Талдоо, жалпылоо, салыштыруу, топтоштуруу
Саламатсыңарбы балдар! Силер менен экран аркылуу көрүшүп жаткандыгыма абдан кубанычтамын.
Саламатсыңарбы балдар!
Дайым ачык кабагым
Дайым даяр сабагым.
Саламаттык каалаймын
Саламатсынарбы балдарым.
Сабакты баштаардан мурда өткөнкү темабызды кайталап алалы. Өткөн сабагыбызда биз, сандын курамы тууралуу сүйлөшкөнбүз.
Силер экрандан 5 жалбыракты көрүп турасыңар. Алар күз мезгилиндеги жалбырактардай болуп, сары жана жашыл түстө. Келгиле, жалбырактарды топторго бөлүштүрөлү. Кандай топторго бөлсөк болот?
Мисалы, 1 жана 4
2 жана 3
3 жана 2
4 жана 1
Эми балдар, кирпинин ийнелерин өз-өз ордуларына коелу.
Биз силер менен өткөн темабызды кайталап алдык.
Булар кимдер? Алар эмне кылып жатышат?
Ооба, алар күзүндө түшүм жыйнап жатышат. Жыйнаган түшүмдөрүн өз- өзүнчө ящиктерге бөлүп салып жатышат. Ящиктерге кандай кылып салып жатышат? А кандай жемиштерди салып жатышат?
- Туура, алар алмаларды, алмуруттарды, кара өрүктөрдү, ящиктерге бөлүштүрүп салып жатышат. Демек, алар топторго бөлүп жатышат. Алмаларды өзүнчө, алмуруттарды өзүнчө, кара өрүктөрдү өзүнчө бөлүштүрүп жатышат.
Бүгүнкү сабакта силер менен биз, заттарды, нерселерди, буюмдарды түсү, көлөмү, узундугу, саны боюнча топторго бөлүштүрөбүз, талдайбыз, салыштырабыз, жалпылайбыз.
Силер экрандан эмнелерди көрүп турасыңар?
- Туура геометриялык фигураларды. Аларды кандай топторго бөлүштүрсөк болот?
Ооба, аларды үч бурчтуктар, тегеректер, сүйрүлөр деп бөлүштүрсөк болот. А буларды дагы кандай топторго бөлүштүрсөк болот?
Туура, түстөрү боюнча кызыл, сары, жашыл түстөргө ажыратсак болот.
Ошондой эле аларды көлөмү боюнча да топторго бөлүштүрсөк болот.
Кийинки сүрөттөрдөн эмнелерди көрүп турасыңар?
Экрандын жогорку сол бурчунан 3 капустаны, жогорку жактын оң жак бурчунан 2 алчаны, төмөнкү жактын сол жак бурчунан 2 сабизди, төмөнкү жактын оң жак бурчунан 3 алмурутту көрүп турасыңар.
Буларды кандай топторго бөлсөк болот?
Туура, мөмө-жемиштерге жана жер-жемиштерге бөлүштүрсөк болот. Үстүнкү бөлүктө жер-жемиштер, астыңкы бөлүкто мөмө-жемиштер.
Дагы кандай топторго бөлүштүрсөк болот?
Ооба, сандары боюнча бөлүштүрсөк болот. Капусталар менен алмуруттар 3төн. Ал эми алча менен сабиздер экиден.
Биз балдар, силер менен нерселерди, заттарды топтоштурдук.
Экранда көрү турган чыны, чайнек жана саатты көлөмүбоюнча катарга жайгаштыргыла. Булардын арасында эң чоңүкайсы?
-Туура, чайнек, чыны, саат
Кулпунай, ашкабак, лимон, помидорду көлөмүнө жараша солдон онду көздөй жайгаштыргыла.
-Ооба, эң кичинекейи кулпунай, анан лимон, помидор, эң чоңу ашкабак.
Кийинки сүрөттөрдөн сидер чоң, орточ, кичинекей себеттерди көрүп турасыңар.
Алардын көлөмүнө жараша ашкабак, помидор жана кулпунайды жайгаштыргыла.
- Азаматсыңар! Экрандын сол жагындагы себетке помидорду, ортосуна кулпунайды, оң жак бурчка дарбызды салсак, алар көлөмүнө жараша батат.
Биз силер менен балдар заттарды, нерселерди салыштырдык. Эми, силер менен заттарды топтоштуруп көрөлү. Экранга жемиштерди жайгаштырдым. Келгиле жемиштерди кандайдыр белгилери боюнча топтоштуруп көрөлү. Аларды кандай топторго бштүрү көрсөк болот?
- Ооба, формалары боюнча тегерек жана сүйрү формаларына топтоштуруп көрсөк болот. Келгиле, анда топторго бөлүштүрөлү.
Картошка сүйрү,лимон сүйрү, коон сүйрү, помидор тегерек формада, капуста тегерек формада, жүзүм сүйрү формада, алча тегерек формада.
- Азаматсыңар! Силер мага жардам бердиңер. Жемиштерди формалары боюнча топторго бөлдүк.
Практикалык иш
Ак барак алып, ага 5 тегеректин сүрөтүң тартабыз. Алар бири-биринен көлөмүбоюнча айырмаланып турушу керек. Эми буларды ар кандай түстөргө боейлу. Бул сүрөттөр формасы боюнча окшош, бирок түсү жана көлөмү боюнча айырмаланышат.
Балдар, силер өзүңөрдүң вариантыңарда нерселерди салыштырып, топтоштуруп же аларда айырмалап сүрөт тартсаңар болот. Силер, үч бурчтуктарды, сүйрүлөрдү же гүлдөрдү тартсаңар болот.
Ушуну менен сабагыбыз аягына чыкты. Кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта калгыла.