Просмотр содержимого документа
«Математика 5- класс»
18.04.2023-ж
Тема: Сандын өзгөрүүсүн процент аркылуу чагылдыруу.
Сабактын максаты:
а) Сандын өзгөрүүсүн процент аркылуу чагылдырууну үйрөнөсүңөр.
б) Формула аркылуу мисал- маселелерди чыгарасыңар.
в) топтордо активдүү иштөөгө жана бири- биринерди баалоого көнүгөсүңөр.
Маселе
- Бадыраңдын баасы 15 сом болгон. Анын баасы 12% га арзандагандан кийин, анын баасы канча сом болуп калган?
1) 12%= 12% : 100%= 0,12
15 • 0,12 = 1,8 сом арзандайт.
15- 1,8 = 13,2 (сом)
Жообу: Бадыраңдын баасы 13,2 сом болуп калды.
2) Бадыраң 15 сом.
12% арзандады
15------------100%
Х---------------12%
100х=15 •12
Х= 180 : 100
Х= 1,8
15- 1,8 = 13,2 (сом) Жообу: 13 сом 20 тыйын.
2 . Крокодил Гена сыйкырчыдан 500 эскимо алып жегенден кийин, ал өзүнө 1,5% салмак кошту. Эгерде ал туулган күнүнө чейин 80 кг болсо, анын салмагы азыр канча болуп калды?
Чыгаруу:
1) 1,5%= 1,5% : 100% = 0,015
80 •0,015 = 1,2
80 + 1,2 = 81,2 (кг)
Жообу: Анын салмагы азыр 81,2 кг болуп калды.
2) Крокодил Гена 80кг азыркы салмагы.
1,5% салмак кошту.
80----------100%
Х-----------1,5%
100Х=80 • 1,5
Х= 120 : 100
Х= 1,2 кг салмак кошту
80+ 1,2 = 80,2 (кг)
Жообу: Анын салмагы 81,2кг болуп калды.
Эгерде а санын i прцентке азайтсак, анда натыйжа а( 1- i:100) га болот .
- Бадыраңдын баасы 15 сом болгон. Анын баасы 12% га арзандагандан кийин, анын баасы канча сом болуп калган?
а=15
i=12
15(1- 12 : 100 ) = 15 • (1-0,12)= 15 • 0,88= 13,2
Жообу: Анын баасы 13,2 сом болуп калган.
Эгерде а санын i прцентке көбөйтсөк, анда натыйжа а( 1+ i: 100) га болот .
2. Крокодил Гена сыйкырчыдан 500 эскимо алып жегенден кийин, ал өзүнө 1,5% салмак кошту. Эгерде ал туулган күнүнө чейин 80 кг болсо, анын салмагы азыр канча болуп калды?
а=80
i=1,5
80(1- 1,5 : 100 ) = 80 • (1+0,015)= 80 • 1,015= 81,2
Жообу: Крокодил Генанын салмагы 81, 2 кг болуп калды.
2- топ.
Банандын баасы 40 сом болгон. Анын баасы 13% га арзандагандан кийин, анын баасы канча сом болуп калган?
1- топ.
Помидордун баасы 20 сом болгон. Анын баасы 15% га арзандагандан кийин, анын баасы канча сом болуп калган?
3- топ.
4- топ.
Алманын баасы 60 сом болгон. Анын баасы 11% га кымбаттагандан кийин, анын баасы канча сом болуп калган?
Пияздын баасы 15 сом болгон. Анын баасы 20% га кымбаттагандан кийин, анын баасы канча сом болуп калган?
Үйгө тапшырма: № 523