М.Назаров атындагы 4- а класстын «Кош бол,башталгыч классым» деп аталган майрамдык кеченин сценарийи
Мугалим : Нурматова Г
Мугалимдин сөзү менен башталат.-Саламатсыздарбы бүгүнкү майрамдык кеченин коноктору,урматтуу ата-энелер,кымбатуу эжекелер. Сиздерди май айындагы майрамдар менен о.э.келе жаткан акыркы коңгуроо майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Баарыңыздарга бекем ден-соолук,үй-бүлөлүк бакыт,ишиңиздерге ийгиликтерди каалоо менен бирге “Кош бол,башталгыч классым”аттуу кечебизге көңүлүңүздөрдү бурабыз. “Балыктын күнү суу менен демекчи”, биздин күнүбүз мотурайган жаш балдар менен эмеспи,анда эмесе сиздердин кол чабууңуздар менен бүгункү кеченин себепкерлери болгон 4”А”-классынын окуучуларын тосуп алалы.(музыканын коштоосунда окуучулар класска киришет).
Классымда бар 20 окуучу
Күндөр өтүп аяктадык окууну
Сумая,Зиада
Элбек менен Мустафа
Келе жатат окуучулар таланттуу
Кечээ гана босогону аттаган
Окуп бүттук башталгычты мактанам
Тахмина , Сабрина Мадина менен Анара
Мына ушундай окуучулар менен мактанам.
Билим алсаң нурун чачат жаркырап
4- “а”классты биз турабыз аяктап
Захро, Гулзат
Барсбек, Муслимбек
Келе жатышат маанайлары жайдары.
Оку десе жанталашып урушат
Келечекке бийик максат коюшат
Малика ,Ойша, Нозанин
Тапшырманы так аткарып турушат
Классымда шамдагайлар окушат
Ата-энелер дайым колдоп турушат.
Мухаммедали, Муса, Ибрагим
Зияда , Фарангиз
Окуу окуу окусак деп турушат
Бүгүн бизде кош бол башталгыч классымдын майрамы
Баарыбыздын маанайыбыз жайдары
Кана эмесе келгиле
Колдоп коштоп бергиле
Конок болуп көңүл ачып кеткиле
Мугалим: Өнөрлөрүн көрөлү балдардын Ата-энелер мугалимдер келишти. Кыргызымдын салты го бул илгертен Унутпайлы ысык салам беришти. Окуучулар: 1.Айлана теребел салтанат Коштошуу кечеси башталат. Илимге-билимге кол сунган Бактылуу балдарбыз жаш канат. 2.Ата-энелер,агай-эжейлер,меймандар Амандыгын сураганга биз даяр. Асмандагы күндөй жаркып дайыма Бактыбызга бар болгула баарынар. 3.Беребиз салам баарыбыз Ата-эне кабыл алыңыз. Арналат биздин эл үчүн Аракет,эмгек,жаныбыз. 4.Алгалап заман,арыштап кадам Ушул жерде отурган Атам жана апам,агай жана эжейлерге 4”А”-классынын атынан жалындуу ысык салам.
Окуучулар: 1.Тарбия алдык мектептен Таасири баштан кетпеген. Турмушта канча кээ бир бар Тарбия таалим жетпеген. 2.Тамганы алгач тааныдык Ардактуу агай-эжейден. Арадан 4 жыл өтсө да Ал күндөр эстен кетпеген. 3.Жакшы баа алсам дүйнө кең Жадырап келем үйгө мен. Жаңылсам сабак айта албай Жабыркайт эле жан дүйнөм. 4.Сабак кылбаган күндөрү Эжей урушат деп ойлодук. Отурсак дагы партада Оюнду унутуп койбодук. 5.Ойлонтуп бизди дегдеткен Билим алдык мектептен. Орошон ойлор жетелеп Аруу ишке биз жеткен. 6.Билим берген мектебим Биздеги байлык башаты. Тарбия-таалим үйрөткөн Башталгыч класс билим башаты.
Мугалим:Билим алуу милдет сага жашындан Китеп окуу эшик ачат акылдан. Келечекте чон максатка умтулуп Кут кетпесин,бак кетпесин башындан.
Хор : Мен кыргыздын уулумун
Мугалим:Келгиле деп сабактарга Коңгуроосу шыңгырайт. Мектебиңден артык не бар Ак дилинден окуучум айт. Окуучулар:1.Илимдин кени мектебим Билимдин кени мектебим. Сенден алып тарбия Келечекке беттедим. 2.Тарбиялап өстүргөн Таланттын кени мектебим. Кайгылуу катаал күндө да Карааныңды эстеймин.
Бий: Жалын бий ( кыздар аткаруусунда )
Мугалим:
“Мугалим ким?” ыры
1.Мугалим болот мөмөлүү дарак Мугалимдин тарыхы чексиз бир барак Талыкпай окуучуга билим берип Мугалим эң алгачкы сабатты ачат. 2.Мугалим ким,ал биз өндүү адамбы Кантип алар өзгөртүшөт заманды. Ал улуу жан адамдардын адамы Жакшылыкка карышталат кадамы. 3.Ата-журтка күнү-түнү кам жейби ? Айтчы аның тамак ичип,нан жейби? Отурганда кошо сүйлөп сабакты Окуучуну ойлоп ичет тамакты. 4.Кеч киргенче мектебинен чыкпайбы? Айтчы алар үйгө барса уктайбы? Сабак калса капчыгына күч келет Уктаса да окуучуну туш көрөт. 5.Мугалим ким,кандай жерде жайлаган ? Барбы анын машинеси айдаган?Шашкалактап жүрөт дайым кыдырып Маршруткада уялбай эле тыгылып.
6.Көнүлү анын качан толот,жай болот? Айтчы качан ал мугалим бай болот? Бактылуулук ар бир жашоо ирмеми Ал бай болот айлык алган күндөрү. 7.Чарчабайбы ызы-чуудан,баладан Үйгө барып иш кылабы ал адам. Мектепти да ,үйдү дагы ардактайт Мекен жугү аны эч качан чарчатпайт. 8.Неге алардан мээрим нуру төгүлөт? Улгайса да жапжаш бойдон көрүнөт. Окуучудан таап алат бак сырын Ошон учун сактап калат жаштыгын.
Орус тили мугалимине арналат:
1.Орус тилден биз кыйналган мезгилде Жарк деп күлүп биздин класска келдиңиз. Орус тилде так сүйлөөгө үйрөтүп Канчалаган билимдерди бердиңиз. 2.Орус тили экинчи эне тилибиз Ошон үчүн окуп,жаттап жүрөбүз. Көп элдердин ортосунда көпүрө Ушул тилдин улуулугун билиңиз.
Мугалим:
Чет тили мугалиминеи арналат: Орус тили бизге кандай керек болсо Чет тили да бизге ошондой керек экен. Англис тилде эркин сүйлөп,жаза алганды Үйрөндүк биз Полот агайдан
Бий : Балдардын аткаруусунда
.Ак мектептин босогосун Жаңы аттап биз келгенде Келе кой деп күлүп-жайнап Чыкканыңыз эсибизде. Ошол күндөн ушул кунгө Аянбастанэмгегиңиз Билим берип,тарбия берип Көп нерсеге үйрөттүңуз.
1.Эне-атадай алпештеген балдарды Билбединер чарчаганды,талганды. Келгиле деп бизге кучак жайдыңар Рахмат сага,ардак сага мугалим . 2.Эже-агайды ардактаймын,сыйлаймын Узак жашап аман бол деп ырдаймын. Өз балаңдай насаат айттың дайыма Эже-агайга бакытты мен каалайм.
.Хор.”Биздин мектеп
Мугалим:Асыл акыл издесем Китептерден табамын. Китеби жок күндөрдө Төмөн түшөт кабагым.
Сүрөтүү макалдар
Тарсия тапшырмалар
Бий: Мурас бий
Мугалим: -Балдар бизге окуудагы жана жүрүм-турумдагы чоң ийгиликтерге жетишибизге чын жүрөктөн күйүп –бышып жардам берген дагы ким деп ойлойсуңар? Окуучулар:-Ата-энебиз. Мугалим:-Туура айтасыңар балдар.Албетте ата-энебиз.Келгиле учурдан пайдаланып ата-энелерибизге ыраазычылык билдирип кетели. Окуучулар: 1.Ойнотуп бизди жетелеп Оорутпай бактын бөпөлөп. Калкалайт мээрим жамалың Карызбыз сизге эселеп. 2.Үмүттүн отун жандырган Үй ичин майрам шаң кылган. Өмүргө бизди алып келген Энелер үчүн жан курман. 3.Өмүрдө канча арман бар Өзүң бар демек майрам бар. Бейиш деп сенин таманың Белгилеп айткан пайгамбар. 4.Энекебай аппак аткаң таңымсың Энекебай жарык менин шамымсың. Бир өзүндү ардактаймын,даңктаймын Канткенде мен ак сүтүңдү актаймын
Күлчү апа ыры
.Мугалим: -Ооба,баланы ата-энедей эч ким сүйө албаса керек.Анын сүйүүсү,мээрими ченемсиз.Энелерибизге чоң ыракматыбызды айтып,таазим кылабыз.
Апалар үчүн оюн
Мугалим:Сулууланып,шаңданат Көздөрүнөн шам жанат. Сулуу кыздар ойносо Көргөн адам таң калат.
(кыздардын аткаруусунда бий : Небо
Акыйнек айтышуу
Бүлдүркөн ыры
Атаганат десеңчи хор ыр
Мугалим:-Талыкпай окуп ар дайым Таалайы өссүн күн сайын. Жаркыраган балалык Эсиңерде болсун ар дайым. Силерге дайыма ачык асман,ачык көңүл,бактылуу балалык каалайм.Жүзүңөрдөн эч качан жылмаюу кетпесин!
Сүрөтөрдү таркатуу
-Ушуну менен “Кош бол,башталгыч классым” аттуу кечебиз соңуна чыкты.Баарыныздарга чоң рахмат.