Уюштуруу Жагымдуу маанай. Алтын эреже. | Аманчылык балдарым Аппак жүздүү кыздарым Анда эмесе бүгүнкү Сабагыбызды баштайлы Слайддагы быйтыкчаларды тууроо менен жагымдуу маанай тартуулайбыз. | Амансынбы жылдыздуу асман Амансынбы жаркыраган кун Амансынбы жер эне Амансынарбы досторум Амансызбы эжеке Жазгы күндөй жаркырап Биз көңүлдүү, биз курак. Биздин максат, биздин иш, Ырыс алды ынтымак Балдар слайддын жардамы менен алтын эреже кабыл алышат |
Сабактын темасы,максаты менен тааныштыруу Өтүлгөн теманы актуалдаштыруу Мисалды сунуштуу жана чыгаруу Мисалды чыгарылышын талкуулоо | . Бугун силер эки орундуу сандарды “моделдердин коптугу” стратегиясын пайдалануу менен кошууну жана кемитүүнү үйрөнөсүнөр. «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясына түшүп талкуулай аласынар.Билген билиминерди бышыктайсынар.Ой жугуртуунор, эске тутумунар, турмушка салыштыра билүүнөр калыптанат. Тактыкка, тазалыкка, ынтымакка тарбияланасынар. Балдар бүгүн число канчасы? Кана балдар 11 саны кандай сан? Бирдигин ондугун ата? Разряддарын ата? Жуп санбы так санбы? Өтүлгөн тема боюнча оозеки тесттик суроолор берилет. Эки орундуу сандын эң кичине саны ? А) 9 Б) 10 В) 99 2. Үч орундуу сандын эң чоң саны? А) 100 Б) 900 В)999 3. 231 санынын ондугу? А) 1 Б) 3 В) 2 4. 1-разряды 8, 2-разряды 1кандай сан? А) 18 Б) 81 В) 21 5. Бирдиги 5, ондугу 3, жүздүгү 1? А) 351 Б) 135 В) 531 Мисал иштөө. Окуучулар кайталоо иретинде өтүлгөн темага карата мисалдар иштей алышат. Жалпы топко бир мисал берилет. 957-531= Кандай жооп алдынар?деген суроо менен окуучулардан жооп алат. -Бул жоопту кантип алдынар? -Кантип аткарганынарды көрсотө аласынарбы? -Бул мисалды дагы башка ыкма менен чыгарган барбы? Чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласынарбы? | 11-октябрь. Эки орундуу сан 1 бирдик, 1ондук. 1 биринчи, 1 экинчи разряд. Так сан. Суроолорго жеке жооп беришет. Окуучулар тесттик варианттарды ойлонуп, туура жообун тандап, колундагы вариант карточкаларды тандашат. Мисалды топто биргелешип иштешет. Мамыча түрүндө туура иштөөнү, топто иштөөнү үйрөнүшөт. Мисалды дептерлерине жазышат. 957-531=426 деген жооп чыкканын айта алышат. Үч орундуу санды үч орундуу санга кемитүүдө биз бирдиктин алдына бирдик, ондуктун алдына ондук, жүздүктүн алдына жүздүктү туура жазып кемитүүнү айтып, жыйынтыгында 426 саны келип чыкканын атышат. Окуучулар “моделдин көптүгү” стратегиясын көрсөтө алышат. Айрым окуучулар ойдо, сапта айырмасын таба |
Кайчы пикир Моделдештируу жана талкуулоонун жыйынтыгы Практикалык иштер Физминутка Мисал иштөө | Балдар “Б”класстын 1 окуучусу ушул мисалды чыгарганда 425 деген жооп алыптыр, ал туура иштегендигин айтып жатат. -Силер ал окуучунун жообу менен макулсунарбы? Себебин түшүндурүп бергиле. -Силердин оюнарча ал окуучу эмне учун мындай жооп берди? -Силер ал окуучуга эмне деп айтат эленер? Демек, балдар жыйынтык чыгарабыз. Мамыча түрүндө чыгарганыбызда ар бир санды өз орду менен жазып аркадан алдыга карай эсеп чыгарууну билдик. 175-иш (тартылган карточкадагы чымчыктардын аркасында 175-иштеги мисалдар жазылган ) 251- 140=111 659-145=514 998-647=351 251-141=110 9792-5341= 4451 5648-2425=3223 Окуучуларга физминутка жасатуу. 176-иш (681+108)-335=789-335=454 177-иш Берилиши: Алма-455түп Алмурут- 332 түпкө аз Жалпы түп-? Чыгарылышы: 455-332=123 алмурут 455+123=578 Жообу: жалпы 578 түп | Макул эмес экенин жана бирдиктен бирдикти кемитип жатканда туура эмес кемитип алганын айта алышат. Балдар мисалдарды көнүл коюп,элементи менен жазып эсеп чыгарышат. Тушуп алып кайыкка Сузуу учун кол керек Шамал болуп толкуса Дениз мынтип термелет Математик балдарбыз Эсептөөдөн калбайбыз Ыкчам, ыкчам текшерип Кайра баштан баштайбыз |