СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили боюнча тест ( 30 суроо)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили боюнча тест ( 30 суроо)

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча тест ( 30 суроо)»

Кыргыз тили боюнча тест

  1. Үнсүздөр жалпысынан канчага бөлүнөт, кандай?

А) Экиге: каткалаң, жумшак . Б) Төрткө: үн менен шыбыштын катышына, жасалуу ордуна , жасалуу ыгына, түгөйлүү, түгөйсүздүгүнө карай. В) Төрткө: каткалаң, жумшак, уяң, эринчил. Г) Каткалаң, жумшак, уяң.



  1. Үндөштүктүн (сингармония) канча түрү бар?

А) Эки: тилге, жаакка карай үндөшүү. Б) Үч: тилге, эринге, жаакка карай үндөшүү. В) Төрт: каткалаңдашуу, жумшаруу, эриндешүү, сыйлыгышуу. Г) Эки: тил күүсү, эрин күүсү.



  1. Кайсыл жооптордогу сөздөрдө толук үндөшүү сакталган? А) экзамен, жазуучу, республика. Б) көркөмдүк, күндүз, уңгу, комуз. В) улгайган карыя, трактор, урмат. Г) токойчу, өзгөлөрдүкүнөн, Салтанат, кишилер.



  1. Кайсы варианттагы сөздөрдө алдыга карай окшошуу ( ассимиляция) сакталды? А) Кызыгуу жок болгондуктан, окууну ийгиликтүү бүтпөгөндөрдүн катарындамын. Б) Университетте окуу калыпка салынган. В) Акылдуу адам жакшы окууга умтулат. Г) Асан быйыл окумак болду.



  1. Төмөнкү сүйлөмдүн кайсынысында асты сызылган кыймыл атооч заттык мааниге өтүп кетти? А) бүткөн, көчөттөй. В) кумшекер, жаанды. Б) талдар, күндүн. Г) түнкү, жылдар.



  1. Төмөндөгү ыр саптардын кайсынысында метафора берилген? А) Жумшак тил, жылуу сөз угуп, В) Каруусу кеткен тулпардай, Энеке, сенден көөнүм ток. (Т) Арып келдим, Токтогул. (Т) Б) Сыйкыры барбы комуздун кылдарындай, Г) Жаман адам курусун, Сыйкыры барбы күүлөрдун ыргагындай. (С. Ж) Иштегенден арданат. (Ж)



  1. Сөздүн тутумундагы лексикалык маани жаратып турган мүчө А) уңгу, Б) уланды, В) куранды Г) фонема







  1. Омонимдердин бир түрү болгон омографтар кайсылар?

А) бак, кулак, курсант, карта. В) чык, бармак, ток, кесе. Б) тердик, бышты, капкан, кайыш. Г) күл, ат, март, бүр.



  1. Төмөндөгү сөз өзгөртүучү мүчөлөр кайсылар? А) –га, -да, -дан, -чу. В) –лык, -ган, -бас, -ла. Б) –ып, -чы, -луу, -сыз. Г) –ым, -ыптыр, -чы, - ылда.



  1. Татаал сын атоочту белгиле: А) бозомук Б) боз В) бопбоз Г) боз ала



  1. Көп азайдык, кун батышта жоо жеңдик, Жеңиш үчүн тобокел деп жан бердик. (А. О) Ыр саптарынан тактоочту тапкыла: А) азайдык, жеңдик. Б) күн батышта В) жеңиш үчүн Г) көп



  1. Айылдагы мектептин абалы менен шаардык окуучулар таанышып, ал жерден майда- чүйдө маселелерди улуу-кичүулөр менен бирге талкуулашып, калаагакайтышты. Сүйлөмдөгу сын атоочтор кайсы жоопто туура берилген: А) айылдагы, абалы, мектептердин. Б) айылдагы, шаардык, улуу-кичүүлөр, майда-чүйдө. В) талкууланып, шаардык окуучулар, майда-чүйдө маселе Г) бирге, аз жерден, айылдагы



  1. Таштан болор, кумдан болор төшөгүм, Аз болсо да, сыртта калар сөздөрүм. (А.О) Ыр саптарында суйлөмдун ээси кайсы?



А) Ээси көмүскөдө: Мен. В) төшөгүм, сөздөрүм. Б) Ээси жок сүйлөм. Г) таштан, кумдан.



  1. Атоочтук сөз айкашын тап: А) өйдө кулоо, түздөп кийүу. Б) жайлоонун шибери, жоолуктун кызылы. В) көз ачып жумганча, ачык-айкын, бака жалбырак. Г) ала карга, айыл чарба.



  1. Сиркеси суу көтөрбөө- - фразеологизм кандай маани берет? А) Чыртылдап урушуп, эч нерсени сүйбөө, сөздү көтөрө албоо, жактырбоо Б) Сиркелеп , кирдеп кетүу В) Кубануу, бирөө менен сүйлөшкүсү келүу, жактыруу Г) Алсыздык, өзүмчүлдүк, жеңилдик, оор нерсени көтөрө албоо





  1. Кайсы сүйлөмдө шилтеме ат атооч бар? А) Ал студент жакшы сүйлөдү. В) Ал алаңдап кирип келди. Б) Кечикпей барып ал. Г) Ал– студент.



  1. Баатыр- бир өлөт, коркок -миң өлөт . Алды сызылган сөздөр кайсыл сөз түркүмү?



А) Зат атооч. В) Затташкан сын атооч. Б) Сын атооч. Г) Атоочтук сын атооч.



  1. Кыймыл-аракеттин жана элестин тездигин билдирген тууранды сөздү белгиле: А) лып Б) эрбең В) ойсок Г) бөйпөң



19. Кайсы сөздөр туура ташымалданган? А) сагын-уу, кусал-ык, топ-у, бакы-т. В) кар-а-гай, к-ай-ың, дүк-өн Б) мек-теп, кит-еп, ак-ыл Г) жаан-чыл, та-лант-туу, кел-ген-дер-дин

20. Орфографиялык эрежеге ылайык туура жазылган сөдөр:

А) Кыргыз Республикасынын Президенти, КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Кыргыз Улуттук Университетинин Физика факультети. Б) Кыргыз Республикасынын президенти, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Кыргыз улуттук университетинин Физика факультети. В) Кыргыз Республикасынын Президенти, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы, Кыргыз улуттук университетинин физика факультети. Г) Кыргыз Республикасынын президенти, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Улуттук Университетинин физика факультети.

21. Күн болбосо-күн караңгы, ай болбосо- түн караңгы (макал). Татааал сүйлөмдүн кайсыл түрү?

А) Тең байланыштагы татааал сүйлөм. Б) Каршы багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм. В) Каршы байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм. Г) Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм жок.





22. Ооба, тааныбаган кишиге сырыңды айтпаганың оң. - Сүйлөмдун баш мүчөлөрү кайсылар, алар кайсы сөз түркүмүнөн?

А) тааныбаган- аныктооч, атоочтук; айтпаганың- баяндооч, этиш. Б) Ээси көмүскөдө-сен, ат атооч; айтпаганың- баяндооч, атоочтук. В) айтпаганың- ээ, атоочтук; оң- баяндооч сын атооч. Г) кишиге – ээ, зат атооч; айтпаганың оң- баяндооч, этиш.

23. Таандык байланышындагы сөз айкашын тап.

А) кызыктуу сабак. В) кыргыз бешиги. Б) кино көрүү. Г) китеп менен таанышуу.

24. Жээренче чечен сүйлөшкүсу келип: «Балам, …», -деди.

А) ат жалына казан ас. В) ийри отуруп, түз кеңешели. Б) тилиң менен орок ор. Г) шайтан мойнун сындыр.

25. Текшерүү иш үстундө болду. деген сүйлөмдө асты сызылган сөз кандай сөз?

А) жандооч Б) жардамчы атооч В) тактооч Г) зат атооч

26. Эл толук олтурган кезде, Токтогул комузун колуна алды. – Баш сүйлөмгө кандай сүйлом байланышып турат?

А) орун багыныңкы сүйлөм. В) шарттуу багыныңкы сүйлөм. Б) себеп багыныңкы сүйлөм Г) мезгил багыныңкы сүйлөм.

27. Бирөөнү экинчи тааный албай, журт толкуду. - Багыныңкы сүйлөмдун кайсы түрү?

А) карама-каршы Б) максат В) салыштырма Г) себеп

28. Ак сакал абам Кошой деп, Ала жүргун эсиңе. («Манас»). – Бир тутумдуу сүйлөмдун кайсы түру?

А) Жаксыз сүйлөм В) Ээсиз сүлөм Б) Белгилүү жактуу сүйлөм Г) Кемтик сүйлөм

29. Кызыл оңот, кымкап кыярат. (макал) Бул сүйлөмдө «кызыл» кандай сүйлөмдун мүчөсүн аткарат?

А) Аныктооч Б) Бышыктооч В) Ээ Г) Толуктооч

30. Кайгырып ыйлап жүргөндур, Каргадай болгон чырагым. (Токтогул) - Сүйлөмдө «жүргөндүр» деген баяндооч кайсы өкөн чакта турат?

А) Адат өткөн чак В) Күдук өткөн чак Б) Белгисиз өткөн чак Г) Капыскы өткөн чак