СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометриялык фигуралар.

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Геометриялык фигуралар.

Просмотр содержимого документа
«Геометриялык фигуралар.»









МАТЕМАТИКА

сабагы боюнча 5-класстарда өтүлгөн ачык сабактардын иштелмелери







Математика мугалими

Кулешова Айжан Мырзабековна



Математика. 5-класс.


Датасы





“Бекитемин”






Сабактын темасы: Геометриялык фигуралар. Көнүгүү иштөө.


Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжа

Билимберүүчүлүк максаты:

Окуучулардын геометриялык фигуралар жөнүндө алган билимдерин пайдаланып көнүгүү иштөө аркылуу билимдерин калыптандыруу

Окуучулар геометриялык фигуралар жөнүндө алган билимдерин пайдаланып көнүгүү иштей алышат жана билимдерин калыптандырышат

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Геометриялык фигуралардын айрым түрлөрү менен тааныштыруу, тик бурчтук, квадраттын аянтын табууга конүктүрүү.

Геометриялык фигуралардын айрым түрлөрүн билишет, тик бурчтук, квадраттын аянтын таба алышат.

Тарбия берүүчүлүк максаты:

Берилип жаткан маалыматты өз алдынча анализдөөгө, тактыкка, тыкандыкка, ынтымактуулукка, улуттук баалуулуктарды билүүгө тарбиялоо

Берилип жаткан маалыматты өз алдынча анализдей алышат, тактыкка, тыкандыкка, ынтымактуулукка, улуттук баалуулуктарды билууго тарбияланышат

Практикалык максаты:

Көнүгүүлөрдү аткартуу менен окуучулардын билимдерин бышыктоо, көнүгүүлөрдү чыгаруу жолдоруна, шарттарына көнүктүрүү.

Көнүгүүлөрдү аткартуу менен окуучулар билимдерин бышыкташат, көнүгүүлөрдү чыгаруу жолдорун, шарттарын көнүгүшөт.


Сабактын тиби: билимдерди бышыктоо

Сабактын усулу: практикалык, топто иштөө, өз алдынча иштөө, интерактивдүү усулдун «Кластер» стратегиясы

Сабактын формасы: оюн түрүндөгү сабак (жарыш)

  • топторго бөлүү

  • эсеп чыгаруу

Баалоо усулу: жыйынтыктоочу, диагностикалык.

Сабактын жабдылышы: куракча-карточкалар, магниттик доска, буклеттер, формулалар, таблица, плакат, маркерлер, стикерлер, скотч, окуу куралдары.

Предмет аралык байланышы: сүрөт, эмгек, дене тарбиясы

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Класстын тазалыгына көз салуу, окуу куралдарды толуктоо, классты сабакка даярдоо.

Доскага бүгүнкү число илинет.

Алдына сабактын темасы жазылат.

Геометриялык фигуралар. Көнүгүү иштөө.

Бул теманы кеңири ачып түшүнүү үчүн сандыкчаны ачалы. Сандыктын оозу кулпуланган экен.

Кулпунун ачкычы каракчылардын башчысында экен. Бирок кулпуну ачуунун башка жолу да бар. Кулпуну ачуу үчүн үй тапшырманын жообун билүү керек.

Үй тапшырмаларын текшерүү:

Үйгө тапшырма №826- көнүгүү берилген. М исалдын жообун ооз эки сурап, тууралайбыз.

Жообу: 220 см кв. Эми сандык ачык, ичинде эмне бар болду экен карайлы?

Көнүгүү иштөө.

Сандыкта кенч катылган жерге жетүүнүн картасы бар экен. Бирок, кандайча жетүү көрсөтүлгөн эмес. Картаны ачуу үчүн сандыктагы пазл карточкадагы эсептерди чыгарып картаны куроо керек. Кайсы топ көп упай топтосо ал топ биринчилерден болуп кенч катылган жерге жетет да кенчтин ээси болот. Кана эмесе балдар киришели. Кенч тапкыңар келеби? Анда эки топко бөлүнүп алып кенчти издеп жөнөйлү.

Окуучулар үч топко болунуп отурушат. «Квадрат», «Тик бурчтук».

Картада коюлган белгилер боюнча карточкаларды алып андагы эсепти чыгарып жүрүп отуралы. Келгиле эмесе, киришели. Доскага ар бир топтон бир окуучу чыгып карточканы алат да, андагы эсепти чыгарат. Анын жообун башка окуучулар тууралайт.


№1. Периметри 36 см болгон квадраттын жактарын таап, аянтын эсептегиле.

Р= 36 см

Р= (а+в)*2

Квадрат үчүн Р=а*4. Демек, а=Р:4

а=36:4=9, анда квадраттын аянтын табабыз.

S=a*b S=a*a S=9*9=81см кв.


№2 Узуну 20 см, туурасы 18 см болгон тик бурчтуктун аянтын жана периметрин тапкыла.

а=20 см в=18 см

Р-? S-?

Р= (а+в)*2

Р=( 20 см +18 см) *2= 38 см*2=76 см

S=a*b

S=20 см * 18 см = 360 см кв.

№3 Аянты 144 см кв болгон квадраттын жактарын тапкыла.

S=144 см кв.

S=a*b квадрат үчүн S=a*a

S=12 см * 12 см = 144 см кв болот, демек а= 12 см


№4 Туурасы 14 см, аянты 280 см кв болгон тик бурчтуктун узунун тапкыла.

а=14 см S= 280 см кв

в-? S=a*в в= S : a

Демек, в= 280 см кв : 14 см = 20 см


№5






№6 Квадраттын аянты 49 дм болсо, жагын тапкыла.



№7 Узуну 3 км, ал эми туурасы 720 м болгон участок канча гектар аянтты ээлейт?





№8. Тик бурчтук формасындагы болмонун узуну м, туурасы 3 м, бийиктиги м.

а) дубалдарынын аянтын,

б) полунун жана шыбынын аянтын;

в) бардык кырларынын жалпы узундугун тапкыла.


№9. Периметри 100 см болгон квадраттын жактарын таап, аянтын эсептегиле.

Р= 100 см

Р= (а+в)*2 Квадрат үчүн Р=а*4. Демек, а=Р:4 а=100:4=25,

Анда квадраттын аянтын табабыз. S=a*b S=a*a S=25*25=625 см кв.


Жана дагы башка карточкалардын бардыгында берилген мисалдарды аткарышат.

Туура жоопко ал топтун эсебине 2 упай, туура эмес жоопко катанын маанисине карай 1 же 0 упай берилет. Туура жоопту тапкан соң карточканы өз ирээти менен магниттик доскага чаптайт.

Бул тапшырмаларды аткарып бүткөн соң бизде карта пайда болот.

Мына балдар, картаны курап буттук. Бизде кандай карта пайда болду. (Картада мектептен китепканага баруучу жол түшүрүлүптүр жана аны менен кошо “Билим түгөнбөгөн кенч” деген макал пайда болду).

-Туура, азаматсынар. Демек биздин аракет кылып эсептерди чыгара билгенибиз кенч тапканыбыз. Түгөнбөгөн байлыкка ээ болуу үчүн көп окуу керек. Демек, силерге китепканага баруучу жолдун картасы бекеринен салынбаптыр да. Көп окугула.

Үйгө тапшырма: Акылыңардын байлыгын көбөйтүү учун силер № 844-конугуудогу эсептерди уйдон чыгарып келгиле.

Жыйынтыктоо:

Эми балдар, ушул «Геометриялык фигуралар» деген тема боюнча тушунгонунорду чагылдырып кластер тузгуло. Топтор класстер түзүшүп аны жактап беришет.


1) Тик бурчтуктун, квадраттын периметрин кандай формуланын жардамы менен эсептейбиз?

P=(a+b)*2 – тик бурчтуктун периметри

Р=а*4 - квадраттын периметри

2) Тик бурчтуктун аянтын кантип табабыз? Квадраттын аянтынчы?

S=a*b (кв) - тик бурчтуктун аянтыS=a2 (кв) - квадраттын аянты


Билимдерин баалоо: Аягында упайларды эсептеп топтордун аткаруу жондомдорун баалайбыз. Жообуңарга жараша тиешелүү упайларды алдынар. Жалпы жыйынтыгын чыгарып көбүрөөк упай алган топко жана активдүү катышкан окуучуларга баа коебуз. Эсеп чыгаруусуна карай журналга, күндөлүккө баа коюлат.

5



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!