Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 Токтому, Кыргыз Республикасында 2021—2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүу жана тил саясатын өкүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ ЧАРА ПЛАНЫ
| № | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
| 1. | “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Мыйзамын билим берүү тармактарында талкуулап, анын ар бир беренеси боюнча иш план түзүу | Январь | Билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 2. | КРынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2021—2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өкүндөтүүнүн программасы жөнүндөгү” Жарлыгынын билим берүу тармактарында аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | РБББү,билим берүу мекемелеринин жетекчилери |
| 3. | Аталган Жарлыкты билим берүү тармактарындагы ар бир инсанга жеткирүунү камсыздоо | Дайыма | Билим берүу мекемелеринин жетекчилери |
| 4. | Программанын максаттарын, негизги Жоболорун жана маалыматтык түшүндүрүу иштерин жүргүзүүдө билим берүү мекемелеринин жетекчилерине предмет мугалимдери көмөк көрсөтүу | Дайыма | Жетекчилер, предмет мугалимдери |
| 5. | РБББүнүн алдындагы Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын курамын дагы бир жолу карап чыгуу, комиссиянын мүчөлөрүнүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Январь | РБББүнүн алдында түзүлгөн Мамлекеттик тил комиссиясынын башчылары (анын ичинен мектептин алдында да) |
| 6. | Колдонуудагы компьютерлерди кыргызча шрифттердеги “Тамга КИТ”, “Өктөм Таймс” программаларына өткөрүү | Ар дайым | Билим берүу мекемелеринин жетекчилери |
| 7. | Ар бир билим берүү мекемелеринде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Мыйзамынын аткарылышы үчүн жооптуу кызматкерлерди дайындоо | Январь, февраль | Билим берүу тармактарынын жетекчилери (комиссия түзүлөт) |
| 8. | Кыргыз тилин билим берүү мекемелеринин бардык чөйрөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамында каралган тартипте колдонуу | Ар дайым | Билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жалпы ар бир жамаат |
| 9. | Расмий тил катары орус тилин колдонуу менен райондун аймагындагы ар түрдүү улуттардын эне тилинин сакталышына жолтоо болбой мамлекеттик, же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол бербөө (2—3—4-беренелер) | Ар дайым | РБББү, жалпы билим берүү тармактарында |
| 10. | Жалпы билим берүү тармактарынын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү (7-берене) | Ар дайым | Билим берүү тармактары |
| 11. | Расмий, коомдук-саясий иш чараларды мамлекеттик тилде өткөрүү (11-статья) | Ар дайым | РБББү билим берүү мекемелери |
| 12. | Мамлекеттин жана улуттун белгиси катары Кыргыз желегинин жана кыргыз калпагынын күндөрүн белгилөо | Март | Билим берүү тармактарынын бардыгында |
| 13. | Билим берүү тармактары тарабынан бүтүрүүчүлөргө документтерди мамлекеттик тилде, зарыл учурда расмий тилде берүү (13-берене) | Ар дайым | Билим берүү тармактарынын башчылары |
| 14. | Жалпы орто, толук эмес орто, мектепке чейинки, мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү (14-берене) | Ар дайым | Жалпы билим берүү мекемелеринде |
| 15. | Билим берүү мекемелеринде илимий-техникалык жана долбоорлоо документтерин иштеп чыгууну мамлекеттик, же расмий тилде жүзөгө ашыруу (15-берене) | Ар дайым | Билим берүу мекемелеринин башчылары |
| 16. | Билим берүү тармактарынын бардыгындагы эсеп-отчет жана финансы документтерин мамлекеттик, же расмий тилде жүргүзүу (16-берене) | Ар дайым | РБББү менен билим берүү тармактарынын жетекчилери |
| 17. | Билим берүү мекемелеринин жетекчилери тарабынан өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзүп берүү. Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу (17-берене) | Ар дайым | РБББү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 18. | Мыйзамдын 18-беренесине негиз райондун билим берүү мекемелеринде, №33, №72, №115 кесиптик лицейлер окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили катары мамлекеттик тилди колдонуу | Ар дайым | РБББү, жалпы билим берүү мекемелери, №33, №72, №115 кесиптик лицейлер |
| 19. | Билим берүү тармактарында негизги тил катары мамлекеттик тилди колдонууну кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо | Ар дайым | Жалпы билим берүу тармактарында |
| 20. | Билим берүү мекемелеринде көрнөк-жарнактарды, географиялык аттарды, билим берүу мекемелеринин даректерин мамлекеттик тилде жол-жоболоштуруу | Ар дайым | Билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кыргыз тил, адабият предмет мугалимдери |
| 21. | Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, билим берүү мекемелеринин аталышын милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жол-жоболоштуруу ( 24-берене) | Ар дайым | Билим берүу мекемелеринин жетекчилери |
| 22. | Билим берүү мекемелеринин мөөрлөрүн жана бланктарын мамлекеттик тилде жана расмий тилде жазуу (26-берене) | Ар дайым | Билим берүү мекемелеринин башчылары |
| 23. | Жалпы билим берүү мекемелеринде көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде Мыйзамдын 27-беренесине ылайык жазылып, илинишин камсыз кылуу. | Ар дайым | Билим берүү мекемелеринин башчылары |
| 24. | Жарнактарды, кулактандырууларды, прейскуранттарды ж.б. көрүнөө маалыматтарды адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштуруу (Башка тилдердеги арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш) | Ар дайым | Билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 25. | Мамлекеттик тилди пайдалануунун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз адабий тилинин колдонуудагы ченемдерин сактоо | Ар дайым | Билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 26. | Мыйзамдын 32-беренесине негиз райондун аймагында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү | Ар дайым | Билим берүу тармактарында |
| 27. | Мамлекеттик тил Мыйзамын бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, о.э. юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилик тартуусу | Ар дайым | РБББү |
| 28. | Улуттук бурчтарды уюштуруу мамлекеттик атрибуттар менен жасалгалоо (Герб, гимн, желек, мамлекеттик тил гимни) | Ар дайым | Билим берүү тармактарынын бардыгында, билим берүу мекемелеринин жетекчилери |
| 29. | Кыргыз Республикасындагы элдик майрамдарда улуттук кийимдердин, улуттук тамак-аштардын, улуттук буюмдардын көргөзмөлөрүн, жарманкесин уюштуруу | Майрам күндөрү | Билим берүу мекемелери, анын жетекчилери |
| 30. | “Мамлекеттик тил” Мыйзамынын 33 жылдыгына карата бир айлык жарыялоо жана мамлекеттик тил майрамын белгилөө (2022—2023-окуу жылында) | Сентябрь | Билим берүу тармактарында, РБББү, жооптуулар билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 31. | “Мамлекеттик тил Мыйзамын” ишке ашырууда өзгөчө эмгек көрсөткөндөрдү сыйлоого сунуш берүү | Август | РБББү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 32. | Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердеги жана мектепке чейинки мекемелердеги Мамлекеттик тилди окутуу, үйрөтүү (кадр, окуу китеби, программалар) маселелерин көзөмөлдөө | Ар дайым | РБББү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери |
| 33. | Тилди өнүктүрүү, анын статусун көтөрүү максатында мамлекеттик тил аркылуу ынтымакка, биримдикке, достукка чакырган иш чараларды өткөрүү | Ар дайым | РБББү, жалпы билим берүү тармактарынын жетекчилери |
| 34. | Мамлекеттик тил Мыйзамын ишке ашырууда билим берүү тармактарындагы китепканалардын иштерин жандандыруу. Жаңыча формадагы, мазмундагы иш чараларды иштеп чыгуу | Ар дайым | РБББү менен биргеликте билим берүү мекемелеринин башчылары, китепканачылар |
| 35. | Улуу ойчулдар тарабынан таамай айтылган курч сөздөрдү, макал- лакаптарды, санат-насыят сөздөрүн колдонуу. Мамлекеттик тилде жагымдуу сүйлөй билүү искусствосун үйрөнүу | Ар дайым | Билим берүу тармактарындагы жалпы атуулдар |
| 36. | Улуттук Программанын алкагында билим берүу тармактарындагы омоктуу ойлорду, көйгөйлөрдү чагылдырган көз караш, пикирлерди чагылдырган макалаларды райондук, областтык, республикалык басма сөздөргө жиберип, жарыялоо жагын камсыздоо | Ар дайым | Билим берүү тармактарындагы жалпы атуулдар |
| 37. | Улуттук Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүлгөн мөөнөттө жиберүү жагын көзөмөлдөө | Квартал сайын | Жалпы билим берүу мекемелеринин жетекчилери |
| 38. | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган “Кыргыз тили” , “Тил жана маданият” газеталарына жазылууну уюштуруу | Дайыма | Жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, көзөмөлдөө жагы билим берүу тармактарынын жетекчилери. |
| | | | |