СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Күндөлүк план 10-класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Күндөлүк план 10-класс»


5 – сабак

Сабактын темасы: Электр талаасынын күч сызыктары

а) билим берүүчүлүгү:

Окуучуларга электр талаасынын күч сызыктары жөнүндөгү түшүнүктөрдү калыптандыруу, күнүмдүк жашоодогу мисалдар менен түшүндүрүп, элестетүүлөрүн тереңдетүү.

б) өнүктүрүүчүлүгү:

Окуучуларга бул теманы түшүндүрүү менен алардын күнүмдүк жашоодо кездешүүсүн айтуу. Окуучулардын өздөрүнө мисал келтиртүү, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

в) тарбиялоочулугу:

Окуучуларды өлкө ичинде болуп жаткан окуяларга акыйкат баа берүүгө тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: 10-класстын окуу китеби, сүрөттөр.

Сабактын тиби: Аралаш типтеги сабак.

Сабактын жүрүшү:

а) уюштуруу иштери

1. Окуучулар менен саламдашуу,

2. Класстын доскасынын тазалыгына көз салуу,

3. Окуучулардын катышуусун текшерүү,

4. Окуучулардын көңүлүн сабакка буруу.



б) өтүлгөн теманы кайталоо, окуучунун түшүнүгүө байкоо жүргүзүү. Окуучулардын толуктугун текшерүү.



в) үй тапшырмаларын текшерүү. Окуучулардын билимин баалоо.



г) жаңы теманы түшүндүрүү





§65. Электр талаасынын күч сызыктары

,,Заряяддар кандайдыр бир аралыкта бири – бирине кандайча аракет кылышат. Мындай аракеттер заряддар, өздөрүнүн айланасында түзгөн талаа аркылуу берилери ырасталган. Бул талаа электр талаасы деп аталат .” (2-китеп 454-б).

E = .

Бул формуланын негизинде, биз электр талаасынын чыңалышы вектордук вектордук чоңдук экендигин белгилеп кеткенбиз. Ошондуктан аны чиймеде корсотүүгө да болот (147-сүрөт). Аны түз сызыктын багытталган кесиндилеринин жардамы менен сүрөттөйбүз. Ал сызыктар талаанын берилген чекитинде ага жүргүзүлгөн жанымы сызыктар болушат (148-сүрөт). Эгер сүрөттөгү ийри сызыктар электр талаасынын фронту десек, ал эми жанымалар – күч сызыктарын сүрөттөшөт.

( 147 – сүрөт ) (148 – сүрөт)

























Электр талаасынын күч сызыктары оң заряддан башталып , терс заряддан бүтүшөт. Төмөндө чекиттик заряддардын күч сызыктары көрсөтүлгөн

(149-150-151-сүрөттөр).















































‖ Күч сызыктары өз ара параллель жана бирдей жыштыкта болгон талаа бир тектүү электростатикалык талаа деп аталат.

Электр талаасынын күч сызыктары жыш болсо, чыңалыштын модулу чоң, сейрек болсо , кичине деп түшүнүү керек (152- сүрөт ), б .а.

Е2 E1 дегендик болот .

• Ошентип электр талаасынын чыңалышы талаанын күч боюнча мүнөздөмөсүн берет (152-сүрөт ).







Үйгө тапшырма берүү:

Мисал иштөө.

Окуучулардын билимин баалоо:

Сабактын уюштурулушун, жүрүшүн жана жыйынтыгын талдоо.

  1. Түзөтүүлөрдү киргизүү.

  2. Алдыга пландарды коюу



Колдонулган адабияттар:

  1. Койчуманов М., Сулайманова О. Физика 10. 1-бас. – Б.: “Инсанат”, 2008. – 256 б., ил.

  2. Карашев Т., Карашева Т.Т. Физика курсу: Механика, Молекулалык физика, Электр жана Магнетизм. Толукталып кайра иштелип чыккан 2-басылышы –Б.: Айат, 2012. -592б.







4