Сабакка үч максат коюлат:
Билим берүүчү максаты
Тарбиялоочу максаты
Өстүрүүчүлүк максаты
Тарбиялоочу
Билим берүүчү
Өстүрүүчүлүк
- предмет боюнча конреттүү темаларга ылайык теориялык маалыматтар берилет.
Мисалы, кыргыз тилинен эрежелер, грамматикалык формалар боюнча программалык билим берилет, т.а., тема боюнча теориялык билим, маалымат берилет
- эне тилинин бай казынасы менен окуучунун жан дүйнөсүн арууландыруу, адабий тилде сүйлөп, сүйлөө маданиятына, мамилелешүү маданиятына үйрөтүү, сөз түзүп, сүйлөм курап, текст жаратып, алар менен акыл эмгегине тарбиялоо;
- мекенди, эл-жерин сүйүүгө, эне тилин кастарлоого үйрөтүү;
- эне тилинде сүйлөө, ой жүгүртүү ишмердигине ээ кылуу, жазуу жана оозеки көндүмдөрүн өнүктүрүү, эне тили аркылуу улуттук жана дүйнөлүк акыл –ой мурастарын өздөштүрүү ишмердүүлүгүн калыптандыруу ;
- таанып-бил\\ ишмерд\\л\г\н арттыруу менен кыргыз тилинин кудуретине багынган суктануу, сыймыктануу сезимдерин ойготууга жетиш\\.;
Тема: Фразеологимздер
Тарбиялоочулук
Өстүрүүчүлүк
Билим берүүчүлүк
- окуучулардын логикалык ой-ж\г\рт\\лър\н жана чыгармачылыктарынын ън\г\\с\нъ къмъктъш\\.
- Окуучулардын фразеологизмдер боюнча алган билимдерин тереёдет\\, оозеки жана жазуу с\йл\ш\\лър\ндъ кеёири колдоно алууга \йрът\\;
- таанып-бил\\ ишмерд\\л\г\н арттыруу менен кыргыз тилинин кудуретине багынган суктануу, сыймыктануу сезимдерин ойготууга жетиш\\
Кыргызстаным – сыймыгым!
Окутуунун дидактикалык принциптери
- Илимийлүүлүк ( теориялык маалыматтардын, эрежелердин, талдоолордун илимий жактан такталгандыгы, негиздүүлүгү, тууралыгы);
- Көрсөтмөлүүлүк (окуучунун эске тутуусу үчүн түшүнүктөрдү предметтүү баяндоо аркылуу баяндоо);
- Аң-сезимдүүлүк, же активдүүлүк (түшүнүктөрдү жаттатуу менен эмес, аң-сезимдүү кабылдоо аркылуу өздөштүрүүгө багыт берүү);
- Системалуулук (билим жана теманын мазмуну уланмалуулукта, ырааттуулукта берилиши);
Окутуунун дидактикалык принциптери
- чың билим берүү (жалпы дидактикалык принцип);
- түшүнүктүүлүк (окуучулардын жаш жана билим өзгөчөлүгүнө ылайык билим берүү);
- тарбиялоочулук (теманын мазмунундагы тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу);
- проблемалуулук (алдыга проблема коюп, аны чечүүнүн жолдорун көрсөтүү, окуучунун чыгармачыл ишмердүүлүгүн өркүндөтүү);
- оптималдуулук (зарыл учурда туура методдорду тандоо, аз убакытта жетишерлик билим берүү жолдорун табуу);
Кыргыз тилин окутуунун жеке принциптери
- коммуникативдик багыттулук (кеп ишмердигин бардык түрлөрүндө иштей алуусу);
- лингвоөлкөтаанытуу (тил аркылуу улуттук маданияттын баалуулуктарын, тарыхын таанытуу);
- этномаданияттаануу (улут аралык сүйлөшүү маданиятын, элдик психологияны үйрөтүү);
Сабактын типтери
- жаңы теманы түшүндүрүү сабагы;
- алган билимди текшерүү сабагы;
- жалпылоо, системалоо сабагы;
- бышыктоо сабагы;
- кайталоо сабагы;
- аралаш сабак;
Кыргыз тили сабактарынын жаңыча (инновациялык) түрлөрү
- мелдеш сабак;
- саякат сабагы;
- коференция сабагы;
- диспут сабак;
- оюн сабак;
- инсценировка сабак;
- лекция сабак;
- жомок сабак;
- викторина сабак;
- конкурс абак;
- поэзия сабагы;
- зачет сабак;
Сынчыл ойломдун сабакта колдонулуучу стратегиялары
- синквейн
- кластер
- зигзаг
- даймонд
- эки бөлүктүү күндөлүк
- инсерт
- концептуалдуу карта
- концептуалдуу таблица
- мээ чаабуулу
- Вен диаграммасы ж.б.
Сабакта окуучулар менен иштөөнүн формалары
- окуучулар менен жекече иштөө;
- жуп-жубу менен иштөө;
- тайпада иштөө;
Компотенттүүлүк – деген эмне?
Кесип ээсинин компотенттүүлүгү – адамдын инсандык жана адистик сапаттарына байланыштуу сыпатталат, ал сапаттар – ишиндеги жана мамилесиндеги көрсөткүчтөр менен аныкталат.
Демек компотенттүүлүк – сапатка, сапат көрсөткүчкө байланыштуу.
1. Тилдик компотенттүүлүк;
- тилдин системасы боюнча теорилык билимге ээ болуу;
- адабий тилдин нормасын билүү;
- Тилд ик кор, сөздүк курам жөнүндө билимге ээ болуу;
- тилдин грамматикалык түзүлүшүн билүү;
- орфографиялык сабаттуулугу;
- сөздөрдү, сүйлөмдөрдү түзө билүү;
2. Коммуникативдик компетенттүүлүк:
- кеп маданиятын үйрөнүүсү;
- кептин стилдерине жараша иштей билүүсү;
- түрдүү чөйрөдө сүйлөө ишмердүүлүгүнө ээ болуусу;
- чечендик кепке жатыгуусу;
- кеп ишмердүүлүгүн бардык түрлөрүнө жараша иштей алуусу;
3. Когнитивдик, т.а. лингвоэтномаданий компотенттүүлүктөр:
- тил аркылуу улуттук баалулуктарды үйрөнүү;
- тил менен элдин тарыхын байланышта үйрөнүү;
- тил аркылуу элдик психологияны үйрөнүү;
- Сөз өнөрүн үйрөнүү, т.а. сөз маанилери, түркүн сырларын үйрөнүп, улуттук менталитетти иликтеп билүү;
1 . Педагогикалык кесиптик ишбилгилик 2. Окутуу-үйрөтүү процессин уюштура билгичтик 3. Инсандык психологияга аяр мамиле жасай билгичтик 4. Билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, тармактык билимдин бекемдиги 5. Мугалимдик кесипке берилгендик, педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо 6. Окуу программалары боюнча түшүнүк, кабардарлык деңгээли 7. Коммуникабелдүүлүк 8. Билимди, билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу, баалоо критерийлерди билүү 9. Башка өзгөчөлүктөр (квалификацияны жогорулатуу, мыйзамдуулукту билүү ж.б.)
Кесиптик ишбилгилик Темага жана тиешелүү билим тармакка байланыштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү. Предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүү. Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүүсү. Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип, түшүнүктөрдү жатык тилде, төп келтире үйрөтө ала тургандыгы
Окутуу процессин уюштурууга карата ишбилгилик Пландаштыруу - Сабактын максатын жана анын аягында окуучуларда күтүлүүчү билим, мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү. - Сабакта бышыктоочу суроолорду тактоо. - Өтүлө турган темага кошумча материалдарды тандоо жана даярдоо. - Окуучулардын жекече, психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан (кругозорунун) өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн, кроссворд, роль, жекече же топтордо иштөө, көнүгүү ж.б.) пландаштаруу; теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү, аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалдарды колдонуу. - Сабактын соңунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө, эмнени көрө билгендигине жараша баалоо.
Окутуу процесси - Жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу. - Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү. - Түрдүү методдорду ийкемдүү колдоно билүү. - Убакытты бөлүштүрүп, туура пайдалана билүү. - Сабактын темасына (максатына) ылайык, кошумча материалдарды пайдалана билүү. - Сабактардын мазмунун окуучулардын күнүмдүк турмушу менен байланыштыра билүү. - Ар бир окуучу менен иштөө, алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо. - Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү. - Бир да окуучуну көз жаздымдан чыгарбоо. - Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер (жеке, түгөй, топтук тапшырма берүү, көрсөтмөлүүлүк, практикалык иштер - экскурсия, эксперимент, байкоо, ж.б.), тиешел үү окутуу технологияларын колдоно билүү. - Окуучулар сабакта үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү. - Сабактын соңунда окуучулардын алган билимин жана эмгегин объективдүү баалоо. - Окуучулардын жоопторуна талдоонун гана негизинде пикир билдирүү.
Классты башкаруу - Ар бир окуучуга класста өз оюн так, толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү; - Сабакты максатына ылайык өтүү; - Сабакта тоскоол боло турган нерселерди азайтуу; - Окуучулардын сабактагы көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү; - Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу; - Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткартуу, ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү.
Коммуникабелдүүлүк - Бир нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү, багыттоо; - Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим, окуучу-окуучу, мугалим-окуучу мамилелери); - Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер менен өнөктөштүк; - Үндү таасирдүү пайдалануу; - Суроону өз убагында, туура коё билүү; - Оозеки пикир алмашууда үндү жана жесттерди таасирдүү колдонуу (келбет, көз караш, колдор, мимика ж.б.)
Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоо, жазуу, баалоо - Окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин, тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү; - Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликти жазуу, жыйынтыктарды окуучуга үзгүлтүксүз билдирип туруу; - Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу;
- Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилүүлүгүн билүү; - Окуучунун академиялык ийгилигин улуттук баалоо стандарттарына таянып баалоо.
Дидактикалык материалдарды даярдоо Мугалим бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, сабагына керектүү кошумча материал даярдоодо сабактын темасына байланышын билип, окуучулардын билиминин өнүгүшүнө таасир тийгизээрин эске алуусу зарыл. Ошондуктан ал: - карточкаларды, суроо кагаздарын даярдоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алат; - материал колдонууда компьтердик технологияны колдонот; - материалдардын даярдалуусунда окуучулардын ой пикирин эске алат; - материалдын теманы түшүндүрүүдө жардам бере турганына жана кайрадан колдонууга ыңгайлуулугуна карайт.
Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу Ал үчүн мугалим: - билим берүү, тарбиялоо иш аркеттеринин пайдалуулугун жогорулатуу жана бүтүндүгү үчүн класстан тышкаркы иштерди активдүү түрдө уюштурат. Музейлерге, театрга, парктарга, экскурсияга, фабрикаларга, өндүрүшкө баруу, айлана- чөйрө менен байланыш түзүү, ар түрдүү жарыш, мелдеш, конкурс, майрам аземдерин өткөрүү, окуучуларды жөндөмү жана каалоосуна жараша катыштырууга аракеттенет. - ал иштерге керектүү материал, техникаларды даярдайт.
Убакытты туура колдонуу Мугалим өзүнө бөлүнгөн убакытты рационалдуу пайдалануу үчүн аны так бөлүштүрүп алат. Мисалы, убактысын сабакты түшүндүрүү, кайталоо, көнүгүү жасатуу, жаңы нерсени үйрөнүү ж.б. үчүн бөлүштүрөт.
Кесиптик компетенттүүлүккө байланыштуу башка нерселер Алар: - мугалимдик кесипке тиешелүү буйрук, жардык жана көрсөтмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу; - өзүн-өзү өнүктүрүү аракетинде болуу; - мектептин чогулуштарына, коомдук иштерине, ж.б. иш аракеттерине жигердүү катышуу; - өз иш жана укугун жакшы билүү; - кесибиндеги кээ бир маселелерди чече билүү; - кесиптештери менен жакын мамиледе болуу, урмат менен мамиле кылуу; - өз кесиби боюнча чеберчилигин жогорулатуу үчүн курстарга катышуу; - мугалимдик кесиби менен сыймыктануу, окуучуларды билим алууга үйрөнүүгө салым кошууга багыт берет; - класстын тазалыгы, жарыктыгы, жылуулук, кенендик ж.б. өзгөчөлүгүнө көңүл бурат; - технологияны колдонууда башкаларга үлгү болот.