СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабактын темасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабактын темасы»

Сабактын темасы: Аалы Токомбаев- кыргыз профессионал адабиятынын баштоочуларынын бири

1. Сабакка чейинки бөлүк

Сабактын максаты:

Аткарылуучу тапшырмалар

  • Аалы Токомбаевдин өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндө кеӊири маалытмат алышат;

  • А.Токомбаевдин философиялык элегияларын, сүйүү темасындагы лирикаларын, сатираларынын мазмунун түшүнүп, талдоо жүргүзүшөт, өз ойлорун адабий тилдин негизинде айтууга көнүгүшөт.

  • Акындын чыгармаларынын (лирикалык) окшоштуктарын айрымачылыктарын «Вендин диаграммасы» аркылуу иштеп далилдешет.

  • Биринин оюн бири уга билүүгө, сыйлоого, эли- жерин сүйүүгө, ага кызмат кылууга көндүмгө ээ болушат.

Сабактын жабдылышы:

Ватмандар, маркерлер, таратмалар, окуу китептери, жазуучунун чыгармалар томдуктары, слайд, аудио- видео материалдар ж.б

Сабактын тиби:

Жаӊы билимди өздөштүрүү жана бышыктоо

Сабактын усулу:

Топ менен иштөө, рифма жаратуу.

Убакыттын болжолдуу бөлүштүрүү:

  • Уюштуруу – 4 мүнөт;

  • Үй тапшырманы суроо – 8 мүнөт;

  • Жаӊы тем а:

-- поэзия мүнөт – 5 мүнөт;

-- багытоо – 7 мүнөт;

-- түшүнүү – 10 мүнөт:

-- бышыктоо – 20 мүнөт;

-- презентация 20 мүнөт;

  • Жыйынтыктоо – 5 мүнөт;

  • Баалоо -- 2 мүнөт;

  • Тапшырма берүү 1 мүнөт.


2. Сабак учурундагы бөлүк

Уюуштуруу:

Алтын эрежелер окутуучу тарабынан эскертилет.

Студенттерди топторго бөлүү.

Уй тапшырманы суроо:

Мукай Элебаевдин «Узак жол» повести

Текшерүү үчүн суроолор берилет.

5 мүнөттүк поэзия:

Студенттер өздөрүнө жаккан акындардын ар кыл темадагы лирикаларынан айтышат.

Багыттоо:

Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган обондуу ыры жана акын- жазуучу жөнүндөгү видео тасма аркылуу көрсөтүлөт.

Түшүнүү:

А.Токомбаев-кыргыз профессионал адабиятынын баштоочуларынын бири

Бышыктоо:

1 - тапшырма

Акын-жазуучунун өмүр чыгармачылыгы жөнүндө өз ой пикирлерин айтышат.

Терминдер менен иштешет. (Лирика, элегия, сатира)

2 – тапшырма

Ырларынан көркөм окугула. Лирикалык саптарын пайдаланышып рифма түзгүлө.

3 – тапшырма

Топто иштешет

Жыйынтыктоо:

Окутуучу: Текшерүү үчүн суроолор берилет


3. Сабактан кийинки бөлүк

Баалоо:

Студенттер баалоонун критерийлери аркылуу бааланат.

Тапшырма берүү:

Үйдө аткарылуучу тапшырмалар:





Окуп үйрөнүү максаты

Баалоого сунушталган суроо - тапшырмалар

Көрсөткүчтөр

1.Аалы Токомбаевдин өмүрү чыгармачылык жолу жөнүндө кеӊири маалымат алышат.Ырларынын тематикалык, идеалык маанисин кыскача айтып беришет.

2.Өмүр баянын, чыгармаларын адабий тилдин нормасында сүйлөөгө, интонация менен көркөм окууга, өз оюн эркин айтууга жана ырлардын маани- маӊызын түшүндүрүп бере алышат.

3.Бири-бирине жардам берүүгө, сый мамиледе болууга көнүгүшөт.

-- Аалы Токомбаевдин өмүрү ж-а чыгармачылыгы ж-дө айтып берүү;

-- Анын профессионал адабиятынан алган орду;

Адабият майданына келгендеги эӊ биринчи ыры ;

-- Аалынын алгачкы учурдагы поэзиясынын негизги тематикалары жана алардын өз мезгилиндеги мааниси;

-- Акындын түбөлүктүү темага арналган лирикалары:

а) философиалык ырлар;

б) сүйүү темасындагы лирикалары;

в) сатиралары жөнүндө.


-- Аалы Токомбаевдин өмүрү ж-а чыгармачылыгы ж-дө айтып берсе;

-- Анын профессионал адабиятынан алган ордун далилдеп айтса;

-- Акындын эӊ алгачкы ырларынын маанисин айтып берсе ;

-- Адабият майданына келгендеги эӊ биринчи ырын атап, көркөм окуп берсе ;

-- Аалынын алгачкы учурдагы поэзиясынын негизги тематикалары жана алардын өз мезгилиндеги маанисин чечмелеп ,адабий тилдин нормасында айтса;

-- Акындын түбөлүктүү темага арналган лирикалары:

а) философиалык ырлар;

б) сүйүү темасындагы лирикалары;

в) сатиралары жөнүндө топ менен иштеп , презентацияласа.

Сабактын жабдылышы:

Ватмандар, маркерлер, таратмалар, окуу китептери, жазуучунун чыгармалар томдуктары,портиретти, слайд, аудио- видео материалдар ж.б

Сабактын тиби:

Билим берүүчүлүк

Сабактын усулу:

Түшүндүрүү, айтып берүү, суроо-жооп, көрсөтмөлүүлүк

Сабактын жүрүшү:



Сабатын этабы

Мугалим менен студенттердин иш аракеттери

комментарийлер

Уюштуруу 5мүнөт

Саламдашуу. Жагымдуу маанай түзүү.

5мүнөттүк поэзия.М:

Көзүӊдү карагаттай тиктегенде

Өзүмдү карегиӊден көрөр элем.

Жалындүү илебиӊе чыдай албай, Жалбарып илебиӊден өбөөр элем.

Адашып азыр эле табышкандай,

Чекеӊди жүрөгүмө жөлөр элем. Ж.б.


Үй тапшырманы суроо 8мүнөт

1. М.Элебаевдин балалык чагы кандай турмушта өткөн?

2.Бала Мукайды кандай турмуштук жагдай курчуткан?

3. М.Элебаевдин инсан жана талант катары көп кырдуулугун эмнеден байкоого болот.

4. Мукай кандай окуган жана кандай эмгектенген?

5. Жазуучунун чыгармачылыкка жасаган принциптүү мамилесин эмнелер менен далилдейт?

6. «Узак жол» романынын кыргыз адабиятына алып келген жаӊылыгы эмнеде?

7. Романдын идеалык мааниси, руханий дөөлөттөрү жөнүндө айтып бергиле?



Окуу китеби

Айтып берүү



Жаӊы темага өбөлгө түз 5мүнөт

Акын- жазуучунун чыгармаларынан көркөм окуу, виео- аудио тасмалардан чыгармаларынан уктуруу


Жаӊы тема: 10мүнөт