СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили предмети боюнча тест

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили предмети боюнча окуучулардын билимин текшерүү

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили предмети боюнча тест»

Кыргыз тили боюнча тест

№1. Көп маанилүү сөздөрдү белгилеңиз.

а) жаздык, кой

б) жер, желе

в) жака, бал

г) мискей, көчө


№2. Сүйлөмдө асты сызылган сөздүн өтмө маанисин белгилеңиз.

Ал ашкан түлкү.

а) өзгөрмө

б) куу

в) жаныбар

г) шамдагай


№3. Сөз жасоочу мүчө уланган сөздү белгилеңиз.

а) аштуу

б) ашпозчу

в) аштын

г) ашка


№4. Тексттеги ойдун башталышына мисалды белгилеңиз.

а) Ошентип, эртеси Каныбек жайлоого кетти.

б) Сабыр, сенин мунуңа эч түшүнбөй калдым?

в) Ошол күнү таң азанда Санжар телефон чалды.

г) Өткөн заманда бир абышка-кемпир болуптур.


№5. Ошентип, III чейрек да жыйынтыкталды.

Тексттин бөлүгүн белгилеңиз.

а) ойдун өнүгүшү

б) ойдун башталышы

в) ойдун жыйынтыкталышы

г) тексттин планы


№6. Айлананы карачы, кандай кооз, кандай сулуу! Жаратылышыбыз кол тийгис керемет. Жаратылышты коргоо – мекенди коргоо. Анткени биз ошол жаратылышты мекендейбиз.

Тексттин далилдөөчү, корутунду бөлүгүн белгилеңиз.

а) Жаратылышыбыз кол тийгис көркөмдүү

б) Айлананы карачы, кандай кооз, кандай сулуу!

в) Жаратылышыбыз кол тийгис керемет.

г) Анткени, биз ошол жаратылышты мекендейбиз.


№7. Кептин түрүн аныктаңыз. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак сыяктуу чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат.

а) баяндоо

б) сүрөттөө

в) ой жүгүртүү

г) сүйлөшүү

№8. Кептин түрүн аныктаңыз. Кыргызда баш кийим жаш куракка ылайык жасалгаланган. Элечек аялдын баш кийими. Ал ак кездеме жасалган. Жылтыр-жултур, шуру-мончок тагылган эмес.

а) баяндоо

б) сүрөттөө

в) ой жүгүртүү

г) сүйлөшүү


№9. Кептин түрүн аныктаңыз. Газга баа төмөндөгөн күндө деле аны колдонуучулар газ арзандаганын жакын арада сезишпейт. “Газпром” Евробиримдикке экспорттоп жаткан газдын басымдуу бөлүгүн Борбор Азиядан сатып алат. Борбор Азиянын газы Евробиримдикке СССРдин тушунда жаткырылган газ куурлары менен Украина жана Беларус аркылуу жеткирилет. Алардын да өзүнүн үлүшү бар. Анын үстүнө “Газпром” борбор азиялыктардын газын кымбат баада сатып алышаарын айткан. Демек, баанын акыр аягында арзандашы да оңой чечиле турган маселе эмес.

а) баяндоо

б) сүрөттөө

в) ой жүгүртүү

г) сүйлөшүү


№10. Расмий иш кагаздарын белгилеңиз.

а) өмүр баян б) программа в) ишеним кат г) келишим


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!