Физикалык кече
Электр тогу турмушта
Кеченин максаты:
Окуучулардын электр тогу, электрдик чоңдуктар,электрдик кубулуштар жѳнүндѳгү түшүнүктѳрдү калыптандыруу.
Электр тогунун турмуштук маанисин ачып кѳрсѳтүү.
Окуучулардын физикага болгон кызыгуусун арттыруу.
Кеченин жабдылышы: Плакаттар, физикалык лото,эмблема,ОТК.
Кеченин жүрүшү:
Алып баруучу: Саламатсыздарбы урматтуу окуучулар! «Электр тогу турмушта» аттуу физикалык кече ачык деп жарыяланат. Бүгүнкү кечеде 10-класстын окуучулары ѳздѳрүнүн физиканын «Электр» бѳлүмү боюнча билимдерин сынашышат. Силер болсо бул кечеде электр тогунун турмуштук маанисин тереңирээк түшүнүп, электр менен байланышкан негизги түшүнүктѳр менен таанышасыңар.
Электр, электр тогу деген сѳздѳр ар бир адамга белгилүү.Электр тогусуз биздин жашоону элестетиш кыйын.Биздин үйлѳрүбүздѳ,заводдордо жана фабрикаларда , айыл чарбасында электр тогу кеңири пайдаланылат.
Анда эмесе мен силерге конкурстун программасы менен тааныштырып кетейин.
Командалардын саламдашуусу
Команданы жактоо (плакат, эмблема)
«Электр тогу турмушта» сатиралык сценкасы
физиктер –лириктер (ыр табышмак)
Физикалык домино оюну
Физикалык маанидеги макал-лакаптар
Кызыктуу физикалык суроолор
Командалар аралык суроолор
Жыйынтыктоо.
Тарыхта физика менен лириканы айкалыштырган адамдар ички гармониянын бийик сересине кѳтѳрүлүшкѳн эмеспи. Чындыгында физика менен лириканы айкалыштыруу кандай гана керемет!
Анда эмесе азыр командаларга ыр табышмактардан берели.
Табышмактар
Абадагы кош жолу
Кабар берип иш кылат
Алыскыны заматта
Сүйлѳштүрүп тындырат.
Бурганына кѳнбѳгѳн
Жалгыз багыт билгени
Ѳзү бирок кѳрбѳйт да
Жол кѳрсѳтѳт дүйнѳнү.
Бурап кѳрүп кулагын
Сынын кѳрүп байкайбыз
Сыр сандыктан үйдѳгү
Түркүн кабар табаарбыз.
Эки булут жакындап
Сүзүшүшсѳ не болот
Алар алган заряддан
Тарс жарылып күйѳт от.
Таңында бар, түштѳ жок
Тагынышып мол мончок
Күн чыкканда жаш тѳгѳт
Учуп кетет бууга окшоп.
Кѳзгѳ кѳрүнбѳс нерсе
Зым менен чуркайт
Адам баласы аны
Каалаган ишине жумшайт.
Буту темирден жасалган
Электрден күч алган
Тепсесе кийим кечени
Кѳңкүнѳ чыгып жаңырган.
Кичинекей кутучам бар
Күн нурунан азыктанат
Кнопкасын басканымда
Кѳзү күйүп жарыктанат
Эсеп берсең шарт чыгарып
Бир ишиңе жарап тынат
Асфальтталган жолу бар
Ѳйдѳ созгон колу бар
Тарткан зымды бек кармап
Жүрѳт дайым эмне ал?
Физикалык маанидеги макал-лакаптар
Алып баруучу: Мен азыр кезек менен командаларга физикалык маанидеги макалдарды айтам, силер болсо анын кайсы физикалык түшүнүккѳ тиешелүү экендигин айтып бересиңер.
Акылдуу отту карайт, акмак казанды карайт.
Алма сабагынан алыс түщпѳйт.
Алтын акпайт, күмүш күйбѳйт.
Аракети кѳп, берекети жок.
Аш турган жерде, дарт турбайт
Бир кумалак бир карын майды чиритет
Темирди кызуусунда сок.
Сүткѳ оозу күйгѳн айранды үйлѳп ичет.
Жел жүрбѳсѳ чѳптүн башы кыймылдабайт.
Шибегени капка ката албайсың.
Баш иштебесе буттун шору.
Аш адамдын кубаты.
Кызыктуу физикалык суроолор
Эгерде 1 стакан таза сууга боёктун 1 тамчысын тамчылатсак, суу боёлуп калат. Бул кубулушту түшүндүргүлѳ.
Эмне үчүн эгер чачты тарак менен тарап, кайра таракты чачка жакындатса чач таракка тартылат.
Таамай аткан мергенчи бышкан жумуртканы атса, ок жумуртканын узундугун бойлото из калтырып наркы учунан чынып кетет. Эгер чийки жумуртканы атса, ал быркыранып сынып кетет. Айтылган кубулушту кантип түшүндүрүүгѳ болот.
Жети айлык болуп тѳрѳлүп, 84 жашында каза болгон окумуштуу.
Таап чыгып түртүү күчүн
Суйуктук менен газдардан
«Эврика» деп чуркап чыгып жар салган
Таап берсең сен таяныч чекитин
Жерди дагы жылдыраар эле ѳз огунан
Бул кайсы окумуштуу?
Медицина тармагында колдонулуп
Орулуунун диагнозун таап келген
Кыска толкун бул нурду ачып берген
Бул кайсы окумуштуу?