СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Предметтик компетенттүүлүктөр

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарых жана адам жана коом сабактарынын предметтик компетенттүүлүктөрү

Просмотр содержимого документа
«Предметтик компетенттүүлүктөр»

Предметтик компетенттүүлүктөр.


Адам жана коом (10-11-класстар)


1. Жарандык–укуктук-чечилүүчү милдеттерге жана түзүлгөн жагдайларга жарандык-укуктук билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуу жана ыңгайлаштыруу, өзүнүн жарандык позициясын ээлөө жана жактоо, өзүнүн жарандык демилгелерин жүзөгө ашыруу, укук тартибин сактоого көмөктөшүү жөндөмдүүлүгү.

2. Социалдык-экономикалык-коомдун социалдык-экономикалык жашоосуна байланыштуу жагдайларды, көрүнүштөрдү, маалыматтарды өз алдынча баамдоо, өзүнүн жүрүм-турумун жашоонун конкреттүү жагдайларына ылайыкташтыруу, экономикалык максатка ылайыктуулугун, укуктук логиканын, эстетикалык ченемдердин негизинде чечимдерди кабыл алуу, командалык иштин алкагында коюлган максаттарды натыйжалуу чечүү жана көйгөйлөрдөн чыгуунун жолун табуу жөндөмдүүлүгү.

3. Баалуулук - багыттык-реалдуу дүйнөгө баалуулук катары мамиле жасоо, жеке максаттарды жана маанилерди аныктоо, өзүнүн жеке жашоосунда аларды долбоорлоо жана ишке ашыруу, өзүнүн жеке максаттарын жана умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен айкалыштыра билүү, алынган маалыматты сынчыл баалоо жөндөмдүүлүгүн иштеп чыгаруу жөндөмдүүлүгү.


Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых (10-11-класстар)


1. Тарыхый сабаттуулук-

  • реалдуу турмуштук талдоонун жана жеке социалдык тажырыйбанын негизинде кырдаалдык тапшырмаларды аткара алат;

  • тарыхтын окутуучу экенин түшүндүрүп, үйрөнгөн нерседен сабак алып, тажрыйбаларды алуу жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтөт;

  • өткөн жана бүгүнкү күндөгү актуалдуу көйгөйлөр боюнча жарандык көз карашын билдире алат;

  • өз көз карашын аргументтештирүүнүн логикалык ыкмаларын пайдалануу менен тарыхый далилдөөнү көрсөтө билет;

  • түрдүү тарыхый булактар менен иштөөнү жана аны өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат;

  • тарыхый өнүгүүнүн себеп-натыйжа байланыштарын жана тенденцияларын ачып көрсөтө алат;

  • экономиканын, саясаттын, маданияттын, моралдын, идеологиянын көрүнүштөрүнүн өз ара байланыштарын жана өз ара көз карандылыгын ачып берет;

  • тарыхый адамдардын ишмердүүлүгүн, өмүрүн, идеалдарын мүнөздөп берет;

  • реалдуу чыңдыктын шарттарында фактыларга сын көз караш менен карай алат, алган билимин практикада пайдалана билет, конкуренттүү окуяларды, фактыларды бүткүл дүйнөлүк өнүгүүнүн алкагында карайт;

  • тарыхый өнүгүүнүн мезгилдик баскычтарды билүүсүнө жараша тарыхый окуяларды, жараяндарды мезгил, доор, формация, цивилизация менен салыштыра алат;

  • тарыхый булактарды ар тараптан үйрөнөт жана теориялык билимдерди пайдалануу менен тарыхый фактыларды, түшүнүктөрдү, окуяларды талдайт, баалайт, салыштырат, жалпылаштырат;

  • тарыхый жараяндарды обьективдүү жана субьективдүү факторлордун салыштырма диалектикасын түшүнөт, адам факторунун тарыхтагы ролу айтып берет, тарыхый инсандардын ишмердүүлүгүндөгү ички мотивдерин жана тарыхый шарттардын бири-бири менен болгон байланышын түшүндүрүп берет жана баалай алат.

2. Этномаданий-

  • Өз элинин маданий байлыктарын талдап, анын тарыхый-маданий баалуулуктарына инсандык мамилесин билдирип, өз өлкөсүнүн жана адамзаттын материалдык жана руханий маданият жаатындагы байлыктарын тааныйт, улуттун байлыгынын жана тарыхый баалуулуктарынын сактоочусу боло алат;

  • үй-бүлөлүк, социалдык, коомдук көрүнүштөрдүн жана каадасалттардын маданият таануучулук негиздерин өздөштүрүп, өз элинин маданий мурастарына урматтап жана башка элдердин маданий мурастарына толеранттуулук менен мамиле жасайт;

  • адамдын, адамзаттын, айрым элдердин жашоосунун руханийадептик негиздерин таанып, ата мекендик жана дүйнөлүк тарыхты өздөштүрүүгө кызыгат жана улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга сый урмат менен мамиле жасайт;

  • диний көз караштардын пайда болушу, өнүгүшү (диний жана диний эмес окутуу); коомдук ой-жүгүртүүлөр, илимий идеялардын жаралышынын тарыхын, илимдин жана диндин адамзаттын жашоосундагы ролун баалап, адамдар, уюмдар жана социалдык институттар менен өз ара мамилесинде коомдо үстөмдүк кылган маданий-баалуулук системасын колдонот;

  • маданият таануучулук жана эмоциялык-баалуулук мамиленин тажрыйбасына таянып, башка элдердин жана маданияттардын өкүлдөрү менен алака-мамиле түзөт;

  • элдердин жана цивилизациялардын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын баалап, өз өлкөсүнүн жана жалпы адамзаттын материалдык жана руханий маданият жаатындагы мурастарын баалайт.

3. Социалдык-жарандык-

  • Өз максаттарын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырат, көз караштардын түрдүүлүгүн таануунун жана баалуулуктарга (диний, этникалык, кесипкөйлүк, инсандык ж.б.), башка адамдарга карата урматтоо мамилесинин негизинде, өз көз караштарын маданияттуу коргой алат;

  • тарыхый фактыларга түшүндүрмө берүүнүн объективдүү жана субъективдүү – инсандык ыкмаларын айырмалай алат;

  • дүйнөлүк цивилизациялардын жашоо-тиричилигине таасир этүүчү факторлорго түшүнөт жана түшүндүрмө бере алат жана маселелерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын колдонот;

  • жалпы адамзаттык баалуулуктарды таянып, гуманизмдин идеяларын көтөрүп, адам укуктарын баалай билет, маданиятка жана дүйнө элдеринин өткөндөгү тарыхына толеранттуу мамиле жасай алат;

  • маданият таануучулук билимдерине, тажрыйбасына, эмоциялык-баалуулук системасына таянып, башка элдер жана маданияттар менен өз ара алака-мамиле түзөт;

  • тарыхый өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн айкындап, өткөндөгү жана азыркы учурдагы окуяларга баа берип, тарыхый дискурстарга өз мамилесин билдирет.


Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых (5-9-класстар)


1. Хронологиялык жана картографиялык-

  • негизги даталарды атап, хронологиясын тизмектей алат;

  • мезгилдик терминологияны колдонуп, мезгилдик бирдиктерди (жылды, кылымды, биздин заманга чейинки жана биздин заманды) аныктап, алардын ортосундагы айырмачылыктарды таба алат;

  • негизги окуяларды конкреттүү мезгилге шайкеш келтирет;

  • даталарды белгилүү тарыхый окуялар менен шайкеш келтире алат;

  • аталган окуяга, көрүнүшкө дал келбеген даталарды таба алат;

  • тарыхый картада орун алган шарттуу белгилерди окуй алат жана туура колдонот;

  • тарыхый окуяларды тарыхый карта менен шайкеш келтире алат;

  • өз алдынча контурдук картада мамлекеттердин чек араларын жана алардын өзгөрүшүн көрсөтө алат;

  • үйрөнүлүп жаткан окуялардын жайгашкан жерин жана материалдык маданияттын эстеликтерин белгилей алат;

  • карта боюнча тарыхый окуяларга түшүндүрмө берет;

  • тарыхый картанын жардамы менен тарыхый окуяларды анализдейт.

2. Тарыхый-цивилизациялык-

  • адамдардын эмгек жана чарбалык ишмердүүлүктөрүн, материалдык өндүрүштүн, техниканын өнүгүшүн сүрөттөп бере алышат;

  • тарыхый окуяларды, көрүнүштөрдү сүрөттөп бере алат;

  • фактыларды, окуяларды, көрүнүштөрдү шайкеш келтире алат;

  • тарыхый окуяларды, кырдаалдарды көрүнүштөрдү салыштыра алат;

  • окуялардын жана көрүнүштөрдүн тиешелүү экендигин аныктап бере алат;

  • окуяны жыйынтыгы боюнча, бүгүнкү күндүн көз карашы менен баалай алат.

3. Этномаданий-

  • өз элинин маданий байлыктарын анализдеп, анын тарыхый-маданий баалуулуктарына инсандык мамилесин билдирет;

  • өз элинин маданий мурастарын урматтайт жана башка элдердин маданий мурастарына толеранттуу мамиле жасайт;

  • маданият таануучулук мамиленин тажрыйбасына таянып, тарыхый инсандарга мүнөздөмө берет;

  • гуманизмдин идеяларын кабылдап, адам укуктарына урматтоо менен мамиле жасайт.

4. Социалдык-жарандык-

  • доорго өз изин, ордун калтырган тарыхый инсандардын аттарын атап бере алат;

  • жеке инсандык тажрыйбасынын негизинде тарыхый инсандарга мүнөздөмө берет;

  • айрым инсандардын ролун “доордун руху” менен салыштыра алат;

  • тарыхый инсандардын портреттерин берилген критерийлер боюнча классификациялайт жана топтоштурат;

  • тарыхый өнүгүүнүн контекстинде инсандардын тарыхый ордун аныктай алат;

  • түрдүү тарыхый доорлордогу адамдардын жашоо-тиричилигинин шарттарын салыштыра алат.