Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Символдору»
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору — Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Көз каранды эмес республикалык болуп жарыяланганга чейин мамлекеттик символикалардын бардык түрүндө коммунисттик идеологиянын белгилери (орок-балка, 5 бурчтуу жылдыз, пролетардык ураан ж. б.) сакталып келген. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-жылы 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп, кызыл түстөгү туу (авторлору — С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), ошол эле жылы 18-декабрда мамлекеттик гимн (авторлору — Ж. Садыков, Ш. Кулуев, К. Молодобасанов, Н. Давлесов), 1994-жылы 14-январда мамлекеттик герб (авторлору — А. Абдраев, С. Дубанаев) кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу. Желек
Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков,М.Сейит
1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген
Кайталап бекитилген | 3-март 1992-жылы |
Пропорция | Калып: Желекти колдонуу 3:5 |
Желектин авторлору | Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Гербде канаттары жайылган Манастын шумкары чагылдырылган, бул өлкөнүн эркиндигинин символу. Ошондой эле Кыргызстандын акагы болгон Ысык-Көл чагылдырылган, аны Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору курчап турат. Күн жаркыраткан тоонун чокулары кыргыз элинин ак калпагы сыяктанат. Авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев. 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.
Кайталап бекитилген | 14-январь 1994-жылы |
Пропорция | Калып: Гербди колдонуу 2:2 |
Желектин авторлору | А. Абдраев, С. Дубанаев |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
Сөзүнүн авторлоу | Ж. Садыков, Ш. Кулуев, 1992-жыл |
Музыкасынын авторлоу | Н. Давлесов, К. Молдобасанов, 1992-жыл |
Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.