СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика 3-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика 3-класс»

1-маселе Базарга 63 машина капуста жүктөп келишти. Эртең менен 25 машина , кечинде 19 машина капустаны түшүрүштү. Дагы канча машина капустаны түшүрүш керек? 2-маселе Зоопаркта пилге бир күндө 20 кг картошка, ал эми сабизди картошкага караганда 15 кг га аз беришет. Пил бир күндө канча кг картошка,сабиз жейт?

3-маселе Даракта 10 кашка чымчык жана 17 карга бар эле.Дагы бир нече канаттуу келип конгондон кийин 32 болуп калды.Канча канаттуу учуп келди?

4-маселе Үч бригада бир күндө 97 тетик жасашат. Биринчи бригада 32 тетик, экинчи бригада биринчиге караганда 7 тетикке аз жасады . Үчүнчү бригада канча тетик жасады?

5-маселе Кыз биринчи күнү 22 бет,экинчи күнү биринчи күнгө караганда 6 бетке аз ,ал эми үчүнчү күнү экинчи күнгө караганда 18 бетке көп окуду. Кыз үч күндө канча бет окуду?

6-маселе Китепканада 100 китеп бар. Анын ичинен 26 китеп илимий, калганы көркөм китептер.Илимий китептер көркөм китепке караганда канчага аз?

7-маселе Оюндун башында шашка доскасында 32 шашки турган.Оюндун аягында доскада 8 ак,ага караганда 5ке көп кара шашки калды. Оюндун башталышына караганда оюндун аягында канчага көп шашки калды? 8-маселеОгороддо 58 эркек адам иштеп жаткан.Анын ичинен аялдар эркектерге караганда 9 га аз.Бардыгы канча адам иштеп жүрүшөт?