IX класста математиканы (алгебра) жазуу жана баалоо боюнча нускамалык-методикалык кат
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2019-жылдын 8- апрелиндеги № 378/1 буйругуна ылайык IX класс үчүн математика (алгебра) сабагы боюнча Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы комплекстүү тест формасында өткөрүлөт.
Бул каттын максаты - математикадан комплекстүү тестти аткаруу боюнча методикалык көрсөтмө берүү жана аны баалоонун критерийлерин сунуштоо.
Бул катта иштерди аткаруу спецификасы жана математика боюнча комплекстүү тесттердин үлгүсү берилген.
Математика боюнча берилген тапшырма окуу программасынын деңгээлинин татаалдыгына ылайык (базалык жана тереңдетилип окутуу) 2 вариантта түзүлгөн.
Сынакка 4 астрономиялык саат, ал эми профилдик класстарга - 5 саат берилет.
IX класска математика (алгебра) сабагы боюнча комплекстүү тест үч бөлүктөн, жалпы 25 тест тапшырмаларынан турат.
Биринчи бөлүк темага ылайыктуу топтолгон, 1 туура жоопту өзүнө камтыган 20 тест тапшырмадан (№1 -№20) турат. Бул тапшырмалар теориялык материалдарды, түшүнүктөрдү жана ыкмаларды өздөштүрүү деңгээлин аныктоого багытталган.
Бөлүк | Тапшырмалардын саны |
Сандар жана туюнтмалар | № 1- № 6 |
Теңдемелер, барабарсыздыктар, системалар | № 7- № 13 |
Функция | № 14- № 19 |
Статистика жана ыктымалдык теориясынын элементтери | № 20 (а жана б тапшырмалары) |
Жалпы саны: | 20 |
Ар бир суроого 4 вариантта жооп берилип, алардын ичинен бирөө туура жооп болуп эсептелет. Ар бир туура жооп 1 балл менен , ката 0 балл менен бааланат. Бул бөлүктө жогорку балл - 20 баллдан турат.
Эскертүү: үлгүдө №20 тест тапшырмасында эки тапшырма тандоо формасында берилген, ал эми сынак буклетинде тандоосуз бир гана тапшырма берилет (а тапшырмасы же б тапшырмасы).
Экинчи бөлүк кыска жоопту талап кылган 2 тест тапшырмаларынан (№2.1, №2.2) турат. Тапшырмалар математика боюнча базалык билгичтикти жана практикада колдонуу жөндөмүн аныктоого багытталган.
Берилген тапшырмаларда кыска жоопту буклеттеги атайын бөлүнгөн орунга сол жактан оӊ жакты көздөй жайгаштыруу талап кылынат. Жообун жазууда эсептөө жүргүзүлөт. Жообу - 0дөн 9999га чейинки оӊ сандар болот. Бир чакмакка бир эле сан жазылат. Эгерде жообу бөлчөк сан чыкса, анда бүтүн санга чейин тегеректөө керек.
Мисалы: Жообу: 125
Берилген тапшырмалардын (2.1; 2.2) туура жоопторунун ар бири 2 балл менен бааланат.
- туура жоопко 2 балл;
- ката жоопко 0 балл.
Бул бөлүктүн жогорку баллы – 4 балл.
Үчүнчү бөлүк толук жоопту талап кылган үч тест тапшырмаларынан турат.
(№3.1, №3.2, №3.3.) Толук чыгарылышын жазууну талап кылган тапшырмалар функционалдык сабаттуулуктун деңгээлин билүүгө багытталып, берилген жооптун негизделиши жана түшүндүрмөсү буклеттеги атайын берилген орунга жазылуусун талап кылат. Ар бир тапшырманын аткарылышы ирээттүү жана толук болушу зарыл. Эсепти чыгарууда толук жообун айкын жана так жазуу керек. Тапшырманы аткаруу үчүн черновик колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет. Анда аткарылган иштер баалоодо каралбайт.
Тапшырманы аткарууга коюлган баллдын саны жооптун туура чыгарылганына жана толук чыгарылышына байланыштуу болот.
Толук жооп берилген тапшырманын аткарылышына жалпы талап коюлат: эсепти чыгаруу толук, бардык чыгаруу ыкмалары каралып, математикалык жактан сабаттуу болуусу керек. Эсепти чыгаруу ыкмасы, аны жазуу жана жоопту жазуу формалары ар түрдүү болуусу мүмкүн. Негизделген, туура берилген жоопко жогорку балл берилет.
- 3.1. тест тапшырмасынын жогорку баллы – 5 балл
- 3.2. тест тапшырмасынын жогорку баллы – 6 балл
- 3.3. тест тапшырмасынын жогорку баллы – 5 балл
Бул бөлүктүн жогорку баллы – 16 балл болуп саналат.
Эскертүү:
Эгерде эсепти чыгарууда жообу ката болуп, 1 баллга да татыбаса, 0 балл коюлат.
IX класста алгебра сабагы боюнча сынак ишин текшерүүнү комиссиянын төрагасы (ПК) баалоо нускамасына ылайык жүргүзөт. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы баага которулат.
Тиркемеде 3 бөлүктөн турган, тест тапшырмаларынын бардык түрлөрүн жана баалоо критерийлерин камтыган комплекстүү тесттин үлгүсү көрсөтүлгөн.
Алгебра боюнча комплекстик тестти аткарууда баштапкы баллдарды аныктоо
Бөлүк | Тапшырмалар | Баалоо | Максималдуу балл |
Биринчи бөлүк | № 1 - № 20 | 1 балл | 20 балл |
Экинчи бөлүк | № 2.1, № 2.2 | 2 балл | 4 балл |
Үчүнчү бөлүк | № 3.1, № 3.3 | 5 балл | 16 балл |
№ 3.2 | 6 балл |
| | Бардыгы:: | 40 балл |
Баллдарды баага которуу шкаласы
Баллдар | Баа | Процент менен |
15-22 | 3 | 37,5 - 55% |
23-31 | 4 | 57,5 - 77,5% |
32-40 | 5 | 80 - 100% |