СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кош бол, башталгыч классым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кош бол, башталгыч классым»



Тема: “Кош бол, башталгыч классым”



Максаты: Балдарга башталгыч мектептен алышкан билимдеринин келечекте канчалык деңгээлдеги мааниге ээ экендиги тууралуу баяндама берүү менен алардын жан дүйнөсүндө балалыктын эң бир сонун мезгилдеринин элестетүү калтырууга жана андан алышкан таасирлерин назик сезимдерине ойготууга жетишүү.


Жабдылышы: макалдар учкул сөздөр, шариктер, видео слайд, түстүү сүрөттөр, окуу китептеринин макети же сүрөттөрү,


Кош бол башталгыч классым

Билим алуу бийик максат жарашып

Билүү үчүн көптү самашып

Билим менен аалам сырын чечүүгө

Биздин балдар алдыңкыга жанашып

Билим алуу зор максат

Билим алуу ырахат

Тынбай окуп изденген

Ийгиликти жаратат

Билим менен өсүп-учаар канатым

Билим менен сайрайт жүрөк санатым

Билгичтигим дүйнө жүзүн таанытып

Келечекке шандуу басып барамын

Кутмандуу күнүнүздөр менен урматтуу “Кош бол башталгыч классым. аттуу майрамдык кечебиздин катышуучулары, эже агайлар, ата-энелер, коноктор!

Бүгүнкү күндүн күнөөкөрлөрү болгон 2021-2022 –окуу жылынын башталгыч класс бүтүрүүчүлөрү болгон 4-б класс окуучуларын чакырып алалы музыканын коштоосунда киришет

Бүгүнкү күндү ачык деп жарыялаймын (Гимн ырдалат)


Видео слайд көрсөтүлөт.


4- классты 5 кыз 12 эркек бала аяктап жатабыз.


Биздин класста билимдүү, адептүү таланттуу балдар окушат. Бугун сиздерге өзүлөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтуүшөт. Анда кезекти окуучуларга берели.



Салам айтам дегенде

Саламдашуу салт экен го кыргыз элде

Салам айтпай өтүп кетсек

Анда айып болот ко өзүбүзгө


Ата-энелер, эжекелер меймандар

Амандыгын сураганга даярмын

Асмандагы күндөй жаркып дайым

Бактыбызга бар болгула баарынар


Ук жер жүзү ук бүт аалам

Урмат сыйдын күүсүн чалам

Ушул жерде олтурган баарыныздарга

Жалындуу ысык салам


Башты бурсак арт жакка

Торт жыл отуп кетиптир

Ачып козду жумганча,

Май айы да келиптир


Ушул тор жыл ичинде

Жетиштик коп билимге

Аздыр-коптур улгурдук,

Аалам сырын билгенге


Саналуу ушул мезгилде

Китеп менен достоштук

Бир өмүргө кыйышпас

Ажырагыс дос болдук.


Мугалим: “Билим алуу ийне менен кудук казгандай”, “Билимдүү озот, билимсиз тозот”


36 бет жазуу керек




Биз биринчи класста

Алиппеге достоштук

Тамга таанып шар окуп

Сүрөтүн таанып бүтүрдүк



Экинчи класс болгондо

Эстүү боло баштадык

Сөзүн угуп эжейдин

Кээ жорукту таштадык


Биз үчүнчү класста

Көңүлүм коюп окудум

Терең билим алууга

Жолуна түштүм окуунун


4- класс болгондо

Катимкидей токтолдум

Коомдук иштен бир калбай

“5” менен ынак дос болдум


Мугалим: Мотурайган балдарым ,

Күчүнөрдү сынайлы

Төрт жыл окуп үзүрлүү

Үйрөндүнөр далайын

Математикага кезек берели

Жакшылап көнүл бөлөлү


Кошуу менен кемитүүнү

Көбөйтүү мене бөлүүнү

Туюнтмалар түзүүнү

Үйрөндүк биз чийүүнү

Тендеме чыгарып


Амалдарды аткарып

Маселени чечүүнү

Үйрөндүк биз талпынып

Тик бурч, куб, параллелепипед

Чийгенди биз үйрөндүк

Формулага таянып аянттарын өлчөдүк (ар бирине берүү)



Мугалим: “Кыргыз тилге” баралы


  1. Кыргыз тили


Кылымдын кыяларын ашкан тилим,

Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим

Кыйкырып, кыйрын бузуп душман келсе,

Кылычын кыя кесип чапкан тил


Алп Манас Бакай сүйгөн тилим,

Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим

Ак калпак Ата Журтум насибине

Асмандан энчи болуп тийген тилим.



Кыранда кызыл гүлдөй өскөн тилим,

Кыяндап жамгыр болуп төккөн тилим.

Улуттун оргуп чыккан башатына,

Уюган алтын сымал чөккөн тилим.


Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,

Ааламга аты чыккан Чынгыз тилим

Арыбай кылымдарды багынта бер,

Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!


Адабий окуу

Окуудан бердим бир сабак

Ойлонуп айттым мин санап

Ойгонуп бөбөк сезими

Ойлору өстү күн санап

Улуу инсандардан кимди билесинер?

Ч.Айтматов, А.Осмонов, Т. Кожомбердиев


Орус тили (ар бири ыр айтышып хор ырдашат

Англис тили (хор ырдашат)


Мен силерге бир суроо берейин

Баарынан ким сулуу деп ойлойсунар?


1.Жашоо берген баарына асмандагы күн сулуу

2. Мемиреп уктап жаткан ай жылдыздуу күн сулуу

3. Кубулжута сайраган бактагы булбул сулуу

4.Кызыл-тазыл буралган атыр-жыттуу гүл сулуу

5.Баарын баккан жер сулуу

Анда мен ыр окуп берейин байкагылачы ким сулуу


Булбул куштай алыс жакка кетпеген

Уйкусуну сен деп бөлгөн түндөсү

Бизге күйүп, бизди дайым эстеген

Энекебиз сулуу болуп жүрбөсүн



Анда эмесе ата-энелер жөнүндө ырларга көнул буралы


Эне барда кышта күнүн жаркыган.

Сүйкүмдүү жүзү тээ көктөгү ай сымал

Эне барда көңүл да тынч дүйнө тынч

Энекелер жаз жыттанып анкыган.



Апам менин мөл булагым, кубат берген жаныма

Мээримине сүйүүсүнө эркелеймин дайыма

Атам барда өз ордунда бардык иштер жайында

Күнү –түнү тыным албай бизге көрөт камылга.


Сиздин сөзүнүз жөн сөз эмес энеке

Мага дайым байлык ырыс береке

Ар бир сөзүнүз көнүлүмдү көтөрөт

Тарбиялап элге тийчү керекке



Апалар жөнүндө обонду ыр Самара Каримова “Энекем” Аяна ырдайт

Кана балдар айткылачы бизге мунун баарын ким уйрөтүү?

Албетте мугалим

Мугалим ардагым асыл адам

Баланын жүрөгүнө жакын адам

Жетелейт илим-билим дүйнөсүнө

Түгөнгүс түйшүк болоор ар бир кадам


Мугалим жөнундөгү ырларга кезек берсек


Талыкпастан билим жолун уладын

Толгон азап кыйындыкка чыдадын

Боорукердик аракетти түйшүктү

Билим менен окуучунду сугардын


Көнгөн адат убагым

Танда эрте турамын

Эжеймдин айтканын

Эки кылбай угамын


Мээримин агып тогулуп

Мезгилдин күүсүнөн жанырып

Караанынды көрбөй калсам эжеке

Калабыз энекемдей сагынып

Кыйындыкта баш ийбеген

Душманына жалынба

Максатына жетүү үчүн

Эмгектенип талыкпа


Бала кезден билим берип

Акыл насаат уйрөткөн

Дайым сага эжекем ай

Алкыш айтам жүрөктөн


Мугалим жөнүндө ыр “Мугалим эже” Баямандын аткаруусунда



Жыйынтыктоо: Биз жетилдик канат кагып уядан

Билим алып эжей-агайдан

Могу парта Биз төрт жыл олтурган

Эскирген жок талкаланып сынбады

Анда ага бөбөк болуп отуруп

Эми болсо канат кагып учабыз

Мугалим: Канат агып учуп биз кетпейибиз, болгону биз башталгыч класстар менен кана коштошуп атабыз.

Созду мектептин директоруна Тукуева Б.М

Окуу болум башчысы Усенова Г.Ж. менен тарбия завуч Исманова Ж.С











Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!