СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын ак калпагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын ак калпагы»

Сабактын темасы: Кыргыздын ак калпагы.

Сабактын максаттары:

  • Ата-бабадан бери улуу мурас катары келе жаткан ак калпак, анын тарыхы, кыргыз калпагынын символикасы, калпак жасоо ыкмасы, макал-лакаптар тууралуу маалыматтарга ээ болушат;

  • калпактын ыйыктыгын сезишет, аны кастарлоого үйрөнүшөт;

  • патриоттук сезимдери ойгонуп, мекенчилдикке, атуулдукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

Жаңы тема

Белгилүү кинорежиссер Рысбек Жабировдун иннициативасы менен 5-март «калпак» күнү деп жарыяланды.Мына ушул күн- жалпы кыргыз элинин майрамы.

«Улутчул дешет билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн.

Кызыл эт кезден төрөлуп

Кыялым кокко күүлөгөн,

Кыргыз деп келгем дүйнөгө

Кыргыз жеп отом дүйнөдөн.»

Ооба,биз кыргыз деген улуу элдин урпактарыбыз!

Улуу Манас баатырдын тукумубуз!

Бугунку сабагыбызда ата-бабадан бери улуу мурас катары келе жаткан ак калпак,анын тарыхы,кыргыз калпагынын символикасы,калпак жасоо ыкмасы,калпак тууралуу макал-лакаптар тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Кыргыз калпагы-жашоо тиричиликке ынгайлуу,ысыкта кундөн сактаган,суукта ызгардан коргогон,жылуу десе жылуу,женил жана жайлуу баш кийим.Калпактын актыгы анын аруулугун,тазалыгын символдоштуруу менен акылдын тунуктугун сездирет.

Калпак тарыхы-кыргыз тарыхы.Атактуу синолог Иакинф Пичуриндин кытай жазма булактарынан алган тарыхый даректеринде кыргыздар тууралуу толгон-токой маалыматтар берилген.Ошолордун биринде:»Кыргыздардын башына кундуз тебетей,жайында жээктери алтын менен кыюу,төбөсү шоншогой,асты кайрылган кийиз ак калпак кийет. Ал эми калган элдин баары кийизден уюшулган ак калпак кийишет».

Калпак-кыргыздын улуттук эркек баш кийими.Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан,ак калпак деп аталган.Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык,кийин ак уян жундон жасалган.Бышык басылган кийизден төбөсү бийик,этеги тегерек бычылып,оймо-чийме түшүрүлбөй,төбөсүнө чок чыгарылбай,астарсыз,бир гана тигиши менен бириктирилип ошол жери маңдай жагы деген.Бара-бара бычымы мене формасы өркүндүтүлүп,көркөмдөлө баштаган.Калпак –бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы.Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат.Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып,калайык калкынын тагдырына бекем байланат.Калпак –кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөнчөсү.Ата-бабалардан кастарланып келе жаткан асыл мүлк.Кыргыз эли эл болуп түздөлгөндөн бери жашоонун,улуулуктун,тазалыктын,улуу күндүн символу,ыйык белгиси катары кастарлап,сур тутуп,соолот санап,көрк катары маанилүү шаң салтанатка кийин жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү.



Калпак жөнүндө элдик макалдар.

  • Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт.

  • Калпакты жерге койбо.

  • Калпагынды жоготсон,башынды жоготосун.

  • Калпагынды сатсан,акылынды сатасын.

  • Түнкүсүн калпагын ар дайым бут жагында эмес,баш жагыңда болсун.



Калпакты жасоо ыкмасы:

Калпакты ак кийизден жасайт.Формасы да ар урууда ар башкача жасалган.Калпактын кийизине уян ак жүндү жууп-тазалап,тытып,андан сон гана пайдаланган .Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлү бычылып,кийин кыркылып алынат.Бычылгандарды бири-бирине беттеп тиккен.Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, кок, жашыл тукабадан, чийбаркыттан, саминден, макмалдан, баркыттан,кыжымдан кыюу коюп тигип чыккан.



Кыргыз калпагынын символикасы:

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык

1) Күндүн аян белгиси

2) Өмүрдүн,тиричиликтин,жалпы жашоонун символу

Б) Төбөсүндөгү топ чачы

1) Тукумдун, тамыры тереңге,жайылуунун аян белгиси

2) Тынчтыктын,жаркын турмуштун,ток пейил жашоонун символу.

3) Күлгүн жаштыктын,курактын аян белгиси.

Калпактан өткөн кооз баш кийим жок.Ак калпак жөнүндө улуу Манасчы Жусуп Мамай ата өтө жакшы тушундурөт.Бар бол, кыргыз элим!Бар болгула,кыргызымдын жигиттери!Кыргыз элимдин башынан ак калпагы эч качан түшпөсүн!

Бышыктоо:

Уйгө тапшырма.