СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коопсуздук эрежелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Коопсуздук эрежелери

Просмотр содержимого документа
«Коопсуздук эрежелери»

Коопсуздук эрежелери

Коопсуздукту сактасаң, кор болбойсуң эч качан

Сабактын темасы: Коопсуздук эрежелери

Сабактын максаты:

Коопсуздук деген эмне?Сактануу эрежелери тууралуу жалпы түшүнүк алат

Сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга үйрөнөт

«Сактыкка кордук жок»-деген макал бар .Чынында эле сак болсоң,ар кандай кокусунан болуучу кырсыктарга кабылбайсың.

Кырсыктар табигый ,жол кырсыктары, тиричилик кырсыктары.ж.б.

Тиричилик кырсыктары электрди, газды , эмгек куралдарын ж.б туура эмес пайдалануунун кесепетинен келип чыгат.

«Жаман айтпай жакшы жок»- Өзүнө сак болбогон

Деген сөздү биле жүр. Кырсыктарга жолугат.

Даяр болуп баарына Розетканы чукулап,

Көкүрөккө түйүп жүр . Ойнобогун ток урат.

«Тилсиз жоо» деп коюшат,

Өрт,сел,көчкү,шамалды,

Сактануу алардан,

Билип алсаң жаманбы?

Ошондой эле кайчы,бычак,ийне сыяктуу эмгек куралдары менен иштегенде коопсуздук эрежелерин сактагыла. Ийне менен жипти чогуу сакта.Кайчыны ,ийнени оозуңа салба.Тыйын ,топчуларды оозуңа сала койбо,,жутуп алышың мүмкүн.

Мектепте циркуль,сызгыч ,калем сап сыяктуу окуу куралдары менен иштегенде этият бол.Классташыңа сайба ,көзүңдү сакта.Терезенин айнегин сындырба,сынып калган айнекти көрсөң кармап,тепсеп алба ,кесип кетет.

Класста тазалыкты жана тартипти сакта.



Коопсуздук эрежелери


Сабактын темасы: Электр тогунан сактануу

Сабактын максаты:Электр тогунан сактануу эрежелери тууралуу түшүнүк алат

Сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга үйрөнөт

Бардыгын текшер


Сен мектепке кетээрде, Үтүк чайнек сайылбай ,

Къз салгыны баарына . Газдын өчүп турганын .

Ушул айткан кеёештер , Текшерип кой бир сыйра

Эсиёде болсун дайыма. Эринчээкти кылбагын.


Жарыкты бүт өчүрүп, Эшикти ачык калтырба,

Суу кранын карап кой, Шашып атып алактап.

Шамал болсо сындырат, Бекитпесеё жакшылап,

Терезени жаап кой. Ууру кетет карактап.

Электрден сак бол!


Үтүк ,самоор ,чайнекти. Билбестиктен туура эмес,

Токко сайып ойнобо. Туташтырып аласыё.

Бузулса алар кокустан, Текшерем деп анан сен,

Өз алдыңча оңдобо. Аны токко саясыё.

Дал ошондо ток урат,

Ушуну алгын көңүлгө.

Сак болбосоё электр .

Коркунучтуу өмүргө.





Коопсуздук эрежелери


Сабактын темасы: Кесүүчү куралдар

Сабактын максаты: Кесүүчү куралдар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин сактоону үйрөнөт. Сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга үйрөнөт

Кесүүчү куралдар: Кайчы, бычак, балта , айры ,темир сызгыч

Кесүүчү куралдар

Кесе турган куралдар –

Кайчы бычак,балта.

Кесип албай колуңду.

Колдонгондо байка.



Алыс карма адамдан ,

Чөп чабаарда чалгыны.

Кокус сайып аласың.

Түз кармагын айрыны.

Кесүүчү куралдары : бычак,учту куралдарды мектепке алып келбегиле.Кайчыны сүрөт , эмгек сабактары болгон учурларда эле алып келгиле.

Класста темир сызгыч колдонгондор болсо ,урушуп кетсеңер, досторуңарды сызгыч менен урбагыла .Колуна тийсе кесип кетет, өзүңдүн колуңду да этият кыл.Сактыкка кордук жок.





Коопсуздук эрежелери


Сабактын темасы: Жарылуучу куралдар

Сабактын максаты: Жарылуучу куралдардан сактануу эрежелерин үйрөнөт. Сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга үйрөнөт

Жарылуучу куралдар: Жаңы жылдык фейерверк,салюттар, питардалар.

Жакында жаңы жыл майрамы болот.Бардык эл майрамды тосууга кызуу даярдык көрүшөт. Жаңы жылга карата базарларда, дүкөндөрдө жаңы жылдык балатылар,оюнчуктар,салюттар сатыла башайт. Тентек балдар питардаларды сатып, алып көчөдө жардырышат.Ата- энелер да жаңы жыл күнү балдарыбыз менен аттырабыз деп салюттарды сатып алышат. Саюттарды атуунун өзүнүн эрежеси бар .Үйдө чоңдор болсо , өздөрү күйгүзүп беришет . Бейбаш балдар ата-энеси жокто алып алышып ,аттырууга аракет жасап,колдорунан, көздөрүнөн жаркат алып, жаңы жыл күндөрүн ооруканаларда өткөрүшөт. «Кырсык каш менен кабактын ортосунда» дешет элибизде. Салюттарды өз алдыңарча күндүзү ата-энеңер же чоңдор үйдө жокто атууга аракет жасабагыла. Чоңдордун көзөмөлүндө гана кармасаңар болот.Атылып бүткөндөн кийин карабагыла , көзүңөргө, чачырашы мүмкүн. Салюттарды электр зымына каратып ,балкондо сарайлардын жанында атууга болбойт.Өрт чыгып кетиши мүмкүн. Коопсуздук эрежелерин сактагыла.









Коопсуздук эрежелери


Сабактын темасы: Мектептеги техникалык каражаттар

Сабактын максаты: Мектептеги техникалык каражаттар менен иштөө ,коопсуздукту сактоо эрежелери тууралуу түшүнүк алат

Сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга үйрөнөт

Мектептеги техникалык каражаттар

1.Класс кабинетиндеги телевизор,dvd

2.Розеткалар

3.Шкафтар, парта ,стул ж.б.

Мугалимдин уруксатысыз телевизорду , dvdни койбогула. Розеткага металл ,кайчы, ручка ,бычак ж.б предметтери сайбагыла. Шкафтын , партанын кырларынан этият болгула . Класста түртүшүп, жөөлөшпөгүлө, тартипти сактагыла. Топ менен ойногондо, терезеден алыс ойногула.Терезеге таш урбагыла . 2-кабатка чыгып, түшкөндө тепкичтерден акырын басып түшкүлө. Тепкичтин тосмолорунан сыйгаланбагыла. Кабинеттеги буюмдарды жакшы сактагыла, дубалдарды булгабагыла. Класска тиешеси жок буюмдарды алып келбегиле .

М: ширеёке,зажигалка .ж.б.

Балмуздак жесең көчөдөн,

Кагазын жерге таштаба.

Көчөнүн көркүн кетирип ,

Зыяны тиет башкага.


Бөтөлкө көрсөң көчөдөн ,

Жолдон четке алып кой.

Таштанды салган челекке,

Сындырбастан салып кой.

Тазалыкты жана тартипти бекем сактагыла.


Коопсуздук эрежелери


Сабактын темасы: Каникул учурундагы коопсуздук

Сабактын максаты: Каникул мезгилинде коопсуздукту сактоо эрежелери тууралуу түшүнүк алат

Сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга үйрөнөт

Коопсуздукту сактагын

Каникулда –жайында ,

Барып калсаң айылга.

Сак болууга үйрөнүп ,

Мурдатан көр камылга.


Нөшөрлөнгөн жамгырда,

Алыс жүрсөң айылдан.

Чоң даракка жашынба,

Уруп кетет чагылган .


Чатыр тигип жайгашпа,

Кокту –колот жерлерге.

Кача албай каласың.

Кокустан сел келгенде.

Көлдүн терең жерине .

Сүзүп барба сүйүнүп.

Көлгө чөгүп кетесиң

Тарамышың түйүлүп.


Түшө көрбө эрдемсип,

Дарыяга шар аккан.

Коопсуздукту сактасан,

Кор болбойсуң эч качан.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!