1.Математикалык жаңы маалыматтарды (термин-түшүнүктөрдү) аң сезимдүү кабыл алуу,аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компетенттүүлүгү (ПК1)
2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү,бышыктоо компетенттүүлүгү(ПК2)
4. Турмуш менен байланыштыруу компетенттүүлүгү(ПК4)
№ | Сабактын этаптары «Убактысы» | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишердүүлүгү | Комп-к | Колдонулуучу метод, ыкмалар |
Негизги комп-к | Предметтик комп-к |
1 | Уюштуруу: 3мин Саламдашуу | Саламдашуу. Дайым ачык кабагым, Дайым даяр сабагым. Саламаттык каалайман. Саламатсыңарбы балдарым. | Мугалим менен саламдашат | НК-3 | ПК-3 | Мактоо сөздөр |
| Шыктандыруу Топко бөлүү | Маанайыбыз кандай? Топко бөлүү: 1-топ 2-топ 3-топ -Геоборддун жардамы менен топтун фигурасын көрсөтүп бергиле? | Маанайыбыз эң жакшы, Андан кийин беш жакшы. Кайгы капа билбейбиз Ден соолукту тилебиз. Музыканын коштоосунда окуучулар фигураларды тандап, ачкыч алып, ошол фигуранын жолу менен басып ошол топко отурат Геоборддон көрсөтүп беришет | НК-3 | ПК-4 | Мактоо сөздөр |
| Алтын эреже | Сүрөттөрдү көрсөтөт | 1. Кол көрүп жооп берип, тартиптүү болобуз. 2. Чогу топто иштеп, ынтымактуу болобуз. 3. Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз | НК-2 | ПК-3 | Мактоо сөздөр |
2 | Өтүлгөн теманы кайталоо, үй тапшырма 1-мин | Үй тапшырмасын кол белгилер менен суроо. | Кол белгилер менен жооп беришет | НК-2 НК-3 | ПК-1 ПК-2 | Кол белги |
3 | Жаңы теманы түшүндүрүү | Балдар фигуралар менен топко бөлүнүп алсак, бизге бүгүн төрт чарчы айбанаттар конокко келишиптир, алар жөн келбей тапшырма ала келишиптир, аткарууга даярбызбы? Коёндун тапшырмасы: 708-иш Ар бир топто 5тен окуучу болсо, 4топто канча окуучу болот? 5*4= 20 деген жоопту кантип алдыңар? Кана алдынардыгы сүрөттөр менен көрсөтүп бергилечи? Кайсы амал менен иштейбиз? Үкүнүн тапшырмасы: 709-иш 20 окуучу барабар төрт топко бөлүнүштү. Ар бир топто канчадан окуучу бар? 20:4= 5 деген жоопту кантип алдыңар? Кана алдынардыгы сүрөттөр менен көрсөтүп бергилечи? Кайсы амал менен иштейбиз? Көбөйтүндүнү көбөйтүүчүлөрдүн бирөөнө бөлсөк, экинчи келип чыгат. Тийинди менен бөлүүчүнүн көбөйтүндүсү бөлүнүүчүгө барабар. | Балдар суроого жооп беришет 5*4=20 20:4=5 | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 | Мактоо сөздөр Пазл Кол чабуулар |
| Моделдештирүү | Окуучулардын моделин, таякчалар, тегерекчелер берилет | Моделдерди колдону менен амалдарды аткарышат | | | |
4 | Практика иш ( Сандардын арасын туура жоопту табуу) | Түлкүнүн тапшырмасы 710-иш 1-топ 2-топ 3-топ 24*1= ? 25*1=? 34:1=? 99:99=? 16:16=? 16*1=? 99, 27, 24, 1 24, 25, 16, 1 33, 34, 1, 16 | 713-иш 1-топ 2-топ 3-топ 24*1= 24 25*1=25 34:1=34 99:99=1 16:16=1 16*1=16 | НК1 НК2 НК3 | ПК2 ПК3 ПК4 | Мактоо сөздөр Пазл Кол чабуулар |
| Эс алуу | Бүркүттүн тапшырмасы: Нейро гимнастика жасап эс алабыз. | Музыканын ыргагы менен гимнастика жасашат. | НК3 | ПК3 | Мактоо сөздөр Пазл Кол чабуулар |
5 | Ыкчам текшерүү | Кичи тест. Фигураларда жооптору катылган жооптор. 2*4= 8 2) 6 3) 9 10+5= 18 2) 15 3) 20 10:2= 4 2) 6 3) 5 20-5= 10 2) 15 3) 5 3*4= 15 2) 14 3) 12 12+5= 1) 15 2) 12 3) 17 | Туура жооптогу фигуралар туруп кол чабышат. Үч бурчтуктар өлкөсү 8 Төрт бурчтуктар өлкөсү 15 Тегеректер өлкөсү 5 Үч бурчтуктар өлкөсү 15 Төрт бурчтуктар өлкөсү 12 Тегеректер өлкөсү 17 | НК2 НК3 | ПК2 ПК3 ПК4 | Мактоо сөздөр Пазл Кол чабуулар |
6 | Жыйынтыктоо | Бүгүнкү сабакта кандай амалдарды аткардыңар? Төрт чарчы айбанаттардын бардыгынын тапшырмаларын аткарып бүттүкпү? Суроолордун жоопторун мугалим жалпылайт. | Окуучулар суроолорго жооп беришет. | НК2 НК3 | ПК3 | Мактоо сөздөр |
7 | Баалоо | Ар бир топ чогулткан пазлдардын бөлүктөрүнөн сыйкырдуу сөздөрдү курашат. | Үч бурчтуктар өлкөсү: Силер шамдагай, мыктысыңар! Төрт бурчтуктар өлкөсү: Силер күчтүү, мыкты математиксиңер! Тегеректер өлкөсү: Силер акылдуу, күчтүүсүңөр! | НК3 | ПК4 | Мактоо сөздөр |
8 | Үй тапшырма | Кыргоолдон үйгө тапшырма: 714-иш кошууга жана кемитүүгө карата мисалдарды иштөө | Кошуу жана кемитүү амалдарын аткарышат. | НК3 | ПК4 | |
Окуучу көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы жөнүндө маалымат алышат, мисал маселелерди аткарышат
Топто көбөйтүү менен бөлүүгө карата мисалдарды чыгарып, ар бир берилген тапшырмаларды, моделдердин жардамы менен көрсөтүп активдүү аткарууга көнүгүшөт