СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили тесттик суроолор

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили тесттик суроолор»

Тесттик уроолор 5-11-класс

1.Сөз жасоонун жолдору:

а) мүчөлөр аркылуу жана синтаксистик жолу

б) морфологиялык, синтаксистик жана лексикалык-семантикалык жолу

в) чет тилден кабыл алуу менен

г) грамматикалык жолу

2. Мал+чы=малчы, Кыргыз+стан=Кыргызстан.

Сөздүн жасалыш жолу:

а) синтаксисттик

б) лексико-семантикадык

в) сөз жасоочу мүчөлөр аркылуу

г) грамматикалык

3. Сөз жасоонун морфологиялык ыкмасы менен жасалган сөздөр:

а) зат, сан атооч, тактооч, сын атооч жана этиштер б) зат атооч, сан атоочтор

в) тактоочтор жана этиштер

г) ат атоочтор, зат, сын жана этиштер

4. Сөз жасоочу мүчө менен жасалган жөнөкөй зат атооч:
а) туунду зат атооч б) тубаса зат атооч в) татаал сөз г) бириккен сөз

5. Туунду зат атооч:
а) эне б) энекебай

в) класс г)мугалим

6. Касым тактай тилгич менен тактай тиле баштады.

Сүйлөмдөгү этиштен атооч жасаган мүчө уланган сөз:
а) тактай б) тилгич

в) тиле г) баштады

7. 31-август -Кыргызстандын азаттык күнү.

Сүйлөмдө сөз жасоочу мүчөлөр катышкан сөздүн саны:
а)1 б)3 в) 4 г) 2

8. -чылык мүчөсүнүн толук варианттары:

а) башчылык, жашчылык

б) жашчылык, теңчилик, молчулук, көпчүлүк в) балчылык, аңчылык

г) айлык, шаарлык

9.Соодагер, жароокер, айлакер. Сөздөргө уланган мүчөлөрдүн алгачкы формасы:

а)кор б)гер в)кер г) кар


10.Маанилик жактан андан ары бөлүнбөй турган сөздүн түпкү бөлүгү:

а) муун б) морфема

в) уңгу г) мүчө

11. Атоочтон этиш сөздөрүн жасаган мүчөлөр:

а) -са, -чан, -чак б) -ла, -ар, -ыдда

в) -сын, -дыр, -гыс г)-кеч, -чылык, ча

12. Жердин көркү - эгин, эрдин көркү - билим. Асты сызылган сөздөрдүн мүчөлөрү:

а) этиштен атооч жасоочу

б) этиштен этиш жасоочу

в) атоочтон атооч жасоочу

г) атоочтон этиш жасоочу

13.-чон, -чыл, -кей. Мүчөлөрү:

а) этиш жасоочу

б) атоочтон сын атооч жасоочу

в) сын атоочтон сын атооч жасоочу

г) сын атоочтон зат атооч жасоочу


14.Жаштар пахта теримге жардамдашты. Сүйлөмдөгү этиштен атооч жасоочу мүчө уланган сөз:
а) жаштар б) пахта

в) теримге г) жардамдашты

15.Барсын, келсин, аддыр, айтпас. Сөздөргө уланган мүчөлөр:

а) этиштен этиш жасоочу

б) этиштен атооч жасоочу

в) атоочтон этиш жасоочу

г) атоочтон атооч жасоочу


16.Тракторчулардыкындагылардансыңарбы?Сөздүн уңгу-мүчөлөргө туура ажыратылышы

а)Трактор-чулар-дыкьшда-гы-лардан~сыцарбы?

б)Трактор-чу-лар-дыкы-нда-гы-лар-дан-сьңар-бы?

в)Трактор-чу-лар-ды-кын-да-гы-лар-дан-сы-ңар-бы?

г)Трак-тор-чу-лар-дыкы-н-дагы-лардан-сыңарбы?

17.Уңгулаш сөздөрдүн лексикалык маанилери:

а) бирдей болот б) кээде

в) бирдей болбойт г) контекстте


18.Сөздөрдүн синтаксистик жол менен жасалышы:

а) эки же андан артык сөздөрдүн айкашынан туруп, маанилик
бүтүмдүктө болуп, сүйлөмдө бир милдет аткарса

б) эки же андан артык сөздөрдүн.

айкашынан туруп, маанилик бүтүмдүктө болбостон, ар бир компоненти ар түрдүү сөз түркүмүнө кирсе

в) маанилеш эмес сөздөрдү айтабыз

г) сөз айкаштарын айтабыз


19.Айда+оо+чу=айдоочу,темир+жол= темир жол. Сөздөрдүн
жасалышындагы айырма:

а) баары эле синтаксистик жол менен жасалды

б) баары эле морфологиялык жол менен жасалды

в) биринчиси морфологиялык, экинчиси синтаксистик жол менен жасалды г)жок


20. Маани берүүчү сөздөрдүн так, жеткиликтүү берилгени:

а) жаңы кирпич үй б) жаңы в) үй г) кирпич


21. Сүйлөмдүн негизги белгилери:

а) модалдуулук жана предикативдүүлүк

б) синтаксистик чак, жак, модалдуулук

в) предикативдүүлүк жана интонация

г) интонация жана модалдуулук


22. "Эт-этке", Бул тизмек ...

а) эркин сөз айкашы. б) туруктуу сөз айкашы

в) тизмек эмес г) сүйлөмдүк тизмек


23. Бүткөн айрым ойду билдир­ген сөз тизмеги же сөз … деп аталат,

а) сөз тизмеги б) жай сүйлөм

в) сүйлөм г) жөнөкөй сүйлөм


24. "Келсек жоксуңар" деген тизмек грамматикалык түзүлүшү боюнча ... сүйлөм.

а) жөнөкөй б) татаал

в) ээсиз г) бир тутумдуу


25. Грамматикалык түзүлүшү боюнча сүйлөмдүн бөлүнүшү:

а) жөнөкөй, татаал

б) эки тутумдуу, бир тутумдуу

в) ээсиз, ээлүү

г) жалаң, жайылма


26. Бактын ары жагында созулуп жаткан пахта талаасы.

Сүйлөмдүн мүнөздөмөсү:

а) жайылма сүйлөм

б) эки составдуу сүйлөм

в) атама сүйлөм

г) жаксыз сүйлөм


27. Үйдө баатыр, жоодо жок.

Сүйлөмдүн мүнөздөмөсү:

а) бир составдуу, жалпылама жактуу сүйлөм

б) татаал, эки составдуу сүйлөм

в) бир составдуу жаксыз сүйлөм

г) бир составдуу


28. Жөнөкөй сүйлөмдөгү грамматикалык негиздин саны:
а) бирден ашык эмес б) бирден ашык
в) экиден ашык г) үч


29. Айтылыш максатына карай сүйлөмдүн бөлүнүшү:

а) 2 б)4 в)5 г)3


30. Тыянак чыгара турган максатты көздөгөн акыл – баарынан мыкты акыл.

Эки тутумдуу сүйлөмдүн түзүлүшү боюнча мүнөздөмөсү:
а) жалаң сүйлөм б) татаал сүйлөм

в) жайылма сүйлөм г) жаксыз сүйлөм



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!