СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызматчы сөздөр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кызматчы сөздөр»


Сабактын темасы: Кызматчы сөздөр; жандоочтор

Өтүү мөөнөтү: 12.04.2019-ж 7а-класс


Сабактын максаты:



Билим берүучүлук: Окуучулар кызматчы сөз түркүмүжана анын түрлөрү (жандоочтор) тууралуу түшүнүк алышат

Сабактын көрсөткүчү:

Окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алса,окуп-үйрөнүунун максатына жетишет:

Эерде сабакты кунт коюп угуп, активдүү болсо, темага байланыштуу суроолорго жооп бере алса;

Өнүктүрүүчүлүк:кызматчы сөздөрдү сүйлөм ичинде таап, анын түрлөрүнө ажыратып, өз алдынча сүйлөм, текст түзүүгө көнүгүшөт.


кызматчы сөздөрдү сүйлөм ичинде таба алса; анын түрлөрүнө карай ажыратып, өз алдынча сүйлөм, текст түзүүгө үйрөнүшсө.

Тарбия берүүчүлүк: Топто иштөөдө бири-биринин пикирлерин сыйлоо менен угууга үйрөнөт

Ар бир ой баалуу экенин билип, окуучулар бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасаса;

топ менен иштөөдө күчтүү биримдикти түзө алса;

Сабактын жабдылышы: түстүү сүрөттөр, схема, таблица

Сабактын жүрүшү :

А) Уюштуруу:

Саламдашуу,Бүгун 12.04.2019-жыл. Бүгүн кандай күн балдар?

Туура айтасыңар бүгун 12-апрель Косманавттар күнү.Эң алгач Ю.А.Гагарин восток кемеси аркылуу космоско учуп чыккан.Мына ошондон бери бул күн Космонавттар күнү деп аталып келет.

Бул космос кемеси аны менен космоско саякат жасайбыз.Анын үчүн биз көнүгүүлөрдү аткарып, суроолорго жооп берип, упай топтоп ачкычка ээ болобуз.

Сабакта Алтын эрежелерди колдонууну эскерте кетейин

  1. Активдүүлүк

  2. Регламент

  3. Өз оюн эркин айтуу

  4. Суроолорго так, кыска,жооп берүү

  5. Бири-бирин уга-билүү, сыйлоо

  6. Бири-бирин сындабоо

  7. Кол көтөрүп жооп берүү

  8. Айып ( ырдап, бийлеп берүү)



Б).Балдар үй тапшырманы, өтүлгөн темаларды кайталап бышыктап алалы.

Конверт усулу.

Силерге конвертте суроолор келген.Суроолорго жооп беребиз.

  1. Этиштин өзгөчө формасы деген эмне?

  2. Анын кандай түрлөрү бар?

  3. Атоочтуктар деген эмне, аларды кайсы мүчөлөр уюштурат?

  4. Чакчылдар деген эмне,аны кандай мүчөлөр уюштурат?

  5. Кыймыл атоочторго мүнөздүү белгилер кайсылар. Мисал келтиргиле?

  6. Кыргыз тилинде канча сөз түркүмү бар?

  7. Алар эмнесине карай чоң 3 топко бөлүнөт?

  8. Алар кандай аталат?

  9. Аларга кайсы сөз түркүмдөрү кирет?

Азаматсынар балдар анда бүгүнкү теманы жазабыз.

Жаңы тема:

Кызматчы сөздөр

       Кызматчы сөздөргө жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модалдык сөздөр кирет. Жардамчы сөздөр өзүнчө турганда эч кандай маани бербейт, бирок сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, аларга кошумча маани берет. 

        Жандоочтор                   

      Жандоочтор  ар дайым атооч сөздөр менен тизмектешип аларды жандап айтылат. 
       Жандоочтор: менен , жөнүндө,туурасында , сыяктуу,боюнча , карай, көздөй, чейин, дейре , үстүндө, жанында  ж.б. 
        Мисалы: Окуучулар мектепти көздөй чуркашты.  
        Сен экинчи сабакка чейин келип кал.  

                                       Байламталар             
       Байламталар сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат. 
Байламталар: жана , же , менен, себеби, эгер, бирок. 
Мисалы: Мен сабакка шашып жөнөдүм, бирок кечигип калдым. 
           Айжан менен Болот бир класста окушат. 

                                        Бөлүкчөлөр 

      Бөлүкчөлөр сүйлөмгө кошумча гана маани берет. 
Бөлүкчөлөр: го, эң, өтө, абдан, аябай , да , таптакыр.   
       Мисалы: Айбек сабакка шашса да, кечигип келди го. 
               Бүгүн менин колум таптакыр бошобойт. 

                                       Модалдык сөздөр

       Модалдык сөздөр ой-пикирди ырастайт, аны божомолдогонун билгизет, кандайдыр бир нерсенин зарылдыгын, милдеттүүлүгүн туюндурат. 
       Модалдык сөздөр: албетте ,арийне, балким,
мүмкүн, ыктымал, чамасы ,сыягы, чындыгында, ырас,сөзсүз шексиз керек , тийиш көрүнөтокшойт шекилдүү , имиш .  

Жандооч

Жандооч - өз алдынча турганда лексикалык бир маанини билдире албаган, сүйлөмдөгү сөздөрдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылган же аларга кошумча маани берген кызматчы сөздөр жандоочтор деп аталат. Мисалы: Асан шаарды карай кетти. Алым менен келдим. Бул сүйлөмдөгү жандоочтор карай, менен. Шаар деген зат атоочтун табыш жөндөмөсүндө турушу карай деген жандоочко байланыштуу, анын табыш жөндөмөдө турушун карай деген жандооч байланыштырып турат. Экинчи сүйлөмдө Алым деген сөздүн атооч жөндөмөдө турушун кийинки айтылган менен деген жандооч талап кылып турат. Эгерде бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочторду алып салсак, Асан шаарды кетти, Алым келдим болуп, байланышсыз, түшүнүксүз айтылар эле. Кай жакка? (кайда?) кетти? Шаарды карай (кетти). Ким менен келдиң? Алым менен (келдим) деген гана туура, байланыштуу айтылат. Бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочтор гана өзүлөрүнөн мурунку атооч сөздөрдү (шаар, Асан) кет(ти), кел(дим) деген этиш сөздөр менен байланыштырды. Буларды сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратканда шаарды карай, Алым менен деп, бирге карайбыз.



Келгиле анда классты 4 топко болөбүз.Жана ар бирине аткаруу үчүн көнүгүүлөрдү иштейбиз. Окуучулар 4 топко бөлунүшөт.

1-тапшырма: көнүгүүлөрдү аткарып суроого жооп берип, упай топтошот.

2-тапшырма: Оозеки сүйлөм түзүшөт.

3-тапшырма: ар бир топ бир теманын тандап жандоочторду катыштырып текст түзүшөт.

Сабакты жыйынтыктайбыз эң көп упай топтогон топко ачкычын берип космоско саякатка жөнөтөбүз.

Баалоо балдардын катышуусуна, тапшырманы аткаруусуна, суроолорго жооп берүүсүнө карап бааланат.

Үйгө тапшырма Жандоочторду катыштырып сүйлом түзүп, жандоочтун алдындагы сөз кайсы жөндөмөдө тураарына көнүл буруу.



































а) Кѳп чекиттин ордуна жандоочторду жазгыла.

1. Бегайым Самат   окуйт.

2. Бурана Мунарасы   айтып берчи.

3. Мен досуман   келдим.

4. Мага роза гүлүнѳн   айгүл гүлү жагат.

5. Биз Чолпон-Ата шаарына   келдик.

6. Балдар мектепти  жѳнѳштү.

7. Бул даарыны тамактан ичиш керек.

Колдонулуучу сөздөр: менен , чейин , мурун , кѳрѳ , жѳнүндѳ , карай , кийин


б) Көп чекиттин ордуна керектүү байламталарды жазгыла.

1. Жылдыздан бешбармак   палоо жасаганды үйрѳндүм.

2. Өткѳн жылы күн суук болду,   кар кѳп жааган жок. 

3. Алмаз  Бегайым бирге окушат.

4. Алмаз , Бегайым   англис тилин жакшы билишет.

5. Эртең менен сѳзсүз келгин,   болбосо ѳзүм барам.

6.   алар жакшы окуганда, сынактан ѳтүшмѳк.

Колдонулуучу сөздөр: менен , жана , эгер , же , да , бирок


в) Сүйлѳмдѳрдү керектүү бѳлүкчѳлѳр менен толуктагыла.

1. Окуучулар сабакка   кечигип келишти.
2. Ысык- Кѳл –   кооз кѳл.
3. Алмаз башка китепти сатып алыптыр 
4. Алар бүгүн   келип калышы мүмкүн.

Колдонулуучу сөздөр: го, таптакыр, да, эң

г) Сүйлѳмдү маанисине жараша модалдык сѳздѳр менен толуктагыла

1.   кѳчмѳндѳр оюнунда улуттук оюндар ойнотулат. 
2. Кѳчмѳндѳр оюнуна   Орусиядан да келип калар. 
3. Спорт менен машыгуу  .
4.  мен чындыкты айтууга  .
5.   ал мени кѳргѳн жок.

Колдонулуучу сөздөр: балким, Чындыгында, тийишмин, Ырас, Албетте, керек





д) Кайсы байламталардын жардамы менен сүйлѳмдѳрдү бириктирсе болот?


1. Кечээ Алмаз спорт ордосунда болду+Ал
үйгѳ кеч келди.
2. Олянын кыргыз курбулары к
ѳп+ Ал кыргызча жакшы түшүнөт
3. Ал спорт менен к
ѳп машыкты+ Ал биринчи орунга чыкты

  • а) анткени

  • б) анткени, себеби

  • в) ошондуктан


е) Тексттеги кызматчы сѳздѳрдү аныктагыла.

1. Гапар Айтиев 1939-жылы Москвада ѳткѳн кыргыз адабияты искусствосунун декадасында «Алтын кыз» музыкалуу драмасын жасалгалаган.

  • а) бөлүкчө

  • б) жандооч

  • в) байлатма

2. Ал чыгармачылык жеңиши үчүн «Ардак белгиси» орденине татыкттуу болгон.

  • а) байлатма

  • б) жандооч

  • в) модалдык сөз

3. 1960-жылы «Чабандар», «Ысык-Кѳл», «Кыргыз деңизи» аттуу чыгармалары үчүн «Токтогул» сыйлыгынын лауреаты болгон.

  • а) бөлүкчө

  • б) байлатма

  • в) жандооч

4. Гапар Айтиев – чебер портретчи болгон.

  • а) байлатма

  • б) бөлүкчө

  • в) жандооч

5. Ал ырчы М. Баетов комузчу Ч. Иманкуловдун портреттерин тарткан

  • а) модалдык сөз

  • б) бөлүкчө

  • в) байламта

6. Сүрѳтчү Ж.Кожокматов менен биргелешип тарткан «Акындар» аттуу группалык портрети жогорку чеберчиликте тартылган.

  • а) бөлүкчө

  • б) жандооч

  • в) байламта

7. Андан сырткары «Жылкычы», «Токтогул», «Саякбай» скульптуралык портреттери кѳрүүчүлѳргѳ белгилүү.

  • а) жандооч

  • б) бөлүкчө

  • в) модалдык сөз

8. Гапар Айтиевдин ң мыкты чыгармалары Третьяков галереясынын сүрѳт кѳргѳзмѳлѳрүнѳ коюлуп келе жатат.

  • а) бөлүкчө

  • б) байламта

  • в) жандооч


9. Таланттуу с
үрѳтчү Ленин, Октябрь революциясы ордени, эки жолку «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.

  • а) модалдык сөз

  • б) байламта

  • в) жандооч





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!