Китеп
Билбегенди билгизген, Мээге сезим киргизген. Ак булуттун үстүндө, Айга жакын жүргүзгөн. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным.
Турмуш сырын үйрөткөн, Көркөм, чечен сүйлөткөн. Көкөлөтүп көңүлдү, Табиятты бийлеткен. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным.
Эл достугун сактаган, Эрк, таалайды мактаган. Согуш өртүн өчүрүп, Бейкуттукту жактаган. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным. (Аалы Токомбаев)
23 - апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү
Сабактын максаты:
1. Китеп, китептин келип чыгыш тарыхы жөнүндө маалымат аласыңар
2. Дүйнөдөгү белгилүү китепканалар жөнүндө таанышасыңар
3. Китепти сүйүүгө, талыкпастан билим алууга, Мекенге кызмат кылууга
тарбияланасыңар
Сен китепти ачасың, ал сени...
Китеп деген эмне?
Китеп - арабчадан которгондо «жазма»
2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ.
Китептин тарыхы
Эгерде жазылган китептер боюнча изилдесек, дүйнөдөгү эң 1-китептер мындан 5000 жыл мурун ташка оюлуп жазылган. Б.з.ч 6-кылымда Ассирийс падышасы Ашшурбанипала убагында математика, физика,география, тарых жазуу таш китептери падыша китепканасында сакталчу. Кийинчерээк өрт чыгып, бардык нерсе күйүп, бир гана таштан оюлуп жазылган китептер сакталып калынган. Бул таштан оюлуп жазылган китептер азырга чейин сакталып турат жана көптөгөн окумуштуулар ошол китептер аркылуу көптөгөн ачылыштарды кылган.
Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн.
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан.
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан.
Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.
Алгачкы китептер
Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышычылыгы учурунда (б.з.ч. 2-кылым) жаңы жазуу материалы катары айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгон.
105-жылы кытай чебери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгачкы китеп XI кылымда Кытайда пайда болгон. XIII кылымдан Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, XV кылымдан китеп басылып чыга баштаган.
15-кылымдын 40-жылдары Европада немис ойлоп табуучусу И. Гутенберг (Германия) эң жөнөкөй станок менен китеп чыгаргандан кийин китеп тарыхында жаңы доор башталган.
Россияда Иван Фёдоров жана Пётр Мстиславец биринчи жол
ачышкан. 1564-жылы «Аполтол»
Китебин басып чыгарышкан.
Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын «Кыса-и- Зилзала» деген китеби болгон. Китептин баш сөзүн окумуштуу, кыргыз агартуучусу И.Арабаев жазып, жарыкка чыгарган. Кыргыз элинен чыккан алгачкы агартуучу-илимпоз - Ишеналы Арабаев. Залкар инсан XX кылымдын башында кыргыз тарыхынын жана маданиятынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон.
Алгачкы “Алиппе” китебин жазып, улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандыргандардын бири болгон. Ишеналы Арабаевдин ишмердиги көп убакыт күн жүзүнө чыкпай, эми гана татыктуу ордун таап жатат. Кыска өмүрүн сабатсыз кыргыз калкы илимдүү-билимдүү болуп, өз маданиятын таанып билсин деген улуу максатка арнаган залкар инсан.
XVIII кылымдын акырында кагаз машинкасы, XIX кылымдын башында басма машинкасы колдонулган.ХХ кылымдын башынан баштап фототехниканын жардамы менен китеп басылып чыга баштаган.
Дүйнөдөгү китепканалар
Эң кичинекей китепкана
Дүйнөдөгү эң оор китеп – Лондон музейиндеги «Географиялык атлас»
Венгриялык йожефу тариге таандык. Анын китепканасында 4500 дөн ашуун китептер бар
128 жыл мурда басылган, лупа менен окулган эң кичинекей куран китеп.
Конгресс китепканасы - дүйнөдөгү эң чоң китепкана, ал АКШнын борбору Вашингтондо жайгашкан, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин илимий борбор катары кызмат кылган.
«Монастр Санкт Гален» китепканасы Швецариянын чыгышында жайгашкан. VIII кылымга таандык деп айтылып келет жана эң эски китепкана. Китепканада 2000 ден ашуун VIII кылымга таандык эски кол жазмалар, 150 миңден ашуун чыгарма сакталган.
«Беларусь» улуттук китепканасы 1922-жылы курулуп, 2006-жылы кайрадан 22 кабат болуп курулган, 14 млн китеп жана 500 кишилик жыйындар залы бар.Китепкана-нын түзүлушү өзгөчө стилге ээ, айрыкча кечки-син кооз көрүнөт .
«Стокгольм» элдик китепканасы
Британиянын музей-китепканасы
Швецарияда жайгашкан кооз ки-тепканада 1928-жылы курулган. 2млн. дон ашуун китеп, 2,5 ашуун касета, дисктер сакталган.
Лондондо жайгашкан. 1753-жылы Сир Ханс Слоан (1660-1753) топтогон белгилүү китептер жана кол жазмалар, тарыхый буюмдар чогултулуп, Өкмөт тарабынан курулган. XIX кылымда археологиянын өнүгүшү менен музейге байыркы доордогу буюмдар топтолгон. 1823-жылы Жордж III нүн китепканасындагы коллекциялар сатылып алынып кошулган.
Ошентип, биз силер менен баятан бери сөз кылып жаткан китептер, китепканалар боюнча көп маалыматтарды ала алдык деген ойдомун. Эмесе сабакты бышыктайлы.
Бышыктоо:
- Китеп деген эмне?
- Дүйнөдөгү эң биринчи китеп качан пайда болгон?
- Вавилон,ассирия, кытай, египеттиктер кандай китептерди пайдаланышкан?
- Кагазды качан жана ким ойлоп тапкан?
- Эң алгачкы кыргыз китеби качан жана ким тарабынан чыккан?
- Дүйнө жүзүндөгү эң чоң китепканалар кайсылар?
Эми силерден китепти көп окуп, мындан аркы жашооңордо жалаң ийгиликтерди гана багындырып, көздөгөн максаттарыңарга жетүүңөрдү каалайт элем.
«Билим бөлүшкөн сайын көбөйөт, ал эми алтын бөлүшкөн сайын азаят экен деп айтылгандай, билим алгандан, аны бөлүшкөндөн эч качан тажабагыла!!!
Саламатта
болгула
окуучулар !!!