Просмотр содержимого документа
«Литосфера 6-класс»
Литосферада болуучу табигый процесстер.
6 - класс
Жердин литосферасы жер кыртышын жана мантиянын үстүңкү бетин камтыгандыгы бизге белгилүү.Демек,алардын ортосунда тыгыз байланыш бар
Жер кыртышы дайыма кыймылда болуп турат.Бул кыймылдын негизги себеби,анын тереңдигиндеги болуп жаткан процесстер менен байланыштуу.
Жер кыртышында кээ бир аймактарында жаракалардын пайда болушу,көтөрүлүшү жана төмөндөшү жер кыртышынын кыймылы деп аталат
Жер кыртышынын кыймылы 2 түргө бөлүнөт
1)Горизонталдык 2) Вертикалдык
Литосферанын горизонталдык багыттагы кыймылы жердин ири аймактарынын жылышы.Мисалы,биз билген алты материктин ордунда Гондвана жана Лавразия материктеринин болгону.Алар акырындык менен жылышып,өз алдынча материктерге бөлүнүп кеткен
Литосферанын вертикалдык багыттагы кыймылы жер бетинин төмөн түшүшү,же көтөрүүлөрү менен байланышкан.
Алардын натыйжасында жер титирөөлөр болуп,жанар тоолордун атылышына алып келет
Литосферанын вертикалдык багыттагы кыймылы
Жер титирөө
Жер бетинин табигый күчтөрдүн таасиринен силкиниши жер титирөө деп аталат
Жер титирөөлөр төрткө бөлүнөт
Жер титрөө жер шарынын айрым бөлүктөрүндө болуп,белгилүү бир геологиялык түзүлүштөргө байланышкан.
Жер титрөө тоолуу,негизинен жаңы жаш тоо тармактарынан түзүлгөн аймактарда болот,платформаларда дээрлик болбойт.Жер титирөөлөр негизинен тектоникалык плиталардын чет жакаларында көп байкалат
эпицентр
Сейсмикалык толкундар
Жер титирөөнүн очогу