СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас ата жөнүндө

Нажмите, чтобы узнать подробности

Манас ата жөнүндө билишет

Просмотр содержимого документа
«Манас ата жөнүндө»

Тема: Манас ата мусулман болгон!

 Максат: а)Окуучулар Манас ата барган жеринде ыйман

туурасында кеп кылганы жън\ндъг\ узундуктан

угушат.

б)Окуучулар мусулман эмне, кандай болушун

билишет.

в)Окуучулар ыймандуу болууго, чоёдрду

урматтоого, сый кърсът\\гъ \йрън\шъ.

Тиби:Жаёы билим алуу.

Жабдылышы:Манастан узундук, видеоролик

Сабактын ж\р\ш\:Уюштуруу,дъъмът,видеоролик коюлат.

МАНАС АТА МУСУЛМАН БОЛГОН!!!

        ЫЙМАН: Эпосто Манастын барган жеринде ыйман туурасында кеп кылганын, калайык-калкка туура жолду көрсөтүп, ыймандын манилүү экендигин билдиргенин төмөнкү саптардан көрүүгө болот:

Ынтымакка кел деди,
Ла илаха илла Аллах,
Келме келтир сен деди,
Жаратканым бар да деп,
Акылыңа ил деди,
Келме шаадат келтирип,
Жатыксын кызыл тил деди.

Акырет жолу такылдыр,
Акыры ыйман жакындыр,
Ал ыйманды билбеген,
Дин билбеген каапырдыр.
“Бысмылда” деген тилге кел,
Кудай жалгыз, Куран чын,
Байгамбар ак, диниң ак,


Чачып ийчи жыйганды,
Каалагын жалгыз ыйманды.

Чогулуп турган көпчүлүк,
Ла илиха иллаллах,
Мухаммад расулуллах,
Келме шаадат жар кылып,
Ыйман айтып күңгүрөп,
Жалбарып жалгыз Аллага
Акка моюн сунушту,
Кетпейбиз деп ушундан,
Келме айтып канча жан,
Алар болду мусулман.

Эпостон ыймандын башка шарттарын да көрүүгө болот. Айрыкча акыреттеги жашоо (кыямат) кеңири айтылган. Манас согушка аттанар алдында чоролоруна дайыма акырет туурасында ибараттуу кеп айткан:

Ислам динин туткун деп,
Ага ишенип уккун деп,
Кыямат күнү кызык деп,
Тозок оту бул оттон,
Алтымыш эсе ысык деп.

Доор кыямат болгуча,
Кыйшайбай турган эл ошол.

Ошондой эле ыймандын дагы бир шарты болгон периштелер:

Микайил, Азрайил,
Анык ойлоп муну бил.
Биринин аты Жабрайил,
Көз көрбөгөн бу бир жел,
Ысырайыл бири дейт,- деп алардын аттары аталып өтөт.

Манас эпосунун кээ бир саптарында Ислам ишениминин шарттарынын бири болгон пайгамбарларга ишенүү да орун алган жана алардын аттарын да көрүүгө болот. Мисалы: Адам, Сулайман, Нух (алайхумус салаам). Ал эми Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) жөнүндө да саптар жок эмес.

Тапшырма:Манастан узундук жаттоо.