Б.Алымов атындагы №39 мектеп гимназиясы.
Лабораториялык жумуштар
7-класс Физика
Мугалим: Нурланбекова Аруузат
Бишкек 2016
№ 1. Өлчөөчү куралдардын жадамы менен тууру жана туура эмес формадагы нерселердин көлөмүн аныктоо.
Иштин максаты: өлчөөчү куралдын шкаласынын бөлүгүнүн ар түрдүү формадагы нерселердин көлөмүн аныктоону үйрөнүү.
Куралдар жана материялдар: сызгыч, мензурка, суу куюлган идиш, туура жана туура эмес формадагы майда нерселер.
Ишке көрсөтмөлөр
1.Колуңардагы мензурканын бөлүктөрүнүн баасын окуп үйрөнгүлө. Ал үчүн мензурканын шкаласындагы эң жакын эки санды алып, чоңунан кичинесин кемитүү керек. Келип чыккан санды ал эми жакынкы сандардын ортосундагы майда бөүктөрдүн санына бөлсөк, бул сан ошол мензурканын бөлүгүнүн баасын берет.
2.Туура формадагы нерсенин көлөмүн аныктоонун өзүңөргө белгилүү болгон жолдорун, формуласын жана бирдиктерин эсиңерге түшүргүлө.
3.Берилген туура геометрялык формадагы нерселердин көлөмүн сызгычтын жардамында аныктагыла жана см2, мм2 менен туюндургула.
4.Алардын көлөмүн мензурканын жардамында аныктагыла жана см3 , мм3 менен туюндургула. Баштапкысы менен салыштыргыла.
5.Туура эмес формадагы нерсени алып, анын көлөмүн мензурканын жардамында аныктагыла жана см3 , мм3 менен туюундургула.
6.Дептериңерге төмөнкү табилицаны чийип, ага өлчөөлөрдүн жана ченөөлөрдүн таблицасын жазгыла.
Нерселердин
аттары
Сызгычтын жардамы менен
Мензурканын жардамы менен
V(см3)
V(мм3 )
V (см3 )
V(мм3 )
7. жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн негизинде корутунду чыгаргыла.
№2. Нерселердин тыгыздыгын аныктоо
Иштин максаты: катуу жана суюк нерселердин тыгыздыктарын тажырыйба жүзүндө аныктоого үйрөнүү.
Куралдар жана материялдар: мензурка, өлчөмү чоң эмес аркандай нерселер, суюктуктар, рычагдуу тараза( таштары менен).
Ишке көрсөтмөлөр:
1.Окуу китебинен Заттын тыгыздыгы темасын кайталагыла.
2.Берилген катуу жана суюк нерселердин массаларын рычактуу таразанын жардамында аныктагыла, мааниси кг менен туюндургула.
3. алардын көлөмүн мензурканын же сызгычтын жардамы менен аныктагыла жана м2 менен туюндургула.
4.Алынган өлчөөлөрдү пайдаланып, ал нерселердин тыгыздыктарын эчептегиле жана маанилерин кг/м3 , г/см3 менен туюндургула.
5.дептериңерге төмөнкү таблицаны чийип, ага өлчөөлөрдү жана эсептөөлөрдүн натыйжаларын жазгыла.
н ерселер | Көлөмдөрү V(см3) V(м3 | Массалары m(г) М(кгЗ) | Тыгыздыгы (ρ=m/V) (г/см3) (кг/м3) |
1 2 3 | | | | | | |
6.Жүргүзүлгөн тажырыйбалардын негизинде кортунду чыгаргыла.
№3. Пружиналуу дигамометирди градирлөө
Иштин максаты: пружинаны градуирлөөгө жана аны пайдаланып күчтөрдү ченөөгө үйрөнүү.
Куралдар жана материялдар: динамометирлер,ак кагаз, массасы белгисиз нерсе, муфталуу жана карматкычтуу штатив, ар биринин массасы 102г болгон жүктөр.
Ишке көрсөтмөлөр:
1.Окуу китебинен күч күчтү өлчөө темасын окугула.
2.динамометрдин бетине ак кагаз коюп, аны штативке бекиткиле жана пружинанын жебесинин абалын белгилегиле. Бул 0 абалы болот.
3.Пружинанын илмегине массасы 102г болгон жүктү илип, динимометрдин көрсөтүүсүн белгилегиле. Бул 1Н болот.
4.Пружинага массалары 204г, 306г, 408г болгон жүктөрдү илип, ага жарша 2Н, 3Н, 4Н деп, динамометирдин көрсөтүүсүн белгилегиле.
5. Алынган 0 менен1, 1 менен 2, 2 менен3, 3 менен4 цифираларынын аралыктарын барабар он бөлүккө бөлгүлө. Мында ар бирсызыктарынын аралыктарын барабар он бөлүккө бөлгүлө. Мында ар бир сызыкча 0,1Нго барабар экендиги алынат.
6. Алынган бөлүктөрдү (шкаланы) пайдаланып, силерге берилген жүктүн оордук күчүн аныктагыла.
7. Жүргүзүлгөн тажырыйбалардын негизинде корутунду чыгаргыла.
№4. Сүрүлүү күчүнүн чоңдугун аныктоо.
Иштин максаты сүрүлүү күчүнүн сүрүлүүчү беттерге болгон көз карандылыгын тажырыйба жүзүндө окуп үйрөнүү.
Куралдар жана метериялдар: жылмакай жыгач тактай, айнек.тунуке. илмеги бар кубик жыгач, темир ж.у.с. заттардан теги белгилүү болгон төрт кырдуу нерселер,динамометрлер.
Ишке көрсөтмөлөр.
1.Китептеги күчтүн түрлөрү,Сүрүлүү күчү теманы кайталагыла.
2. Алынга нерселердин динамометрлерге илип, акырындык менен тегиз бет боюнча сүйрөйбүз. Мында нерселердин кыймылы бир калпта болушу керек. динамометрдин көрсөтүүсүн жазып алабыз. бир калптагы кыймылда нерсени сүйрөгөн күч (динамометрдин көрсөтүүсү) сыйгалануудагы пайда болгон сүрүлүү күчүнө барабар.
3. тажырыйбаны эки түрдүү нерселер үчүн аткаргыла.
4. дептериңерге төмөнкү таблицаны чийгиле жана эсептөөлөрдүн натыйжаларын жазгыла.
Сүрүлүшкөн нерселердин теги | Срүлүү күчү Н |
Жыгач мен жыгачач Жыгч менен темир Жыгач менен айнек ....... | |
5.Жүргүзүлгөн өлчөөлөрдөүн негизинде корутунду чыгаргыла.
6. Сүрүлүү коефцентин аныктагыла.
№5. Суюктукка матырылган нерсеге аракет этүүчү күчтүү аныктоо.
Иштин максаты: суюктукка матырылган нерсеге суюктуктун түртүп чыгаруу аракетин байкоо жана түртүп чыгаруучу күчтү аныктоо.
Куралдар жана материялдар: динамометр, муфталуу жана карматкычы бар штатив, көлөмдөрү ар түрдүү болон эки нерсе, суу жана туздун суудагы каныккан эритмеси куюлган стакандар.
Ишке көрсөтмөлөр
1.Окуу китебинен Архимед күчү темасын кайталагыла.
2.Динамометирди штативге бекитип, жипке байланган нерсени илгиле. Динамометирдин көрсөткөндөрүн белгилеп жазып алгыла. Бул болсо нерсенин абадагы салмагы (Р1)
3.Суу куюлганы стаканды коюп, нерсе суунун ичин бүт бойдон чөгөрүлмөйүнчө кыскычтуу муфтаны жана динамометирди төмөн түшүргүлө. Динамометирдин көрсөткөндөрүн белгилегиле жана аны жазып алгыла. Бул болсо нерсенин суудагы салмагы (Р2)
4.алынган маалыматтар боюнча нерсеге аракет этүүчү түртүп чыгаруучу күчтү эсептегиле ( Fтүрт =Р1- Р2)
5.Таза суунун ордуна туздун каныккан эритмесин алгыла, кайрадан ошол эле нерсеге аракет этүүчү түртүп чыгаруучу күчтү аныктагыла.
6.Дептериңерге төмөнкү таблицаны чийип, ага өлчөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн жыйынтыктырын жазгыла.
Суюктук | Нерсенин абадагы салмагы Р1(Н) | Нерсенин суюктуктагы салмагы Р2(Н) | Түртүп чыгаруучу күч Fтүрт =Р1-Р2 (Н) |
Суу | | | |
Туздун суудагы каныккан эритмеси | | | |
№ 6.Нерсенин которууда аткарган жумушун аныктоо
Иштин максаты: нерсени которуудагы аткарылган жумушту тажырыйбада байкоо жана аныктоо.
Куралдар жана материялдар: динамометр, илмеги бар жыгачтан жасалган төрт кырдуу нерсе, сызгыч.
Ишке көрсөтмөлөр:
1.Окуу китебинен Механикалык жумуш темасын кайталагыла.
2.Столдун үстүнө жыгачтан жасалган төрт төрт кырдуу нерсени койгула жана алдыңкы чегин белгилегиле.
3.Төрт кырдуу жыгачты динамометирге илгиле, столдун бети боюнча кандайдыр бир аралыкка чейин бир калпта сүйрөгүлө жана динамометрдин көрсөтүүсүн жазып алгыла.
4.Төрт кырдуу жыгачтан өткөн аралыгын сызгыч менен өлчөгүлө.
5.Алынган маалыматтар боюнча аткарылган жумуштун чоңдугун эсептегиле.
6. Дептериңерге төмөнкүдөй таблица чийип, ага өлчөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн натыйжаларын жазгыла.
Күчтүн чоңдугу, Н | Өткөн аралыгы, м | Аткарылган жумуш, Дж |
| | |
7.Өлчөөлөрдү башка учурлар үчүн да аткарып көрсөңөр болот.
№7 . Жантык тегиздиктин пайдалуу аракет коэффицентин аныктоо.
Иштин максаты: жантык тегиздиктин жардамы менен аткарылган пайдалуу жумуш толук жумуштан кичине экендигин байкоо.
Куралдар жана материялдар: жалпак тактайча, динамометр, илмеги бар жыгач брусок, муфталуу жана карматкычтуу штатив, сызгыч.
Ишке көрсөтмөлөр
1.Окуу китебинен механикалык жумуш, механизимдердин пайдалуу аракет коэффиценти темаларын кайталагыла.
2.Тактайды жантык койгула 147-сүрөт
3.Жантык тегиздиктин h бийиктигин жана l узундугун өлчөгүлө
4.Брусоктун F оордук күчүн динамометр менен өлчөгүлө.
5.Динамометрге брусокту чиркеп аны жантык тегиздик боюнча өйдө карай бир калпта жылдыргыла. F тартуу күчүн өлчөгүлө.
6. брусок h бийиктикке вертикаль боюнча ошол эле бийиктикке көтөрүүдөгү толук жумушту (Аn =F*h) эсептегиле
7.брусоктуl узундуктугы жантык тегиздик боюнча ошол эле бийиктикке көтөрүүдөгү толук жумушту (AT=F*l) эсептегиле
8.жантык тегиздиктин ПАКын ( ɳ=
*100%) эсептегиле
9. Дептериңерге төмөнкү таблицаны чийип, өлчөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын жазгыла.
Бийиктиги h. м | Оордук Күчү F,H | Пайдалуу жумуш Аn =Fh | Узундугу L м | Тартуу Күчү Fтарт Н | Толук Жумуш АТ=F*L | ПАК |
| | | | | | |
№8. Математикалык маятниктин термелүү мезгилинин башка чоңдуктарга көз карандылыгын окуп үйрөнүү.
Иштин максаты: математикалык маятниктин тнрмнлүү мезгили кайсы чөңдуктарга көз каранды эмес жана кайсыларгв көз каранды экендигин тажырыйба жүзүндө текшерип көрүү, көз карандылыктардын мүнөзүн аныктоо.
Куралдар жана материялдар: илмеги бар, ар кандай материялдардан жасалган көлөмдөрү бирдей болгон шарчалар, ар кандай узундуктагы жиптер, турактуу магнит, сызгыч, муфталуу жана карматкычтуу штатиф секундомер.
Ишке көрсөтмөлөр:
1.Окуу китебинен математикалык маятник темасын кайталагыла.
2. бир шарча алып, илмегинен жипке байлап, штативге илгиле. Бул математикалык маятник боло алат.
3. Аны тең салмактуу абалынан чыгарып, термелүүгө келтиргиле да , бир толук термелүүгө кеткен убакытты өлчөгүлө. Өлчөөнү математикалык маятникти тең салмактуу абалынан ар кандай аралыктарга кыйшайтуу менен, б.а. амплитудасын өзгөртүү менен бир нече жолу кайталагыла. Өчөөлөрдүн натыйжаларын дептериңерге жазып алгыла.
4. Шарчаны башка шарчалар менен алмаштырып, тажырыйбаны кайталагыла.
5. Шарча илинип турган жиптин узундугун ар кандай кылып өзгөртүп, тажырыйбаны кайталагыла.
6. Темир шарчалуу маятникти термелүгө келтирип , анын астына турактуу магнитти жакындаткыла жана термелүү мезгилин өлчөгүлө.
7. Дептериңерге төмөнкү таблицаны чийип, өлчөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн натыйжаларын жазгыла.
№ | Тажырыйбалар | № 1 | № 2 | № 5 | Корутунду |
1 | Амплитудасын өзгөртүү Менен болгон тажырыйбалар | А= Т= | A= T= | A= T= | |
2 | Ар кандай массадагы шарчалар менен болгн тажырыйбалар | m= T= | m= T= | m= T= | |
3 | Ар кандай узундуктагы маятник- тер менен болгон тажырыйбалар | L= T= | L= T= | L= T= | |
4 | Турактуу магнит менен болгон тажырыйба | T= | T= | T= | |
8. Жүргүзүлгөн тажырыйбалардын негизинде математикалык маятниктин термелүү мезгилинин көз карандылыгы боюнча кортунду чыгаргыла.