Просмотр содержимого документа
«Лабораторная работа №9»
Основы цитогенетики
Цитогенетиканын негиздери
ТЕМА:
Классификация мутаций и их значение.
Мутациянын классификациясы жана анын мааниси
Максаты:
Мутация жөнүндө жалпы түшүнүктөрдү калыптандыруу
Мутация — тукум куума информацияны алып жүрүүчү ДНКнын молекулаларындагы өзгөрүүлөр ( Нуклеин кислоталары ).
Ал өзгөрүүлөр кокусунан табигый же жасалма жол менен (физикалык же химиялык факторлордун таасиринен) пайда болот.
Мутация пайда болуу жөндөмдүүлүгү тиричиликтин бардык формаларында ( вирустар , микроорганизмдер , татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр , жаныбарлар , адам ) болуучу универсалдуу касиет. Жыныс клеткаларындагы мутация укумдан-тукумга берилет.
Табигый мутациянын пайда болуусуна эмне себеп болот?
Табигый мутация
Табигый мутация табигый радиациянын (анын ичинен космос нурларынын), ошондой эле табигый органикалык бирикмелердин ажыроосунун же кишинин чарбалык ишинин натыйжасынан келип чыккан кээ бир химиялык заттардын таасиринен болот. Көпчүлүк илимпоздор табигый мутациянын негизги себеби — клетканын көбөйүшүндө ДНКнын бузулушун оңдоодо же гендердин алмашуусунда ДНК менен өз ара катышуучу ферменттер: дин «ката кетирүүсү» деп эсептешет.
Жасалма мутациянын пайда болуусуна эмне себеп болот? Алар эмне деп аталат?
Жасалма мутация
Жасалма мутация клетканын генетикалык аппаратына кээ бир физикалык же химиялык факторлордун — мутагендердин (иондоштуруучу нурлануу, ультра кызгылт көк нур, химиялык бирикмелер, айрым вирустар, дарылар) таасиринен пайда болот. Мутагендер ДНКнын молекулалары менен өз ара катышып, алардын түзүлүшүн бузат. Эң алгач жасалма мутация рентген нурларынын таасиринен пайда болгон. Клеткага кирүүгө жөндөмдүү нурлар ДНКнын молекулаларын иондоштуруп гендерди өзгөртүшү мүмкүн. Радиациялык мутагендерден башка көптөгөн химиялык мутагендер белгилүү. Бактериялардын,курт-кумурскалардын, сүт эмүүчүлөрдүн вирустары мутагендик таасирге ээ.
Мутациянын классификациясы
Тапшырма 4. Жаңы сөздөргө глоссарий түз.
Термин
Түшүндүрмөсү
Конспект түзүү ыкмасынын баалоо критерии
№
Баалоо критерии
1
1 балл
Дата
2
0,75 б
Окуунун формасы
3
Тема
0,5 б
4
0,25 б
Теманын максаты
5
Тапшырмалар текст, график, схема, сүрөт
6
1
7
2
8
3
Орточо арифметикалык чоӊдук
1 балл = 87 – 100 %;
0,75 балл = 74 – 86 %;
0,5 балл = 61 – 73 %;
0,25 балл = 30 – 60 %;
0 балл = 1 – 29 %.
Орточо арифметикалыкчоңдук – бул баллдардын суммасынын, критерийдин санына болгон катышы
Тапшырманын суроолору:
- Мутация деген эмне?
- Мутациянын пайда болуусу боюнча кандай түрлөрү бар экен?
- Мутацияны пайда кылуучу себептерди ирээтеп жаз.
- Мутацияны пайда кылуучу себептер эмне деп аталат?
- Мутация кандай классификацияланат?
СӨАИ жана лабораториялык сабакка көрсөтмө:
- Тажибаев А. Генетика жана селекциянын негиздери – 2015-ж. – 324 б.;
- Тажибаев А. Генетикадан маселелер жана к көнүгүүлөр. –Ош, 2015-ж. – 162 б;
- https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9C%D1%83%D1%82%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F