Мугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?
Компетенттүүлүк дегендин өзү кайдан келген? Анын этимологиясын иликтесек, латын сөзүнөн алынган, competens – деген сөздөн, кыргызча тиешелүүлүк, жөндөмдүүлүк, иш билгилик дегенди түшүндүрөт.
Компетенттүүлүк – ( лат.- тиешелүүлүк, иш билгилик ) – адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) билимдин, билгичтиктердин ар түрдүү элементтерин жана ишмердиктин ыкмаларын өз алдынча колдоно билүүгө болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү.
Маалыматтык
Адистик
Компетенттүүлүк
Укуктук
Коммуникативдик
Адистик компетентүүлүк – бул адистин билим алуу чөйрөсүндөгү ишкердүүлүгүнүн эффективдүү аракеттери, жашоодогу тажрыйбасынын негизиндеги маселелерди чече билүүсү, жаңы технологияларды колдоно билүүсү, маалыматтык ресурстар менен иштөөсү, өз билимин жогорулата алуусу;
Маалыматтык компетентүүлүк – адистик процесске жана дидактикалык талаптарга тиешелүү маалыматтар менен иштей билүүсү, окуу иштериндеги маселелерди маалыматтык-коммуникативдик жөндөмдүүлүк менен чече билүүсү, маалыматтык ресурстарды, компьютердик жана мультимедиялык технологияларды колдоно билүүсү, электрондук маалымат алып жүрүүчүлөр менен, электрондук иш кагаздары менен, электрондук билим берүүчү ресурстар менен иштей билүүсү;
Коммуникативдик компетентүүлүк – башка адамдар менен тил табыша алуусу, жетекчилери, коллегалары менен байланыш түзө алуусу, адамдар менен байланышуудагы өзүнүн тактикасын жана техникасын иштеп чыгуусу, өзүнүн позициясын жеткире алуусу, ораторлук чыгармачылыгы, оозеки жана жазма речи, өз ишин эл алдында билдире алуусу.
Укуктук компетентүүлүк – мыйзамдарды жана укуктук нормативдик актыларды, өз адиси жөнүндөгү мыйзамды өздөштүрүүсү жөнүндөгү маалыматтарга ээ болуусу.
Мугалимдердин компетентүүлүгү же ишбилгилиги деген эмне? Кандай мугалимди ишбилги дей алабыз? Алардын мугалимдик кесипке компетенттүүлүгү кантип аныкталат? Так аныктоого негиз боло турган стандарт барбы?
Мугалимдердин компетентүүлүгү (ишбилгилиги) төмөнкү багыттар боюнча бааланат:
1. Кесиптик - педагогикалык ишбилгилик 2. Окутуу-үйрөтүү процессин уюштура билгичтик 3. Инсандык психологияга аяр мамиле жасай билгичтик 4. Билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, мугалимдик кесипке берилгендик, педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо 5. Окуу программалары боюнча түшүнүк, кабардарлык деңгээли 6. Коммуникабелдүүлүк 7. Билимди, билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу, баалоо критерийлерди билүү 8. Башка өзгөчөлүктөр (квалификацияны жогорулатуу, мыйзамдуулукту билүү ж.б.)
Кесиптик-педагогикалык ишбилгилик
А. Кесиптик ишбилгилик Темага жана тиешелүү билим тармакка байланыштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү. Предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүү. Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүү. Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип, түшүнүктөрдү жатык тилде, төп келтире үйрөтө ала турганын көрсөтүү.
Б. Педагогикалык ишмердүүлүккө даярдык Окуучулардын түшүнүктөрдү туура же туура эмес кабыл алгандыгын аныктап, зарыл болгон учурда түзөтүү. Окуучулардын каралган темага байланыштуу суроолоруна жеткиликтүү жооп бере алуу. Окуучулардын билимине, үйрөнүүсүнө алардын физиологиялык, психологиялык, сезимталдык жана социалдык жактан өнүгүүсү таасир бере турганын билүү. Предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүп жатканын билүү. Предметтин өзгөчөлүгүнө, сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методдорду жана технологияларды тандай билүү. Окуу предметке, сабакка шайкеш келген маалыматтык технологияларды пайдалана билүү. Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерин билүү. Окуу предметке, сабак өтүүгө байланыштуу квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу.
Окутуу процессин уюштурууга карата ишбилгилик
а) Пландаштыруу Сабактын максатын жана анын аягында окуучуларда күтүлүүчү билим, мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү. Сабактын аягында окуучулардан күткөн өзгөчөлүктөрдү кантип үйрөтөөрүн пландаштыруу, бышыктоочу суроолорду тактоо. Өтүлө турган темага кошумча материалдарды тандоо жана даярдоо. Окуучулардын жекече, психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан (кругозорунун) өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн, кроссворд, роль, жекече же топтордо иштөө, көнүгүү ж.б.) пландаштаруу; теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү, аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалдарды колдонуу. Пландаштырууда окуучулардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу. Сабактын соңунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө, эмнени көрө билгендигине жараша баалоо.
б ) Окутуу процесси Окуучулардын социалдык, психологиялык, тил, сезим, туюм, маданий жактан өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрө билүү. Ар бир окуучунун эмнеге кызыгаарын, ага эмне керек экендигин билүү. Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, анын жөндөмүн, кызыгуусун, үйрөнүү өзгөчөлүгүн билип, урмат менен мамиле кылуу. Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү. Окуучулардын жаш курактарына, буга чейинки билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша метод жана технология колдонуу. Убакытты бөлүштүрүп, туура пайдалана билүү. Сабактын темасына (максатына) ылайык, кошумча материалдарды пайдалана билүү. Сабактардын мазмунун окуучулардын күнүмдүк турмушу менен байланыштыра билүү. Ар бир окуучу менен иштөө, алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо. Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү. Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер (жеке, түгөй, топтук тапшырма берүү, көрсөтмөлүүлүк, практикалык иштер - экскурсия, эксперимент, байкоо, ж.б.), тиешелүү окутуу технологияларын колдоно билүү. Окуучулардын жаш курактарына ылайык, алардын көңүлүн бурган, ойлонууга, изденүүгө түрткү берген суроолорду тандай билүү. Окуучулардын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларга түрдүү тапшырмаларды берүү. Окуучулардын эмгегин баалоодо колдонула турган ыкмаларды, тесттерди, суроолорду мурдатан тактоо. Баалоодон кийинки натыйжага карап, окуу-тарбиялоону мындан ары натыйжалуу улантуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу.
Инсандык психология боюнча компетенттүүлүк
А. окуучулардын ойлоруна маани берип, аларга урмат менен мамиле кылуу. Бул эмнени түшүндүрөт: - окуучуларга теориялык, практикалык жактан керек болгон билим, маалымат жана тажрыйбаларды көрсөтөт; - окуучулардын бири-бири менен сый мамиледе болушуна маани берип, тапшырма бергенде алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана жөндөмдөрүнө да карайт; - окуучулар берген жооптордо камтылган ой-пикирлерге маани берет; - класстык же класстан тышкаркы иштерде балдардын жекече каалоосуна, керектөөсүнө, мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө карайт; - окуучулардын үй-бүлөлүк социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мамиле кылат.
Б. Окуучулардын үйрөнө алаарына ишенүү Бул эмнени билдирет: - мугалим окуучулардын дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруусуна жардам берип, өзү ар дайым изденүү үстүндө болуусу, окуучуларга өздөрүнө, үйрөнө алаарына ишенгенди үйрөтүүсү керек; - үйрөнүүгө тоскоол болгон нерсе же абалды изилдеп, окуучуларга ал тоскоолдуктарды жеңүүгө түрткү берүү; - үйрөнүү, билим алуу, ийгиликке жетүүнүн түрдүү жолдору бар экенин айтуу; - ар кандай деңгээлдеги окуучуларды окууга, үйрөнүүгө, изилдөөгө мотивациялоо; - окуучулардын ийгиликтерин дайыма айтып, аларга көмөк көрсөтүү.
В. улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга маани берүү Мугалим балдардын адамдык укугу, инсандык укугу, өлкөнүн негизги мыйзамы жана демократия принциптерин өздөштүрүп, ар бир коомдун өзүнө тиешелүү маданий структурасы, баалуулуктары болооруна түшүнүү менен мамиле кылуу, жалпы адамзаттын жана элдин баалуулуктарына маани берип, эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир этээрин билүү, ортоктошуп иштөөгө, эл аралык биримдикти, достукту чыңдоого өз салымын кошуу менен бирге, окуучулардын да буларды үйрөнүшүнө шарт түзүү.
Г. Өзүн-өзү баалоо, сындоо. Мугалим класстын ичинде жана класстан тышкаркы иштеринде сын көз караш менен карап, анализдөө, жаңы билим, маалымат жана ойлорго ачык болуу.
4. Билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, мугалимдик кесипке берилгендик, педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо
а. Жеке билим денгээлин үзгүлтүксүз көтөрүү. Мугалимдик кесипке байланыштуу жана башка милдеттерди өз каалоосу менен кабыл алышы, сабырдуулугу, кубаттуулугу, тырышчаактыгы, аракетчилдиги, чыгармачылык менен мамиле кылууусу маанилүү. Ар кандай окуяларга жана процесстерге сын көз менен карап, проблеманы чечүү жана коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу үчүн аракеттенүүсү зарыл.
б. Кесипке байланыштуу жаңылыктардан артта калбай, ага кошумча киргизүү. Өз кесибинде жетишпеген жактарын байкап, кесибин өркүндөтүү үчүн курстарга, чогулуштарга, семинарларга, тренингдерге катышып, кесипке байланыштуу мезгилдик басма сөз каражаттарын, китептерди окуу, өз тажрыйбасын башкаларга жайылтуу зарыл.
в. Мектептин өнүгүшүнө салым кошуу. Мугалим билим берүүдө мектепти, окуучуларды, мугалимдерди бирдиктүү бир бүтүндүк катары карап, мектептин өнүгүшү үчүн башка тараптар менен мамиле түзө алышы маанилүү. Мектептин өнүгүшүндө ар түрдү ийрим же башка иштерге катышып, активдүү позицияны ээлеши керек.
г. Мектеп, үй-бүлө жана коомдун байланышы. - чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, жамааттын ар мүчөсүн мектептин өнүгүшүнө салым кошууга чакыруу; - мектептин айлана-чөйрөдөгү ишканалардан, мекемелерден ишмердүүлүгү боюнча өзгөчөлүгүн, т.а. мектептин иши - билим берүү экендигин, ал адамды тарбиялоо боюнча маанилүү жер экенин белгилөө; - үй-бүлөнү таануу, ага тишелүү түрдүү иш аракеттерди уюштуруп, балдардын өнүгүүсүнө жана ийгилигине салым кошуу үчүн бирдикте иштөөгө чакыруу, пландар түзүү; - мектепте уюшулган түрдүү тарбиялык иштерге ата-энелерди да тартуу.
д. Мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгүн жана жоопкерчилигин толук түшүнүп, башкаларга жардамдашуу. Мугалимдин укугу жана жоопкерчилиги тууралуу нормативдик документтерди окуу жана ага карата мамиле кылуу.
е. Дидактикалык материалдарды даярдоо. Мугалим бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, сабагына керектүү кошумча материал даярдоодо сабактын темасына байланышын билип, окуучулардын билиминин өнүгүшүнө таасир тийгизээрин эске алуусу зарыл. Ошондуктан ал: - карточкаларды, суроо кагаздарын даярдоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алат; - материал колдонууда компьтердик технологияны колдонот; - материалдардын даярдалуусунда окуучулардын ой пикирин эске алат; - материалдын теманы түшүндүрүүдө жардам бере турганына жана кайрадан колдонууга ыңгайлуулугуна карайт.
ж. Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу. Ал үчүн мугалим: - билим берүү, тарбиялоо иш аркеттеринин пайдалуулугун жогорулатуу жана бүтүндүгү үчүн класстан тышкаркы иштерди активдүү түрдө уюштурат. Музейлерге, театрга, парктарга, экскурсияга, фабрикаларга, өндүрүшкө баруу, айлана- чөйрө менен байланыш түзүү, ар түрдүү жарыш, мелдеш, конкурс, майрам аземдерин өткөрүү, окуучуларды жөндөмү жана каалоосуна жараша катыштырууга аракеттенет. - ал иштерге керектүү материал, техникаларды даярдайт.
с. Убакытты туура колдонуу. Мугалим өзүнө бөлүнгөн убакытты рационалдуу пайдалануу үчүн аны так бөлүштүрүп алат. Мисалы, убактысын сабакты түшүндүрүү, кайталоо, көнүгүү жасатуу, жаңы нерсени үйрөнүү ж.б. үчүн бөлүштүрөт.
5. Окуу программалары боюнча түшүнүк, кабардарлык деңгээли
а ) Өз предметин жана тиешелүү окуу программаларды билүү Өлкөнүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты, милдеттерди, принциптерди билүү жана аларды ишке ашыруу үчүн аракет жасоо. Өз предмети боюнча окуу программаны, окутуу методдорун, технологиясын, принциптерин, колдонулуучу материалдарды жана кошумча булактарды пайдалануу жана окуучуларга багыт берүү. Программаны өздөштүрүү деңгээлине жана билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта коюлган талаптарга жараша окуучулардын билиминин деңгээлин аныктоо жана баалоо.
б) Классты башкаруу Ар бир окуучуга класста өз оюн так, толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү. Сабакты максатына ылайык өтүү. Сабакта тоскоол боло турган нерселерди азайтуу. Окуучулардын сабактагы көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү. Окуучулардын позитивдүү мамилелерин, жүрүм-турумдарын колдоого алуу, мактоо. Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу. Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткартуу, ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү.
6. Коммуникабелдүүлүк
а) Коммуникабелдүүлүк Бир нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү, багыттоо. Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери). Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер жана кызматташ окуу жайлар, мектептер, мектептен тышкаркы уюмдар менен өнөктөштүк. Үндү таасирдүү пайдалануу. Суроону өз убагында, туура койо билүү, суроо берүүдө үндүн тонун окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карап өзгөртүү Оозеки пикир алмашууда үндү жана жесттерди таасирдүү колдонуу (келбет, көз караш, колдор, мимика ж.б.)
7. Билимди, билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу, баалоо критерийлерди билүү
а ) Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоо, жазуу, баалоо Окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин, тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү. Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликти жазуу, жыйынтыктарды окуучуга үзгүлтүксүз билдирип туруу. Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилүүлүгүн билүү.
Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу, психолог менен кызматташуу. Окуучунун академиялык ийгилигин улуттук баалоо стандарттарына таянып баалоо.
8. Башка өзгөчөлүктөр (квалификацияны жогорулатуу, мыйзамдуулукту билүү )
а. Кесиптик компетенттүүлүккө байланыштуу башка нерселер. - мугалимдик кесипке тиешелүү буйрук, жардык жана көрсөтмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу; - сын-пикир, түзөтүү жана сунуштарга көңүл буруп, өзүн кесиптик жактан өнүктүүдө пайдалануу; - өзүн-өзү өнүктүрүү аракетинде болуу; - мектептин чогулуштарына, коомдук иштерине, ж.б. иш аракеттерине жигердүү катышуу; - өз иш жана укугун жакшы билүү; - кесибиндеги кээ бир маселелерди чече билүү; - кесиптештери менен жакын мамиледе болуу, урмат менен мамиле кылуу; - өз кесиби боюнча чеберчилигин жогорулатуу үчүн курстарга катышуу; - мугалимдик кесиби менен сыймыктануу, окуучуларды билим алууга үйрөнүүгө салым кошууга багыт берет; - билим берүү жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзөт, материалды колдонууда коргонуу коопсуздук (безопасность) шарттарын эске алат; - класстын тазалыгы, жарыктыгы, жылуулук, кенендик ж.б. өзгөчөлүгүнө көңүл бурат; - технологияны колдонууда башкаларга үлгү болот.
Мугалимдин дидактикалык-методикалык компетенттүүлүгү анын ишти так аткаруучулук кесипкөйлүгүнө байланыштуу аныкталат.
Профессионализм - иш билгиликтин негизин түзөт.