Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүү инновациялык мектеби
КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫ
7-КЛАСС
МУГАЛИМ: Алтынбекова Б.А.
Саламдашпай сөз баштабайт. Айтылган саламды жоопсуз калтырбайт
Баарыңарга жагымдуу маанай каалаймын !
Үй тапшырмасын суроо
126-көнүгүү
1.- Оой, жоо алгыр ай, кат жок эмес беле. 2. Оо, кокуй оой! – дейт, шашып кетип Курман. 3. Алда, айланайындар ай, катты жашырып койдумбу? – дейт кайра. 4. өзүмдөн эле кетти, кап! 5. Илимге да, доктурга да, баракелде! 6. Чишш, тынчтангыла, балдар! 7. Өш, өлөт алгыр. 8. Атаа, балам, сага калп айтканды ким койду? 9. Кош, Алтынай! Кош, чырагым! – деп кыйкырды Дүйшөн. Кош, агай, кагылайын, айланайын агай! – дедим мен. Кош, биринчи мугалимим, кош, биринчи мектебим, кош, балалык чагым, кош, жер кыртышынын астында көзү ачылбай калаган тунук булак өңдүү, эч ким билбеген менин биринчи, наристе сүйүүм!
Өзгөчө сөз түркүмдөрүн кайталоо https:// wordwall.net/ru/resource/52086005
МЭЭГЕ ЧАБУУЛ
Баракелде балдар кандай азаматсыңар
Пай-пай Азыркы техниканын жетишкендигин кара
САБАКТЫН ТЕМАСЫ:
С ырдык сөздөргө коюлуучу тыныш белгилер, сырдык сөздөрдүн жазылышы
САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:
https:// www.canva.com/design/DAFy6iM0tqw/KPW6VYfjxIc6yYGbJ4ZWkA/edit?utm_content=DAFy6iM0tqw&utm_campaign=designshare&utm_medium=link2&utm_source=sharebutton
Жаңы теманы түшүндүрү
1.Эгерде сырдык сөз сүйлөмдүн башына келип, интонация аркылуу айтылса, өзүнөн кийин үтүр коюлат.
Мисалы: Ботом, кайсы Дүйшөндү айтып жатасыңар? Баракелде, балдар, ата-энеңерге чоң ыракмат!
2. Сырдык сөз сүйлөмдүн ортосуна келсе, эки жагынан үтүр менен ажыратылат.
Мисалы: Алар, кап, бүгүн да келбей калышты окшойт. Жардамыңарга, бали, ыракмат, балдар!
3. Сырдык сөз сүйлөмдүн аягына келсе, өзүнөн мурун үтүр коюлат.
Мисалы: Эмгекти сүйгөн кишилер
алп экен го, пай-пай! Келдиңерби, айланайындарым!
4. Эгерде сырдык сөз күчтүү сезим менен айтылып, сүйлөмдүн башына келсе, өзүнөн кийин илеп белгиси коюлат да, андан кийинки сүйлөм баш тамга менен жазылат.
Мисалы: Бах! Биз кандай жыргалдуу заманда жашап жатабыз! Бали! Көп иш кылган экенсиңер!
5. Эгер сырдык сөздөр сүйлөмдүн тутумунда каратма, киринди сөздөр менен бирге айтылса, анда алар өзүлөрүнө тиешелүү тыныш белгилерин сактайт.
Мисалы: Кокуй, балдар, бул эмне кылганыңар? Бактыга жараша, анын келбегенин кара, кап!
6. Сырдык сөздөр кайталанып, кош сөз катарында айтылса, араларына дефис коюлуп жазылат.
Мисалы: пай-пай, чой-чой, кыруу-кыруу, өш-өш, чү-чү, түтү-түтү, ай-ий, алдей-алдей, мый-мый, күчү-күчү ж.б .
7. Сырдык сөз кошмок сөз катарында айтылса, арасына дефис коюлбай бөлөк жазылат.
Мисалы: кокуй күн, кокуй алат, алат күн, кокуй ой, арман күн, ак чүч, чиркин ай, ой тобо, аттиң ий, апей ботом ж.б
127-көнүгүү
1. Оо шордуу жаным, - деди Жамийла, терең үшкүрүнуп. 2. Жапар оо сен менин жүрөгүмдүн тереңинен орун алдың эле го. 3. Канткенде ушул жоо кыйрар эле айланайындар. 4. Бактысыз жаным кап Талыптан айрылган экемин го деди Айша. 5. Дүйнө тентек, кейибе ээ Акиш. 6. Кеттик, чүчү! 7. Ой ий туугандар, отоо чөп – фашисттен да жаман жоо. 8. «Оо биздин Харьков», - дейт Люба дайыма.
127-көнүгүү
1. Оо, шордуу жаным, - деди Жамийла, терең үшкүрүнуп. 2. Жапар, оо, сен менин жүрөгүмдүн тереңинен орун алдың эле го. 3. Канткенде ушул жоо кыйрар эле, айланайындар. 4. Бактысыз жаным, кап, Талыптан айрылган экемин го деди Айша. 5. Дүйнө тентек, кейибе, ээ, Акиш. 6. Кеттик, чү-чү! 7. Ой - ий туугандар, отоо чөп – фашисттен да жаман жоо. 8. «Оо, биздин Харьков», - дейт Люба дайыма.
Бышыктоо: https :// joyteka.com/100168088
Үй тапшырма: Сырдык сөздөрдү катыштырып текст
түзүү
Балоо: өзүн-өзү баалоо