүүлүктө барлыгың.
Ата-дөөлөт, эне- таалай бала үчүн,
Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң.
Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет,
Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң.
Ата менен эне тирүү барында ,
Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла.
Каза тапса арзыбайт бир тыйынга ,
Сен короткон алтының да, ыйың да.
Мактай албайм үйдөй алтын жыйнасам,
Мага десең академик , аалым бол!
Ата-энеңди терең урмат кылбасаң,
Адам деген асыл наамың болот кор.
Саламатсыздарбы! Урматтуу коноктор жана окуучулар “Ата- аскалуу тоо,эне-анын боорундагы булак, бала -экөөнө тең жанып турган шам чырак ” бул ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапкан нарктуу нуска.Окуучум! ,бул нуска сенин да жүрөгүңдөн түнөк табышын каалайм.Силердин бул жарык дүйнөгө келишиңерге себепкер болгон , тарбиялап өстүргөн ата-энеңердин сүт акысын актагы.Аларга болгон урматтооңорду ширин тил менен таза эмгегиңер менен көрсөткүлө.Өмүр боюу аларга ак кызмат кылып, алардын ыраазылыгын алгыла.
“Кулактууга бир сөз” дейт элибизде. /йдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр.
Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу , келечегинен күткөн үмүтү чоң. Анда эмесе көрүнүшкө көңүл буралы
Баласы: – Ата, сиз мени чын эле жакшы көрөсүңбү?
Атасы: – Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмдү өзүң балалуу болгондон кийин гана данаарак түшүнөсүң!
Ошондон бери : “Балам балалуу болгондо билерсиң ” деген лакап калыптыр.
1)“Ким көрсөтсө ата-энеге урмат-сый
Эрте-кечпи ал өзүнө кайтаттыр”. деген темада көрүнүш аткарышат.
Көрүнүштө Бир үй –бүлөнүн тамактанып жаткан учуру: чоң энеси,ата-энеси жана кичинекей небере. Чоң эне тамактанып жатып идишин сындырып алат. Аны көргөн келини каарданып карганып урушуп кирет.Апасы энесине каарданып урушуп жатканда уулуна тамак ичүүгө чакырат да ,уулунун жыгач оюп жатканын көрөт. Баласынын эмне кылып жатканын сурайт.Ошондо уулу: – “Эртең силер да картайганда идиш сындырып , жаңжал чыкпасын деп силерге жыгачтан идиш жасап жатам” –деп жооп берди.
Көрүнүш боюнча талкуу жүргүзүлөт.Келген конок карыяларга да сөз берилет.
2)Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.
1.Ата-эне сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элине жагат.
У/йгө тапшырма: “Карысы бардын ырысы бар” деген темада дил
баяндарды жазуу



Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: МУГАЛИМ-МϴМϴЛҮҮ ДАРАК

Сабактын максаты:

1.Окуучуларга мугалим деген ким, мугалимдик кесип ардактуу,ары туйшуктуу кесип экенин тушундуруу

2.“Мугалим момолуу дарак” экендигин далилдей алышат.    

3.Талыкпастан изденип, окуучуларга билим тарбия берген мугалимдерди сыйлоого тарбияланышат.



Сабактын усулу: Интерактивдуу усул топто иштөө.

Сабактын жабдылышы: тустуу суроттор, А 4 бакрактар, маркерлер, алма бак, алмалар шаблон.



Сабактын журушу:

Уюштуруу.

Жагымдуу маанай түзөт. Алтын эреже кабыл алышат.

Үй тапшырма суроо. Ырыс алды –ынтымак боюнча китепчелерин көрсөтүп, жазган ыр, макал, жомокторун окуп беришет.

Негизги бөлүк.

Мугалим:

Билимин берип балдарга,

Билим кенин ачкан ким?

Тарбия берип,окутуп,

Акылга , акыл кошкон ким?

Балдар жооп беришет: Мугалим

Азаматсыңар!

Тема менен максаты менен тааныштырат.

Мугалим бул- бизге жашоого жол корсотуп багыт берген, келечек ээлерине билим берген, дуйнонун сырларын ачкан адам болуп эсептелет. Мугалим учун озунун баласынан дагы , окуучусунун тартиби, билими ойдо болот. Себеби ал мугалимдин милдети. Ошондуктан мугалим силердин экинчи ата-эненердей болуп калат .

Мугалимдер коомдун жана мамлекеттин туркугу демекчи ар бир акыл эстуу адамдын дуйно таанымына чыйыр жол салган бул-мугалим.

1-топ. Мугалим жөнүндө эссе

2-топ. Мугалим синквейн.

Мугалим

Акылдуу, мээримдүү

Окутат, үйрөтөт, тарбиялайт.





Мугалим бизге билим берет.

Устат



3-топ. Кластер түзөт.

Презентация кылышат, эсселерин окушат.

Мугалим жөнүндө билген ырларын айтып беришет.







Мугалим: - Ушул кесиптин ээлери да мугалимден билим тарбия алышкан. Демек мугалим синирген билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес бутун мамлекеттин тагдыры коз каранды. Адамдын акыл эси калыптангандан бери эле мугалим мугалим тарбия берип келген. Анда мугалимден билим алган ар кайсы кесиптерди айталычы. Бул даракка ар бир кесипти алмаларга дазып илебиз.

Алма дарагына ар кандай кесиптерди жазып илишет.

Мугалим:

Карагылачы балдар мугалим мөмөлүү дарак сыяктуу, мугалим окуткан окуучулар ар кандай кесип ээлери болуп иштешет. Демек мугалимдин мөмөлөрү окуткан окуучулары экен да. Эгер мугалим жакшы билим берип, тарбия берсе түшүмү жемиштүү болот экен.



Бышыктоо:



М-ээнеткеч

У-лук

Г-үлдөй

А-кылдуу

Л-идер

И-лимдүү

М-ээримдүү



Ар бир тамгага мугалимге тиешелүү сөз табышат.

Жыйынтыктоо: Балдарды мактоо менен баалайт.

Уй тапшырма берет. Мугалим жөнүндө эссе,ыр.













Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж



Сабактын темасы: Адепсиздиктин акыры – кылмыш, Кылмыштын акыры – жаза.

Сабактын максаты: А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук
боюнча түшүнүк алышат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.
В) Тардия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракеттенишет.
Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу
Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.
Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сүрөттөр, маркер, кылмыштуулук боюнча буклет, макал-лакаптар жазылган листтер
Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу: Саламатсыздарбы урматтуу мектебибизге келген коноктор, мугалимдер жана окуучулар. Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдүр арасындагы кылмыштуулук болуп жатат.
    Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе жалпы эле жашы жете элек учур б.а өспүрүм курак-инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учур өтө тез өткөнүнө карабастан ар бир инсан андан аркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат.
    Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп гезит- журналдардан окуп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз. Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип , чогу жеңсек.
    Бүгүнкү тегерек столубузду ачык деп жарыялап , келген коноктор менен силерди таныштырып өтсөм.
    Соц педагог: Бомурзаев А.
    М.К.Т.И. уюштуруучу: Чиналиева Ж.
    Ата-энелер комитети: Касымбекова А.
    Кл. жетекчилер жана мугалимдер
    Алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири -биринен айырмалап, түшүнүп алсак класстер түзүлдү.
    -Адепсиздик деген эмне?
    Бул коомдогу адеп ахлак нормаларын бузуу.
    -Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык .ушактоо мазактоо,ыймансыздык оройлук, ач көздук көрө албасттык.
    -Кылмыштуулук деген эмне? Бирөөгө зыян
    келтирүү, Коомго туура эмес мамиледе болуу.
    – Кандай сапаттар кирет?
    Кылмыш
    Уурулук
    Рекетчилик
    Баңгилик
    Араккечтик
    Чыгуу себептери ?
    Кылмыштуулук, бекерчилик, бээбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр – чатактуу үй- бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан.
    Рэкетчилик- англис тилинен которгондо зордук- зомбулук деп айтылат. Видео тасмадан өспүрүмдөрүн кылмыштуулукка тартылганын көрөлү.
    Талкуулоо
    Статистикалык маалыматтар берилди.
    5. Окуучулар ушул элерден талкууну токтотуп, келген коноктордон талкууну сурап көрөлү. Себеби алар

  2. ушундай өспүрүм курактан өтүшкөн.
    – Сиздин оюңуз боюнча балдарын кантип адептүүлүккө
    үйрөтүшкөн? (жомок, уламыш, каада- салт) Рахманова Г. (ата-эне)
    Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштардын адепсиздиги эмнеден? Соц.педагог: Бомурзаев А. Адептүүлүккө балдарды мектеп тарбиялаш керекпи эле же ата- энеби?
    Сапаттуу билим алуу кылмыштуулукту азайта алабы? Эргешова М.
    – Кылмыштуулукту кандай жол менен азайтса болот? Соц.педагог: Бомурзаев А.
    – Мектептеги рэкетчиликти түп тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү? Чиналиева Ж.
    6. Мына ошентип тегерек столубуздун биринчи бөлүгү аяктады. Мындан жыйынтык чыгарсак кылмыштуулук: – чыр- чатактуу үй- бүлөдөн, максатсыз көчөгө чыгуудан, бекерчиликтен, кароосуз калган балдардан, социалдык абалы начар үй- бүлөдөн, кол телефондон, ДВД, дисктерден келип чыгат.
    7. Музыкалык тыныгуу: Ичпечи апа.
    8. Тегерек столубуздун экинчи бөлүгү.
    Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы макал- лакаптарга бурмакчымын.
    – Окуучулар кыска- нуска, кылып өз ойлоруңарды айтып чечмелеп кетесиңер.
    Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да,
    Төрдө туруп сый табар.
    Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,
    Төө үстүнөн ит кабар.
    Өсөрубуз да, өчөрүбуз да тарбиядан.
    Балдарга мээримибиз,бактылуу келечегибиз.
    Майда кылмышты жазаласаң, чон, кылмыштын алдын аласын, Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү, макал- лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен. Мына ошолорду силерден уксак.
    Жакшы киши ачык сүйлөйт,
    Сөз тамырын казып сүйлөйт.
    Жаман киши сасык сүйлөйт,
    Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
    Амалкөй былык сүйлөйт,
    Адептүү сылык сүйлөйт.
    Улама менен бир жүрсөң,
    Сөз кадырын билесин,.
    Жакшы менен бир жүрсөң,
    Эл кадырын билесин.

Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир. Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир, Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.




Жыйынтык: Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарсак ошондо гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти жеңебиз деген ойдомун. Ал эми коноктор силерге чоң рахмат. Келип катышып, акыл- насааттарыңыздарды айтып бергениңиздерге.









Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы:  “Кыз адеби кымбат, уул адеби урмат”

Сабактын максаты:
1. Окуучуларда адептуу болуу жонундо ой жугуртууго өбөлгө тузуу.
2. Окуучуларда адеп билимин калыптандыруу, озун адептуу кармоого тарбиялоо.
3. Элдик каада-салтты, урп-адатты баалоого кондуруу. Улууларды урматтоого, кичуулорду сыйлоого чакыруу.


Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакатттар.


 Сабактын журушу:


1. Уюштуруу:
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.


2. Жаны тема:
   Балдарым акыл-эстуу, адептуу болсо деп ар бир эле ата-эне тилек кылат. Ата-энебиз каалагандай бала боло алабызбы? Ата-бабаларыбыз байыртан эле адеп-ахлак маселесине олуттуу конул буруп келишкен.
 Кылымдар бою түзүлгөн элдик мораль, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөр– күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.  
   Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы насыяттайт: «Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет». Элдик кеменгер Калыгулдун ишениминде  оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.
   Элдик этикада калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, акыйкатчылдык, жоомарттык, “таш менен урганды аш менен урган” айкөлдүк, топуктуулук, сабырдуулук, сылык-сыпаалык, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, ар намыстуулук, жоопкерчиликтүүлүк,  мекенчилдик ж.б. улуу сапаттар ар дайым даңазаланып, адамдык жүрүм-турумдун идеалы болуп келген.
Элдик каада-салттан, урп-адаттан алынган адеп билими менен таанышалы:
1. Озунду адептуу тут, кийим-кечен жупунусуна кайыл бол. Озуно чак, таза кий. Адегенде сырткы корунушун козго чалдыгат.
2. Башкаларга акаарат айтпа. Ал сага тийишпесе, кемсинтпесе ж.б. ызаалуу создор менен сени ууктурбаса, текөөрдөшпөсө, мейли зыяндуу пенде болсо да, аны оз жолуна кой.
3. Бироого учурашууда, кол беруудо,туз карап жуздон. Улууларга биринчи салам айт.
4. Ушак айындан озунду алыс тут. Эр жигитке бироонун устунон бир нерсе айтууну жараткан жазган эмес. Жаратылышы тегиз “жакшынын козу кор, кулагы кер”. Мында айколдук, жоомарттык, эркекке таандык сапаттар жатат.
5. Уурулукка малынба, ал адамдын жузун жер каратат. Кээ бир адам намазын окуйт, келмеси оозунан тушпойт. Бирок журуш-турушу олдоксон. Калкка жакканын, кудай-таалага жакканын.
6. Дилинди ак карма, алдым-жуттум болбо, бей-бечара момундарды аёо сезимин дайыма ниетине чаап турсун. Колдон келсе дайыма аларга кайрымдуулук кыл.
7. Адал менен арамды айра тааный бил. Арамдык жеке тамак-ашта эле эмес, ал журуш-турушта, адамдык сапатта, жекече касиетте, таман акы, мандай терде.
8. Жарык жана жалган дуйнодо сугалак болбо, бироолорго коз артпа. Тируучулуктун зыйнаты ыйманын жолдош болсо, ошол олжо.




9. Адатта кулуунун да ар кандайы бар. Тан-тамашаларда, тентуштардын арасында, жайыл дасторкон отуруштарда, улуу-кичуулордун арасындакулуунун оздук маданиятын, адебин кыргыз эли жондуу корот да, кулку омурдун мулку катары ырыхат алышат. Кулуу аркылуу конул куунакталат. Кытмыр кулуу – арамзалык ойдун бир белгиси, терс сапат.
Кылымдар бою ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрдөн бир аз тааныштынар. Ар бир пунктун талдап чыгалы.

3. Бышыктоо:
Ата-бабаларыбыз тузгон улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрду муноздогон макал-лакап, накыл создордон айтып бергиле. Аларды чечмелегиле.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Уят олумдон катуу.
Сабырдын тубу сары алтын.
Жылуу созго жылан ийнинен чыгат. Ж.б.


4. Жыйынтыктоо:
  “Карынын кебин капка сал” дегендей, ата-энебиз, улуулар айткан насаат создорду кунт коюп угуп, конулго туйуп, озубузду адептуу, ыймандуу, нарк- насилдуу болуп чоноюууга, келечекте “жакшы” адам болууга умтуулуубуз керек экен. Азыр баарынар эле ушул ойго кошулсанар керек деп ойлойм. Биз ошондо ата-энебиздин максат-тилегин орундап, аларды эч качан уятка калтырбайбыз.
5. Уйго тапшырма беруу:
  Озунордун жаман сапаттарынар барбы ойлонуп коргуло. Аларды жакшы сапаттарга алмаштырууга болобу? Адепсиздик кылган учурларынар болгонбу? Ошол учурда кандай кылсанар туура болмок? Ойлорунарды баракка жазып келгиле.





































Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 10-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Темасы:Адам укугу деген эмне?

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк максат:

Окуучулар адам укугу,эмне экендигин билишет жана ал адам үчүн кызмат кылган мыйзамды

өз учурунда колдоно билүүнү үйрөнүшөт.

абактын жабдылышы:плакаттар,брашюра

Сабактын усулу:айтып берүү,түшүндүрүү

Сабактын тиби:жаны билимге ээ кылуу

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Өтүлгөн теманы баяндоо

3.Жаны теманы баяндоо

дам укугу-адамдын мамлекетке карата укуктук статусун,

анын экономикалык,социалдык,саясий,маданий чөйрөлөр-дөгү мүмкүнчүлүктөрүн жана каалоо-талаптарын мүнөздөө-чү түшүнүк.

Адам укуктары түшүнүгү буржуазиялык революционер доорунда эле пайда болгон.Азыркы дүйнөдөгү басымдуу

пикирлкр боюнча адам укуктары табигый жана кайра алын-бас мүнөзгө ээ.Адам укуктарынын эркин жана натыйжалуу

жүзөгө ашырылышы-жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири.Жалпыга таанылган бөлүнүшкө ылайык.Адам укуктары жеке,саясий,

социалдык,экономикалык,маданий,экологиялык укуктар болуп айырмаланат.Адам укуктары бир катар негиздүү

эл аралык документтер.1948-жылкы Адам укуктарынын

жалпы декларациясы,1966-жылкы Адам укуктары жөнүндө

эл аралык пункт ж.б.ошодой эле мамлекеттердин консти-туциясы жана мыйзамдары менен бекемделген.Азыркы учурда эл аралык укукта Адам укуктарына арналган тармак-

эл аралык гуманитардык укук калыптанган.

Алгач жолу”адам укуктары”түшүнүгү 1789.ж кабыл алын-ган француз тилинде”Адамдын жана атуулдун укуктарынын

Декларациясында”жоолукандыгына карабастан,тубаса укук-тар идеясы узак жол басып өткөн жана маанилүү учурлары

болуп англиялык”Укуктар тууралуу Билл 1689”жана “Укуктар

тууралуу Билл(АКШ)1791”саналышат.

  1. Адамга табият берген жана мамлекет тарабынан корголуп







жана гарантияланып турган укуктар.Бул укуктар ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык болуп,мыйзамдык чектөө-лөрдөн жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз

аракет кылат.Буларга-жашоо жана дененин кол тийбестиги

укугу,кишинин кадырын сыйлоо,мыйзамсыз камоо жана

кармоодон эркин болуу,ишеним жана абийир эркиндиги

ж.б.кирет.



2.Инсандын укугу жана эркиндигин өтө кенири комплексин,

алардын ар кандай түрлөрүн өзунө камтыйт:граждандык,

саясий,экономикалык.

эң жогорку коллективдүү укук-бул көз каранды эмес мамлекетти түзүү укугу.Эгер бул укукту ишке ашыруу мүм-күн болбосо,анда мектептерде эне тилинде окутуу же бел-гилүү бир райондордо өз тилин расмий ти катары мыйзам-

ды бекитүү үчүн күрөшүү ж.б.Коллективдүү укук көп улут-тук мамлекеттердеги этностук азчылыктардын аракеттерине

мүнөздүү.Адам укугу жана эркиндиги”тепселген”өлкөлөрдө

коллективдүү укук курч мүнөздө болуп,ички карама-каршы-

лыктарга алып келет.

Жыйынтыктоо:Мына балдар биз бүгүнкү сабакта силер менен адам укугу жөнүндө кенири баарлаштык.Ар бирибиз өзүбүздүн укугубузду билип,ошого карап жол тутканыбыз

биздин утугубуз экен.Ошону менен бирге башкаларды да өзүбүздөй ойлоп,алардын да укугун, кол тийбестигин

тебелебестен мамиле кылганыбыз оң.Мамлекетибиздеги

укук кол тийбестик баарыбызга бирдей экен.

Бышыктоо:Адам укугу деген эмне?





























Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: “Тамеки өмүргө зыян”

Сабактын максаттары:

1. Тамекини пайдалануу - адамдардын ден соолугуна зыяндуу экендигин түшүнүшөт

2. Жашоодо туура жолду тандоого багыт алышат жана коомдугу тамеки чегүү көйгөйүн жөнгө салууга аракеттенишет.

3. Тамекинин ден соолукка, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс тасирлерин талдашат. Сабактын жабдылышы: Адамдын ички органдарынын сүрөттөрү, ар түрдүү картиналар, таркатмалар, А-3, А-4 өлчөмүндөгү барактар, ватман, маркер, доска, бор жана ар түрдүү маалыматтар.

Сабактын тиби: Түшүндүрмөлүү сабак Сабактын усулу (медоду): Баяндоо,изилдөө,талкулоо, аңгемелешүү Сабактын формасы: Стандарттык класстык жана топ менен иштөө сабагы

Сабактын жүрүшү:

1) Уюштуруу иши: Саламдашуу, тизмени тактоо, класстын тазалыгына көнүл бөлүү,психоллогиялык жагдай түзүү. Сабактын максаттарын айтуу: -Балдар бүгүн биз силер менен жугуштуу эмес оорулар жөнүндө б.а. тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө түшүнүк алабиз. -Жашогодо туура жолду тандоого багыт алабыз. - Тамекинини ден соолукка, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасирлерин анализдейбиз. Анда алгач бул тууралуу кыскача доклодды угуп, андан кийин сабагыбызды улайлы. Тамеки чегүү–жашоонун принциптерине, адептүү жүрүш-турушка, маданияттуулукка ылайык келбеген социалдык дарт. XXI кылымда жашай турган жаш адамдардар андан качууга тийиш. Тамеки чегүүчү адамдар тубаса жаралышпайт. Алар өз учурунда эскертүү укпай, тамекиге сунулган колун өз убагында тартып койбогон адамдардан жаралат. Тамеки чегүү адамдардын көптөгөн органдарын бузуп, дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттарды пайда кылат. Ашказандын гастрит (язва) ооруларын жаратса, боордо цирроз оорусун пайда кылып, боордун көлөмүн кичирейтип, аны чүрүштүрүп катырат, бул – эң оор дарт. Жүрөктө ар кандай кысылма дарттардын жаралышына шарт түзөт. Айтор, тамеки терс таасирин тийгизбеген орган жок. Тамекинин курамындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат. Баш мээни атрофияга (көлөмү менен массасы кичирейет, функциясы начарлайт, алсызданат) учуратат. Тамеки түтүнүнүн таасири адамдын органдарынын бардыгы үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет. Силер тамеки түтүнүнөн дем алган учурда, ал оозунар менен тамагыңар аркылуу өтүп, өпкөгө келип түшөт. Түтүндө 4 миңден ашык химикаттар бар. Анын ичинде ракты пайда кылуучу өтө уулуу заттар камтылган. Тамеки чегүү сырткы көрүнүшкө да терс таасирин тийгизет. Ал тиштердин жана тырмактардын саргаяюусун пайда кылат. Ошондой эле бырыштардын санын көбөйтөт. Тамеки чеккенден кийин андан кутулуу абдан оор. Ошондуктан, эң башкысы тамеки чегип көрүүнүн кереги жок. Демек, окуучулар “Мен тамеки тартуу сыяктуу жаман адатка эч качан жолобойм”,- деген бекем ишенимге келгиле! Ден соолугуңар менен өмүрүңөрдүн бактысы өз колуңарда экендигин унутпагыла! Тамекинин зыяндуулуктарын аныктоо: (доскада ватманда тартылган сүрөт менен иштөө):

1.Баш мээни жана нерв системасын жабыркатат. Эске тутууну начарлатат,мээнин майда бөлүктөрүн бузуп, ой жүгүртүүнү кечеңдетет. Өспүрүмдүн физикалык жактан өсүүсүнө терс таасирин тийгизет.

2.Жүрөк жана кан тамырларды жабыркатат. Дем кыстыгууну пайда кылып, жүрөктүн иштешин начарлатат. Рак оорусунун пайда болуусуна алып келет.

3.Боорду жабыркатат. Зат алмашуу бузулат, анын натыйжасында боордун циррозунун өөрчүү коркунучун жогорулатат.





4.Ашказан жана ичегини жабыркатат. Ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүп, ашказандын иштешин начарлатып, гастритке алып келет. Тамакаштын сиңирилишин оорлотот.

5. Адамдын сырткы келбетин жабыркатат. Көзүн жана мурдун кызартып, шишитип, бетке ар кандай жагымсыз безеткилер чыгышы мүмкүн жана эрте бырыш түшүрөт.

Топ менен иштөө:

1-топ: Тамеки чегүүгө эмне түрткү болот? (Сүрөт менен иштөө)

2-топ: Тамекинин коомго тийгизген зыянын аныкташат жана зыяндан сырткары пайдасы барбы? (Бул тууралуу ватманга ойлорун жазышат) 3-топ: Тамеки чегүүнүн ордуна эмне кылуу керек? (Ватманга ойлорун жазышат) Таркатмалар менен иштөө: (Тамект тууралуу айтылган учкул сөздөдүн маанилерин чечмелешет) 1.Ким чексе тамеки же нас, ал адам өзүнө өзү кас.

2.Тамеки - дени соо адамды заматта майыпка айландарат.

3.Адам эки жашабайт, бирок, бир жолку өмүрүн татыктуу жашай албагандар да жок эмес.

4.Тамеки- бул жашоону акырындык менен азапке салган дарт.

Жыйынтыктоо: Ар бир адам – кайталангыс инсанбыз. Дүйнөгө бр жаралган соң жашообузду ден соолукта өткөрүүбүз керек. Ар бир адамдын ден соолугу өз колунда. Ошондуктан тамеки чегүүдөн алыс болуп, туура жолду тандайлы жана улутубуздун саламаттыгы үчүн, мамлекетибиздин келечеги үчүн биргеликте күрөшөлү. Үйгө тапшырма: “Тамеки чегүү – өмүргө зыян” деген темада эссе жазуу









































Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: 1-Декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ СПИДке каршы күрөшүү күнү.



Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү



Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Тарыхы

1981-жылы АКШдан жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган.СССРде 1985-жылы чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен көз жумганы белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

Ооруу тууралуу

БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдардын саны 2,1 миллионго жеткен.

17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылган. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир-Тоо жергесинде СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор. 2016-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзгөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар болгон. ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар. Өлкөдө ВИЧ-инфекцияны аныктоочу 46 лаборатория бар. 2016-жылдын 1-декабрына карата өлкө боюнча ретровируска каршы терапияны 2574 адам алган. Алардын ичинен 412си кичинекей балдар. Ал эми шприцти алмаштыруучу 37 пункт иштээри маалым болгон.

СПИД (кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) – (англ. Acquired Immunity Deficit Syndrome, AIDS) – иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал; өтө коркунучтуу жугуштуу оору – ВИЧ-инфекциянын (адамдын иммун таңсыктыгынын вирусу козгоочу дарт) акыркы чеги болуп саналат. Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири. Ал 1982-жылдан бери белгилүү, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. Жуктуруучусу – вирусту алып жүргөн адам. Анын жугуусу: көбүнесе жыныстык катнаш аркылуу (айрыкча гомосексуалдык катнашта); боюндагы же төрөт учурунда энеден түйүлдүккө жана ; эмчек эмизген учурда баладан энеге; кан куйганда, ийне сайганда, ж. б. д. у. с. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында билип туруп башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жугузуу коркунучуна дуушар кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.




ВИЧ жана СПИД деген эмне? ВИЧ кыргызча АИВ- бул: А = адамдын И = иммунно жетишисиздик В = вирусу ВИЧ -бул көпкө чейин өзүнүн адам организминде бар экендиги билинбестен жашыруун сакталуусу менен өзгөчөлөнөт. Бул вирус тышкы чөйрөдө туруктуу эмес: 56°Сда 30 минутта, кайнатканда 5 минутта; химиялык жол менен тазалаганда (хлор, спирт, йод) жоголот. СПИД-ЖИКС (жуктурулган иммун жетишсиздик синдрому) - оорунун акыркы баскычы. Акыркы баскычта адамдын иммундук системасы начарлай баштайт, организм ооруларга каршылык көрсөтө албай, айыктырууга мүмкүн болбойт: кургак учук, өпкөгө суук тийген, коркунучтуу шишик (рак) ж.б. СПИД тез өнүгүп, оор абалда өөрчүп, өлүмгө бат алып келет. СПИД-(ЖИКС) термини ар кандай оорулардын белгилерин бириктирет, натыйжада организмдеги иммундук системанын начарлашына, акыры ВИЧ жугуштуу ооруга алып келет. Ж = жуктурулган И = иммундук К = кем С = синдром

Үйгө тапшырма: Сүрөт тартуу

































































Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

.Сабактын темасы:Алыкул жана музыка

2. Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк жагы:

А.Осмоновдун ырларын терең түшүнүп, ар бир ырын көркөм айтууга, обондуу ырларын ырдоого көнүгүшөт.

2.Өркүндөтүүчүлүк жагы:

а)А.Осмоновдун чыгармалары аркылуу окуучулар билим деңгээлин көтөрүшөт,окуп-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт.

б) Акылы менен кабыл алып,кан-жанына сиңирип,ой-идея ойготуп, сүйлөө маданиятын,сөз баркын түшүнүүгө,поэзияга болгон кызыгуусун арттырышат.

3.Тарбия берүүчүлүк жагы: а)Ырларды көркөм айтуу менен каармандарга баа бере билүүгө, кыл калемдеринде чагылтып берүүгө үйрөнүшөт.б) Ата Журтту сүйүүгө,мекендин ар намыстуу атуулу болууга, ага жан-дили менен кызмат кылууга,боорукерликке,чечкиндүүлүккө улуттук идеологиянын нугунда тарбияланышат.

3.Сабактын тиби: Текшерүү жана коррекциялоо сабагы.

4.Интерактивдүү ыкма жана окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу.Сынчыл ойломду өнүктүрүү

4.Сабак аралык байланыш: кыргыз тили,адабияты,тарых,

география,музыка,сүрөт,адеп.



1.Киришүү. Аудио-видео касетадан “Комуз” күүсү жаңырып, акындын “Комуз” деген ыры көрктүү айтылат.

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз

Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.

Оп-оңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,

Бирок да өнөрү айтып болгус.

Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй, .

Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,

Бул комуз көп сууларды кечип келген,

Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

А.Осмонов.

5-класстын окуучусу Замирбек кызы Асел А.Огомбаевдин “Маш ботой”деген күүсүн аткарып берет.

Мугалимдин сөзү: “Алыкул Осмоновго арналган ар бир сабак-бөлөкчө,чыныгы поэзиянын сабагы болууга тийиш.Ал сабактар ыр менен башталып,ыр менен бүтүүнү талап кылат”.(Бектурсун Алымов)

Себеби ,Алыкулду ырсыз элестетүүгө мүмкүн эмес.Анткени анын жеке турмушу да,тагдыры да ырга байланышып,бүт өмүрү рга айланган.Ал адамдык -инсандын касиет-сапатын өзүнүн ыры аркылуу баалап,өз бактысын да ырларынан издейт.

Улуу акын кудуретиңе тете болгон

Ырларды жаза коюш келбес колдон

Күн-түндөп жүрөгүмдө мен өстүрүп,

Гүлдестем ушул сабак сизге койгон.

Алыкул адабият майданын ашкан дабан

Баш ийип ырларыңа таазим кылам.

Адамдын асыл заты болуп кеткен

Тагдырдын мунусуна шүгүр кылам

Кээде өзүмчө кейиш тартып кайгырам

Тагдыр салган жалгыздыкты жай кылам.

Улана албай учугуна ойлордун

Угуттанам улуулардын айлынан

Суу ичкендей барып булак көзүнөн

Алыкулдун дүйнөсүнө кайрылам.”



Бүгүнкү сабак А.Осмоновдун 100 жылдыгына арналмакчы.

Сабактын темасы:“Алыкул жана музыка”

Алыкул деп,Алыкул атын салт кылган бар,

Не билет ал жөнүндө жаш муундар

Суусаган таттуу лира ширесине

Умсуна тамшанышат окурмандар

Кыргыз акындары Алыкул жөнүндө.

Биз, акындар, колдун болсок оң, солу,

Анда Алыкул ал колдордун ортону.

Биз, акындар, жылдыз болсок көктөгү,

Анда Алыкул жылдыздардын чолпону.Байдылда Сарногоев



Алп экен го таланттуу акын Осмонов,

Түпкүрдөгү ойлоруңду козголоп,

Азыр ачсаң барактарын кээ күндө,

Көл шарпылдап аны менен тең үндө,

Жүргөн окшойт толкундарын тосмолоп...

Сүйүнбай Эралиев

... Талантты башкара билүүнүн өзү да искусство, ал ар кимдин эле колунан келе бербейт. АЛЫКУЛ өмүрүнүн акыркы сегиз жылында искусствону элей баштаган эле.

Аалы Токомбаев

Койчу, досум, мени акын дебечи,

Мени акындын улпагына теңечи.

Кыргызымда кандай сонун акын бар,

Десең келет Алыкулдун элеси.


Мугалим:

Акындын ырлары кыргыз журтчулугунун ичинде гана эмес, ай ааламда да көөнөрбөс бойдон, күн сыяктуу жарыгын чачып кылымдардан кылымдарга залкар акын катары таанымал бойдон жашай бермекчи!

Жаштар өсүп жайылса экен кулачы.

Келечекте чыгар жолун улачу.

Таланттууга эч убакта болбойт кеч,

Окуу, окуу тирек болчу күчтүү сөз.

Бул китептер Алыкулдун мурасы.



Алыкулду айтпагыла өлүптүр,

Алп акынды айтпагыла өтүптүр,

Ак боз атка камчы салып зымырап,

Ата Журттун жолун карап,

Жолун чалып кетиптир.

Гүлсайра Момунова.

Эжекебиз айткандай акын дайыма тирүү!



Мугалимдин жыйынтык сөзү:

Олуялыгы,сынчылыгы,эмчилиги менен да элге кеңири белгилүү болгон атактуу куудул Куйручук 1939-жылы жайында борборго келип,жазуучулар менен жолугушуп,сын берген дейт

А сенин балам,жолуңду боз чалып турат, тирүүңдө жакшылык көрбөйсүң,өлгөндөн кийин арбагың чоң болот!-деп А.Осмоновду айткан экен. Мына бүгүн Куйручуктун олуялыгы тастыкталып, 100 жылдыгын бүткүл кыргыз эли, ошолордун ичинде биз да белгилеп жатабыз. Бизге арбагы ыраазы болсун демекчимин. Бүгүнкү сабагыбыз Атабызга белек болсун!

Балдар, бүгүнкү сабакка жакшы катышып бердиңер. Акындын ырларынан көрктүү айттыңар, обондуу ырларынан аткарып бердиңер, бул да болсо жетишкендик деп эсептейм. Өмүрлүү болгула!









Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Чыӊгыз Айтматов

Сабактын максаты:
1. Ч.Айтматовдун дуйно мамлекеттеринин жана элдеринин арасында таанылышынын фактыларын үйронүшөт.
2. Окуучулардын дуйно таануусу, суйлоо кондумдору калыптандырылат, Ч.Айматовдун чыгармачылыгы боюнча маалымат алышат.
3. Оз элинин улуу инсандарынын омуруно, чыгармачылык ишмердүүлүгүно шыктануу сезимдерин ойготушат. Алардын үлгүсүндо тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун суроттору. Белгилуу адамдардын ал жонундо айткан создору жазылган плакат.


 Сабактын журушу:

1. Уюштуруу:
Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.убакытты баалай билуу;
2.активдуу катышуу;
3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;
4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.

2. Мугалимдин созу:
12-декабрда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 85 жылдык мааракесин кыргыз эли эле эмес буткул дуйно жузу белгилегени турат. Анын омуру чыгармачылыгы боюнча соз кылып кетели
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, кыргыз ССРнин эл жазуучусу  (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
Балалыгы
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу»,





«Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.
Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.


3. Топтордо иштоо:
Класска сары, кызыл, жашыл карточкалар таркатылып берилет. Карточкалардын тусуно жараша класс окуучулары уч топко болунушот. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Алар чогуу талкуулап , жообун бир окуучу чыгып айтып берет.

1-тапшырма: Ч.Айтматов же анын чыгармалары жонундо белгилуу адамдардын ой-пикирлерин же жазган ырларынан корком айтып бергиле.
М. «Жамийла- дуйнодогу махабат жонундогу эн сонун баян» (Луи Арагон) ушул эле чыгарма жонундо «Суйуунун гимни» (А.Стиль)
Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Айым Талгатбек кызы "Жылдыз өчпөйт" эскерүү ырын жазган. 2009-жыл. ж.б. 2-тапшырма:
1-топко: Жазуучу тузгон жаныбарлардын образдарын атагыла.
Жооп:Гулсарат, Акбара, Ташчайнар, Каранар, Бугу Эне, Жаабарс…
2-топко: Жазуучу тузгон балдардын образдарын атагыла.
Жооп: Самат, Авалбек, Даул, Анатай, Султанмурат, Мырзагул,…
3-топко: Жазуучу тузгон терс каармандарды атагыла.
Жооп:Кочкорбаев, Орозкул, Ысмайыл, Сегизбаев, Базарбай,… 3-тапшырма:
1-топко:Ч.Айтматовдун торт гана каарманы бар чыгармасы кайсы?
Жооп: «Дениз бойлой жорткон ала добот» Орган, Мылгун, Эмрайн, Кириск.
2-топко: «Кыямат»романында Базарбайды соттосонор канча статьяда айыптайт эленер?
Жооп: Экологияга зыян келтиргендиги учун, далилсиз адамды куноологондугу учун, уй-булодогу зордук-зомбулугу учун.
3-топко:Сыр сандык. Бул сандыкттын ичиндеги зат эки адамды бактылуу кылат. Ал эмне?
Жооп: «Кызыл алма» Бактагы эн акыркы кызыл алманы болушуп жегендер бактылуу болот деп айтылат чыгармада.

4. Жыйынтыктоо:
  Кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айматов озу отсо да , экинчи омурун жашап жатат деп айта алабыз. Ага биз окуучулар, алтындан эстелик тургуза албасак да, чыгармаларын окуп омур бою аздектеп, алардан озубузго эн жакшы таалим -тарбия  алып, келечегибизге жол тапсак болот.
















Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Зомбулуксуз мектеп

Класс жетекчинин иш-аракети

Эгерде класс жетекчи окуучунун дене-боюна же психикасына зыян келтирилгендигин байкаса, ал окуучу жана анын туугандары менен сөзсүз сүйлөшүп көрүүсү зарыл.

Бала көбүнесе зордук-зомбулукка кабылып жаткандыгын айтуудан тартынат.

Ошондуктан денесиндеги көгала тактарды ата-энеси сабагандан деп түшүндүрсө, ага көп учурда ишенсе болот.

Бирок кээде денеде жаракаттар жок болсо, ата-энесинен коркпосо, баланын айткандарынан күмөн саноо керек. Ал менин сөздөрүмдү ата-энеме айтпаңыз деп мугалимден суранышы да мүмкүн (бирок мунун себеби катаал жазанын кайталанышынан корккондугу болушу да ыктымал).

Мындан сырткары, баланын калп айтканын ата-энесин жалган жерден каралаган жалпы сөздөрүнөн байкаса болот («атам мени дайым сабайт, аны менен чогуу жашоого мүмкүн эмес»).

Айтып берип жатканда эмоционалдык реакциясынын жоктугу, конкреттүү окуяны (окуянын мүнөзүн, убактысын, кайсыл жерде болгонун) жөндөп айтып бере албагандыгы, баланын айтканы чоңдордун сөзүнө же өзү көргөн кинолордун сюжетине окшошуп кеткендиги да шектендирет.

Окуя тууралуу баланын өзү жана ата-энеси айтып берген баяндын дал келишине кылдат көңүл буруу зарыл. Эгерде биринин айтканы бириникине каршы келсе, себептерин аныктоо керек.

Ата-эне окуянын кандай болгондугун баяндаганда, коошпостуктарды түшүндүрө албаса, бул баласынын зордук-зомбулук көргөндүгүнөн кабар берет. Ата-энелер көбүнчө баланын денесиндеги жаракаттарын уруп -согуудан пайда болгонун танышат. Жаракатка күнөөлү ата-эне эле эмес, кээде бала өзү да танышы мүмкүн. Кээде атасынын сабаганын апасы (же тескерисинче) жаап-жашырат.

Мунун себеби баласына зомбулук кылганын чындап эле түшүнбөгөндүк, бул көрүнүшкө көз жуумп коюучулук, үй-бүлөдөгү кырдаалды туура баалай билбестик, ошондой эле атайылап калп айтуучулук болушу мүмкүн. Аялы күйөөсүнөн корккондуктан, толугу менен көз карандылыгынан, үй-бүлөнү же өзүнүн материалдык абалын сактап калууга умтулгандыктан жалган айтуусу мүмкүн.

Мындай учурда класс жетекчи атайын иликтөөлөрдү жүргүзөм деп убараланбаганы оң: бул атайын кызматтардын жана уюмдардын иши. Ырайымсыздыкка туш болгон балдар көп убакыт бою өзүнүн жаракат алгандыгын унутуп коюшуп, кыйла убакыттан кийин эстеши мүмкүн.

Жабырлануучуга караганда социалдык кызматкерлер менен мугалимдердин көпчүлүгү бул теманы талкуулагандан көбүрөөк коркушаарын, бул тууралуу бала кыйытканда түшүнбөстүгүн, туура суроолорду бере билишпестигин белгилеп коюу керек. Балага ырайымсыз мамиле жасалгандыгы ал өзү айтып берүүнү чечкенде гана ачыкка чыгат. Адатта бала алгач бул тууралуу өзүнүн 34 теңтушуна айтат.

Ал ата-энесине жана башка чоңдорго чанда гана айтып бериши мүмкүн. Алар ырайымсыздыкка кабылгандыгын көбүнчө ачык деле кабарлашат, бирок, тилекке каршы, чоңдор дайыма эле көңүл бура бербейт. Алгач бала чоңдорго башынан өткөн окуянын бир бөлүгүн гана айтып, кандай кабылдаганын байкап көрөт. Бала мээримдүү, кайрымдуу мамилени байкаса гана, өзүн коопсуздукта сезип, окуяны толук айтып берүүгө белсениши мүмкүн. https://ffc.org.kg/images/soc_edu/handling_child_kg.pdf



Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Жаӊы жыл

Сабактын максаты: Жаңы жыл майрамы жөнүндө маалымат алат.

  1. Уюштуруу:

Саламдашуу

Саламатсыздарбы урматтуу ата- энелер, бизге келген коноктор, биздин эже- агайлар жана 3-в классынын окуучулары! Сиздерди келе жаткан 2019 жаңы жылыныздар менен куттуктайбыз! Ошону менен бирге сиздерге чын денсоолук ,узун өмүр, ар бириңиздердин үй-бүлөнүздөргө бакыт- таалай, ачык маанай, албан – албан ийгиликтерди, ал эми менин окуучуларыма ак кардай тазалыкты, бактылуу балалыкты, таттуу көңүл каалап кетмекчимин. Бул өтүп кетип жаткан 2018- жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылыда эн жакшы жылдардан болду десем жаңылышпайм. Эски жылды таарынтпай , ит жылын узатып, жаңы кирип келе жаткан 2019 каман жылын жаркырап жакшы маанай менен тосуп алалы.

Мугалим:Жаркырап кирип келди чычкан жылы

Чычкан жылда каалайбыз жакшылыкты

Кубанып бул мектептин балдары

Ырдап, бийлеп жүрө берсин ушул жылы

Келгиле балдар жаңы жыл жөнүндө ыр айтып берели.

Эң учуна айнектин

Аппак жылдыз тагынды

Арасына жаркырап

Кооз шамдар жагылды

абактын темасы: Күлкү шаңга бөлөнгөн жаңы жыл.



Жыл жанырыгы ар адамга жашоонун жаны барагынан кабар салат. Анткени,ар бир адам, ар бир үй-бүлө жаны жылга жаны максаттарды коюшат эмеспи. Анда ошол жакшы тилектердин жарчысы болуп кирип келе жаткан Жаны жылыбыз кут болсун. Жаны жылда эл арасы тынч болуп, Жер-Эне берекеге толсун. Уул үйлөп кубанган аталар аман болсун, кыз узатып сүйүнгөн апалар бар болсун



Жаңы жыл келе жатат эшик ачып,
Ааламга жаңы, жаңы бакыт чачып.
Адамдардын куунак тартып көңүлдөрү,
Каалашат бири-бирине чоң, чоң бакыт.
Жаңы жыл жаңы максат өчпөс таалай,
Келе бер баарыбызга бакыт каалай.





Үйгө тапшырма: Сүрөт тартуу







Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: Нике жөнүндө баарлашуу

абактын максаты:

  • Нике жана анын түрлөрү жөнүндө маалымат берүү;

  • Никесиз союздун кесепетин түшүндүрүү;

  • Жаштарды үй-бүлө курууну алдын ала көрө билүүгө түрткү берүү.



Сабактын милдеттери:

  • Окуучулардын каттоого алынбаган никенин терс кесепеттери боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү.

  • Үй-бүлө жана нике жөнүндөгү мыйзамдарды түшүнүүгө жана инсанды сыйлоого түрткү берүү.



Керектелүүчү ресурстар: ватмандар жана маркерлер.



Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Көңүлдү буруу

2 мүн.

2.

Мээ чабулуу «Нике деген эмне?»

5 мүн.

3.

Кичи топтордо иштөө «Никенин түрлөрү»

20 мүн.

4.

Мини-лекция «Никеге туруу»

5 мүн.

5.

Жалпы талкуулоо

8 мүн.

6.

Жыйынтыктоо

5 мүн.



45 мүн.



Сабактын жүрүшү:

  1. Көңүлдү буруу (2 мүн.)

Мугалим: Биздин сабактын темасы

  • нике жөнүндө баарлашуу. Эртеби, кечпи биз өзүбүздүн жашообузду башка адам менен байланыштырып үй-бүлө курабыз. Бүгүн силер 11-класстын окуучуларысыңар, ким билет кимиңер биринчи үй-бүлө курасыңар.

Сабакты баштаардын алдында, силердин кайсы таанышыңар, тууганыңар качан жана кайсы жашта турмуш кургандары боюнча мисалдар менен бөлүшсөңөр.







Мугалимге сунуш: Окуучулардын окуялары боюнча билишиңиз керек, мүмкүн кимдир бирөө туугандарынын турмуш кургандары боюнча айтып бергиси келип жаткандыр. Кайсы жашта турмуш кургандыгы жана алар кандай жашап жаткандыгы жөнүндө билүүңүз зарыл. Айтып берүүчү өзүн ыңгайсыз абалда сезип калбашы үчүн окуучуларга ал окуяны талкуулаганга жол бербеңиз. Бир нече окуучуга мисалдарды келтирүүгө мүмкүндүк берүү менен токтотуңуз.

  1. Мээ чабуулу:

Нике деген эмне? (5 мүн.)

Мугалимге сунуш:

  1. Класстагыларга “нике деген эмне”, - деп суроо бериңиз.

  2. Алардын жоопторунун арасынан негизгилерин ватманга же доскага жазып коюңуз (мисалы, үй-бүлө, балдар, күйөө, аял, жалпы үй ж.б.).

  3. Окуучулар жазылган жана башка сөздөрдү колдонуп «нике» түшүнүгүнө аныктама беришет. Аныктама бир же эки сүйлөмдөн турушу мүмкүн. Даярдануу үчүн 2 мүнөт бериңиз.

  4. Каалоочулардан өздөрүнүн аныктамаларын кезеги менен окуусун айтыңыз жана негизги жерлерин жоопторунан белгилеп, ыраазычылык билдириңиз.

  5. Өзүңүздүн вариантыңызды КР нын 2003-жылынын 26-июнундагы

Үй-бүлө кодексинен алынган никенин аныктамасын сунуштаңыз. Никени мүнөздөгөн негизги сөздөрдү белгилеңиз жана окуучуларга түшүнүктүү болгондугу тууралуу талкуулаңыз.

“Нике - үй бүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана толук макулдугу менен эркек жана аялдын ортосунда тең укуктуу баш кошуусу”.

  1. Класстагылардан никенин кандай түрлөрү бар, кайсы жашта никеге турат, жубайлар кандай укуктарга ээ экендиги жөнүндө сураңыз? Талкуулоонун жыйынтыгын чыгарыңыз:



Мугалим: Коомчулукта үй-бүлө куруунун бир нече түрүн айырмалашат: жарандык нике- официалдуу, мамлекеттик органда каттоого алынган нике; нике-мусулмандарда шариатка

ылайык, христиандарда чиркөөдө никелешүү; жана жарандык эмес нике же бирге жашоочулук- никени каттоого албай чогуу жашоо. Өзүнчө элге жана мамлекеттерге тиешелүү болгон никенин дагы башка түрлөрү бар. Азыр биз силер менен никенин ушул үч түрүн карайбыз

жана талкуулайбыз, ал үчүн биз топтордо иштейбиз.

  1. Топтордо иштөө: Никенин түрлөрү (20 мүн.)

Мугалимге сунуш:

  1. Окуучуларды 3 топко бөлүп, төмөнкү тапшырманы бериңиз (топтордо иштөөгө 10 мүнөт берилет):



  1. топ. Топто өзүңөрчө талкуулап, төмөнкү суроолорго жооп бергиле: Мыйзам боюнча Кыргызстандын жарандары кайсы жашта никеге тура алышат? Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ болот? Үй-бүлө, балдар үчүн ким

жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар?



  1. топ. Топто өзүңөрчө талкуулап, төмөнкү суроолорго жооп бергиле: Кантип адамдар никеге турушат?

Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ? Үй-бүлө, балдар үчүн ким жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар?



  1. топ. Топто өзүңөрчө талкуулап, төмөнкү суроолорго жооп бергиле:

«Жарандык эмес нике» эмнени түшүндүрөт? Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ? Үй-бүлө, балдар үчүн ким



жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар? Мындай никеде ажырашуу болобу?

  1. Топтор өздөрүнүн жоопторун презентациялайт, калган топтор кошумчаласа болот (ар бир презентацияга 3 мүнөт берилет).

  2. Топтордо иштөөнү жыйынтыктаңыз:

«Жарандык нике жубайлардын тең укуктуулугун камсыз кылат, мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилени жөнгө салат, ажырашуу мезгилинде жубайлар чогуу иштеп тапкан мүлктү тең бөлүштүрүүгө укуктуу. Диний ишенимге таянып никеге турууда бир тараптын укугу бузулушу мүмкүн, көбүнчө аялдын укугунун бузулушундагы өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бирок мамлекет тарабынан бардык никенин түрлөрүндө жалпы жарандык укукка кепилдик берилет, жарандык никеде жөнгө салынган, никенин башка түрлөрүндө бир тараптын кайрылуусунун негизинде сот аркылуу коргоого алынат».

  1. Мини-лекция: Никеге туруу (5 мүн.)

Мугалим: КРнын Үй-бүлө кодекси боюнча никеге туруу үчүн жубайлардын өз ара макулдугу жана никелешүү жашына жетүүсү керек.

Никелешүү жашы 18 жашка толук толгондон кийин башталат. Өзгөчө жагдайда гана балдарды коргоо мамлекеттик органдардын ыйгарымдуу аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде гана никеге 17 жашка толгондо турса болот. Никеге турууга мажбурлоо укук бузуу болуп саналат жана аялдын же эркектин макулдугу жок никеге турууга эч ким мажбурлабашы керек.

Азыркы мезгилде «кыз ала качуу» учурлары көбөйүп кетти. Акыйкатчы институтунун маалыматтары боюнча бир жылда 16 000дей ала качуу болот. Эч ким билбейт, канчасы өз ара

макулдашуу менен болгон, канчасы мажбурлоо аркылуу болгон. Кыргыз Республикасында кыз ала качууга 154- 155- беренелери боюнча 100-500гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо 10 жылга чейин кылмыштуулуктун оордугуна карай эркинен ажыратуу Кылмыш жана жаза кодексинде каралган.

Жубайлар үчүн тигил же бул никенин түрүндө никеге турууда же никени токтотууда юридикалык жана мыйзам тарабынан кандай кепилдиктер бар экенин карап чыгабыз.

Жарандык абалды каттоо органында (ЗАГС) никени каттоо жубайлардын кызыкчылыктарын жана укугун коргоо үчүн биринчи негиз болот. Жубайлардын ар бири чогуу жашап жаткандагы

жалпы мүлккө тең укуктуу, балдарына жооп берет (эгерде соттун чечими менен башка нерсе каралбаган болсо), ажырашуу мезгилинде мүлктү тең бөлүүгө ишенсе болот.

Никеси катталбаганда, жубайлардын кызыкчылыктарын аз коргойт, ажырашуу мезгилинде көбүнчө аялдар кысымчылыкка дуушар болушат, себеби мүлк көп учурда эркектерге жазылат.

Акыйкатчынын социалдык докладына караганда каттоого алынбаган никеде аялдарга мүлктүк укугун далилдөө кыйын. Аялдар сотко кайрылып далилдерди келтириш керек (айлык акысы боюнча маалымат, сатып алган боюнча чектер ж.б.) бирок далилдеш кыйын, эгерде күйөөсү аялдын кошкон салымын жокко чыгарса, чогуу менчикти түзүүдө келишим жок болсо ж.б.

Мындай көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн албетте, никени каттоого алыш керек бирок никени каттоого алуу бардык көйгөйлөрдү чечүү деп айта албайбыз.

  1. Жалпы талкуулоо (8 мүн.)

Мугалимге сунуш:

Топтор менен төмөнкү суроолорду талкуулаңыздар:

    • Азыркы учурда никенин кайсы түрү көбүрөөк жайылган? Эмне үчүн? Өздөрү окуучулар никенин кайсы түрүн тандашат эле? Эмне үчүн?

    • Кайсы жашта турмуш курууга мүмкүн? Эмне үчүн?

    • Ажырашуунун кандай себептерин жана кесепеттерин билесиң?

    • «Ажырашуулардын кесепеттери жеке инсанга, бардык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, коомго терс таасирин тийгизет» -дегенди кандайча түшүнөсүңөр?

  1. Сабакты жыйынтыктоо

(5 мүн.)

Мугалим:

◊ Окуучулар бул сабактан алынган жыйынтыктар менен бөлүшүшөт.

◊ Жыйынтыктоо үчүн төмөндөгү оюнду өткөрсөңүз, окуучуларга парталаш олтурган классташына «Мен бүгүн сага

… каалайм» деген сүйлөмдү улантып айтууларын сунуштаңыз: (сүйлөмдөр жалаң гана позитивдүү болуусу керек).

Мисалы:

    • Мен бүгүн сага Бакыт каалайм.

    • Мен бүгүн сага кутмандуу кеч каалайм.























































Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж



Сабактын максаты:

а) Кыргыз мамлекетинин символдору  жөнүндө билимдерин бекемдешет, улуттук жана маданий баалуулуктарды билишет, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жыл аралыгындагы мамлекеттин өсүп -өнүгүүсү боюнча  маалымат алышат.

б) Кыргыз мамлекетинин улуттук жана маданий баалуулуктары жөнүндө тапшырмаларды оозеки жана графикалык формада презентациялашат. Берилген тапшырмаларды чечүүдө чыгармачылык менен иш алып барышат. Пикир алышуу көндүмдөрүн   бышыкташат, бирге иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт, өз ойлорун билдиришет.

в) Өз мекенин өнүктүрүүгө кандай салымын кошорун аныкташат. Мекен алдындагы жоопкерчилигин сезишет. Бири – бирине жылуу мамиле жасоо көндүмдөрүн бекемдешет. Өз Мекенин сүйүп, анда жашаган адамдарга урмат көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Мекен алдындагы милдеттерин билишет.

Сабактын жүрүшү:

 Уюштуруу:

Мугалим окуучуларды окуу жылынын башталышы менен куттуктайт.(гимн ырдалат.)

Жагымдуу маанай түзүү:

Мугалим окуучуларды доскага чакырып алып бир, эки деген сөздөрдү айттыруу менен эки тегерекче түзүп алат. Сырткы тегеректеги окуучулар ички тегеректеги окуучуларга жакшы сөздөрдү айтуу менен сааттын жебеси аркылуу орундарын алмаштырышат.

Мээге чабуул

Мугалим балдарга Кыргызстан сен үчүн эмне?-деген суроо менен кайрылат.

Балдар: Кыргызстан менин….(мекеним, үйүм, өлкөм, жерим, байлыгым, сыймыгым, жашоом, келечегим, бактым, ата-энем, ата журтум)

Мугалим окуучулардын жообун угуу менен Кыргызстан биз үчүн  эмне экендигин чечмелеп, слайд аркылуу көрсөтөт.

Окуучуларды топторго бөлүү:

Мугалим кыргыздын улуттук баалуулуктары болгон: комуз, боз үй, көөкөрдүн сүрөтү тартылган түстүү кагаздардын жардамы менен окуучуларды үч топко бөлүп алат. Комуз, көөкөр, боз үйдүн сүрөттөрүн окуучулардын санына жараша алдын ала даярдап алат.

Топторго тапшырма берүү:

Мугалим доскадагы “Ата-Журтум –асыл Мекеним ”-деген сөздү балдарга окуп берүү менен доскадагы чапталган сөздөрдү үч топко таратып берет. Ар бир топ берилген сөздөрдү чечмелеп айтып беришет.

  • топко “ Ата Журтум”

  • топко “ асыл”

  • топко “ Мекеним”

Жаңы теманы өтүү:

-Демек, балдар силер айткандай  биздин бүгүнкү сабагыбыздын темасы “Ата-Журтум-асыл Мекеним”. Биздин бүгүнкү тарбиялык саат  Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январь айындагы жарлыгына ылайык  “ Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналат. 

Кандай гана мамлекет болбосун анын өзүнүн символдору болот. Символдор – ар бир мамлекеттин эмблемасы.

Биздин мамлекетибиздин кандай символдорун билесиңер?

Мамлекеттин символикалык белгилери: туу, герб, гимн.

Дүйнө жүзүндө жүздөгөн улуттар жана мамлекеттер бар. Кээ бири өз аймагында, өз жеринде, өз эли менен жашап жатса, кээ бири бирөөнүн жеринде баш калкалап, башка өлкөнүн мыйзамына баш ийип, күн кечирип келүүдө. Алардын өз аймагыбызда жашасак , көз карандысыз өлкө болсок дегенде эки көзү төрт.

Эмнеге? Аларда  эң маанилүү эгемендик деген нерсе жок.

Демек, аларда эркиндик жок. Бул жөн эле сөз болгону менен опол тоодой түшүнүктү алып жүрөт. Ушул түшүнүктөн алып караганда биздин мамлекет алда канча өнүккөн, ийгиликтүү деп айта алабыз. Себеби, эгемендик, баш мыйзам бар экенинен, өлкөнүн өз өнүгүү жолу бар, улуттун баалуулугу, жарандын укугу бар экендигинен кабар берет.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта өзүнүн тарыхый маанилүү чечимин – эгемендигин кабыл алган. Ошондон бери 30 жыл өтүптүр. Бул 30 жыл  Кыргызстандын 30 эле жыл өмүрү бар дегенди билдирбейт.

Кыргызстан, миңдеген жылдык бай жана маңыздуу тарыхы бар байыркы өлкө. Дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп, түптөлүп, өнүгүп, башкарып негизделген. Адеп- ахлактык баалуулуктарын, салтын, каадасын, тарыхын сыйлап, далай жолду баскан элбиз. 30 жылдык убакытта Кыргызстан расмий түрдө жер жүзүнүн картасынан орун алды. Ошол себептен, өлкөбүздүн өнүгүү деңгээли дал ушул убакыт ичинде талданып келет. Кыргызстан 30 жылдык жаңы кадамында жоготууларга дуушар болду, өнүктү, өнүгүү жолунда.

Кээ бир аспектте ( каралып жаткан обьект, тармак боюнча ) алдыга озуп чыкса, кээ биринде артта калып чалынып келет.

Канчалаган билимдүү жаштар билим алып, илимде өз ордун таап, Кыргызстандын атын таанытып жүргөн балдарыбыз көп. Демек, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү  үчүн ар бир кыргыз жараны билим алсын, тил үйрөнсүн, жаңы адамдар менен таанышсын, саякаттасын, глобалдык маселелер тууралуу ой жүгүртсүн, жакшы досторду тапсын. Билимдүү, акыл-эстүү, адеп-ахлактуу коом  пайда болгондо гана Кыргызстанда өнүгүү, алдыга жылуу болот. Бул ар бир адамдын колунан келет.

Жаштайынан билимге сугарылган, тил үйрөнүп, музыкалык аспаптарда ойногон, илимий иш жасап, изилдеген, билимдүү чөйрөдө жашаган, дүйнө таанымы кеңири жана аң- сезими өнүккөн, жаңыча ой жүгүрткөн коом — өлкөнүн өнүгүшүнүн эң биринчи жана эң күчтүү куралы болуп саналат.

Мугалим ырды слайд аркылуу окуп берет:

Бийик нарктуу улуу кыргыз элим бар,

Береке мол, ажайып кооз жерим бар.

Бабалардын кылым кезген мурасы,

 



Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 10-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын темасы: ТОЛЕРАНТТУУЛУК – ИНСАНДЫН БААЛУУЛУГУ


Сабактын максаты:

    • Окуучуларды «толеранттуулук» түшүнүгү менен тааныштыруу;

    • Окуучулардын толеранттуулук түшүнүгү боюнча ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүү;

    • Окуучулардын толеранттуу көз карашын калыптандыруу.



Керектелүүчү ресурстар: ватмандар, маркерлер.



Даярдоо иш-чаралары.

    • Ватмандын чоң барагына «толеранттуулук» түшүнүгүнүн аныктамасын жазуу жана аудиторияга арткы жагын каратып доскага илип коюу керек;

    • Таркатуу материалдары: Толеранттуулук деген эмне жана толеранттуулуктун түрлөрү. Тексттен караңыз.



Толеранттуулуктун аныктамасы:

    • Кызматташуу, өнөктөштүк сезими;

    • Башка бирөөлөрдүн оюн сыйлоо;

    • Адамдык кадыр-баркты сыйлоо;

    • Башкалардын укугун сыйлоо;

    • Башка бирөөнү кандай болсо ошондой кабыл алуу;

    • Өзүңдү башка бирөөлөрдүн ордуна коюу жөндөмдүүлүгү;

    • Башкача болуу укугун сыйлоо;

    • Көп түрдүүлүктү таануу;

    • Башкалардын тең укуктуулугун таануу;

    • Башкалардын оюна, жүрүм-турумуна, диний ишенимине сабырдуу болуу;

    • Күч колдонуудан, жабыр келтирүүдөн, басмырлоодон баш тартуу.



Сабактын жүрүшү:

Максаты: сабактын темасын актуалдаштыруу.

Мугалим: Сабак маанилүү күнгө – Толеранттуулуктун эл аралык күнүнө арналды. Толеранттуулуктун эл аралык күнү 1996-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген. Ошол күндөн баштап 16-ноябрь ар жылы толеранттуулукка арналган эл аралык күндү, толеранттуулук түшүнүгүнүн маанисин

ар бир адамга жеткире ала турган окуу мекемелеринде жана коомчулукта түрдүү иш- чараларды өткөрүү менен белгилөөгө чечим чыгарылган.

  1. Негизги бөлүк (25 мүн.)

Көнүгүү: «Толеранттуулук» деген эмне?

Максаты: «толеранттуулук» түшүнүгүнүн көп кырдуулугун көрсөтүү, окуучуларга «толеранттуулук» түшүнүгүнө аныктама берүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

Мугалим 3-4 окуучудан турган топторго бөлөт. Ар бир топ ватманга толеранттуулукка аныктама беришет. Аныктама кыска жана маанилүү болушу керек. Талкуулагандан кийин ар бир топтун өкүлү доскага аныктаманы илип, окуучуларды толеранттуулук аныктамасы менен тааныштырат.

Топтор өздөрүнүн аныктамасын окуп бүткөндөн кийин, мугалим алдын ала жазылган толеранттуулуктун аныктамасын окуучуларга көрсөтөт.

Окуучулар ал аныктама менен таанышып, ага өз ойлорун айтышат.

Мугалим төмөндөгүдөй суроолорду берет:

    • Ар бир аныктаманы эмне айырмалап турат?

    • Ал эми бул аныктамаларды бириктирген эмне бар?

    • «Толеранттуулукка» бир аныктама берсе болобу?

Мугалим ар бир окуучуга таркатуу материалдарды берет жана текстти кезек менен окууну суранат.



Толеранттуулук — башка бирөөлөрдүн жашоо образын, жүрүм- турумун, сезимдерин, ой пикирин, урп-адаттарын, диний ишенимдерин сабырдуулук менен кабыл алып, мультиэтникалык, көп маданиятуулук чөйрөсүндө туруктуу чогуу жашоо дегенди түшүндүрөт.



Толеранттуулук - бардык жарандардын ар түрдүү болушуна укугунун бар болушу, жарандык коомдук социалдык нормасы жана баалуулугу,

ар түрдүү конфессиялардын, саясий, этникалык, социалдык топтордун ортосунда туруктуу гармонияны камсыз кылуу; ар түрдүү дүйнөлүк маданиятты, цивилизацияны, элди түшүнүү; ар түрдүү келбети тили, салттары, диний ишенимдери менен

айырмалаган адамдарды түшүнүүгө жана кызматташууга даяр болуу.



Толеранттуулук биздин дүйнөдө ар түрдүү маданияттарга бай экендигин туура түшүнүү жана ынануу, кабыл алуу. сыйлоо үчүн билим, ачыктык, сүйлөшүү, эркин ойлоо, ыйман, ишеним жардам берет. Толеранттуулук

  • көп түрдүүлүктөгү гармония (толеранттуулуктун принциптери боюнча декларация 1995-ж).



Толеранттуулук бул баалуулуктардын жана нормалардын системасы. Бул системаны негизгилери булар:

    • инсанды сыйлоо – ар бир адамдын улутуна, диний ишенимине жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабай конкреттүү мүнөзү жана жүрүм-туруму үчүн баалоо;

    • адам укугун сыйлоо – ар бир адам баласынын коомчулуктун моралдык жана укуктук нормаларына каршы келбеген улуттук, диний жана башка

мүнөздөмөлөр боюнча өзүн алып жүрүүгө жана ой пикирин айтууга укугу бар;

    • укуктук жана моралдык нормаларга каршы келбесе, башкача айтканда өтө оор күнөөгө жатпаса, башка адамдардын алсыздыгына, катачылыгына, кемчиликтерине сабырдуу болуу;

    • конфликттерди күч колдонуусуз чечүү жана келишимге келүүнүн баалуулугу;

    • адам баласынын жашоосунун баалуулугу жана физикалык жапа чегүүнүн жоктугу;

    • укуктук нормаларды сактоо баалуулугу;

    • кошо бөлүшүү, тилектеш болуу, кошо кайгыруу баалуулугу.

Толераттуулуктун түрлөрү

  • Жыныстык толеранттуулук – башка жыныстагы адамдарга калыстык мамиле жасоо жана аларды кандайдыр бир сапаттар боюнча кемсинтүүгө жол бербөө, бир жыныстагы адамдар башка жыныстагы адамдардан биринчи орунда болуу идеясынын жоктугу. Жыныстык толераттуулуктун эң терс көрүнүшү

бул жеке же топтук кемсинтүү, мисалы аялдарды жынысынын негизинде, эркектер аялдарга караганда жогоруда туруш керек деген божомолдоолордун негизинде жумушта, саясатта, коомдук чөйрөдө дискриминациялоо.

  • Жашына негизделген толеранттуулук – адамдын жашына байланыштуу далилденбеген

«кемчиликтерге» карай кемсинтпөө (улуу-картаң адамдардын жаштардын тажрыйбасы жана билиминин

аздыгы үчүн түшүнбөстүгү, ж.б.). Жашына негизделген толеранттуулук кары адамдарды сыйлоо көп элдин маданиятына туура келет.



  • Билимге негизделген толеранттуулук – билими жогору адамдардын билими төмөн адамдардын ой пикирине, жүрүм-турумуна түшүнүү менен мамиле жасоо. Көп учурда толеранттуулуктун бул түрү күндөлүк жашоодо көп кездешет жана билим деңгээли чечүүчү фактор катары эсептелген суроолорду талкуулоо менен байланышпайт.



  • Улутуттар аралык толеранттуулук – башка улуттагы адамдарга оң мамиле кылуу, улуттун жеке өкүлдөрүрүнүн кемчиликтерин жана терс жүрүм-турумун бардык улутка тиешелүү кылбоо, кандай гана адам болбосун «улуттук айыпсыздыкты урматтоо» позициясы менен мамиле жасоо.



  • Расалык толеранттуулук – башка расадагы адамдарга терс же алдын

ала жаман ойлордун жоктугу. Расалык толеранттуулуктун терс көрүнүшү бул расизм - расалык принциптерге таянып, кандайдыр бир раса башка расаларга караганда үстөмдүк кылат деген ойдо дискриминациялоо.



  • Диний толеранттуулук – ар түрдүү конфессиялардын ынанымдарына, динчилдигине, динге ишенген жана ишенбеген адамдар тарабынан, ар түрдүү

конфессиялардын өкүлдөрү тарабынан түшүнүү менен мамиле жасоосу.

Конфессиялар аралык толеранттуулуктун жоктугунун терс көрүнүш- бул экстремисттик жол аркылуу берилген диний фанатизм болуп саналат. Диний фанатизм - кандайдыр бир диндин урп- адаттарын, баалуулуктарын, ишенимин таратуу. Диний фанатизм бир дин башка диндерге караганда жалгыз, ал гана туура жана бардык адамдар ошол динди тутуш керек дегенди түшүндүрөт.



  • Географиялык жайгашуусуна негизделген толеранттуулук – адамдын жашаган жерине карата шаардык, айылдык, башка райондон, региондон, мамлекеттен деген бөлүүлөргө жол бербеген мамиле.



  • Социалдык класстар аралык толеранттуулук – ар түрдүү мүлктүк катмарлардын өкүлдөрүнө сабырдуулук менен мамиле жасоо, байлар кедейлерге, кедейлер байга.



  • Физиологиялык мүнөздөргө негизделген толеранттуулук – майып, оорукчан, келбетинде кемчиликтери

бар адамдарга түшүнүк менен мамиле жасоо. Билим жагынан төмөн катмардагы мектеп окуучулары жана бала бакчадагы балдарды изилдегенде бул түр эң маанилүү ж.б.



  • Саясий толеранттуулук – Ар түрдүү партиялардын жана уюмдардын иш-аракеттерине, ой пикирлерине сабырдуу мамиле кылуу. Саясий толеранттуулуктун жоктугу- фашизм жана саясий репрессияларды жүргүзүү саясаты болуп саналат. Фашисттик идеология мамлекет башкача ойлонгондор, расаны тазалаш үчүн, жарандардын жашоосун көзөмөлдөө үчүн

күрөшүш керек дегенди түшүндүрөт; эркин шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылуу; маалымат эркиндигине чек коюу, саясий оппонентерин же официалдуу бийлик менен макул болбогондорду ырайымсыздык менен жазалоо; сырткы саясий толеранттуулук бул мамлекеттерге, элге болгон мамиле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилген ынанымдардын - принциптердин негизинде болгон мамиле. Сырткы саясый толеранттуулуктун жоктугу

  • бул империализм- бул элдин башка элдердин байлыгын жана ресурстарын контролдоо үчүн көз каранды кылышы.



    • Тилге негизделген толеранттуулук – башкалардын тил маданиятына жана силерди түшүнбөгөн адамдарга сый мамиле жасоо.



Мугалим: Төмөндөгү суроолор боюнча талкуу жүргүзөт:

    • Азыркы учурда толеранттуулук темасы актуалдуубу? Эгерде «ооба» десеңер, анда эмне үчүн?

Толеранттуу жана толеранттуу эмес жүрүм-турум.



Максаты: Толеранттуу эмес жана толеранттуу жүрүм-турумга түшүнүк берүү, окуучулардын толеранттуу аң- сезимин калыптандыруу.

Мугалим: Толерантуу эмес дегенди кандай түшүнөсүңөр?



Мугалим аныктама берет: Толеранттуу эмес деген бул башка адамды кабыл албоо, башка адамдар менен бирге жашоого даяр болбоо; Толеранттуулук эмес жүрүм-турум агрессивдүүлүк жана конфликт аркылуу көрүнөт.

Мугалим: Толеранттуу жана толеранттуу эмес жүрүм-турумдун белгилерин айтабыз.

Доскага эки ватман илинет жана мээ чабуулу аркылуу сапаттар жазылат.




Толеранттуу жүрүм-турум

Толеранттуу эмес жүрүм-турум

  • Башкалардын оюн сыйлоо;

  • Ак тилек каалоо;

  • Чогуу бир нерсени аткаруу;

  • Түшүнүү жана кабыл алуу;

  • Сезгичтик жана билүү үчүн тырышчаак болуу;

  • Башка бирөөнүн көңүлүн кароо;

  • Ишеним;

  • Кечирүү;

  • Өзүн алып жүрүү жөндөмдүүлүгү;

  • Башкалардын оюн түшүнбөө;

  • Тоготпоо;

  • Өзүмчүлдүк

  • Эгоизм;

  • Кыжырдануу;

  • Кайдыгерлик;

  • Барк албагандык;

  • Сабырсыздык;

  • Агрессивдүү болуу;

  • ?

Көнүгүү: «Биздин чөйрөдөгү толерантуулук жана толеранттуулук эместик».

Мугалим: Кандай ойлойсуңар, толеранттуулук жана толеранттуу эместик түшүнүктөрүн «коом» түшүнүгүндө колдонсо болобу?

  • Кандай коомдо жашайсыңар?

Мисалдарды келтиргиле.

  • Биздин коомдо адамдардын толеранттуу жүрүм-турумунун мисалдарын байкагансыңарбы?

Мугалим: Сабакта кандай жаңы нерселерди алдыңар? Биздин сабактан кандай жыйынтыктарды чыгарсак болот?

Мугалим жыйынтык чыгарат: эң негизгиси силер адептүүлүктун алтын эрежени эстеп калышыңар керек:

«Башкалардын сага кандай мамиле жасашын кааласаң, сен дагы аларга ошондой мамиле жасашың керек» биз ошондо гана биздин коом толеранттуу болот деп, ишеним менен айта алабыз.

  1. Жыйынтыктоочу бөлүк

(5 мүн.)

Көнүгүү: “Бул эң сонун!”

Максаты: Өзүнө - өзү баа берүүнү жогорулатуу, топтордон колдоо алуу, рефлексия.

Мугалим: Окуучуларды тегерек болуп туруусун суранат.

  • Азыр биздин арабыздан бирөөсү чыгат жана толеранттуу адамдын сапаттарына тиешелүү болгон өзүнүн жактырган сапатын айтат (Мисалы, «Мен башкаларды уга билем», «Мен тартышып жатканда ал адамга макул боло алам»). Ар бир окуучу ушинтип айтканда, тегерек болуп турган окуучулар баш бармагын көтөрүп, хор менен «Бул эң сонун!» деп айтышат.

Катышуучулар тегерекчеге кезектешип чыгышат.







































Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 10-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж


Сабактын темасы: Суу-өмүрдүн булагы


Сабактын максаты:

Кыргыз жерин жана суу байлыктарын баалоону, суунун адам жашоосундагы зарылдыгын түшүнүү;

Жашаган жерибизде кандай суулар бар экендигин жана анын аталыштарын аныктоо, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

Сууну булгоо, ысырап кылуу туура эмес экенин билүү. Сууну таза, үнөмдүү пайдаланууга тарбиялануу;


Таза аба, таттуу суу, Көңүлдөргө жакчу суу. Туулуп өскөн айылым, Жакшы жердин жакшысы.


Суу деген эмне?


жашоо

тазалык

керектөө

суу

жаныбарлар

адамдар

өсүмдүктөр


1.Суутек менен кычкылтектин

бирикмеси.

2. Булак, өзөн, дарыя, көл,

деңиздерди пайда кылуучу

түссүз суюктук.

Кыргыз жери суулары менен даңктуу

жана бай.

Ар бир өрөөндө

мөңгүдөн

келген суулар

бар. Суулар

кошулуп чоң

дарыяларды

түзөт.






Кыргызстандын атактуу дарыялары:


Чүй дарыясы,Кара-Дарыя,Ак-Буура дарыясы,Көкөмерен дарыясы,Талас дарыясы

Кээ бир жерлерде

дарыялар топтоло берип, көлдү пайда кылган.. Ысык-Көл,Чаткал көлү,Сөң-Көл


Сары-Челек көлү


Мындан тышкары көп жерлерден булактар агып чыгат.

Мекенибизде

150дөн ашык дары

булактарыбыз бар.

Аларга эл дары-

ланганы барып,

ден соолуктарын

чыңап турушат.


Ысык-Ата


Арашан


Кара-Шоро


Суу-биздин байлыгыбыз.

Суу-жерибиздин көркү.


Жер жүзүнө жайылып,

Толуп чыккан аккан суу

Жети кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.


Таза болсоң суудай бол,

Баарын жууп кетирген.

Балбан болсоң, жердей бол,

Баарын чыдап көтөргөн.


Макал-лакаптар

Суу атасы-булак,

Үйгө тапшырма: «Суу» деген темага кластер





Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 11-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж

Сабактын  темасы: “ Өзүн  сыйлаган, өзгөнү  сыйлай  алат.”
Сабактын  максаты:

- Өзгөлөрдү  сыйлоо  жана урматтоо,  өзуңдү сыйлоодон   башталарына  окуучуларды ынанышат; 

- Үч ууру  жөнүндөгү  уламышты айтып  берүү  менен  өзун  сыйлаган  адамдын өзүн  сыйлабаган   адамга  караганда качандыр мезгилде  адам  баласына  сый көрсөтүп жардам  берерин  түшүнүшөт.
Сабактын  жабдылышы:  Макал  лакаптар  жазылган плакаттар
Сабактын  журүшү: 1 Уюштуруу  .
2.  Жаңы  темага  киришүү .
А) Окуучулар менен  өтө  турган  тема  боюнча  маек .
Балдар  ,  силер  өзүн  сыйлоо  дегенде  эмнени  түшүнөсүңөр  ?
Өзгөну  сыйлоо  дегенде  эмнени  түшүнөсүңөр ?
Такыр  эле  сыйлоо  дегенди  кандай  түшүнөсүңөр ?
Жооптор  :  Сыйлоо  деген  -  бул  бирөөнүн  жашын  сыйлоо  ,  бирөөнүн  динин  сыйлоо  ,  бирөөнүн  сөзүн  сыйлоо  ,  ата  -  энени  сыйлап  кадырына  жетуу  .
Б ) .  Ушул  өтө  турган  темабыз  тууралуу  кандай  макал  -  лакаптарды  эстей  аласыңар  ?
“Бирөөнү  сыйласаң  өзүң  да  сый  көрөсүң” ,  “  Улууну  урмат –
та  ,  кичүүнү  сыйла”  .ж.б.у.с.  

3.  Эми  балдар  мен  силерге  төмөндөгү  окуяны  айтып  берейин  ,  силер  кулак  салып  уккула  .
Илгери  өткөн  заманда  үч  ууру  болуптур  .  Алар  бир  күнү  хандын  казынасына  уурулукка  киришип  ,  көп  алтынын  уурдап  кетишет  .  Эртеси  уурулук  жөнүндө  билишип  ,  хан   “кайдан  болсо  ууруларды  тутуп  менин  алдыма  тирүү  алып  келгиле  ,  мен  аларга  хандын  казынасын  уурдоо  кандай  болорун  көрсөтөм”-  деп  аябай  каарданат  .  Жигиттери  туш  тарапка  ууруларды  издеп  жөнөшөт  .  Бир  жерге  барышса  үч  ууру  түнү  менен  жол  жүрүп  өздөрү  да  аттары  да  чарчап  ,  уктап  калышат.
Ошентип  алар  колго  түшүп  калышат  .  Хандын  алдына  алып  келишкенде , ал  “ буларды  кандай  абалда  кармадыңар” -  деп сурайт  .  Анда  жигиттердин  бирөөсү  :  “Мына  бул  биринчи  турганы  астына  атынын  тердигин  салып  ,  башына  ээрин  жазданып  ,  устүнө  чапанын  жамынып  жатыптыр  ,  ал  эми  калган  экөө  жерге  эле  жатып  алышыптыр”  -  деп  жооп  берет  .
Ошондо  хан “ биринчи  ууруну  кое  бергиле ,  ал  эми  калган  экөөнү  дарга  аскыла”-  деп  буйрук  берет  .  Жанындагылар  түшүнбөй  калышыт  да  хан  эмне  үчүн  мындай  чечимге  келгенин  түшүндүрүп  берүүнү  сурашканда  хан  мындай  дейт  :  “Биринчи  ууру  өзүн  сыйлап  артына  куугун  түшкөн  болушуна  карабай  астына  төшөнчү  салып  ,  үстүнө  жамынчы  жаап  ,  башын  жазданып  жатып  атпайбы  ,  бул  адамдын  кадырына  жете  алат.
Ал  эми  калган  эки  ууру  силердин  айтышыңар  боюнча  жерде  эле  оонап  жатышкан  тура  ,  булар  өзүн  сыйлай  албагандан  кийин  эч  качан  адамдын  кадырына  жете  алышпайт  .  Ошондуктан  буларды  өлүм  жазасына  өкүм  кылдым” -  деп  жооп  берген  экен.


4.  Кана  балдар  бул  уламышты  уккандан  кийин  кандай  ойго  келдиңер  ?  Хандын  чечимин  туура  деп  эсептейсиңерби  ?
Биринчи  ууруну  кандай  сапаты  сактап  калды  ?  Калган  эки  ууру  да  тирүү  калышы  мүмкүн  беле  ?
5 .  Уй  тапшырмасы  .
Темабызга  байланыштуу  макал  - лакаптардан  таап  жаттап  келгиле  .













Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 10-класс

Класс жетекчи: Үркүнчиева Ж










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!