СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздар байыркы эл

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул презентация Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы предмети боюнча 5-класстар үчүн түзүлдү.Кыргыздар-Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири,презентацияда белгилүү тарыхчы В.В.Бартольд,улуу кытай тарыхчысы Сыма Цяндын "Тарыхый жазмалар" эмгегинде кыргыздар тууралуу биринчи эскерилиши б.з.ч.201-жылдан бери белгилүү экендиги жөнүндө маалыматтар камтылды.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздар байыркы эл»

IV чейрек Предмет: Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы  5-класс Мугалими:  Бердиева Бурулай Салиевна

IV чейрек

Предмет: Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы

5-класс

Мугалими:

Бердиева Бурулай Салиевна

Сабактын темасы: Кыргыздар байыркы эл.

Сабактын темасы: Кыргыздар байыркы эл.

1.Кыргыздар байыркы эл экендиги жөнүндө маалымат аласыңар. 2.Билим,билгичтик көндүмдөрүбүздү өнүктүрөсүңөр. 3.Фактыларды аргументтүү айтууга үйрөнөсүңөр.

1.Кыргыздар байыркы эл экендиги жөнүндө маалымат аласыңар.

2.Билим,билгичтик көндүмдөрүбүздү өнүктүрөсүңөр.

3.Фактыларды аргументтүү айтууга үйрөнөсүңөр.

ВАСИЛИЙ ВАСИЛЬЕВИЧ БАРТОЛЬД

ВАСИЛИЙ ВАСИЛЬЕВИЧ БАРТОЛЬД

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь өзүнүн «Тарыхый жазмалар»(Щи цзи») деген эмгегинде хунндардын падышасы Модэ шанүй б.з.ч.201-жылы түндүк батышка жортуулга чыгып,көз карандысыз жашап жаткан бир катар ээликтерди,анын ичинен кыргыздарды басып алгандыгын баяндаган.Сыма Цяндын китебинде кыргыздар «генгун»деген аталыш менен эскерилет. «Кыргыз» деген аталыш эрте орто кылымдарда Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн арасында кеңири тараган.Азыркы мезгилде түрк тилинде сүйлөгөн элдердин байыркысы болуп эсептелет. «Казак», «өзбек», «түркмөн», «уйгур», «татар», «башкыр» сыяктуу элдердин аталыштары «кыргыз» этнонимине салыштырмалуу кийинчерээк пайда болгон.

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь өзүнүн «Тарыхый жазмалар»(Щи цзи») деген эмгегинде хунндардын падышасы Модэ шанүй б.з.ч.201-жылы түндүк батышка жортуулга чыгып,көз карандысыз жашап жаткан бир катар ээликтерди,анын ичинен кыргыздарды басып алгандыгын баяндаган.Сыма Цяндын китебинде кыргыздар «генгун»деген аталыш менен эскерилет.

«Кыргыз» деген аталыш эрте орто кылымдарда Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн арасында кеңири тараган.Азыркы мезгилде түрк тилинде сүйлөгөн элдердин байыркысы болуп эсептелет. «Казак», «өзбек», «түркмөн», «уйгур», «татар», «башкыр» сыяктуу элдердин аталыштары «кыргыз» этнонимине салыштырмалуу кийинчерээк пайда болгон.

«Кыргыз» деген аталыш көбүнчө элдик санжырада чечмеленет. Окумуштуулардын көбү «кыргыз» деген аталыш «кайраттуу,күчтүү,эр жүрөк,күжүрмөн адам» деген түшүнүктү туюнтат деп эсептешет. «кырылгыз», «кырк ууз», «Ууз хандын тукуму», «кыр-кырда жашаган», «кырк уруудан куралган эл»,деген сыяктуу уламыштар бар. 2003-жылы БУУнун чечими менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы эл аралык мааниде белгиленген

«Кыргыз» деген аталыш көбүнчө элдик санжырада чечмеленет.

Окумуштуулардын көбү «кыргыз» деген аталыш «кайраттуу,күчтүү,эр жүрөк,күжүрмөн адам» деген түшүнүктү туюнтат деп эсептешет.

«кырылгыз», «кырк ууз», «Ууз хандын тукуму», «кыр-кырда жашаган», «кырк уруудан куралган эл»,деген сыяктуу уламыштар бар.

2003-жылы БУУнун чечими менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы эл аралык мааниде белгиленген

Хунндардын падышасы Модэ каратып алган учурда кыргыздардын Ата Журту Чыгыш Түркстандын аймагында жайгашкан.Кыргыз ээлиги Чыгыш Тянь-Шандын түндүк тарабынан орун алган.

Хунндардын падышасы Модэ каратып алган учурда кыргыздардын Ата Журту Чыгыш Түркстандын аймагында жайгашкан.Кыргыз ээлиги Чыгыш

Тянь-Шандын түндүк тарабынан орун алган.

Сайфидин Аксыкендинин эмгегине таянсак байыркы кыргыз урууларынын пайда болушу Саян-Алтайдын тоолуу аймактарын мекендеген уруулар менен тыгыз байланыштуу.Кыргыздардын түпкү теги кангүйлөр менен юэчжи урууларынан бөлүнүп чыккан.Кангүйлөр менен юэчжилер байыртадан эле усундар менен хунндарга коңшу жашаган.Кыргыз этносунун негизги өзөгүн Саян-Алтайдын тоолуу аймактарын мекендеген уруулар жана аларга тектеш этностор түзгөн. Байыркы юэчжилер кыргыздар деп аталып,усундар,сактар жана хунндар менен карым-катнашта болгон.

Сайфидин Аксыкендинин эмгегине таянсак байыркы кыргыз урууларынын пайда болушу Саян-Алтайдын тоолуу аймактарын мекендеген уруулар менен тыгыз байланыштуу.Кыргыздардын түпкү теги кангүйлөр менен юэчжи урууларынан бөлүнүп чыккан.Кангүйлөр менен юэчжилер байыртадан эле усундар менен хунндарга коңшу жашаган.Кыргыз этносунун негизги өзөгүн Саян-Алтайдын тоолуу аймактарын мекендеген уруулар жана аларга тектеш этностор түзгөн.

Байыркы юэчжилер кыргыздар деп аталып,усундар,сактар жана хунндар менен карым-катнашта болгон.

Кыргыздардын алгачкы көз карандысыз мамлекети. Хунндар б.з.ч.56-жылы саясий бытырандылыкка учураган.Борбордук башкаруусу начарлап,Хунн империясы экиге бөлүнүп алсыраган мезгилде кыргыздар көз карандысыз,эркин мамлекеттүүлүккө жетишкен.Алар ээлеген аймак Чыгыш Тянь-Шандын түндүк жагында Боро-Хоро тоо кыркалары менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосунда жайгашкан. Ушул жылдан тартып жазуу булактарында эң алгачкы ирет кытайлык тарыхчы Бан Гу чакан кыргыз мамлкетин «го»- «падышалык» термини менен белгилеген.Байыркы кыргыздардын бул чакан өлкөсү кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жаңы башаты болуп калды. Б.з. I-Vкылымдарында кыргыздар Тянь-Шандын чыгыш тарабын мекендеген.Кыргыздар тууралуу кытай булактары теле(төөлөс)уруулар бирикмесинде коңшу катары эскерип, «Янцинин (Кара-Шаардын) түндүгүндө, Ак-Тоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт.V кылымда кыргыздарды Тундүк Кытайдан ооп келген жуан-жуандар басып алган.

Кыргыздардын алгачкы көз карандысыз мамлекети.

Хунндар б.з.ч.56-жылы саясий бытырандылыкка учураган.Борбордук башкаруусу начарлап,Хунн империясы экиге бөлүнүп алсыраган мезгилде кыргыздар көз карандысыз,эркин мамлекеттүүлүккө жетишкен.Алар ээлеген аймак Чыгыш Тянь-Шандын түндүк жагында Боро-Хоро тоо кыркалары менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосунда жайгашкан.

Ушул жылдан тартып жазуу булактарында эң алгачкы ирет кытайлык тарыхчы Бан Гу чакан кыргыз мамлкетин «го»- «падышалык» термини менен белгилеген.Байыркы кыргыздардын бул чакан өлкөсү кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жаңы башаты болуп калды.

Б.з. I-Vкылымдарында кыргыздар Тянь-Шандын чыгыш тарабын мекендеген.Кыргыздар тууралуу кытай булактары теле(төөлөс)уруулар бирикмесинде коңшу катары эскерип, «Янцинин (Кара-Шаардын) түндүгүндө, Ак-Тоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт.V кылымда кыргыздарды Тундүк Кытайдан ооп келген жуан-жуандар басып алган.

Өзүңөрдү текшергиле: 1.«Кыргыз» аталышы биринчи жолу ким тарабынан эскерилген?  2.Кыргыздардын алгачкы ата журту кайсы жерде жайгашкан?  3. «Кыргыз» аталышы кандайча чечмеленет? Баалоо: көрсөткүчтөргө карап бааланат,бирин-бири баалайт. Үйгө тапшырма: &25 текстти окуп,суроолорго жооп жазып келүү.

Өзүңөрдү текшергиле:

1.«Кыргыз» аталышы биринчи жолу ким тарабынан эскерилген?

2.Кыргыздардын алгачкы ата журту кайсы жерде жайгашкан?

3. «Кыргыз» аталышы кандайча чечмеленет?

Баалоо: көрсөткүчтөргө карап бааланат,бирин-бири баалайт.

Үйгө тапшырма: &25 текстти окуп,суроолорго жооп жазып келүү.


Скачать

© 2020, 2905 5

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!