СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилим кымбатым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилим кымбатым»

Сабактын темасы: Кыргыз тилим - кымбатым

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк максаты:

- Окуучулар кыргыз тилинин улуулугун , байыркы тил экендигин түшүнүшөт жана кыргыз тили - мамлекеттик тил, ата-бабадан калган улуу мурас экендигин билишет, улуттук мурастарыбызды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды алышат;

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Окуучулар Мекен алдындагы жоопкерчилигин сезишет, эне тилин сүйүүгө, сактоого жана атуулдук парзын аткарууга умтулушат, ата мурастарын сактоо зарылдыгын түшүнүшөт;

Тарбия берүүчүлүк максаты:

Туура сүйлөөгө жана тилди сыйлай билүүгө, патриоттуулукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка, ж.б. тарбияланышат;

Сабакта колдонулууучу дидактикалык каражаттар: КРнын Тил Гимни, мамлекеттик тил жөнүндө жасалган слайд, кыргыз тили тууралуу учкул сөздөр, макал-лакаптар;

Сабактын жүрүшү;

Сабак Кыргыз Республикасынын Тил Гимнин аткаруу менен башталат.

Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжейлер, урматтуу окуучулар! Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик тил – Кыргыз тили майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Мына бүгүн кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 30 жыл толуп отурат. Кыргыз улуту жашап турганда, дайыма кыргыз тили да жашай берет. Кыргыздын улуулугу - анын карапайым мүнөзүндө, кыргыздын сулуулугу - анын кири жок жүрөгүндө, кыргыздын күчү - биримдигинде, байлыгы – Ала-Тоосунда, сыймыгы Ысык-Көлүндө, тарыхы – санжырада, маданияты – Манаста, музыкасы – комузда, уздугу - шырдакта, кыргыздын өлбөстүгү анын кереметтүү тилинде. Кыргыздын тили жорго сөзгө салып жорголотсо такалбайт да жаңылбайт, кыргыз тили музыкага салынса, айлананы шаңга бөлөп жүрөк эргийт.

Эне тил!

Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

Кыргыз тилим-кымбатым” - дегендей, эне тилибиз - кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо сабагын баштоого уруксат этиңиздер!

Андан соң окуучулар саламдашуу ырлары менен сабакты башташат.

Сезим: Саламдашуу илгертеден салтыбыз,

Саламдашып дайым жүрөт калкыбыз.

Анда эмесе, мен да салттан калбайын,

Саламымды баарыңарга арнайын.


Салам айтам жалпы кыргыз калкыма,

Амандашкан ыйык салты бар тура.

Таазим этем улуу мурас салтыма,

Аздектеген кыргыз калкым баарыңа!


Салам айтам улуу кыргыз калкыма,

Саламаттык тилеп мына жалпыңа,

Артта калып улам доор аяны,

Келечекте мурас калсын артыңда.


Нурулло: Кыргыз деп кургап тамагым,

Талашып элдин таламын.

Тил үчүн күйгөн меймандар,

Сиздерге ысык саламым


Уккула бардык чар тарап,

Урунттуу ишти аркалап,

Улуттук окуу жайда эми,

Башталды тилдик салтанат.


Айжамал: Аралап тоону, жылганы,

Деңиздей терең сырлары.

Отуз жыл мындан илгери,

Бекиген тилдин мыйзамы.


Жарса да күчтүү булутту,

Тил гана сактайт улутту.

Чечкиндүү ойго келели,

Кабылдап ар кыл сунушту.

Мугалим:

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул - эне тилибиз- кыргыз тили.

«Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыңарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даңкталат. Дүйнөдө теңдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыңар?

Назик: Абалтадан салт-санаасын сактаган,

Акыл, оюн алыс жолдо тактаган.

Кылымдардан кылымдарды карыткан,

Кыргызымдын тили менен мактанам.


Ар бир адам сүйлөгөндө ойлонсо,

Туура сөздү туура экен деп колдосо.

Жер үстүндө кантип жашайм байкуштай,

Эгер менин эне тилим болбосо.


Турган чакта жергебизде аш толуп,

Эне тилим жадырасын жаз болуп.

Эгерде ким эне тилин жерисе,

Катып калсын кыймылдабай таш болуп.


Байэл: Ата-бабам чабылса да нечен жыл,

Жок кылбастан эне тилин сактаган.

Сага таазим, сага урмат бабалар,

Силерди мен сыймык менен айта алам.


Эне тилим, эне сүтүм жыргалым,

Сенден издейм музыканын ыргагын.

Эт жүрөктү элжиретет эсепсиз,

Бир өзүңдө жазыла элек ырларым.


Дилбара: Эне тилим, эне сүтүм таалайым,

Бийик турган ак калпагым маанайым,

Кылымдардан кылымдарга жоголбой,

Сен өркүндөп өсүшүңдү каалаймын.


Эне тилим сырын ачты дүйнөнүн,

Эне тилим башка тилди үйрөттү.

Эне тилсиз тааныр белем жеримди,

Эне тилсиз тааныр белем элимди.


Тилим менен келди “Манас” дастаны,

Сиңирилген кыргыз элдин нарктары.

Айкөл пейил, меймандостук сапаттар,

Үрп – адаты, жакшы каада-салттары.


Нурмухаммед: Тил чоң мурас аталардан балдарга,

Өз тилиңе эч кайдыгер караба,

Өзгө тилди үйрөнө бер, а бирок,

Тилиң, дилиң бизде болсун садага.


Улут жүзү, Мекенимдин күзгүсү,

Турат сенде элдин, журттун бүт күнү.

Эне тилим сага таазим этебиз,

Эртеңкиде көп улуттун үмүтү.


Алина: Асыл тилим аман болчу ар дайым,

Кызыгыңан, кымбатыңан танбайын.

Жанып турган өмүр жалп деп өчкүчө,

Жашоо наркын сага гана арнайын.


Кыргыз тилим өзүм сүйлөп үйрөнгөн,

Байыртадан ата-бабам сүйлөгөн.

Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,

Сен жоголсоң, мен жоголом дүйнөдөн.


Санжар: Кыргыз болбойт кыргыз тили болмоюн,

Калк байыбайт казынасы толмоюн.

Жарды болсоң жарып кетер күн келер,

Бирок тилге түк караба тоң моюн.


Байыртан келген тумар тил,

Бабабыз Манас сүйлөгөн,

Кыргызча сүйлөп ыр ырдап,

Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.


Арафат: Эне тилим таалайым,

Кайда гана барбайын.

Эне тилим барында,

Дайым жарык маанайым.


Тилим барда улукмун,

Тилим менен улутмун.

Эне тили болбосо,

Аты аталбайт улуттун.


Булбулдай сайрап көшүлткөн,

Бул тилге кимдер теңелет.

Карыткан сансыз кылымды.

Кыргыздын тили керемет.


Сезим: Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил,

Кыргыз тилим көркөм дүйнө дастан тил.

Бул тил менен Манас бабам жар салып,

Мезгилдеги зор кайратты тапкан тил.


Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,

Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.

Кыргыз тили акындардын ырынан,

Чечендердин таңдайынан чыккан тил.


Кыргыз тили бабалардан калган тил,

Кыргыз тили тээ түпкүрдөн жанган тил.

Кыргыз тили байыркынын дастаны,

Бир мезгилде муңга баткан арман тил.



Нурай: Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан,

Бул тил менен ачылбаган сырды ачкан.

Бул тил менен ак таңдайлар ачылат,

Далай акын дастан жазган, ыр жазган.


Тилим-дилим, ата-энем, улутум,

Тирүү туруп болбойт аны унутуум.

Дудук жашайт, дили менен таптаза,

Дилсиз адам адам эмес курусун.

Баяман: Жылдар болгон элдер тынчып жатпаган,

Канча душман Ала-Тоону каптаган.

Кылым санап ошондо да кыргыз эл,

Кымбат баалап тилин ыйык сактаган.


Жашоосунда жаман жагы билинбей,

Жайнап турган керме тоонун гүлүндөй.

Акыл ташып алп Манасты жараткан,

Тил жок чыны кыргызымдын тилиндей.


Алишер: Ала-Тоо касиеттүү турагыбыз,

Акыйкат, эркиндикте турарыбыз.

Түбөлүк бийиктесин кут ооматың,

Тилибиз биздин соолбос булагыбыз.


Алыкулуң, Жусубуң бар дайрасың,

Мидини бар, Райканы бар саймасың.

Өрүшү бай, жайыты бай, багы бай,

Кыргыз тилим табериктүү тамгасын.


Сөздөрүңдүн калпып алган каймагын,

“Алп Манастын” улам сүрдүү айбаты.

Түгөлбайы, Чыңгызы бар тилимдин,

Болсо керек аргымактай канаты.


Дастан: Дүйнөгө кеткен дүбүртү,

Атагын жайып кыргыздын.

Ардактап, барктап сактайбыз,

Кыргыз тил – тили Чыңгыздын.


Күн сайын өсүп көктөгөн,

Тилибиз жарыгы жылдыздын.

Илгертен сөз багып өстүргөн,

Кыргыз тил – тили кыргыздын.

Мугалим:

Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» - деп, абдан туура, таамай айткан .

«Адамдын эне тили - анын жан тамыры», «Дил бермети - тил» дегендей, жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин кыргыз тили аркылуу билдирип жүрөлү. Жер үстүндө кыргыз улуту жашап турганда, кыргыз тилибиз да кылымдын кыйырына жашай бермекчи.

(Сахнага окуучулар катар тизилип турушат.)

Жалпы окуучулар хор аткарышат:

«Кыргыз калкым»

Кемер кур, кемсел, өтүк, ак калпагым,

Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныштырган,

Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым.


Үйүнө мейман келсе, жүзү жарык,

Мал союп, сактап келген ата салтын.

Кызытып кымыз берип, май жедирген,

Салтыңдан кагылайын кыргыз калкым.

Мугалим:

Ала-Тоонун аска зоосу жаңырчу,

Кыргыз тили Манас тили байыркы.

Ураалаган үндү укканда көп душман,

Калтырашып далай эстен тануучу – дегендей, кыргыз улуту дегенде башка өлкөнүн элдери дароо көз алдына Манас бабабыз менен Чыңгыз атабызды келтиришсе керек.

Анда эмесе азыркы кезекти “Манас” эпосунан чакан үзүндүгө берели.


«Манас» эпосунан үзүндү айтылат.

Мугалим:

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катаал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.

Кезекте кыздар тил тууралуу акыйнек ырларын аткарып беришет.

Адинай: Суу түбүндө пиязды,

Сууруп жесең аппачууу

Кыргыз тили жарды тил ,

Сүйлөбөймүн не хочу.


Сезим: Башка тилде сүйлөсүн,

Өз тилиңе күйбөйсүн.

Маңкурт дешет сендейди,

Өз тилиңди сүйбөйсүн.


Алина: Кыргыз тил деп сүйлөнүп,

Какылдайсың какшайсың.

Чындап келсе кыргыздан,

Чистый кыргыз таппайсың.



Назик: Мен күйбөсөм тилиме,

Сен күйбөсөн тилиңе

Кыргыз тили өссүн деп,

Күйөт эле ким эле?


Нурай: Бишкекке барсаң кокустан,

Кыргыз тили жарабайт.

Кыргызчалап сурасаң,

Киргиздериң табалайт.


Дилбара: Кыргыз тили улуу тил,

Манас бабам сүйлөгөн.

Сендейлер чыкты ортодон,

Тилин чанып сүйбөгөн.


Сезим: Кыргыз тил деп чыркырап,

Күйгөнүң ким билиптир.

Орусча мени өстүргөн,

Атам менин министр.


Айжамал: Тил болбосо эл болбойт,

Мамлекет анда жок болот.

Министр атаң иш таппай,

Дал ошондо шок болот.


Баары: Ой, кыргыздар келгиле,

Тилибизге күйөлү.

Тилибизди ардактап,

Апабыздай сүйөлү.

Мугалим:

Макал - тилдин көркү.

Макал - сөздүн каймагы.

Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышышат.

  1. Ой-океан, тил – булак

  2. Тилден жаңылган турбайт,

Буттан жаңылган турат.

  1. Тил билсең, дил билесиң.

  2. Тил –акылдын күзгүсү

  3. Тил акылдын таразасы

  4. Тил акыйкаттын ачкычы

  5. Тил –ойдун булагы

  6. Тилсиз улут болбойт

  7. Узун тил уудан жаман,

Заар тил октон жаман.

  1. Өнөр алды - кызыл тил.

  2. Илим менен билимге көпүрө – тил,

Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

  1. Тил арстан эшигиңде комдонгон,

Бошоп кетсе өзүңдү да жеп койгон.

  1. Тил кылычтан өткүр.

  2. Улут наркы улуу тил.

  3. Тилиң менен напсиңди тыя билгин,

Касиетти боюңа жыя билгин.

  1. Жети элдин тилин бил,

Жети түрлүү билим бил.

  1. Адам тилинен табат.

  2. Адамдын даңкын чыгарган да тил,

Тарпын чыгарган да тил.

21. Ооздун көркү - тил,

Тилдин көркү - сөз.

Мугалим:

Сөз деген ачкыч - сырдашам десең,

Сөз деген аткыч - чырдашам десең.

Сөз деген тапкыч - ырдашам десең,

Сөз деген баскыч - кырды ашам десең .


Жаңылмачты бат айтып,

тили жатык так айтып.

Сынашалы келгиле,

Жаңылбастан шар айтып.

Окуучулар жаңылмач айтышат.


Кара каргаларга ала каргалар үйүр,

Ала каргаларга ала каргалар үйүр.


Асан Үсөндөн үч мүнөт эрте төрөлдү,

Үсөн Асандан үч мүнөт кеч төрөлдү.

Асан чоңбу?

Үсөн чоңбу?

Чоңу Асанбы?

Чоңу Үсөнбү?


Асманда жүз көгүчкөн,

Бөлүнүшүп үч-үчтөн.

Учуп өттү үстүбүздөн,

Үстүбүздөн өткөн жүз көгүчкөн,

Бөлүнүптүр үч-үчтөн.


Оймокту ортого коймокмун,

Ортого оймокту коймокмун.

Оймокчу оймокту бербесе,

Кайсыл оймокту ортого коймокмун.


Мугалим:

Рахмат, силерге балдар! Силер кыргыз тилибиздин анык күйөрмандары экениңерди, кыргыз тилибизди таза, ыйык, бийик тутуп, ал гана эмес ата салтыбызды, улуу дөлөөттөрүбүздү сактай билгендигиңерди эл алдында далилдей алдыңар.

Көзгө сүйкүм кыргыз бийин

Кимдер гана билбесин.

Кыргыз кыздар кызгалдактай,

Кулпурушуп бийлешсин.

(Кыргыз бийи кыздардын аткаруусунда)

Мугалим:

Касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз тили эч качан жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер менен теңтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчү канат-бутак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалык!

Ушул тилекке жеткизген улуу жолубуз байсалдуу, ак жолтой болсун!


Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили - Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат.





17



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!