Коддоо жана декоддоо
- Тексттик маалыматты кодго айландыруу.
- Сандык маалыматты коддоо.
Код – бул маалыматты көрсөтүү жана берүү үчүн шарттуу белгилердин жана эрежелердин системасы.
Коддоо (кодго айландыруу) – бул берилген коддун жардамы менен маалыматты чагылдыруу, маалыматты чагылдыруунун бир ыкмасынан башка, сактоого, иштетүүгө жана берүүгө ыңгайлуу болгон ыкмасына өтүү.
Кодду жандыруу (декоддоо) – бул коддун жардамы менен маалыматты чечмелөө, анын баштапкы формасын калыбына келтирүү.
Коддоонун максатына жараша
маалыматты коддоо ыкмасын тандашат:
• графикалык (сүрөттөрдүн же белгилердин жардамы менен);
• сандык (сандардын жардамы менен);
• символдук (алфавиттин символдорунун жардамы менен).
Тексттик маалыматты кодго айландыруу
Тексттерди сан аркылуу кодго айландыруунун бир варианты – бул тамгаларды алардын алфавиттеги номерлери менен алмаштыруу. Мисалы:
К(12), И(10), Т(22), Е(6), П(19).
К и т е п = 12 10 22 6 1 9
Бардык текст символдордун удаалаштыгынан турат. Символдор болуп тамгалар, цифралар, тыныш белгилер, математикалык амалдардын белгилери, квадраттык жана тегерек кашаалар ж.б. эсептелиши мүмкүн.
Компьютердин эсиндеги ар бир символго символдун коду деп аталган,экилик системада жазылган бүтүн оң сан бекитилип коюлат.
Кодго айландырууну жана кодду жандырууну ушул бекитилген коддор
таблицасы менен жүргүзүү абдан ыңгайлуу.
Символдор жана ага туура келген тиешелүү коддор коддоо системасы
деп аталат.
Морзе алиппеси . Коддоонун бул ыкмасын
1838-жылы Сэмюэл Морзе ойлоп тапкан.
Алфавиттин ар бир тамгасына чекит жана
тирелердин белгилүү катары туура келет.
Чекит – бул бир кыска, Тире – узак сигнал.
Мисалы “С” тамгасы – бул 3 чекит (үч кыска
сигнал ), “О” тамгасы – 3 тире (үч узак сигнал).
Ал эми качан символ экранга чагылганда, коддоого тескери – кодду жандыруу процесси ишке ашат.
Символдорду кодго айландыруу үчүн атайын ASCII коддук таблицасы
иштелип чыккан ( American Standard Code for Information Interchange ). Таблицада компьютердик алфавиттин ар бир символуна тиешелүү экилик коду бекитилет.
ASCII коддук таблицасы боюнча компьютерге кирген тексттик маалыматты коддоо
Сандык маалыматты коддоо
Компьютерлер экилик эсептөө системасын, демек маалыматты сактоонун да экилик системасын колдонушат. Андыктан, каалагандай санды нөлдөрдүн жана бирлердин удаалаштыгы катарында көрсөтүүгө болот(белгилүү сандагы бит маалыматтын удаалаштыгы).
Эсиңердеби, экилик ситеманын бир разряды – бул бир бит?
Он алтылык эсептөө системасынын ар бир цифрасына 4 экилик цифра туура келет:
0110 2 = 6 16
1010 2 = А 16
Демек, он алтылык системанын эки разряды – бул 1 байт = 8 бит.
Азыркы компьютерлерде маалымат байттар менен коддолот, ошондуктан көпчүлүк учурда он алтылык эсептөө системасын колдонуу ыңгайлуу.
Кээ бир байттардын маанилерин адамга түшүнүктүү белгилерге (тамга,цифра) которуу үчүн компьютер ар бир белгиге белгилүү маанидеги байт бекитилген “коддук таблицаларды” колдонот.
Үй тапшырма: Теманы окуп, эрежелерди жаттоо