СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кош бол башталгыч классым!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кош бол башталгыч классым!»



Кош бол башталгыч классым!

Билим алуу бийик максат жарашып,

Билүү үчүн улам көптү самашып.

Билим менен аалам сырын чечүүгө,

Биздин балдар алдыңкыга жанашып.

Бүгүнкү кеченин күнөөкөрлөрү болгон 2022-2023-окуу жылынын

башталгыч класс бүтүрүүчүлөрү 4-б класстын окуучуларын

чакырып алалы.

----------------------------------------------------------------------------------------------

Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу “Кош бол башталгыч классым” аттуу майрамдык кечебиздин катышуучулары, ата энелер, мугалимдер!

Бүгүнкү кечебизди ачык деп жарыялайбыз!

Гимн ырдалат

Анда эмесе бүгүнкү кечебизди ачып берүү үчүн сөздү

директорго беребиз.

--------------------------------------------------------------------------------------------------

Биздин мектеп уя болгон канчага,

Айланган бир саябандуу бакчага.

Мугалимдер аталардай- энедей,

Мээрим төгүп келген ар бир балага.



Кечээки эле мотурайган бөбөктөр

Мына бүгүн алдыңарда жаш чырпык.

Кулүп турат күйүп турат көздөрү,

Таппайсыңар эч жеринен бир кынтык.



Кыялы бар өз өзүнчө мүнөздүү,

Өз баламдай көрүп калгам буларды.

Мен оордуна коюп көрсө башкалар,

Ошондо да сезимимди туярбы.



Көргүм келет балдарымдын амандыгын ,

Көргүм келет балдарымдын адамдыгын.

Балдарым деп айтуудан тартынбаймын,

Тизилишкен бойлорунан ананайын.



Слайд кошулат

Урматтуу ата-энелер убакыт зымырап учкан куштай эмеспи.Кечээ эле ата-энеси колун кармап мектеп босогосун аттап 1 класска келген окуучулар бүгүн 4 классты аяктап отурат. 1- класска 22окуучу кабыл алынып, 2- класста 32 окуучу болуп толукталып , учурда 32 окуучу аяктап отурат.Азыркы күндө илим-билимден кабардар болушуп, китеп сырын үйронүп,жаратылыштын сырлары менен таанышып,таалим тарбия алышып,келишкен улан-кыздар билимдүү окуучуларга айланышып, бүгун бүтүрүү кечесин өткөрүп жатышат. Окуучуларымдын көпчүлүк бөлүгү “эң жакшы” жана” жакшы” көрсөткүчтөргө ээ болуп келишүүдө, анда кезек окуучуларымда.

Мугалим:

Өнөрлөрүн көргөнү балдарымдын,

Ата-энелер мугалимдер келишти.

Кыргызымдын салты го бул илгертен,

Унутпайлы ыссык салам берели.







Окуучулар саламдашуу:

1. Айлана теребел салтанат,

Коштошуу кечебиз башталат.

Илимге билимге кол сунган ,

Бактылуу балдарбыз жаш канат.



2. Ата-энелер, агай-эжейлер, мугалимдер,

Амандыгын сураганга биз даяр.

Асмандагы күндөй жаркып дайыма,

Бактыбызга бар болгула барыңар.



3. Беребиз салам баарыбыз,

Ата –эне кабыл алыңыз.

Арналат биздин эл үчүн,

Аракет эмгек жаныбыз.



4. Алгалап заман,арыштап кадам,

Ушул жерде отурган.

Атам апам,агай –эжейлерге,

4а класстын атынан

Жалындуу жалындаган ыссык салам!



5. Хор.







6. Тарбия алдык мектептен,

Таасири баштан кетпеген.

Турмушта канча кээ бир бар,

Тарбия билим жетпеген.



7. Тамганы алгач тааныдык,

Ардактуу эжейибизден.

Арадан 4 жыл өтсө да,

Ал күндөр кетпейт эсимден.



8. Жакшы баа алсам дүйнө кең,

Жаадырап келем үйгө мен.

Жаңылсам сабак айта албай,

Жабыркайт эле жан дүйнөм.



9. Сабак кылбаган күндөрү,

Эжей урушат деп ойлодук.

Отурсак дагы партада,

Оюнду унутуп койбодук.



10. Билим берген мектебим,

Биздеги байлык башаты.

Тарбия –таалим үйрөткөн,

Башталгыч класс билим башаты.

11. Бий.



12. Мугалим:

Билим алуу милдет сага жашыңдан,

Китеп окуу эшик ачат акылдан.

Келечекте чоң максатка умтулуп,

Кут кетпесин,бак кетпесин башыңардан.



13. Окуучулар:

Тамгаларды таанытып,

Окуганды үйрөткөн.

Жомок ырды үйрөтүп,

Көркөм чечен сүйлөткөн.

Албетте алар бизди окуткан баардык мугалимдерге алкыш!



Класстагы бир көрнүш

14. Кыздар ыры.

15. окуучулар:

Биз башталгыч класста адабий окуу, кыргыз тили, математика, мекен таануу, музыка, орус тили жана чет тили сабактарын окуп билим алдык. Андыктан, ар бир сабакка токтолуп өтөлү.



Мугалим:

Кана айткылачы, “математика- илимдердин падышасы, математика-илимдердин ханышасы” демекчи, эмнени үйрөндүңөр?







Окуучулар:

16. Кошуу менен кемитүүнуу

Көбөйтүү менен бөлүүнү.

Туюнтмалар түзүүнү,

Үйрөндүк биз чийүүнү.



17. Теңдемени чыгарып

Амалдарды аткарып.

маселени чечүүнү

Үйрөндүк биз талыкпай.



18. Тик бурч,куб паралеллепипед

Чийгенди биз үйрөндүк.

Формулага таянып,

Аянттарды өлчөдүк.



19. Бий



20. Окуучулар:

Кыргыз тили

Бирге жүрсөм эне тилин кадырлай ,

Бул тил менен иштейм сүйлөйм,ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.





21. Кылымдын кыяларын ашкан тилим,

Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим.

Кыйкырып, кыраан бузуп душман келсе,

Кылычтай кыя кесип чапкан тилим.



22. Алп Манас,бабам Бакай сүйгөн тилим,

Алоолоп Ала Тоодо күйгөн тилим.

Ак калпак Ата журттун насибине,

Асманда энчи болуп тийген тилим.



23. Музыка

Мен суу ичпейм,таңдай катып турганда,

Мен нан жебейм,алдан тайып курганда.

Музыкадай мага таттуу суусун жок,

Берчи мага ,берчи мага жарым кашык музыка!



24. Балдар ыры.



25. Орус тили мугалимдерине арналат.

Орус тилден биз кыйналган мезгилде

Жарк деп күлүп биздин класска кирдиңиз

Орус тилин так сүйлөөгө үйрөтүп

Канчалаган билимдерди бердиңиз.







26. Орус тили экинчи эне тилибиз

Ошон үчүн окуп жаттап жүрөбүз

Көп элдердин ортосунда көпурө

Ушул тилдин улуулугун билиңиз.



27. Учат в школе



28. Окуучулар:

Англис тили сабагын, абдан жакшы сүйөбүз,

Англис тил сабагында эркин жазып суйлөйбүз

Максат жана Каныкей

эжейибизди келсе деп

Сиздерди абдан күтөбүз

29. Мугалим: Талыкпай билим алгыла

Жашоонун жайын тапкыла.

Анда эмесе бий бийлеп

көңүлдөрдү ачкыла



30. Англис тилинде ыр:



31.Мугалим: Мекен таануу сабагынан эмнелерди үйрөндүңөр?

Окуучулар: Мекен таануу сабагынан

Аалам сырын үйрөндүк.

Жаратылыш дүйнөсүнө

Дос болгонду үйрөндүк.



32. Бий флешмоб

Окуучулар:

Биздин аң- сезимибизди өстүрүп, эсепке так үйрөткөн математика, тилибизди жатыктырып жаңылмачтарды бат айттырган адабий окууга,катасыз сулуу жазганга үйрөткөн кыргыз тилине,табият менен таттуу мамилени жараткан, мекен таануу китептерине ырахмат!

Бардык сабак түрлөрун,

Тереңдетип түшүндүк.

Биз төртүнчү классты ,

Сынак менен бүтүрдүк.

35.Мугалим: Балдар бизге шарт түзүп ошол даражага жеткирген кимдер?

Окуучулар: ---Ата энелер!



36 Мугалим: Наристе бир назик гул бажырайган

Мугалим аны өстүрөр чебер багбан.

Суу берип тамырына кубат берип,

Суктана чырпыктарын абайлаган.



37. Окуучу: Билим менен өсүп учаар канатым,

Билим менен сайрайт жүрөк санатым

Билгичтигим дүйнө жүзүн таанытып

Келечекке шаңдуу басып барамын.









38. Алиппени алгач таанып өзүңдөн

Ак тилекти кубат алдык өзүңдөн.

Билим менен ар өнөргө шыктантып,

Классыбыз бизге кымбат сезилген.



39. Талыкпастан билим жолун уладың,

Толгон азап кыйындыкка чыдадың.

Боорукердик аракетти түйшүктүү,

Билим менен окуучуңду сугардың.

40. Биз жетилдик канат кагып уядан,

Билим алып эжей жана агайдан.

4-жыл бою мен отурган парталар

Эсте калды чийип сызып салганым.

Эми ага бөбөк келип отурат,

Эми биз да канат күүлөп учалы.



41. Хор: Кош бол башталгыч классым!





42. Мугалим: Наристелер жазылбаган ак барак

Нени айтсаң так ошону аткарат

Саяпкери мүнүшкөрү келишсе

Шумкар болуп, тулпар болуп талпынат!

Ак жол менин бүтүрүүчүлөрүм. Мен силер менен сыймыктанам!