Лексика
Тилдинөз алдынча мааниге ээ болгон эң кичине бирдиги-сөз,ал эми сөз маанисин ажыратуучу эң кичине
бөлүкчө -фонема.Тилдин бул эки деңгээли, анын башка
деңгээлдериндей эле ар түрдүү аспектиде талдалат, изилденет. Алсак, сөз кантип түзүлдү, кантип өзгзрөт,кандай айкалышат,кандай маани берет
Дегрн сыяктуу суроолорду чечмелөө үчүн тилдин лексикасын изилдөө керек.
Лексика деп тилдин сөздүк составынайтабыз.Сөздүк состав- тилдеги сөздөрдүн жыйындысы.Лексика деген
Термин гректин " lexikos"деген сөзүнөн алынган. Ал"сөз" деген түшүнүктү билдирет.
Ошентип, бир тилдеги бүт лексиканы диалектилик сөздөрду, чыгврмалардын сөз байлыктарын, сөз катмарларын иликтеп үйрөнүүчү илим тармагы-лексикология деп аталат. Бул термин грек тилиндеги
"lexikos" сөз жана" "logos "окуу , илим деген сөздөн алынган.Лексикология боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн адам лексиколог деп аталат.
Лексикологич илимий- изилдөөнүн мүнөзүнө жараша
сыпаттама лексикология жана тарыхый лексикология деп
экиге бөлүнөт. Сыпаттама лексикология тилдеги сөздөрдү учурдагы мезгил доору боюнча изилдейт.Ошон
үчүн ал кээде синхрондук лексикология деп да аталат (гр."syn" бирге, чогуу", chronos " мезгил, учур, убак) Сөздөрдү тарыхый планда, тарыхый процессттр изилдесн тарыхый лексикология деп аталат.Тарыхый лексикологияны кээде диахрондук лексикология деп да аташат (гр. dia "аркылуу", chronos "мезгил, учур, убак" ).