СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

SMART - жөнүндө түшүнүк

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«SMART - жөнүндө түшүнүк»

SMART – максаттарды түзүү үчүн критерийлер

SMART – максаттарды коюунун жана түзүүнүн белгилүү жана натыйжалуу технологиясы. SMART акроними акыл-эстүү максатты билдирет жана чыныгы максат кандай болууга тийишэкендигин билдирген англис сөздөрүнүн башкы тамгаларын бириктирет: Specific (конкреттүүлүк) — Measurable (өлчөнүү) — Aachievable(жеткиликтүүлүк) — Relevant (релеванттуулук же окуудагы муктаждыктарга шайкештик, маанилүүлүк) — Time-bounded (убакыт жагынан айкындык, мисалы, сабактын ичинде же чейректин ичинде).


Окутуунун натыйжаларын (максаттарды) жазуу


Окутуунун натыйжалары – бул окутуу процесси аяктагандан кийин окуучу эмнени, кандай билип, түшүнүп, аткара билип же көрсөтүүгө кудуреттүү экендиги жагынан үмүт-тилектердин баяндамасы.

  • Окутуунун натыйжалары өтүлгөндөрдүн маңызына эмес, окуучулардын жетишкендиктерине көңүл бурат;

  • Окутуунун натыйжалары окуу ишинин аягында окуучулар эмнени көрсөтө ала тургандыгына көңүл бурат.

Натыйжалар төмөнкүлөрдү аныктайт:

  • окуу программаларынын маңызын жана аларды уюштурууну,

  • окутуунун ыкмаларын жана стратегияларын,

  • баа берүү процессин,

  • билим берүү чөйрөсүн жана

  • окуу графигин

  • Мындан тышкары, алар окуу программаларына баа берүү үчүн негиз болуп саналат.

(Harden et.al., 1999a)

Натыйжаларга баа берилүүгө, байкоо жүргүзүлүүгө жана алар өлчөнүүгө тийиш.

Натыйжалар этишти камтыйт, ал окуучулар эмнени билип жана жасай ала тургандыгын тикелей көрсөтүүнү чагылдырат: активдүү этиштер колдонулат.

«Түшүнүү» же «билүү» сыяктуу арсар этиштерди өлчөө татаал жана алар «белгилөө», «аныктоо», «сүрөттөө» же «көрсөтүү» деген этиштер менен алмаштырылууга тийиш (Блум таксономиясынын масаттарынын деңгээлдери боюнча этиштерди колдонгула). «Түшүнүү» - төмөнкүлөр аркылуу баяндайлы: «өз сөзү менен айтып берет», «мисалдарды келтирет», «суроого жооп берет», «түшүндүрөт» ж.б. Ошондо мугалим окуучу булнатыйжага жетишип жатканын же жоктугун оңой эле өлчөп, көрө алат. Ушул эле принцип кала берет.


Блумдун ой жүгүртө билүү таксономиясы(кыймыл-аракет этиштери)

Таблица ар бир деңгээлдин спецификасын, ошондой эле ал аркылуу мугалимдин позициясынан, ошондой эле окуучунун позициясынан тиешелүү билгичтик ишке ашырыла турган аракеттерди сүрөттөйт.

Таблицада берилген кыймыл-аракет этиштери сабактын максаттарын коюуда жардам бере алат. Мында бир топ жогорку деңгээлдеги көндүмдөрдү калыптандырууга басым жасоо менен, максаттарды ырааттуу пландоого аракет кылуу керек.


Деңгээл

Аныктама

Этиштер

Мисал

Билим

Маалыматты аныктоо жана ылгоо

Санап өтөт, атайт, таанып-билет, аныктама берет

Түрдүн мүнөздөмөлөрүн атайт

Түшүнүү

Сунуш кылынган маалыматты түшүнүү; маселени өз сөзү менен баяндоо

Түшүндүрөт, өзгөртүп түзөт, мисал келтирет, өз сөзү менен айтып берет, кайра баяндайт, чечмелейт

Чыгыш Европа өлкөлөрү үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштун социалдык, экономикалык жана саясий кесепеттерин түшүндүрөт

Колдонуу

Жаңы кырдаалдардагы түшүнүктөрдү пайдалануу

Санап чыгат, тандайт, көрсөтөт, эксперимент жүргүзөт, өзгөртүп түзөт, пландаштырат, чечет

Карта боюнча объекттердин ортосундагы аралыкты эсептеп чыгат

Талдоо

Маалыматты байланыштуу бөлүктөргө бөлүү

Бөлөт, топтойт, классификациялайт, айырмалайт, салыштырат, тандайт, байланыштырат, категорияга бөлөт, схема түзөт

Жаныбарларды үй жана жапайы деп классификациялайт

Синтез

Маалыматтыкомпиляциялоо

Жалпылайт, калыптандырат, пландаштырат, түзөт, иштеп чыгат, топтойт

Чыгармадагы негизги ойду көрсөтө алат

Баа берүү

Критерийлердин негизинде баа берүү

Далилдейт, өлчөйт, негиздейт, рангалайт, баа берет, далилдейт, сунуштайт

Башкы каармандын кырдаалдагы туура кылгандыгын негиздейт