Просмотр содержимого документа
«Геометриялык алгачкы түшүнүк»
Геометриялык алгачкы түшүнүк.
Геометрия-бул байыркы,кызыктуу илимдердин бири.Ал адамдын түздөн-түз турмуштук керектөөлөрүнөн келип чыккан.Турмушта кездешүүчү чоңдуктарды:аралыктарды,көлөмдөрдү ж.б.ченеп өлчөөлөр геометрия илимине негизделген.
Геометрия деген термин грек сөзүнөн алынган,ал жерди өлчөө дегенди түшүндүрөт. Мындай аталышынын себеби алгачкы өлчөөлөрдүн көпчүлүгү жердин бетинде жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн.
Геометрия –бул фигуралардын касиеттери жөнүндөгү илим.
Геометриянын алгачкы маалыматтары менен силер1-6-класстардан эле таанышсыңар.Ал класстарда геометриялык материалдар арифметика жана алгебранын баштапкы түшүнүктөрү менен бирдикте каралгандыгы белгилүү.
Азыр 7-класстан баштап геометрияны атайын өз алдынча предмет катары окуйсуңар.Аны окуп үйрөнүү орто мектепти бүткөнгө чейин улантылат да,кыйла тереңдетилип,жаңы түшүнүк берилет.
Геометриянын бул курсунда фигуралардын касиеттери окуп үйрөнүлөт,алардын чоңдуктарын өлчөө теориялары каралат.Демек,геометрияны келечекте жөнөкөй эле жумушчу да,дыйкан да,инженер да,модельер да,архитектор да,сүрөтчү да,врач да,акционер да,соодагер да,ж.б.колдоно алат.Алар адегенде берилген нерсенин(фигуранын) сүрөтүн кагазга түшүрүшөт да,ал сүрөтү боюнча фигуранын (нерсенин)керектүү чоңдугун өлчөшөт,касиеттерин окуп үйрөнүшөт.
Геометрияда фигураларды жана алардын касиеттерин окуп үйрөнүүдө улам жаңы түшүнүктөр,терминдер менен танышууга
туура келет.Жаңы түшүнүктөрдүн, терминдердин мааниси жана баяндалышы мурда белгилүү болгон түшүнүктөр аркылуу берилет.Натыйжада жаңы түшүнүктөрдүн маанисин ачып көрсөтүүчү сүйлөмдү колдонуу зарылчылыгы келип чыгат.Андай сүйлөмдү аныктама деп аташат. Адатта жаңы түшүнүккө аныктама бергенде мурда аныкталган түшүнүктөрдөн пайдаланабыз.Мисалы,квадратты аныктаганда бизге мурда белгилүү болгон кесинди,кесиндилердин барабардыгы,тик бурч жана башка түшүнүктөрдөн пайдаланабыз.
Китеп он бир главадан турат.мында 7-9-класстарда окулуучу геометриянын программалак материалдары каралган Ал негизинен планиметриялык суроолорду камтыйт.Планиметрияда тегиздиктеги геометриялык фигуралардын жана алардын касиеттери окулат.
Китептин ар бир параграфынын акырында теманы бышыктоо,кайталоо үчүн суроолор жана маселелер сунуш кылынган.Албетте, булардын баарын окуп үйрөнүүдө силерден талыкпай эмгектенүү талап кылынат,ошондо гана силердин ишиңер натыйжалуу болот.
Силерге ийгилик каалайм.